п»ї
 Таанышуу жарыясы


  саресеп

Алтын медаль, кызыл диплом же Окууну артыкчылык менен бүткөндөр
"Билим алуу ийне менен кудук казгандай" деген сөз бекер айтылбаган чыгаар. Ар бир адам жети жаштан тартып колго калем кармап, алдыга максат коюп келечекке жол алат эмеспи. Анткен менен билим жолун улап, эң мыкты баага окугандар аз санда кездешери анык. Ага да талыкпаган эмгек, өжөрлүк башкы максатта экени талашсыз. Андыктан, бүгүн биз шоу-бизнестеги айрым белгилүүлөрдүн мектепти алтын медаль менен жогорку окуу жайын кызыл менен ийгиликтүү бүтүргөндөргө көз чаптырып өттүк.

Токтобүбү Черикчиева
Кайталангыс үнү бар Токтобүбү айым 8-классты Ак-Талаа районунан ийгиликтүү бүтүргөн. "Жалаң гана мыкты бааларды алып, мектептин көч башында жүрчүмүн. Таптакыр эки алган эмесмин" дейт. Ошондой эле борборубуздагы эки жылдык эстрада студиясын, Искусство институтунун Элдик вокал бөлүмүн кызыл дипломдор менен аяктаган. Ал ардактары эжекебиз Филармониядан чыгып кеткенден бери чамоданынын түбүндө сакталып турат.

Муратбек Бегалиев
Муратбек Бегалиев 1973-жылы борборубуздагы мурдагы республикалык орто музыкалык мектеп-интернатын (азыр Мукаш Абдраев атында) алтын медаль менен аяктаган. Мурат ага Мукаш Абдраевдин өзүнөн сабак алганына миң мертебе ыраазы экенин көкүрөк кага айтып өттү. Ал эми 1982-жылы Москвадагы Чайковский атындагы Консерваторияны кызыл диплом менен аяктаган. Аталган окуу жайдын эң алдыңкы студенттеринин катарын толуктап Ленин, Чайковский атындагы стипендияны беш жыл бою алып келиптир. Анан да 800 рублдан 1000 рублга чейин алган стипендиясы менен ал жерде окуган кыргыз улан-кыздарынын нанын, майын тандап алып берип бакчу экен.

Эмил Балтагулов
Эмил мырза мектептен алтын медалга бир гана сабагынан жетпей калыптыр да, ка-ап! Кашайып чечүүчү чейректен англис тили сабагынан төрт чыгып калып, ырчы ызага батыптыр. Ал эми Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетин 2004-жылы артыкчылык диплом менен аяктап, жетпей калган медалынын ордун толуктаптыр. Эмил 1-курста биринчи жана акыркы жолу "2" алган. Эң начар баа алганы ушул болуп жаткандыктан, окуудан чыгып калчудай коркуп, жүрөгү жерде эле калыптыр. Атүгүл: "Эми мындан ары жашоонун кереги жок..."деп жашоосунан түңүлгөн экен.

Урмат Усенов
Кыргыз шоу-бизнесине айырмалуу сакалы менен келген улуу урматтуу Урмат жөн адам эме-ес. Ал Таластын Кара-Сай орто мектебин ардактуу алтын медаль менен аяктаган. Билесизби, ал бир да жолу "2" алып көргөн жан эмес. Болгону физика сабагынан кыйналып-кысталып, жаттап жатып араң "5" алчу экен. 2002-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетин кызыл диплом менен аяктаган. Урмат мырза мектепте да, ЖОЖдо да кээ бир учурда гана төрт албаса, ал баадан да алыс боло турган.

Замир Мырза
Шоу-бизнестеги эркек ырчыларынын сулуусу аталган Замирде жакшы кеп бар. Ал Ош шаарынын №17 Гагарин орто мектебин 1999-жылы алтын медаль менен ардакталып бүткөн. Болгону ырчы математика сабагынан "желкемдин чуңкуру көрсө эмне" деп ыйлактап жиберчү экен. Бирок, "2","3" деген бааны Замир мырза түшүндө да алып көрбөптүр. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн. Диплому бир беткей "5" деген бааларга толгон.

Нена
Чет жерлерди түрө кыдырып ырдаган Нена Бишкектин №76 мектебин кызыл аттестат, Финансы техникумунун Менеджер бөлүмүн кызыл диплом менен аяктаган. Кээ бир учурда начар баа алып калса, дароо суранып жатып "5" алып төмөн бааларын жоюп алчу. Баарынан сабак калтырганды ушундай жек көргөнүн баса белгилей кетти. Бирок, өзү канча жолу сабак калтырганын жашырып койду.

Назира Айтбекова
70 жаштагы кемпирдин сөзүн көркөмдөп сүйлөгөн Назира Балыкчы шаарынын №4 лицей гимназиясынан 10-классты кызыл аттестат менен менен аяктаган. 11-классты окубай туруп дароо Эл аралык Ата-Түрк-Ала-Тоо университетине кабыл алынган. Тентектигинин айынан "2" алган күндөрү болгон. Окуу жайдын англис тили, адабияты факультетин кызыл менен болбосо дагы мыкты деген баалар менен аяктаган.

Зарина Хасанова
Моданын артынан кууп кийинген, машинанын кымбатын гана тепкен Зарина Бишкектин №27-мектебин алтын медаль менен бүтүргөнү чындык. Сиз ойлогондой пара берип сатып албаптыр. Ал биринчи жолу эң жаман көргөн сабагы математикадан үй тапшырмасын аткарбай коюп "2" алганы күнү бүгүнкүдөй эч эсинен кетпейт. Анан да орус тил сабагынан 6-классында "3" алып калып көз жашын көлдөй төккөн тура. Кыргыз-Славян университетинин Эл аралык журналистика бөлүмүн быйыл артыкчылык диплому менен бүтүрдү. Дипломунда төрт гана төртү бар.

Самат Дөөлөтбаков
Кыргыз-Түрк экономикалык Токмок лицейин 2001-жылы алтын медаль менен аяктап, Кыргызстандагы эл аралык университетинен банкир кесибин аркалап чыккан. Кызыл дипломго жетээрде чегинен ашып кеткен эки төртү артка тарткан тура. Буга албетте, ырчынын ичи ачышкан. Анан эмей? Көрсө, Самат бир да жолу "2" албай, алдыда ашыгып келаткан. Математиканы болсо чемичке чаккандай гана чакчу.

Нурзат
Токтосунова
Көгүлтүр экрандын көркүн ачкан алып баруучу Нурзат айым Көлдүн Ичке-Суу орто мектебин артыкчылык аттестат менен ийгиликтүү аяктаган. 1-класстан 11-класска чейинки чейрегинде бир гана төртү бар экен. Бир жолу дене тарбия сабагынан жөндөн-жөн "2" алып калган. Аргасы жок арданганынан күлүп гана кутулган. "Күлгөндүн билгени бар" дейт, балким, агайынын аргасын курутса керек да.

Айжан Акылбекова
Айдай жүздүү Айжан Акылбекова Искусство институтунун театр жана кино бөлүмүн 2005-жылы кызыл диплом менен аяктаган. Зачёт, экзамендерин дайыма автоматтык түрдө бүтүрүп, сессиянын кыйынчылыгын тартып көргөн эмес. Суктанткан сулуулугу да роль ойноду бекен, ким билсин? Анан да өмүрүндө "2" деген баа алып көрбөптүр. А мектептен болсо ортодон жогору окуп, медалга жетишине бир кадам гана калганда алтын медаль буйтап кетиптир.

Рахбар АЛЫМКУЛОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-июль, 2009-ж.:
1-бет
"ЖАшы улуу адамды сүйүп калдым"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
"Эквалайзер" башты айланткан ырбы же эргүү менен жазылганбы?.
4-бет
Нена:
"Өзүмдөн улуу адамды сүйүп калдым"

5-бет
Талапкерлердин Оштогу жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктады
6-бет
классташ
7-бет
Кыям кайнатууга кез келди
8-бет
Алтын медаль, кызыл диплом же Окууну артыкчылык менен бүткөндөр
9-бет
Ильяз Абдыразаков Зита-Гита менен клипке тартылат
10-бет
"Атадан калган туяк"
11-бет
Асанкулдун жоруктарынан
12-бет
жандүйнө ыйы
13-бет
Үй бүлөдө канчанчы бала
экениңизге карап түгөй тандаңыз

14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??