п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  классташ

Туризм боюнча Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси
Турусбек Мамашевдин классташы Айнагүл:
"ЖАш кезинде эле турусбектин
сөзү өтүмдүү болчу"
Классташ деген сөз жөнөкөй угулганы менен анын ичинде канчалаган жылуу сезимдер, кызыктуу окуялар камтылган. Биздин "Классташ" рубрикабыздын бүгүнкү коногу БГУнун мугалими Айнагүл эже. Айнагүл эже Туризм боюнча Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Турусбек Мамашев менен бир үйдө чоңоюп, бир партада отурган классташы, курсташы, жээни. Анда, Айнагүл эже өзүнүн жана Турусбек байкенин мектеп курагын эскерет.

Агайлар
балдарды сабап...
- Турусбек мектепте окуп жүргөн мезгилде зээндүү, айтканынан кайтпаган өжөр жигит эле. Ал эми кол жазмасы кыздардыкынан бетер сулуу, сүрөт тартканы да бир укмуш болчу. Ошондуктан, мектептин уюштуруу иштери, дубал газета чыгаруу Турусбектин мойнунда болчу. Дегеле, биздин класс абдан күчтүү класс болгондуктан, көпчүлүгүбүз жакшы кызматтарга орноштук, жакшы ишке орношпой калды дегендерибиз айылдын кызматкерлери болушту. Мектепте Айчүрөк, Гүлүмкан, Мырзайым деген курбуларым бар эле. Ал эми Турусбек болсо Сулайманжан, Шаршеке жана менин иним Куштарбектер менен дос болчу. Турусбек экөөбүздүн досторубуз биригип бир компания болуп ынтымактуу жүрчүбүз. Анын үстүнө мен Турусбектердин үйүндө жүрүп окудум. Ал кезде 7-класстан 10-класска чейин күз мезгилинде пахта тергени барчу элек. Ал жакта бир күн жакшы тамак берет да, экинчи күнү макоронду эле сууга бышырып берип койчу. Ошондой макорон берилген күндөрү Турусбек биз жүргөн айылдын тургундары менен таанышып, кечкиге палоо бастырып койчу. Көрсө, Турусбектин сөзү ошондо эле өтүмдүү болчу экен. Кечкисин эл жаткандан кийин баягы достор чогулуп, акырын айылды көздөй жөнөп кетчүбүз. Ал жактан конок болуп, курсакты тойгузуп, анан кайра акырын келип компоюп жатып калчубуз. Анда биз мугалимдерге билгизбей жүрөбүз деп ойлосок, алар биз канчада кетип, кайра канчада келип жатканыбызды билип жүрүшчү экен. Ошентип, палоо жеп келген күндөрдүн биринде дагы акырын келип жатып атсак, Гүлүмкан чуркап келип: "Агайлар балдарды сабап жатат!" деп калды. Барсак чындап эле "кыздарды кайда алып барып жатасыңар?" деп сабап жаткан экен. Биз барып аларды куткарып калганбыз.


Дарбыз уурдаганда...
- Пахта тергени барганда ата-энелерден бөлүнүп, баарыбыз өз алдыбызча болуп калгандыктан, ошол жакта көп кызыктуу күндөр өткөн. Пахта тергени өзүбүздүн Кара-Кулжа районунун Ташыров колхозуна барганбыз. Ал жактагы дарбыз саткандар менен да Турусбек дос болуп алыптыр. Алар бизди балдарым деп абдан жакшы көрүшчү. Турусбек сүйлөшүп бир дарбызды акчасына алса, экинчисин бекер алчу. Бир күнү шоктук кылган Гүлүмкан бир дарбызды бекер алганга алымсынбай экөөнү кучактап алып качып баратып, алдында турган тактайды көрбөй чалынып жыгылыптыр. Эки дарбызы эки жакка чачырап, өзү жыгылганы аз келгенсип бардыгыбызды уят кылганы эсибизден кетпейт. Азыр чогулган сайын ошолорду эстеп алып күлөбүз. Турусбек болсо анда да ортого түшүп, Гүлүмканды актап кеткен.


Намыстанып
дубалды чоңойткон
- Жайкы эс алуу болуп бардыгыбыз ар кайсы туугандарыбыздыкына тарап кеттик. Каникулубуз аягына чыгып бараткан кезде кайтып келсем үйдө курулуш иштери катуу өтүп жаткан экен. Негизи, бул жайда курулуш болот деген пландар жок болгондуктан, таң калдым. Эмне болгонун сурасам, көрсө, биздин кошуна дубалын бийик кылып чоңойтуп жатканын көргөн Турусбек намыстанып эски времянкаларды бузуп, дубалды бийик кылып куруп жатыптыр. Мен чаңдын үстүнөн чыкканыма бир чети жиним келсе, бир чети Турусбектин кылыгы менен абдан сыймыктанганым эсимде. Ошол фундамент азыркыга чейин бар. Ойлогон оюн ишке ашырып, аны аягына чыгаруу касиети күчтүү болчу. Азыр ойлоп көрсөм, ал 7-классты бүтүп, 8-класска көчкөн жыл эле.


Далысы
канталагыча
чыдап келген
- Акташ жайлоосундагы Сатыбалды таякеси үйгө келгенде Турусбек ээрчип ыйлап, машинасынан түшпөй отуруп алчу. Көгөрүп болбой койгондо айласыздан жөнөтүүгө туура келип, машина жүрүп баратканда кийимдерин чогултуп, ыргытууга жетишип калчубуз. Бир жолу кичинекей кезинде да бир барып, күн күркүрөп чагылган чагылса жүрөгү түшүп, башын жаздыкка катып алгандарын айтып күлүп калышчу эле. Кийин чоңоюп барганда жөн жатпай бардыгына жардам берип, таякесинин ичи-койнуна кирип кетчү. Кайра келе жатканда үйгө бир чанач кымыз, нан, май, каймак, айрандан өйдө салып беришчү. Бир жолу жайлоодон келгенде үйгө кирээри менен токтоно албай бакырып ыйлап жиберди. Апасы чочуп, чуркап бара калып караса эчтеке жок. Көрсө, ийининде илинип турган чаначтагы кымыз төгүлүп кетпесин деп автобекеттен бери эс албастан көтөрүп келген экен. Чаначтын ичке жиби ийинин өйкөп, канталап кетиптир. Турусбектин ошондо эле оокат кылам деген аракети күчтүү эле. Жайкы каникул болору менен алма салган ящик кагып иштеп, акча тапчу.


Бaарыбызга
камкор эле
- Мен Атбашыда каникулда жүрүп келгенде ал жактан кадимки айылдын чыптамаларын кийгизип жиберишкен эле. Турусбек ошондон намыстанып, "Айнаш жакшы кийим кийиши керек" деп райондук борборго барып жемпир алып келип берген. Турусбек үйдөгү эркектердин улуусу болгондуктан, бардыгыбызга камкордук көрүп турчу.


Балалык сүйүүсү
- Ал кезде айылдардагы мектептердин көбү 8-класска чейин болчу. 9-10-классты окуйм дегендер биздин мектепке келишер эле. Турусбек бой тартып калганда жаңы келген кыздардан тартып, башынан бери чогуу окуп жүргөн кыздардан өйдө ага ашык болушкан. Ошол аяккы класстарга барып калганда Турусбек менен биздин Айчүрөктүн ортосунда балалык сүйүү сезимдери пайда болгон экен. Анан Турусбек ага сүйүүсүн билдирүү максатында ыр аралаштырып кат жазып жүрдү. Бир күнү "Айчүрөк сага жооп берип жатабы?" деп сурап калсам: "Ооба. "Сабырдын түбү сары алтын" деп эле кайра-кайра жаза берет" дейт. Кийин биз Турусбек экөөбүз Ленинградка кетип калдык, Айчүрөк Бишкекте окуп калды. Ал дагы жакшынакай жар таап, бактылуу үй-бөлөлүү болду. Турусбек да Динарага жолугуп, өзүнүн бактысын тапкан.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-июль, 2009-ж.:
1-бет
"ЖАшы улуу адамды сүйүп калдым"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
"Эквалайзер" башты айланткан ырбы же эргүү менен жазылганбы?.
4-бет
Нена:
"Өзүмдөн улуу адамды сүйүп калдым"

5-бет
Талапкерлердин Оштогу жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктады
6-бет
классташ
7-бет
Кыям кайнатууга кез келди
8-бет
Алтын медаль, кызыл диплом же Окууну артыкчылык менен бүткөндөр
9-бет
Ильяз Абдыразаков Зита-Гита менен клипке тартылат
10-бет
"Атадан калган туяк"
11-бет
Асанкулдун жоруктарынан
12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Үй бүлөдө канчанчы бала
экениңизге карап түгөй тандаңыз

14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??