п»ї
 Таанышуу жарыясы


Обон почта
ОП-73-001. Бегай эжекенин окуучулары Токтоcун, Адилет, Акай, Аскат, Муслим, Уларбек, Адилет, Өмүрзак, Бектур, Төлөгөн, Тимур, Ысталбек, Байымбет, Таңзада, Нуркан, Зарина, Тахминаларга салам жолдойм. 05530852ХХ.
ОП-73-002. Чак-чакты эң даамдуу, эң жакшы бышырган Айбек мырзага жана Шаризат эжеге салам жолдойм. Ар убак каткырып жүрө бергиле. Жака Жазгүл.
ОП-73-003. Урматтуу "Обонду" бар кылып жүргөн эмгекчилер, ар убак алдыда болгула. Сиздер бар, "Обон" бар, ал эми "Обон" бар, биз бар. Жака Жазгүл.
ОП-73-004. Айбек, сенин ден соолугуң мыкты го, аа? Расхотбек.
ОП-73-005. Урматтуу байкем, жакын сырдашым Айтыбаров Азамат, мен сизди сагындым. Ар убак менин жанымда болсоңуз гана? Жака-Жазгүл.
ОП-73-006. Урматтуу Билал козу, кандайсың? Менин да телефонум көптөн бери жок болуп, сени менен байланыша албай жүрөм. Менин номерим 0773318646.
ОП-73-007. Мемо, 13-июль туулган күнүң кут болсун. Бир келген өмүрдү эң сонун өткөрүп, жадырап-жайнап жакын адамдарың менен жүрө бер. Сабакты катырып, биздин жаныбызда ден-соолукта бол. Бек кучактайм. Туулган күнүң менен! Жака Жазгүл.
ОП-73-008. Акылай, Тойчу, силерге чың ден соолук каалайм. Алтынбек.
ОП-73-009. Сырдуу Тумар кызга салам жолдойм. Рахмат сага, бирок, менин өзүм менен байланышып койсоң да, жакшы болмок. Сага ийгилик каалайм. Жака Жазгүл.
ОП-73-010 . Бардык окурмандарга салам. Ар убак жолуңарга гүл төшөлсүн. Жака Жазгүл.
ОП-73-011. Оо, Кудай, Алмаз Атамбаев президент болуп калса экен. Анын Кыргызстанды башкара ала турганына 100 пайыз ишенем. Гузель.
ОП-73-012. Т.Адыранов мектебинин 6-"а" классынын окуучулары Анархан, Арзыгүл, Адина, Назира, Бактыгүл, силер абдан жаман, ушакчы кыздар экенсиңер. Анархан, менден эмне качып жатасың? Тапсам каалаган жерден баарыбир сүйлөшөм. Түшүнсөң түшүндүң, түшүнбөсөң адам эмессиң. 07731409ХХ.
ОП-73-013. Торкен айылынын тургуну Туркменова Акмаралга, Айдайга салам жолдойм. Мени унутпай смс жазып тургула. Силерди сагынып, Сапарина.
ОП-73-014. Ой, кыздар, сураныч, толку жок маяк бербегилечи?! Билал козу.
ОП-73-015. "Обондун" супер смсчилери, мени да араңарга кошуп алгылачы! Ромашка.
ОП-73-016. ХШИдеги досторум жана классташтарым Мөөркан, Айзирек, Элмира, Мээримкан, Айнура, Айпери, Тату, кандайсыңар? 0770562309 номерине чалгыла. Акылай.
ОП-73-017. Айдеми жан, кандайсың? Кочкорлуктар Алмазбек Атамбаевди 100 пайыз шайлап алабыз. Таза шайлоо болсо, Атамбаев өтөт. Я отвечаю. Нурбек.
ОП-73-018. Айгерим, мен сизди жакшы көрөм. Курманжан.
ОП-73-019. Нур-Айжан, уйду эмнеге саарын кыз башың менен билбеген сени биринчи угушум. Аны 1ге чыккан баладан сурасаң айтып берет. Билсең, уйду сени, мени, адамдарды каймак, май жесин, айран, сүт ичсин деп саайт. Билип жүр, шерменде болосуң. Келин болуп бирөөнүн үйүнө барсаң өлбөгөн төрт шыйрагың калат. Гузель.
ОП-73-020. Макуся, Ангел Асем, Чолпон, Чынарага салам жолдойм. Силер менен смс жазышып, тажаган кезди сагындым. Кандайсыңар? Жака Жазгүл.
ОП-73-021. Айгөлөк аттуу бийкечке салам. Кандай жүрөсүң? Хан-Шай досубуздан кабар барбы? Казакстанды тажатпай биздин жаныбызга келсең боло. Жака Жазгүл.
ОП-73-022. Билал козу, сиз намаз окусаңыз, ыймандуу болсоңуз эмнеге андай сөздөрдү жазасыз? Сиздин смсиңизди сүйүп окуп жүрдүм эле… +770162563ХХ.
ОП-73-023. Өзгөн районунун 1-Май айылында жашаган апам Матиева Бүкөшкө салам жолдойм. Ар дайым биздин маңдайыбызда аман болуп, сый-урматтын үстүндө жүрүңүз. Жараткан сизден жакшылыгын аябасын. Сизди сагынып Алматыдан кызыңыз Анара.
ОП-73-024. Айзирек, мен сени сүйөм. Ислан.
ОП-73-025. Алматыдагы досторум Кенже, Зийнегүл, Асел, Диля, Жазка, Ева, Шергазы, Бека, Урмат,
ОП-73-026. Папандын жетимдери, чыкпаганыңар "Обон" газетасы эле калды эле. Кичине уялсаңар болбойбу? Алдапкачар.
ОП-73-027. 14-17 жаштагы эгиз кыздар менен таанышабыз. Телефонубуз 0778074319. Лир, Лиза.
ОП-73-028. Ханза, жаным, сени сагындым. Тезирээк келчи?! Алматыдан Данияр.
ОП-73-029. 0556005056 абоненти, элестетип көр, сага Султан чалып: "Макул, карындаш, сени менен дуэт ырдайм" дегенин. Азыркы ырчылар үнү кой, кийим кийгенди билбегендер. Калп эле авторитет болушуп алышат. Анан калса, жылдыз оорусу менен ооруп, айыга албай калышат. Сахнадан чалынып жатса да ага карабай, же фонограммасынан артта калгандар канча? Бирок, мунун Султанга тиешеси жок. Ошондуктан, колдон келсе ырдабай эле кой. Анткени, тиги дүйнөгө барганда итче улуп калгың келбейт да, туурабы, сиңдим? Гузель.
ОП-73-030. Привет Бека. Я не знаю, что творится в моем сердце, оно болит ещё больше чем в тот раз, когда я поцеловала тебя впервые. Ты для меня целый мир, ты грусть моя, ты боль моя, ты лучик света в моем сердце. Амангүл, Алматы.
ОП-73-031. Бактыгүл 92, жазган смстериңе караганда намаз окуйсуң го, ээ? Мени менен байланыш. Гузель.
ОП-73-032. Айжамал, сага айтаарым, Кеңешбекти унут,ал сени эчак эле унуткан. Туура кабыл алсаң жооп жазып кой. Анын сүйгөнү азыр мен. +770229553ХХ.
ОП-73-033. "Обондун" активдүү смсчилери, баарыңыздарды ийгилик коштоп, Кудайым өзү колдосун. Бишкек шаарында жашап жаткан туугандарыма салам жана сиңдим Зуфунумду 12-июль туулган күнү менен куттуктайм. 05573108ХХ.
ОП-73-034. "Болашакта" 6-катарда иштеген Теңдик, мен сени сүйөм. 6-катардан Айпери.
ОП-73-035. Динара Эсенгулова эже, мага продюсер болуп бериңизчи?! +792678044ХХ.
ОП-73-036. Саламатсыңбы Айгерим, ден соолуктарың жакшыбы? Сен менин кумир туткан ырчымсың. Акыркы күндөрү ырларың чыкпай калды го?! Айгерим, мен диск сатканда сенин ырларыңды кайра-кайра коё берчүмүн. Анткени, сенин ырларың да, өзүң да мага жагасың. Сага кааларым, чыгармачылыгыңды эч качан таштаба. Аллахымдын эң жакшы көргөн пендеси Куштарбек.
ОП-73-037. Достор, "Обондун" сүйүктүү окурмандары, кадырлуу кыргыз калкым, келгиле, "Супер обон" деп аталган супер смсчилердин командасын түзөлү. Командага кошулуп, ансыз деле толуп жаткан смстерди дагы көбөйтүп, жашообузду шаңга бөлөйлү. Урматым менен Фея.
ОП-73-038. Мен Отуз-Адырга салам жолдойм. 1990-91-жылкыларга ак жол. 07722837ХХ.
ОП-73-039. Айгерим, сыр болбосо салмагың канча? 07739373ХХ.
ОП-73-040. Бирдиги көп кыздар менен таанышам. Звонок кылгыла. Номерим 0777769968. Максат.
ОП-73-041. Мен 1990-94 жылкы красавчик балдар менен таанышам. Номерим 0772833432. Айжамал.
ОП-73-042. Айгерим, сени көрө албагандар түп-тамыры менен жок болсун. 07739373ХХ.
ОП-73-043. 8-катар, 151-контейнердеги Айбек досумдун ден соолугу мыкты, гой. Акжол.
ОП-73-044. Менин саламым сүйгөнүм Азатка жолдонот. Жибек.
ОП-73-043. Кандайсыңар? Мен балдар-кыздар менен таанышып, дос болгум келет. 0777813898.
ОП-73-044. Назгүл Насиева, сизге эч бир продюсер жетпейт. Себеби, сиздин талантыңыз аска зоодой бийик, жүрөгүңүз таза, көңүлүңүз ак, күлкүңүз тунук. Бактылуу болуңуз. Меку.
ОП-73-045. Кумирим Жанышев Омарга салам жолдойм. Жанусь Роза, мени менен байланыш. Чын эле Омарды жакшы көрөсүңбү? Вася.
ОП-73-046. Мен да "Супер Обон" командасына кошулууну каалайм. Маха.
ОП-73-047. Алматыда иштеген досторум Салима, Зымырат, Гулизага салам. Ар дайым бар болгула. Ишиңерге ийгилик. +770257169ХХ.
ОП-73-048. Салам достор, мени унутуп калдыңарбы? Силерди сагынып кеттим. Жаку.
ОП-73-049. "Ала-Тау 2" базарында иштеген Жаным, Жанусим Жайнагүлүм, мен сени сүйөм. +770226153ХХ.
ОП-73-050. Урматтуу мусулмандар, түбөлүк бактылуулук бир гана бейиште. 07705623ХХ.
ОП-73-051. Айгерим, талантыңа таазим. Сенин ар бир ырыңды үй-бүлөбүз менен сүйүп угабыз. Өзгөчө 5 жаштагы сиңдим сен дегенде ичкен ашын жерге коёт. Сага чыгармачылык ийгилик. Сен мыктысың. Майрам, Бегайым.
ОП-73-052. " Обон" аркылуу таанышкан бардык досторума салам жолдойм. Казак болсом да, "Обон" гезитин сүйүп окуйм. Алматыдан Амангүл.
ОП-73-053. Менин саламым Кара-Cуу районунун Мады айылындагы №130 орто мектебинин 8-"б" классынын окуучусу Базарбай кызы Айгеримге жолдонот. Айгерим, жаным, алтыным, күчүгүм, мен бир гана сени сүйөм. Эмне үчүн Кудайым сени сулуу кылып жаратты экен? Сени сүйгөн Сакы 91.
ОП-73-054. Урматтуу, супер смсчилердин катарын толуктаган Жанусь Роза эже, сизди Аллах пенделерине насип кылган жакшылыктарынан эч аябасын. Менин да смстерим сиздикиндей болуп "Обондо" жайнап турса дейм. Фея.
ОП-73-055. Салам "Обон"! Урматтуу смсмчилер, Жанусь Роза, Акпеилка, кандайсыңар? Ангел.
ОП-73-056. Таланты таш жарган татынакай кумирим Айгерим Расул кызына салам жолдойм. Талантыңа таазим. 07734731ХХ.
ОП-73-057. Кара-Кулжа районунун Октябрь айылындагы 85-жылкы классташтарыма салам жолдойм. Эгер менин смсимди окуп калсаңар 0551005239 номерине чалгыла. Бишкектен классташыңар.
ОП-73-058. Кыргыз ырчы жигиттеринен ди-джей Чынгыз Мырзаевдин гана ырларын укчумун, азыр Ильяз Абдразаковдун "Табышмагымбы" деген ырын күндө укчу болдум. Аябай жакшы ыр экен. +770226153ХХ.
ОП-73-058. Досторум Таирге, Манапка, Айгулгө чо-оң салам. Мен силерди жакшы көрөм. Бир жатаканада жашап, такыр тааныша албай койгон Эрлан аттуу жигитке да, салам жолдойм. Мен сени сүйөм. Айжан.
ОП-73-060. Жылдыздар көбөйгөндүктөн, Кыргызстанды аз да болсо эл таанып жатат. Кыйын болсоңор лампочка эмес, шамчалык үлбүлдөп күйүп алгылачы. Анан силерди Пугачева эмес, биз эле сынап коёбуз. 07052123ХХ.
ОП-73-061. Сүйбөйм десем канча ирет кайталап,/ Ошончо эсе көңүл сага арбалат./ Өчүрдүм деп айткан менен сүйүүнү,/ Өчпөйт экен жүрөктөгү махабат. Аксилман.
ОП-73-062 . Мика, Айка, Чинка, Эля, Нани, Гүкү, Жани, силерге ак жол каалайм. 1-Майдан Зарина.
ОП-73-063. Базар-Коргон районуна караштуу 1-Май айылындагы 1991-жылкы досторума чоң салам жолдойм. 07770366ХХ.
ОП-73-064. Назгүл Насиева, сага ден соолук, узун өмүр, түгөнбөгөн бакыт, өчпөс күлкү каалайм. Талантың ташкындап, атагың аааламга таралсын. Эжең Артыкбү.
ОП-73-065. Салам Айгерим! Мен "Дордойдо" зергер буюм саткан жерде иштейм.Сени менен дос болгум келет. Сенин ырларың мага аябай жагат. Мээрим.
ОП-73-066. Менин саламым Айдемиге жолдонот. Ар дайым ишиңе ийгилик, узун өмүр, өчпөс сүйүү каалайм. Сени сүйгөн бир мырза бар экенин унутпа. Рашид.
ОП-73-067. Алматыда "Кулагер" базарында 0-катарында иштеп жаткан эжем Миргүлгө салам жолдойм. +770228367ХХ.
ОП-73-068. Салам "Обон". Даниель, сиз суперсиз, мен сизди абдан жакшы көрөм. Алина.
ОП-73-069. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына жалындуу ысык салам. Калемиңиздер курчуй берсин. Шайыр.
ОП-73-070. Биздин саламдарды өз дарегине жеткирип жаткан сотка ээсине чоң салам. Бейби.
ОП-73-071. Жигиттер менен таанышам, жашым 14тө. Номерим 0772157507.
ОП-73-072. Салам Кыргызстан! Өз Мекениңде жашаган кандай сонун! Жашоо жакшырса Мекениме кайтам. Бирок, качан келет ошол күн? Мээрим.
ОП-73-073. Ыймандуу кыздар менен таанышам. Өзгөндөн болом. Номерим 0557174907. Элдар.
ОП-73-074. Өзгөн районундагы Курманжан Датка орто мектебинде окуп жаткан 9-"б" классынын кыздар, балдарына чоң салам! Динара.
ОП-73-075. "Миң кыял FM" радиосунун коңур үндүү ди-джейи Акылга салам жолдоп, ишине ийгилик каалайм. Акыл байке, качан сизге жолугам, айткыңызчы? Азиза.
ОП-73-076. Салам Алман. Жашоо таттуу, бирок сенчелик эмес,/ Баары сүйөт, бирок, менчелик эмес. Бул саптар Бишкекте турган Алманга арналат. Алыпкачар.
ОП-73-077. Айгерим, келечекте бактылуу кыз бол. Сенин машина айдап баратканыңды көрүп кичинекей балам да таанып жатпайбы. Балама өз колуң менен белек берип, каалоо айтып койсоң жакшы болмок. Жылдыз.
ОП-73-078. Ойлогонум бир өзүңсүң сүйгөнүм,/ Эстен кетпейт аруу жүзүң, күлгөнүң./ Көз алдымда турса сенин элесиң,/ Өмүр бою сен жаныма келесин. Амангүл- Бунтарка.
ОП-73-079. Тажадым турмуштун түйшүгүнөн,/ Кыйналып өмүр бою жүрүшүнөн./ Тажадым сүйүүнүн күйүтүнөн,/ Кызганып ыйламсырап жүрүшүнөн./ - деп ыйлаган кыздар аз эмес. Ошондуктан, балдар, кыздарды ыйлатканыңарды токтоткулачы?! Роза.
ОП-73-080. Айдемижан, кандайсың? Сага болгон жакшылыктарды тилөөдөн эч тажабайм. Сени аябай сагындым. Жака Жазгүл.
ОП-73-081. Жалал-Абад шаарынын Сафаровка айылынын тургуну, ойлуу жүргөн сырдуу кыз Нургүл, күлүмсүрөгөн кезиңди көрүп уктасам түшүмдөсүң, оюңду тең бөлүшүп дартыңа даба болсом дейм. Бейтааныш шок.
ОП-73-082. Алматыдагы досторум Кенче, Зийнегүл, Асель, Диля, Жазка, Эва, Шергаазы, Бека, Урмат, Мухтар, Эдик, Соня, Марат, Батма, Гүлжаз, Назира, Мирлан, Өмүргө салам жолдойм. Жандарым, ишиңерге ийгиликтерди каалайм. Амангүл.
ОП-73-083. Кызым Аруузатты туулган күнү менен куттуктайм. Атаң Бакыт.
ОП-73-084. Менин саламым Казакстандын Атырау областындагы "Дина" базарына жана жалпы эле Кыргызстанга жолдонот. Азиз.
ОП-73-085. Достор, 2009-жыл мен үчүн ден соолук жылы болуп жатат. Бир туруп тишим, бир туруп кулагым, анан башым ооруйт. Билал козу.
ОП-73-086. Акыркы күндөрү жаш ырчылар, арбып кеттиңер. Ырдаган ырыңарды өзүңөр түшүнөсүңөрбү? Мисалы, Чолпонай өзү татынакай кыз экен, "Эквалайзер" ыры жаккан жок. +770226153ХХ.
ОП-73-087. Сени сүйүп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Үйрөнүп калдым деп ойлочумун, бирок, мен сени сүйүп калыпмын. Сени убакыт өтсө да унута албай сагынып келем. Күнөө өзүмдө да бар экенин кеч түшүндүм, кечир мени. Мен сени дагы деле сүйөм. Конфеткаң.
ОП-73-088. Бишкекте турган иним Какышка салам. Смс жазып тур. Алматыдан эжең Жаку89.
ОП-73-089. С алам достор, бүгүн мен силерге бир сунуш менен кайрылдым. Менин жандай көргөн жандай курбум турмуш жолуна аттанууда. Мен аны аябай жакшы сөздөр менен узатайын дедим эле. Сөз таппай жатам, жардам бергилечи?! Суранам, көңүлдөн чыккан жакшы сөз менен жазылган куттуктоо жазып бергилечи?! Тою 15-числодо. Күтөм, смс жазгыла. Мени номерим 077755553. Айгөлөк.
ОП-73-090. Алматыда иштегендерге ийгилик. "Болашак" базарынын 6-катарында иштеген Теңдик, мен сени чексиз жакшы көрөм. Сенсиз мага жашоонун кызыгы жок. Сүйүктүүң Мирана.
ОП-73-091. Наргиза эжеке, неге кабарлашпай жатасыз? Биз сизден кечирим сурадык го?! Бизден кетсе кечирип коюңуз. Чымкентке жакын арада концерт алып барабыз. Телефонуңузду кошуңуз. Канат, К.Ильяз.
ОП-73-092. Апа, Жафуля, Миа, биз силерди аябай жакшы көрөбүз. Дүйшөн-Тема.
ОП-73-093. Айгерим, сен Тажикстанда да популярдуусуң. Сени ала кетейинби? Алм@з.
ОП-73-094. Кыргыз элин жана эстрадасын чет мамлекетке таанытып, биздин намысты коргогон супер ырчылар Омар менен Ненага салам жолдойм. Ден соолук, ишиңерге ийгилик, тунук сүйүү каалайм. Урматым менен Перка.
ОП-73-095. Айгерим, сага чың ден соолук, окууларыңа ийгилик каалайм. 05506823ХХ.
ОП-73-096. Салам "Обон"! Мен Казакстандын Атырау шаарынан Кыргызстанга салам жолдойм. Азиз.
ОП-73-097. Айгерим Расул кызына чоктой ысык салам жолдойм. Сени колдоп-коштоп жүргөн чыныгы күйөрмандарың көп болсун. Бактылуу бол. Сени сыйлап, ырларыңды сүйүп уккан күйөрманың Талант.
ОП-73-098. Саламым кыздарым Гулиза, Зейну, Минуга жолдонот. Апаңар Миргүл.
ОП-73-099. Айгерим, ата-энеңе күйүмдүү кыздардан болушуңа тилектешмин. Сырдуу жигит.
ОП-73-100. Айгерим, төмөнкү саптар сага арналат: Каалайм сага көңүлдү эскирбеген,/ Каалайм сага өмүрдү кеч кирбеген./ Каалайм сага шаттанган көп күлкүнү,/ Өмүрдө кайгы-капа сездирбеген. Сен таланттуу, сулуу кызсың. Бактылуу бол. Нури 94.
ОП-73-101. Таластык Субаналиев Айбек, кандайсың? Канча убакыт өтсө да сени унута элекмин. Азыр каяктасың? "Обонду" окусаң смс жаз. Самара.
ОП-73-102. Баткендик Адилге салам жолдойм. Адил, 0772728695 номерине байланыш. Улан.
ОП-73-103. Жаңгак катардагы досторума чо-оң салам жолдойм. Силерге ак жол! Зарина.
ОП-73-104. Бөкөнбаев айылына салам. 07781785ХХ.
ОП-73-105. Алтындай апам Жумагүл, атам Абдыжапар, байкелерим Кеша, Улан, Алибекке жана энем Бегайым, инилерим Улукбек, Мухаммед, силерди аябай жакшы көрөм. Орозгүл.
ОП-73-106. Т аянь айылынын тургуну атам Турдубай, энем Батма, жеңем Жумагүлгө салам жолдойм. Бишкектен Орозгүл.
ОП-73-107. Ася, мен сени сүйбөй калдым окшойт, бирок, сагынып жатам. 07781785ХХ.
ОП-73-108. Усубалиева Айзатка ысык салам жолдойм. Ар дайым сени колдоп-коштоп жүргөн ата-энең аман болсун. Бактылуу бол. Сени сүйүп жүргөн Максат.
ОП-73-109. Кара-Буура районунун Шекер айылына салам жолдойм. Кандайсыңар, шекерликтер? Дордойдон шекерликтер.
ОП-73-110. Бул күндө амалым жок, айлам да жок,/ Болгону ак сүйүүм бар жалыны чок...
ОП-73-111. Мелис, мени да туура түшүн, сен жөнүндө жаман ойлобойм, баарын өзгөртөм дебе, сенден сураныч. Тажигүл.
ОП-73-112. Менин саламым "Болашактын" 7-8-катарларында иштеп жаткан Амангүл Диля, Альбина, Жазгүл, Куба, Чолпонго салам жолдойм. Эва.
ОП-73-113. Ильяз байке, кандайсыз? Иштериңиз, ден соолуктарыңыз жакшыбы? Качан Чымкентке концерт коюп келесиз. Зита-Гитага барып жакшы кылыптырсыз. Ырчылардын арасынан сизди, анан Бакуля эженин талантын баалайм. Сиздерге чыгармачылык ийгилик каалайм. Күйөрманыңыз.
ОП-73-114. Досторум Назгүлгө, Авазга, Байышка салам жолдойм. Мен силерди чексиз жакшы көрөм. Бар болгула. 07006865ХХ.
ОП-73-115. Сагынычтуу саламым бүткүл кыргыз элиме жана Өзгөн районунун Мырзаке айылында жашаган апама жана бир туугандарыма жолдонот. Мен силерди аябай сагындым. Астанадан Фарида.
ОП-73-116. "Обондун" мыкты жана ыймандуу смсчилери Нурмухаммет, Таир, Э.Дима, Билал козу, Абдаш-Али, Мухит, Кербен-Куба, Канжар, Ислам93, ар дайым бар болгула, аман болгула. Иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Эч качан оорубаңыздар. Сиздерди сыйлаган Айзирек.
ОП-73-117. Шаимкулов Канатбек Таалайбекович, эгер билдирүүнү окуп калсаң, 87029551361 номерине кабарлаш. Досуң.
ОП-73-118. Алматыдагы Айдеми, Диляга салам жолдойм. Соода жакшы болуп жатабы? Буюрса, жакында барам. Эва.
ОП-73-119. Саламым алтындан ардактуу, күмүштөн сымбаттуу, пейли кенен, бирдиги түгөнбөгөн байкелериме, эже-сиңдилериме жана досторума жолдонот. Эс алууңар кандай өтүп жатат? Нурзат90.
ОП-73-120. Балыкчы шаарынын Тамчы айылында жашап жаткан Асел, Нурматка салам жолдойм. Кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн. Автандил менен Жанадил жакшы жүрөбү? Таенем оорубай элеби? 05553010ХХ.
ОП-73-121. Урматтуу менин кумир туткан сүйүктүү ырчым Айгерим, сага кааларым: Расул акедей көп эмгектенсең, дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишесиң. Сени сыйлап, урматтаган фанаткаң Динара.
ОП-73-122. Жаным Канат, сизди аябай сагындым. 05534873ХХ.
ОП-73-123. Бекчорого чыгармачылык ийгилик каалайм. Ар бир ырың угармандын жүрөгүнөн орун алсын. Айдеми.
ОП-73-124. Сүйүктүү эжелерим Айчүрөк, Айдана Анту, Айдеми, Ангел Асем, Принцесса Нури, Бактыгүл92, Нурзат90, Асел, Алматыдан Амангүл, Нурай Жан, Замана, Жанус Роза, сиздерге үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Эч качан жамандык көрбөй жүрө бериңиздер. Аллах өзү сиздерди колдосун. Урматым менен Айзирек.
ОП-73-125. "Обондун" жамаатына салам. Калемиңиздер курчуй берсин. Эң алдыңкы газеталардан болуңуздар. Айдеми.
ОП-73-126. Айка, сага ийгилик! Бема.
ОП-73-127. Алматыдагы 8-катардагы эки жигитти ким жазса да акылына береке. Эми өз каталарын билишип, өз иштери менен алек болор, ары өткөн, бери өткөндү сындайшпай. +777796296ХХ.
ОП-73-128. Сени сагынам, сенсиз бактылуу жашай албасам да, жүрөгүмдө бар болгонуң үчүн жашаймын. Сага ар дайым бакыт каалайм. Түшүнбөйм бул тагдырбы же сынообу. Эгер сыноо болуп кайра сага кезиге алсам, мен бул сыноону жеңмекмин. Сенин бир кездеги жаның, бир кездеги сүйүүң Н.К.
ОП-73-129. Мамабыз Гүлжамалды туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Кызы жана күйөө баласы Азамат.
ОП-73-130. Айгерим, мага сенин ырларың, өзүңдү алып жүргөнүң абдан жагат. Мен сени урматтайм жана сыйлайм. Кыргызда сендей таланттуу, бийчи, супсулуу болгон кыздарыбыз көп болсун. Сен жөнүндө уккан ушактарга такыр ишенбейм. Венера.
ОП-73-131. Гезит аркылуу тапкан иним Э.Димага чоң салам жолдойм. Ар дайым жүзүңдөн жылмаюу кетпесин. Кыргызымдын даңкын чыгарган жигит бол. +770164247ХХ.
ОП-73-132. Салам алейкум урматтуу "Обондун" жалпы эмгек жамааты жана экс-супер смсчилер! Кандайсыңар достор, курбулар, замандаштар, "Обондон" алыстап көрүнбөй кайда жүрөсүңөр? Келгиле, баштапкыдай ынтымактуу, бактылуу, көңүлдүү, бирге болгон күндөргө кайтып келели. Убакыт зымырап учкан куш эмеспи, өткөргөн бактылуу көз ирмемдерди биз кайрый албайбыз. Урматым менен Гуля88.
ОП-73-133. Канчалаган кыздардын жүрөгүнө чок салган таланттуу ырчы Бекчорого салам. Мен сени ушунчалык сүйөм. Айжамал.
ОП-73-134. "Бекжан" базарында иштеген Мирбек жана Айкос, келе жаткан туулган күнүңөр менен куттуктайм. Силерге ден соолук, узун өмүр, чексиз бкыт каалайм. Зарина.
ОП-73-135. Жылдызбек, кайсы жердин кулунусуң? Мүмкүн менин таанышым болуп жүрбө?! Жооп күтөм. Сулуу кыз.
ОП-73-136. Буйруктур жүрөгүмө сага сыюу,/ Салалбайт Теңирим да буга тыюу./ Ак сүйүүм, сага карай эки жол бар,/ Же жетүү, жетпей калсам жанды кыюу. Мадина.
ОП-73-137. Акылдуу, таланттуу, бийлесе өзүнө жарашкан, созолонто ырдаган татынакай ырчы Айгерим Расул кызы, сиз менен жолугушкум келет. Сиздин талантыңызга таазим этем. Каныкей.
ОП-73-138. Жан дүйнөм кубанычка толкуганда,/ Же кайгырып, санааркап отурганда./ Айтылып ичте сырым чер жазылат,/ Айгерим, сүрөтүң менен сырдашканда. Гүлпери.
ОП-73-139. Бекчорого салам. "Айчырай" деген ырың аябай жакты. Кайсы айчырайлуу айымга арнадың экен? Кызык… Мунара.
ОП-73-140. Продюсер Семетейге салам. Ар дайым бар болуңуз, ишиңизге ийгилик. Сиз мага жагып калдыңыз. Зина.
ОП-73-141. Юра, Аксар, жеңеңерден кабар алып тургула, мен жакында барам. Өмүрбек.
ОП-73-142. "Бекжан" базарында иштеген Айка эже, Аскар, Жамийла, Мырзабек, соодаңар болсун. Силерди сагындым. Өзгөндөн Өмүрбек.
ОП-73-143. Айгерим, менин да сендей ырчы болгум келет. Кудай тилегимди берсе, сүрөтүң менен эмес, өзүң менен достошкум келет. Сени менен көп сырдашам, күлкүлүү окуяларды айтып, ичимдеги бук болгонсезимдерди са га айтып жеңилдейм. Өкүнүчтүүсү, мени өзүң эмес, сүрөттөрүң тааныйт. Гүлпери.
ОП-73-144. А йланайын туугандар, карагылачы, Кыргызстаныбыздан Кытай медицинасы ар экинчи кадамдан кезигет. Тим эле басып кетти го. Эмне, Кыргызстаныбыздын өзүнүн медицинасы ушундай эле начарбы? Кичинекей болгон 5 миллион калкыбызга күчү жетпейби? Жегенибиз да, кийгенибиз да кытай эле, эми дарыланганыбыз да кытай. Менимче, кытайлардын ою башка, бизди дарылоо эмес, тескерисинче, болуп жатпайбы! Бирбоор кыргыз туугандарым, кытайларга ишенбей абайлап жүрөлүчү! Кудай буюруп мен чоңойсом, баарыңарды өзүм табигый кыргыз медицинасы менен эле дарылап айыктырганга аракет кылам. Чыныгы патриотка кызыңар Ангел Асем.
ОП-73-145. Өзгөн районунун Мырзарык айылына салам жолдойм. Досторум Тумар, Аселя, Гүлзинага жана Эргешовдордун баарына салам. Бишкектен Мээрим.
ОП-73-146. Расул кызы Айгерим, кандайсың, карындаш? Сенин ырларың жана обондоруң таза. Сахнада ар дайым кыргыздын улуттук кийимдерин кийесиң. Ырларыңды калтырбай угуп келем. Мага жаккан ырың "Кечки Бишкек". Окууларыңа ийгилик каалайм. Жусупбек.
ОП-73-147. Досторум Пеку, Батю, Кали, Сагынай, Гүлжазга ысык салам. ЖОЖго ийгиликтүү тапшырып алгыла. Бар болгула. Хаджа.

ОП-73-148. Кыргызымдын ыймандуу, сулуу кыздары менен таанышам. 0550161670.
ОП-73-149. Жазгүл, качан келесиң? Мен сени сагындым. Жай+жаз.
ОП-73-150. Кызыбыз Өзгөнбаева Бегайым Жыргалбековнаны 26-июль бир жашка чыгышы менен куттуктайбыз. Ата-энеси.
ОП-73-151. Салам алейкум кыргыз калкым! Менин саламым таланттуу ырчы Ильяз Абдыразаковго жолдонот. Аллахым берген талантыңыз ташкындап, дүйнөгө белгилүү инсан болуңуз. Мен эсиңиздеминби? 05551418ХХ.
ОП-73-152. "Динара эже менен байланыштырам" деген Эмил байке, кабарыңызды билдирип коюңузчу, сураныч. Продюсер издеген кыз.
ОП-73-153. Бирөөгө зар, бирөөгө кор дүйнө. Кээ бири балага зар болсо, кээ бири баласын таштап кетет. Балада эмне күнөө? Ошондуктан, турмуш жолуна аттанаар маалда эки жаш терең ойлонуш керек. Орто жолдо бала эне мээримине, ата тарбиясына муктаж болуп өспөсүн! Жаштар, келгиле, баарыбыз терең ойлонуп, анан чечим чыгаралы. Урматтуу бизди багып-чоңойтуп, ушул даражага жеткирген ата-энелерибизди урматтайлы. Урмат.
ОП-73-154. Ош, ХБК, И. Раззаков-16-үйдүн 10-квартирасындагы кыздар, силер суперсиңер! Ильяз.
ОП-73-155. Чымкенттеги "Бекжан" базарында экинчи кабатта соода кылган жаным Нурбек аке, мен сизди аябай сүйөм. Ишиңизге ийгилик. Соодаңыз боло берсин. Кудайым сизди эч нерседен кем кылбасын. Сизди сагынган алтышкаңыз Асел.
ОП-73-156. Урматтуу 92лер, кандайсыңар? Амансыңарбы? Коёнек-92.
ОП-73-157. Пейили кенен, жүрөгү таза, көңүлүн жакшы ойлор ээлеген асыл жандар Айзирешка, Айдана Анту, Ангел Асемочка, Тентешка, Гуля88, дагы аты аталбай калган супер смсчилерге салам жолдойм. Баарыңарга Алла ыраазы болуп, силерди ар тараптан колдоп, кубаттап жүрсүн. Ылайым бар болуп, аман болгула, берекелерим! Бактыгүл92.
ОП-73-158. Бай адам динде болбосо, ал бактылуу эмес. Кедей адам динде болсо, ал бактысыз эмес. Бактыгүл92.
ОП-73-159. Салам Жанусь Роза, ден соолугуң чың, иштериң ийгиликтүү болсун. Таир.
ОП-73-160. Алматыда иштегендерге салам. Куттубек менен Жорага жазгандарга мен аябай ыраазымын. Ким жазса да, башыңарга береке. Аида, Асел.
ОП-73-161. Айгерим, бакыттын жолунда ар түркүн ийгиликтерге кабылып жүр. Сага чыгармачылык бийиктик каалайбыз. Менин кызым сени кумир тутат. Сени жакындан көргүсү келет. 05553737ХХ.
ОП-73-162. Салам, Шылдырак Нургазы дос! Кандайсың? Аяш эмне болду? Той качан? Досуң.
ОП-73-163. Алматыдагы "Барыс" базарында иштеген 5959 номерлүү машинасы бар Эрнисти өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Айсана.
ОП-73-164 . Омар, акча түгөндүбү? АКШга эмне үчүн кеткен жоксуң? Сен мыктысың. Алина.
ОП-73-165. "Бекжан" базарында 2-кабатта иштеген досум Гүлсүнай, 12-июль туулган күнүң менен куттуктайм. Бактылуу балалыгыңды ойноп-күлүп өткөр. Өмүрүң узун болсун. Досуң Гүлдана.
ОП-73-166. Алматыда иштеген досторум Уулкан, Венера, Гүлзина, Рысбек, Медербек, Тыныбек, Жумагул ошондой эле жаңы үйлөнүшкөн Нурлан, Элитага чоң салам. Достор, силер менен сыймыктанам. Бар болгула. Индира.
ОП-73-167. Алыскы Россияда иштеп жүргөн акаларым Мелис, Нургазы, Жигит, жеңем Гүлдана, Анара, ошондой эле сүйүктүү адамыма салют! Мен силерди аябай сагындым. Аман-эсен келишиңерди Алладан тилеп карындашыңар Индира.
ОП-73-168. Сагынып салам айтам алыстарга,/ Ыраазымын мени тапкан бактым сага./ Кол жеткис алыста жүрсөңүз да,/ Ишенип жашайм сизге Назар ага. М.С.С.К.
ОП-73-169. Дүйнөдөгү эң сулуу, эң ыйык, эң кымбат, алтын апама салам жолдойм. Апа, бар болуңуз, аман болуңуз. Балдарыңыздын урматына бөлөнүп жашаңыз. Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылына чоң салам. Урматым менен Индира.
ОП-73-170. Айгүл, чыныгы дос деген андай болбойт! Бир бала үчүн анчалык кетпе. 192.

ОП-73-171. Жаным апам, жарыгым,/ Сүйүп сизди сагындым./ Дүйнөдө эч нерсеге алмаштыргыс,/ От сыяктуу күйүп турган жалыным./ Эч качан өчпөй жанып турушуңузду тилеп/ Алматыдан кызыңыз Индира.
ОП-73-172. Менин сагынычтуу саламым Ош шаарындагы эң сүйүктүү курбуларым Чолпонго, Самарага, Гулхаёго, Айжамалга, Салтанатка, Токтобүгө, Гүлданага жолдонот. Ошондой эле досторум Мелиске, Шавкатка, Саматка, Баатырга сагынычтуу салам жолдойм. Мен силерди аябай сагындым. Чогуу өткөргөн студенттик кездерди, ойноп-күлгөн күндөрдү, ошондогу сонун көз ирмемдерди артка кайрый алсамчы, аттиң!Жайкы эс алууңар көңүлдөгүдөй өтсүн. Аман болгула, ардактарым! Силерди сагынган курбуңар Бишкектен Гүлнур. (Гуля88).
ОП-73-173. Мирбек Иманбековго чыгармачылык ийгилик каалайм. Талантың ташкындай берсин. Элнура92.
ОП-73-174. Назгүл Насиева эжеге арналат: Айдай сулуу, Күндөй жылуу, асмандай бийик, күлкүсү тунук, үнү назик, эрдиги Каныкейдей, шердиги Айчүрөктөй, Кудай берген ыйман бар, өзгөчө бир талант бар, улууну урматтайт, кичүүнү ызаттайт, бардык адамдардан ширин сөзүн аябайт. Мага жагат бул эже, талыкпай иштейт дайыма. Назгүл эже мындан да бийик ийгиликтерге жетишиңиз. Меку.
ОП-73-175. Караколдо кызмат өтөгөн, чүйлүк, 1988-жылкы Таракчинов Тиманы издейм. Окуп калсаң чалып койчу, суранам. 0557920704.
ОП-73-176. Баткендик Нурланга: Эске түшсө өткөн күнүм кечээги,/ Экөөбүздү бир жүргөндөй сеземин./ Элестетсем махабаттын жалынын,/ Элестетем айлуу түндүн неченин./ Болгон менен жолугушуу жүздөгөн,/ Сырлар калды биз айтышып бүтпөгөн./ Мен өкүнөм ишенчээктик жагыма,/ Сенин алдап кетээриңди билбегем./ Ачык айтсам сен кеткенден карабай,/ Азап тартам ичте бугум тарабай,/ Айыкпаган дартка салдың кантейин,/ Абалымды сураганга жарабай. София8.
ОП-73-177. Менин саламым Эркинай, Мунара, Акылайга жолдонот. Жибек.
ОП-73-178. Нурлан, мени таштап кетсең эле эч кимиси жок калат деп ойлодуңбу? Адашып чоң ката кылган экенсиң. Бул кылганың үчүн кийин өкүнүп калбасаң болду. Мен эми жүрөгүм сүйгөн адамды таптым. Ал сага такыр окшобойт. Кудай мени түшүнүктүү адамга туш кылганына ыраазымын. Мен бактымды таптым, сен да издеп көр. София8.
ОП-73-179. Мен жанымды сагындым. Жаным, жакшы жүр, аз күндө барам. Сенин эркең Мадинкаң.
ОП-73-180. Ботоканова Мунара, каалаган окууңа тапшырып, кыргыздын эң мыкты кыздарынан бол. Курбуң Элнура.
ОП-73-181. Көрүүгө элесиңди зар боломун,/ Кусалык деңизине көп толомун./ Чын эле айрылдыкпы деп ойлосом,/ Уйку жок түнү бою толгономун./ Ойлосом өткөн күндү эске салып,/ Бүткөн бой балкып кетет ойду жарып./ Сыягы кимгедир капалуудай,/ Эсимдесиң карегимден жаштар агып./ Ойлойсуңбу мени дагы биле албадым,/ А мен болсо сени эңсеп кыйналамын./ Алыстадык биз экөөбүз эмне себеп,/ Сенин оюңча болсо керек менде айып. София8.
ОП-73-182. Ташкөмүрлүк Токтобаева Элизага салам. Сен кайдасың? Мен сени сагындым, чалчы. Электрик.
ОП-73-183. Кадамжайлык Азамат, мен сени чексиз жакшы көрөм. Мен сен үчүн баарына даярмын. София8.
ОП-73-184. София, мен да сени сүйөм. Чын сөзүм, ишен. Экөөбүз бирге болобуз, алтыным. Азамат.
ОП-73-185. Салам студент достор! Бала кезден чоңоюп-өскөн айылыңарды сагындыңарбы? Шамал согуп саамайымдан сылады,/ Агып жатты шыңгыр тунук булагы,/ Тоосу, суусу баштагыдан башкача,/ Өзгөрүптүр айылымдын турагы. София8.
ОП-73-186. "Обондон" тапкан карындашым Айсулуу, ишиңе ийгилик. Ооруба, бар бол, бай бол. Сага терең ыраазычылыгымды билдирем. Билал козу.
ОП-73-187. Айка, мен сени сүйөм, сенсиз жашоо жок, ишен. Улан. (солдат).
ОП-73-188. Салам Нур-Айжан, сен сулуулардын периси экенсиң, ар дайым ай чырайлуу жүзүңдөн нур чачырап турсун. Мага смс жазып тур. Урматым менен Максат.
ОП-73-189. Жетемби мен ойлогон тилегиме,/ Атыңды жазганым жок билегиме./ Атыңды өчпөс кылып жазып койдум,/ Бир гана сени сүйгөн жүрөгүмө. Акси Иман.
ОП-73-190. Нурмухамед досум, деги угулбайсыңар го, барсыңарбы? Саламат-93.
ОП-73-191. Алматынын "Болашак" базарынын 8-катарында иштеген Куттубек, мен акмакты кечиргилечи! "Антип мени карабагыла" деп досумдун сөзүнө кирип иттик кылдым. Эгер кечире алсаңар, кечиргилечи?! Алматыдагы бүт кыргыздардан кечирим сурайм. Алматыдан Гүлгакы.
ОП-73-192. Оштук Айзирекке салам жолдойм. Рахмат, жаным. Смс жазып тур. Сага ден соолук каалайм. Алматыдан Амангүл.
ОП-73-193. Урматтуу Айгерим, ар дайым талантың ташкындай берсин. Сулуу, назик үчүн баары өзүңө жарашат. Сени чын жүрөгүмдөн баалайм. Ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпей, жүрөгүңө Алланын нуру жаасын. Бактылуу кыз болуп талантың өссүн. Кыргызымдын жылдызы болуп жүрө бер. Сени урматтоо менен талантыңа таазим кылам. Алматыдан Куба.
ОП-73-194. Кыргыз элине Алай жаштар партиясын түзсөк болобу? Саясатка кызыккан жаштарды чакырам. Жусупбек.
ОП-73-195. Ала-Тоо аянтыбызда кайдагы эле терс каарман баатырлардын эстелиги орнотулуптур. Бул эмне деген шумдук? Өзүбүздүн чыныгы оң каарман баатырдарыбыз көп эмес беле? Билал козу.
ОП-73-196. Оригиналдуу смстердин ээси Бактыгүл92, рахмат, бар бол, бай бол, ыйманың күчөп, аялзатынын үлгүсү болуп жүрө бер. Билал козу.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
14-июль, 2009-ж.:
1-бет
БАЛЕРИНА БОЛО АЛБАЙ АРМАНДА КАЛГАН КАНЫКЕЙ
2-бет
Айчүрөк Иманалиева:
"Анжеликанын калп сүйлөгөнүн кичинесинен билчүмүн"

3-бет
Шайлоого барасызбы? Барсаңыз кимге добуш бересиз?
4-бет
Каныкей:
"балерина боло албай калдым"

5-бет
Шайлоо-2009
Ажолукка ат салышкандарга бут тосулууда

6-бет
Саратанда сергитүүчү жай - бассейн
7-бет
Алик Акималиев:
"Менин неге аялыма алым жетпейт,
ушунча күчтүү акын болуп туруп..."

8-бет
Жарк этти да, жалп этти...
9-бет
Расул Маматкулов:
"Анда сени токол кылып алайын"

10-бет
Түгөйлөрдүн ортосундагы мамиле канткенде бекем болот?
11-бет
Такталаш
12-бет
Бактылуу боло алдыкпы?..
13-бет
Андрей Малахов
14-15-бет
Обон почта
16-бет
шоу дүйнө










??.??