пайдалуу кеңештер

Кыям кайнатууга кез келди
Учурда ар бир кожейке кыям кайнатуу менен алек. Биз билген айрым кеңештерди, базардагы жер-жемиштердин баасын, кээ бир кыямдардын рецебин сиздерге сунуштайбыз.

Кожейкелердин эсине
Эгерде, сиз кыям жасаганга өз колуңуз менен айдаган жемиштерди пайдалансаңыз, колдон келишинче азыраак жууганга аракет кылыңыз. Канчалык аз жуусаңыз, даамы ошончолук көпкө сакталат. Кулпунайды эртең менен канчалык эрте терсеңиз, жууганда, кайнатканда ошончолук аз эзилет.
Кулпунай менен малинаны жуурда башындагы сабагын жулбай жуусаңыз көп эзилбейт. Ал эми малинанын сабагы оңой жулунуш үчүн 1 литр сууга 20 грамм тузду аралаштырып, 10-15 мүнөт чылай турсаңыз жемиш сабагынан оңой ажыратылат.
Кыямды кайнатууга ылайыктуу идиштердин бири - эмаль мискей. Алты литрден чоң көлөмдөгү идиштерге кайнатуу сунушталат. Анткени, идиш канчалык тар болсо, ичиндеги кайнатылып жаткан жемиш ошончолук бат эзилет.
Жер-жемишти идишке салып, үстүнө керектүү өлчөмдөгү кумшекерди салгандан кийин айрым кожейкелер таң аткыча чылап коюшат. Мындай кылган туура эмес, өтө көп убакыт чыланган жер-жемиш кайнатканда бат эзилип кетиши мүмкүн.
Банкага кыямды куюп, капкак менен жапкандан кийин капкактын жээгин вазелин менен сүртүп койсоңуз, кыямыңыз атпай, көпкө сакталат.
Кокус жакшы жабылбай калган кыям кычкыл тартып калса, дароо кайра 1 литр кыямга 200 грамм кумшекер кошуп кайнатуу керек.
Банканы жууганда идиш жууган суюктук каражатын пайдаланбай эле койгонуңуз оң. Себеби, идиш жууган каражат кыямдын бат ачып кетишине өбөлгө түзөт. Андан көрө ысык суу менен кайра-кайра жууганыңыз эле туура болот.
Жаңы кайнатылган кыям бат муздаш үчүн чоң идишке муздак суу куюп, ага туз аралаштырып мискейдеги кыямды сала турса жакшы жыйынтык берет.
Кыямдын кайсы түрү болбосун бир нече этап менен кайнаткан жакшы. Биринчи 5-7 мүнөт кайнатып, 8-10 саатка муздатып коё туруп, андан кийин ушул ыкманы жок дегенде эле 2-3 жолу кайталаш керек. Эгерде ээринбей кыямды ушундай жол менен жасасаңыз ал тунук, ачык түстө болот.
Кыямга шекер канчалык көп кошулса, ошончолук узакка сакталат деген ой туура эмес. Тескерисинче, көп өлчөмдөгү кошулган шекер кыямдын сапатын начарлатып, банканын түбүнө уюп, ашыкча суюктукту пайда кылат.
Кыям даяр болгонун билиш үчүн суюктугунан кашыктын учуна алып кагаздын бетине төгүп көрсөңүз болот. Эгер быша элек болсо эки жакка агып кетет, бышса бир орунда уюп калат.
Кайнатылган кыямды дароо банкага куюп, капкак менен жаап салганга болбойт. Муздагыча күтө туруп, тунук түскө келгенден кийин гана жабуу керек. Дароо куюп салсаңыз суюктугу түбүндө калып, жемиштери дароо үстүнө калкып чыгат. Мындай кыямдын даамы саналуу күндөрдө эле бузулат.
Кыям кайнап жаткан кезде үстүндөгү көбүктү ээринбей бат-баттан алып турбаса, даамы кычкыл болуп анча жегиликтүү болбой калат.


Өзгөчө кыямдарды кантип жасаса болот?
Сабизден жасалган кыям
Керектелүүчү азыктар:
1 килограмм сабиз
1 килограмм кумшекер
300 грамм суу
Даярдоо ыкмасы:
0,5 грамм кумшекерге 100 грамм суу кошуп ага кызыл же сары сабизди салып эзилгиче кайнатабыз. Дагы бир сабизди жумшак кылып бышырып алып, бир сантимерт калыңдыкта шакекче кылып кесип чыгабыз. Алардан жылдызчаларды, тегерекчелерди, ромбдорду кесип чыгабыз. Эми эзиле бышкан сабизге 0,5 грамм кумшекер үстүнө 300 грамм сууну кошуп кайнатып, эң аягында кооздолуп кесилген фигураларды салабыз. Кылдат болуп, фигуралардын эзилип кетпешине көз салыңыз. Бул кыям муздагандан кийин торт, нандадын үстүн кооздогонго колдонулат. Түсү апельсиндикиндей ачык сары өңдө болуусу тийиш.

Помидор менен кара өрүктүн кыямы
Керектелүүчү азыктар:
3 килограмм кара өрүк
1 килограмм помидор
300-400 грамм кумшекер
1,-1,5 литр суу
1 даана лимондун ширеси
Даярдоо ыкмасы:
Эзилип бышкан кара өрүктү муздак суу менен жууп, данектеринен ажыратабыз. Идишке салып, үстүнө маңызы алынган помидорду кошуп, 5-6 мүнөт коё турабыз. Андан соң 1,5 литр сууга кайнатып, үстүнө лимондун ширесин сыгып алып аралаштырабыз. 300 грамм кумшекерди текши себелеп дагы 30-40 мүнөт кайнатабыз. Аралашма даяр болгондон кийин майда тордон өткөрүп суусун өзүнчө, коюусун өзүнчө кылып бөлүп алабыз. Суюгун төгүп салабыз да, коюусуна дагы 300 грамм кумшекер кошуп, 20 мүнөт кайнатабыз. Даяр болгон кыямды банкаларга куюп жабабыз.

Кыямдардын пайдасы
Кулпунай
Кулпунайдан жасалган кыям организмди рак шишигинен сактайт. Мындан сырткары бул кыям адамдын ден соолугуна зарыл көптөгөн микро жана макро элементтерге бай.
Малина
Кальций, калий, темир мунун баарын малина кыямынан алууга болот. Андан сырткары малинадан жасалган кыямда аспириндеги пайдалуу заттар да бар. Сасык тумоо болгондо кичинекей балдардын чайына малина кыямын көп аралаштырып берүүгө болбойт. Анткени, малина тамакты сиңирүүгө тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.
Карагат
Карагат аскарбин кислотасына бай. Адамдын иммунитетин көтөрүп, өзүн сергек сезгенге жардам берет. Бирок, бир нерселерге аллергия болуп жатсаңыз, карагаттын кыямын пайдаланбай эле коюуну сунуштайбыз.
Алча
Адамдын көзүнүн көрүүсүн жакшыртып, тамагы кычышканда алча кыямы жардам берет. Шекер аз аралашкан алча кыямын эртең менен тамактын алдында жесеңиз, табитиңизди көтөрөт.
Өрүк
Каны аздарга жана кош бойлууларга өрүктүн кыямы чоң жардам берет. Жүрөктүн оорушун басаңдатып, кандын айланышын жакшыртат. Бирок, өрүктүн данегин көп чагып жегенге болбойт. Себеби, данек шилекей безинин иштешин начарлатышы мүмкүн.


Компоттун түрүн жасаганды жакшы көргөн кожейкелерге алардын
айрым түрүн сунуштайбыз:
Шабдаалыдан жасалган компот
1 литр сууга 400 грамм кумшекер кошуп кайнатабыз. 3 литрлик банкага тең жарымынан бөлүнгөн шабдаалыларды салып, сиропту үстүнө куябыз да, капкак менен жабабыз. 55-60 градуста кайнап жаткан мискейдеги сууга банканы салып, 10 мүнөт кайнатабыз. Ысык банканы дароо темир капкактар менен жаап, салкын жерге алып чыгып коёбуз.
Алмадан жасалган компот
Бирдей көлөмдөгү алмаларды жууп, сыртын аарчып 1 чай кашык туз аралашкан 1 литр сууга 15 мүнөт чылай турабыз. Андан кийин 85-90 градус ысыктыктагы сууга 8-10 мүнөт салабыз. Алма канчалык кычкыл болсо, ошончолук аз убакыт сууга салуу керек. 1 литр сууга 200-250 грамм кумшекерди чылап, ээритебиз. Банкаларга текши тууралган алмаларды салып үстүнө даярдалган суусундукту куюп чыгабыз. Ысык кайнатылган мискейге банканы салып, 15-20 мүнөт кайнатабыз. Даяр болгон компотту салкын, караңгы жерге алып чыгып коёбуз.
Алчадан жасалган компот
Бир литр сууга 6-7 аш кашык кумшекер, 1-1,5 грамм лимон кычкылтегин аралаштырып, 20 мүнөт кайнатабыз. Алчанын данегин албай, таза сууга 15-25 мүнөт чылай турабыз. Даяр суюктуктун үстүнө алчаны салып кайнатабыз. Кайнагандан кийин оттон алып, муздаткычка салабыз. Банкага куярдан мурда банканын ичин бал аралашылган сууга чайкап алуу зарыл. Ошондо компоттун даамы көпкө сакталат.