Билгениң оң

Кийим тандоонун жолдору
Жайында ар бирибиз эле жеңил, салкын жарашыктуу кийимдерге басым жасайт эмеспизби. Бирок, баары эле кийимди туура тандоону, түстөрдү жараштырууну биле бербейт. Жайкы кийимдердин түрлөрүн кантип жараштырып кийүү керек деген суроого төмөндөн жооп алаласыз.

Жайкы кийимдерди кийүүдө төмөнкү эрежелерди эске алыңыз:
1. Тизеден ылдый келген шымдар (капри), түз юбкаларды белден өйдө келген кыска кофта менен болбосо, денеңиз болоор-болбос көрүнгөн кофта менен кийиңиз.
2. Эгерде үстүңүздөгү кофта кенен болсо, астыңыздагы шым же юбка сөзсүз ичке болушу зарыл.
3. Классикалык стилдеги чөнтөктөрү бар шортиктер бутту кыйла эле узартып көрсөтөт. Мындай кийимди үстүнө спорт стилиндеги футболка же денени кыскан кыска кофта кигениңиз оң.
4. Арыкчырай кыздарга кандай кийим болсо да, түз сызыктары же сүрөттөрү бар кийимдер жакшы жарашып, арыктыгын көп билгизбейт.
5. Ак түстөгү кийимдер баарына эле жарашат деген ойуңуз жаңылыштык. Денеңизге чапталган ак көйнөк же кофта толук же арык көрсөтүп кемчилдигиңизди баса көрсөтөт. Ак футболка көгүш түстөгү джинсы шымдар, тизеден өйдө келген юбкалар менен жарашыктуу көрүнөт.
6. Жайкы кийим сөзсүз эле кымбат болуусу шарт эмес. Эң негизгиси, абаны жакшы өткөрүп, тумчуктурбаса болгону. Анан албетте, жарашыгына караңыз.
7. Кээ бир айымдар босоножканы тордолгон байпак же колготки менен кийгенди жакшы көрүшөт. Эгерде сиз да ушундайлардын катарына кирсеңиз, колготкини кийимге эмес, бут кийимге жараштырып алганыңыз туура болот. Тактап айтканда, ачык түстөгү бут кийим менен күңүрт түстөгү юбка кийсеңиз колготки сөзсүз ачык түстө болуусу шарт.
8. Тизеден өйдө, тизеден келген шортиктерди бийик така босоножка менен кийген одоно көрүнөт. Андан көрө орточо бийиктиктеги платформа бут кийим менен кийсеңиз алда канча жарашыктуу көрүнөт.
9. Ал эми ичке жана орточо бийиктиктеги такалуу бут кийимдерди кыска жеңи жок көйнөк менен, болбосо этеги кенен шымдар менен жараштырып кийгенге болот.
10. Бою кичинекей айымдар ачык түстөгү ар кандай майда сүрөттөр, оймо-чиймелери бар кийимдерди кийгенде ого бетер бойлору кичирейип көрүнөт. Ошондуктан, үстүңүзгө ачык түстөгү кийим кийсеңиз, ачык түстөгү бут кийим кийбеңиз. Мындай учурларда күрөң же боз босоножкаларга басым жасаганыңыз ылайык.

Кийимдин түсүн ылайыкташтыруу:
Кызыл менен жашыл түстөр бири-бирин толуктап, адамдын ажарын ачаарын көпчүлүк дизайнерлер айтып келишет. Бир караганда көзгө анча жакшы көрүнбөшү да мүмкүн, ошондуктан сиздин үстүңүздөгү кофтаңыз ачык кызыл түстө болсо, астыңыздагы шымыңыз же юбкаңыз күңүрт жашыл түстө болуусу шарт.
Боз түстөгү кийимдер арыктаргабы, толуктаргабы, баарына бирдей жарашат. Андан сырткары боз түстөгү кийимдер адамдын мүчө келбетиндеги кемчилдиктерди көп билиндирбейт. Боз түс кара, кызыл түстөр менен эң сонун жарашат.
Ак саргыл айымдарга көк, көгүш түстөр жакшы жарашат. Ал эми буларга ак, боз, саргыч, кара түстөр жакшы айкалышат.
Эгер ар кандай сүрөттөр тартылган кийимдерди жактырсаңыз, чийиндер, сүрөттөр кандай тартылганына көңүл буруңуз. Узунунан тартылгандар арыгыраак, туурасынан тартылгандар толугураак көрсөтөт.
Күлгүн түстү жактыргандар аны ак, мала жашыл, сары түстөгү кийимдер менен аралаштырып кийген дурус. Ал эми күлгүн түс менен кара же күрөң түстү айкалыштырганды кааласаңыз, ал түстөр жашыңызды улуу көрсөтүп коёрун эске салабыз.
Дизайнерлердин көбү бир эле учурда эки-үч түрдүү түстөгү кийимдерди айкалыштырып кийүүнүн сунушташат. Мисалы, көк жана көгүш, сыя жана сирень түс. Ал эми кээ бир түстөр бири-бирине такыр дал келбейт. Жашыл менен көк түстөрдөгү кийимдерди кийип жүргөн болсоңуз табитиңиздин жоктугунан гана кабар берет.

Дене түзүлүшүнө карай кийимди тандоо:
Эгерде көкүрөгүңүздү кичирээк көрсөткүңүз келсе, анда жакасы чоңураак тилинген кофталарды тандаңыз. Тескерисинче, төшүңүздү чоңойтуп көрсөткүңүз келсе, анда кофтанын жеңдеринде, үстүңкү бөлүгүндө майда тигилген бырыштар, бүктөлмөлөр болуусу тийиш.
Бутуңуз кыска, жоон болсо такасы калың бут кийим эч убакта кийбеңиз, себеби, мындай бут кийимдер бутуңузду ого бетер жоон, көрксүз кылып көрсөтөт. Мындай буттар менен тизеден өйдө келген кыска юбкаларды да кийүүгө мүмкүн эмес. Андан көрө түптүз же клёш шымдарды кийсеңиз, бутуңуздун кыскалыгы анчалык билинбейт.
Арык, боюңуз узун болсо кечелерге кие турган түз, узун көйнөктөрдөн, бутка чапталышкан джинсы шымдардан баш тартыңыз. Анткени, алар сиздин арыктыгыңызды, боюңуздун узундугун гана баса көрсөтөт. Тизеден келген анча балбырак эмес юбкалар, түз жеңил шымдар, каприлер тизеден ойдө шорталар көбүрөөк жарашат.
Боюңуз кичирээк, толук болсоңуз ар кандай кооз сүрөттөр тартылган кийимдерден, кенен балбыраган кофталардан, чоң топчулары, чөнтөктөрү бар шымдардан баш тартып, такасы өтө бийик эмес бут кийимге, жакасы жок кофталарга, тизени жапкан каприлерге көңүл коюңуз.

Кызыктар дүйнөсүндө
Австралияда жаңы динозаврлардын түрү табылды
Австралиянын палентологдору динозаврлардын дагы үч түрүн таап чыгышты. Алар Австралияда мындан 100 миң жыл мурда жашашкан. Үчөө кармашып жатып өлүшкөн да, ошол боюнча сөөгү чирип жата берген. Мындай ачылышка австралиялыктар 1981-жылдан бери күбө болуша элек. Палентолог Скотт Хакнелдин билдирүүсүндө, жаңы табылган динозаврлардын түрү эң жырткычтарынын түрүнө кирген. Анын бирөөсүнүн эки арткы буту менен турууга жөндөмү бар болчу дейт, изилдөөчү.

Дүйнө жүзүндөгү эң кургак жер кайда?
Атакама жана Чили чөлдөрү дүйнө жүзүндөгү эң кургак жерлер болуп саналат. Анткени, бул чөлдөрдө 1570-жылдан баштап, 1971-жылга чейин жаан жааган эмес. 400 жылга жакын суунун тамчысын көрбөгөн чөлдө жашоону элестетиш өтө эле кыйын. Кээ бир маалыматтар боюнча, Атакама чөлүндө ушул күнгө чейин бир да жолу жаан жаабаптыр. Болжол менен, планетанын 20 пайызы кургак чөлдөр. Атакама менен Чилини эске албаганда башка чөлдөргө бир жылда бир жолудан жаан жаап, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашашына шарт түзүп турат.


комада жаткан адам 13 жылдан кийин эсине келди
Пекинде 13 жыл комада жаткан адам эсине келди. Ал 1996-жылы Ян Лин газга ууланып, оор абалда комага түшкөн. 51 жаштагы оорулуу адамды 13 жыл бою аялы багып келген. Доктурлар деле анын тирүү калаарына ишенишпептир. Ян Лин көзүн ачып эсине келээри менен аялынын атын атап чакырган. Азыр анын абалы жакшы, өз алдынча туруп тамак жегенге жарап, кадимкидей эле сүйлөп калган кези. Ян Лин Гиннес китебине киргизилип, азыр көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда.


Чоң масштабдагы жер титирөө болобу?
Америка менен Япониянын окумуштууларынын тобу биригип, дүйнө жүзүндөгү эң чоң титирөө болсо жер шаары кандай болорун аныкташты. Ал үчүн жер шарынын жана жети кабат үйлөрдүн макетин жазап туруп, жер титирөө болсо планетанын кайсы бөлүгү көбүрөөк жапа чегишээрин байкашты. Жер титирөөнүн борбору болуп шаарлар, көп кабаттуу үйлөр табылды. Мындай дал келүү 2500 жылда бир келет. Эксперттердин айтымында, жыгачтан айыл жергесинде салынган тамдар шаардын ортосундагы көп кабаттуу үйлөргө караганда көп жапа чегишпейт. Анткени, бетонго караганда жер тамдар алда канча бекем, бышык болушат. Ошон үчүн элдерге көп кабаттуу үйлөргө караганда жер тамдан үй алган алда канча коопсуз экенин адистер дагы бир ирет эскертет.