ЖЫЛДЫЗ МЕНЕН БИР КҮН

Ильяз Абдыразаков Зита-Гита менен клипке тартылат
Гезитибиздин №69 санында сиам эгиздери Зита-Гитанын тагдыры тууралуу макала жарык көргөн. Анда эгиздердин энеси Зумрият Резаханова кыздары кыргыз эстрада ырчыларынын арасынан Ильяз Абдыразаковду кумир тутушаарын, атайын Зита-Гитага арналган марафондо кыздар кумирин күтүп, бирок, Ильяз келбей калганын айткан. Бул макаланы Ильяз Абдыразаков окуган соң редакцияга кайрылып, Зита-Гита менен жолугушуу уюштуруп берүүбүздү суранган эле. Ырчы атайын аларга арналган каалоо-тилектери жазылган плакат менен дисктерин камдаптыр. Ошентип, Зита-Гитанын ал-ахыбалын сурап, белектерин өз колу менен тапшыруу максатында Ильяз менен кыздардын жашаган үйүнө, Жаңы Жерге сапар тарттык.
Апасы менен алдын-ала сүйлөшүп алып, кыздарга айтпай сюрприз даярдоону туура көргөн элек. Биз барганда кыздар Воронцовка эс алуучу жайынанда үч жума болуп жаңы эле келишкен экен. Эшиктен кирип келген ырчыны көргөндө көргөн көздөрүнө ишенишпей, сүйүнгөндөрүн, толкундангандарын жашыра албай турушту.

Ильяз: - Кыздар, кандайсыңар, ден-соолуктарыңар жакшыбы?
Зита: - Рахмат, жакшы. Эс алып, дарыланып азыр эле Воронцовкадан келдик. Үйгө келсек апам коноктор келерин айтты. Бирок, ким экенин такыр айтпай койду. Биз туугандарыбыздан го дегенбиз. Сиз экениңизди ойлогон эмеспиз.
Гита: - Чын эле азыр да көргөн көзүмө ишенбей жатам. Марафондо "кайсы ырчыны көргүңөр келет?" деп сурашканда Зита экөөбүз тең сизди айтканбыз. Күтсөк келген жоксуз. Бирок, момунтип үйүбүзгө чейин келип биз менен сүйлөшүп отурат деп эч убакта ойлогон эмеспиз. Маанайым көтөрүлүп калды.
И: - Менин деле келгенге эки көзүм төрт болду. Бирок, мага марафон башталганда чалышты, мен баары бир жетишпейт болчумун. Алдын-ала айтышса, бардык жумуштарымды жыйыштырып келмекмин. Быйыл канчанчы классты бүттүңөр, каякта окуйсуңар?
Г: - Военно-Антоновкадагы интернатта алтынчы классты бүттүк. Ал жерде Зита экөөбүздүн атайын бөлмөбүз бар. Бизге интернатта окуган балдар тийишип, шылдың кылышат. Ошон үчүн ал жерден эч ким менен деле сүйлөшпөйбүз, эшикке деле көп чыкпайбыз.
З: - Эми бизге Ильяз Абдыразаков келип кетти десек ичтери күйүп, ишенишпейт болуш керек. Москвада дарыланып жатканда да Филипп Киркоров менен Анастасия Стоцкая келип кеткен десек ишенишкен эмес.
И: - Бирөө-жарым тийишсе мага айткыла. Ишенбесе түшкөн сүрөттөрүбүздү көрсөткүлө.
З: - Сүрөттөрдү көрсөткөндө компьютерден жасаттыңар деп чыгышат. Ишенсе ишенсин, ишенбесе койсун. Иши кылса Зита экөөбүз билсек болду да. Сиздин репертуарыңызда канча ырыңыз бар?
И: - Азыр санап отурсам көп убакыт кетет, көп эле ырларым бар. Жакында жашоо тууралуу ыр жаздырайын деп жатам. Клибине экөөңөрдү тартсам дегем. Макулсуңарбы?
Г: - Чын элеби?.. Мен макулмун. Негизи, мага кыргыз эстрадасынан сиз менен Гулнур Сатылганованын ырдаганы, сиздин өзгөчө бийлегениңиз жагат. Ар бир ырыңызга кандай бийлешти билесиз.
И: - Рахмат. Силер кыргыз тилин билбейсиңер да. Менин ырымдын мазмунун түшүнөсүңөрбү?
З: - Үйдөн апам кыргыз тилин сүйлөй албаса да чала-була түшүнөт. Андан башкабыз түшүнбөйбүз. Маанисин түшүнбөсөк да эмнегедир сиздин ырларыңызды жакшы көрөбүз. Эмнеге экенин айта албайм.
Г:-Сиңдим Наида да сиздин фанаткаңыз. Кайсыл жерге барбасын сиздин плакаттарыңызды, дисктериңизди издеп жүрөт. Апам тамашалап: "Наида чоңойсо Ильязга турмушка берем" деп калат. Эми сиз берген плакаттарды сураса керек. Зита экөөбүздүн бөлмөбүздүн дубалы сиздин плакаттарыңызга жык толгон. Эми азыр берген белегиңизди да жакшылап сактайбыз.
И:-Күзүндө жеке концертимди берем. Атайын чакыруу барагын берип жиберем, келгиле ээ? Гита, сен Зитага караганда көп сүйлөбөйт экенсиң?
Г: (Күлүп) Мм... көп жерден мага караганда Зита адамдар менен бат тил табышып, сүйлөшүп кетет. Мен азыркыдай болуп четтеп калам. Сиз экөөбүзгө тең бирдей мамиле жасап жаткандыктанбы, азыр түнт экеним көп билинбей жатат.
З: - Эми концертиңизге да барсак, клипке да тартылсак жылдыз болот турбайбызбы... Бир үйдө бир фанат болсо нормалдуу көрүнүш. Биздин үйдө сиздин бир эмес, үч фанаткаңыз бар. Болгондо да экөө өзгөчө фанаттар.
И: - Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуңар келет?
З: - Мен массажист, Гита балдардын дарыгери болгусу келет. Буюрса, окуубузду бүткөндө тапшырабыз. Бизге билим сөзсүз керек.
Г: - Клип тарткан кыйынбы?
И: - Бир көргөнгө оңой болгону менен анын түйшүгү аябай көп, азап десем болот. Буюрса, силерди клипке тартмай болбодумбу, ошондо ырчылардын түйшүгү кандай оор экенине өзүңөр күбө болосуңар. Концертиме сөзсүз келгиле. Силер менин сыйлуу коногум болосуңар.

Ошентип, Ильяз кыздар менен чер жазышып сүйлөшүп, кол тамга берип, сүрөткө түшүп убактысын көңүлдүү өткөрүп кайтты.