п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Окумал

Азыркы учурдун чым-чым чындыгы
Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт деген сыңары, бир келген жалган жашоодо ойлонбой өмүр сүрө берип, өкүттө калып өткөндөр канча!
Же болбосо, бала-периште дегендей… бүгүнкү окуянын каарманындай кырктын кырына келгенде гана минтип артына кылчая карап, кылган кылыктарына жүзү кызарып, кыйшайып келе жаткан турмуш жолун түздөп кеткендер да болот экен.

- Апа! Апа! Атам дагы мас болуп келатат, - деген алты жашар Асландын эки көзү коркконунан алаңдап чуркап келип, ашканадагы апасынын артына жашырынгандай туруп калды. Кичинекей уулунун жүрөгүнүн түрсүлдөй какканы кулагына угулуп, аяп кетти. Тизелей отура калып, кучагына ала:
- А сен атаңдан коркпой эле кой! Алдап жаткызып койсок, өткөндөгүдөй уктап калат. Анан байкең келсе үчөөбүз тамак ичебиз, телевизор көрөбүз, - деп сооротумуш этти, мас күйөөсүнүн ур-тепкисинен, көңүлүнө тикенектей сайылган уу сөздөрүнөн жүрөгү өлүп, өйүп турганын сыр бербей.
- Жок, ал уктабайт! Мас экен деп атпаймынбы! Мас болгондо атам бизди урат да. Унутуп койдуңбу? - деди Аслан алданбай.
Аңгыча Короочу арсылдай үрүп, үй ээсинин алдынан кандай чыкса, ошондой тездикте "ка-аңк… кааңк" этип каңшылай, тамды айлана качты. Анткени, өз ити өзүнө үрүп чыкканына ачуусу келген Канжар сөгүнүп-сагынып, болгон күчү менен Короочуну тээп калган.
- Э….! Элдин эркектерин эшигинин алдынан жаркылдап күлүп, жакшынакай аялдары тосуп алат экен. Балдары "атакелеп" моюнуна асылып, эркелешет экен. Сыйлашат экен… А меникинде болсо… Үрпөйгөн аялым адатынча үтүрөңдөп үйдөн чыкпайт. Качан болсо жашоосуна нааразы… Жеп, сүлүктөй сооруп отуруп мени түгөтүп, өзү да түгөнмөй болду. Балдарым болсо энесинин тарбиясынан эркек эмес эле - кыз! Энесинин этегинен чыгышпайт. Мен иштеп, таап келген тамактын жугундусуна тоюп алып, өз итим өзүмө үрөт. Сениби, шашпа! Эртең көзүңдү тазалабасам элеби! Ит өлүм деген эмне экенин сага көргөзбөсөм, мен-мен болбой калайын! - көкүрөгүн койгулады, - Э-эй, Аслан! Алып кел суу, колума куй, бутума куй, - деп кыйкырып темтеңдей басып босого аттаган күйөөсүнүн алдынан чыга калган аялы:
- Акырын! Баланы ойготосуң. Ойноп жүрүп чарчаган окшойт, уктап калды. Жүрү, мен суу куюп берейин, - деп күйпөлөктөдү эле күйөөсү ага болгон жок.
- Тур, тургуз аны! Мени күтпөй эмнеге уктайт экен?! Ойгот! Баламбы? Куйсун колума суу. Кана, жанагы тентимиш чоң балаң? Же окуп жыргатпайт, же үйгө жардамы жок. Мен деген андай жашымда атамдын короосун жаңыртып салгам! Ал болсо… Тилим тешилди, тээтиги үймөк кумду короонун ичине ташып кой деп. Аркы Бекзат түн ичинде уурданып ташып алып бүтмөй болду. Ал кум деген билсеңер кызылдай акчага келген. Таң аткандан күн батканча ысыкка какталып баткак кечип жүрүп, тапкан акчам ал деген. Бекер аяк бошотоорлор! - деп ызырына терезенин айнегине кол шилтеп калды эле, айнек жерге күбүлүп түштү.
- Койчу, болдучу эми, алтыным! Жуунуп, тамактанып алып эс алчы. Сенин жакшы көргөн беш бармагыңды жасагам. Күтүп отургам, - күлүмүш этип, кучактай калып эрин эшикке жетеледи. Күйөөсү колун кагып салды да, көмөлөтө жерге бир койду. Ошонусуна маашырлана "чыйт" түкүрүнүп алып, кээкерленген үн менен:
- О-ой, албарсты-ы, тим эле мени мас санап "алтыным" деп шыйпаңдап калганын карасаң! Эртең менен эле эмне деп аңкылдап калдың эле, ыя?! Алкаш деп!.. каргап-шилеп, өлүмүмдү тилеп… Ушул жашоого тойдум деп!.. Тагдырыңа наалат айтып жатпадың беле?! Унутуп койду дедиңби? Канжар андайды унутпайт! Акылы жогум, ошону эсиңен чыгарба, уктуңбу?! - жаңы эле боз ала болуп тура калган аялын каалгага жабыштыра кайра чапты.
- А-ай, колуң сынгыр! - деп ачуу айкырып алган аялы чөгөлөй отура калып, ийиндери титирей ыйлап кирди.
- Ата-а! Апама экинчи кол көтөрбөңүз! Болбосо… -деп чоң уулу сырттан кыйкыра кирди.
- Ата дейм! Урба апамды, эмне урасың?! Апам жакшы… Карап тур, чоңойсом элеби!..- деп кичинекей муштумун түйө төркү үйдөн ызага ууккан уулу чыга калып ортого түшө калды. Кенжесинин тегерек, кара, өзүнүкүнө окшош көздөрүнөн өзүнө карата жектөө сезимин окуган Канжар соолуга түшкөндөй болду.
- Ом-мей, жаман десе! Сен апаңа арачы түшкөнгө жарап калдыңбы? Койдум… койдум, - деп жалтактай, ырсая калп күлүп артка кетенчиктеди. Бурула калып чоң уулунун жекире тиктеген көз карашынан көзүн ала качып, сыртка чыга жөнөдү.
Кечээ эле там-тум басып, апасынын артынан калбай мас Канжардан чыркырап качып жүрчү ыйлаак баласынын бүгүн минтип каяша айтканга жарап калганына ишене албай турду… Ойлоп көрсө, ата катары уулдарына көңүл буруп, оюнчук сатып берип, ойноткону эсинде жок. Акча таап, багып атам деп, ошого корстон боло жүргөн турбайбы. Өмүр болсо билинбей өтүп, уулдары минтип чоңоюп калган экен…
Оңолуп, аялынан да артык көргөн ачуу арак менен коштошо калуу оңойго турбаса да, эки уулунун сес көрсөткөнү ойлондурбай койгон жок…
Аздек НАМАЗБЕКОВА




Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
Сандан-санга
Ээрчишип киришкен эки доктурдун бирөөсү муздак, тердеген алаканын чекеме басып көрүп, денемдин табы ордунда эле экенин эжеме шыбырады. Жаңы эле наркоздон ойгонгон организмге эч кандай тынчтандыруучу дары сайынуунун кажети жок экенин айтты. Ыйламсырай үн каткан эжемдин мен жөнүндө берген суроолоруна "сыртка чыгып сүйлөшөлүк" дешти да, шашыла чыга кетишти. Эжем ээрчий жөнөдү.
Ушунун баарын угуп-туюп, эми мага баары бирдей унчукпай, көрдөй караңгылыкта көзүмдү бекем жуумп жата бердим. Мени кубанычка, таттуу кыялга бөлөп, кечээ эле курсагымда жаткан кызымдын бүгүн жок экенине ишенгим да келбей, "балким, жаман түш көрүп жаткан чыгармын?" деп өзүмдү алдамыш этем. Болбойт… Тулку боюм жанчылгансып, оор тартып, жада калса колдорум да шал тийгендей жансыз шалкылдайт. Оң капталыма оодарыла берип ичимдин ооруксунганына эрдимди канталата бекем тиштей, оор онтоп алдым.
Сүйүндүк түштү оюма. Эми ага кантип айтам?! Эмне деп айтам?! Ал кандай кабыл алат болду экен?! А эгер Кундуздун айткандары чын болсо… анда ал мага экинчи кайрылып келбейт! Балким… кызыбыз үчүн келмек, эми болсо… Жо-ок, кантип эле Сүйүндүк антсин?! Ал андай эмес! Ал мени сүйөт!
Жандүйнөмдө күрөш жүрүп, ойлор менен алпурушуп жаттым. Кечээ эле баары сонун, ойдогудай эмес беле. Жакшынакай таң аткан. Кыштын акыркы айы болгондуктан сыртта кар аралаш жаан жаап турган. Саат он бир ченде чогуу иштеген курбу кызым Кундуз телефон чалып, эгер мүмкүнчүлүгүм болсо, жолугуп кетүүмдү суранды. "Жөн жай элеби?" деген суроомо, "келсең угасың" деген табышмактуу жооп угуп, көңүлүм алып учуп, жөнөп калдым.
Жети ай толгондо жумуштан кеткем. Кез-кез телефон аркылуу кабар алышканыбыз болбосо, Кундуз экөөбүз ошондон бери көрүшө элек болчубуз.
Жумуштун жанындагы кафеге кирдик. Жайланышып отурган соң мен аны суроолуу тиктедим.
- Аздек, чындыгында, кантип айтышты да билбей турам. Өзүң ана-мына төрөйм деп турсаң, анан мен… А бирок, мен сени аяп айтпай койгон күндө деле, балким, башка бирөөдөн уксаң сага оор тиет деп ойлодум. Мага сөзсүз таарынмаксың. Анткени, бизде иштеген кыздардын дээрлик көпчүлүгү угушуп, уу-дуу болушту, - деген сөзүн бөлө:
- Ток этерин айтчы, коркутпай, - дедим.
- Менин Бегимжан деген классташ кызым бар. Ошол кечээ жумушка келиптир. Экөөбүздүн мамилебиз деле анча эмес эле, эмнеге келди деп таңгала түшкөм. Көрсө, биздин бухгалтериядагы Наздананын группалаш курбусу болот экен. "Группалашыма жолугуп, классташыма кезикпей кетсем таарынат го, деп кирдим. Кандайсың?" дегенинен айыл-апаны, классташтарды сурашып, Наздана болуп чогуу отуруп калдык. Сөз арасында Наздана Бегимжанга "мына, Аздекти Кундуздан сурасаң жакшы билет. Болбосо кандай кыз, кандай жүрөт деп мени тажатып бүтүрдүң" деп күлүп калды. "Аздекти кайдан тааныйсың?" дедим таңгала. Ошондо Бегимжан "Аздегиңердин күйөөсү менин эки жылдай сүйлөшкөн жигитим болчу. Үй-бүлөөсү менен да тааныштырып, меникилер да аны күйөө бала катары кабыл алып калышкан. "Акча чогултуп жатам, үй алайын анан үйлөнөбүз" деп жүрчү. Качан болсо кабагы ачылбаган апасына жагынайын деп мен келесоо айлыгыма тамак-аш сатып алып, үйүнө бат-баттан барып оокатын кылчумун. Азыр ойлосом… Өзүмө-өзүм жиним келет. Экөө биздин үйгө жакын кабат үйлөрдө квартирада турушчу. Апасы биздин көчөдөгү дүкөндүн жанында чакалап алма, өрүк сатып отурчу. Кийин ал үйдөн мага айтпай көчүп кетишти. Сүйүндүк болсо, "Кечирип кой, ачык эле айтайын, башка кызды жактырып калдым. Мен сени сүйөм деп ойлочумун. Көрсө… сүйүү деген сезимге чындап кабылганымды эми сездим… Кийин кеч болуп калганда түшүнбөй, азыртадан чечишип, сүйлөшүп алганыбыз жакшы болчудай. Күнөө менде, сени көп нерсеге үмүттөндүрүп жүргөн экем… Каршы болбосоң, достук мамиледе калалы" деп келиптир ичип алып. Кийин билсем мени алмаштырган кызы Аздек деген турбайбы. Айтып койгула, мени ыйлатып, бактымды тартып кетип, бактылуу болом деп ойлобой деле койсун! Мына… Сүйүндүк "апамдын кыялына чыдасаң чыда, чыдабасаң кете бер" деп таштап салып, өзү азыр Россияда турбайбы. Мен билем го анын сырын, ал өзү аял жандуу. Көпкө чейин бир аял менен жашай албаса керек. Айтты айтпады дээрсиңер бирок, азыр башка бир казашка кыз менен жашап, бул жакка жакында келбейм деп жүрөт экен" деген сыяктуу дагы көп сөздү жомок кылып божурап алып кетип калды. "А-ий да, Аздек сыртынан сыр бербей бактылуудай жүрөт го?! Чын эле үстүндө үйү турса, эмнеге Россиялап кетем, жаш аялымды таштап? Аздектен кызыгы таркаган соң шылтоолоп баса берген турбайбы" деп кыздар сөз кылып жатышат. Күйөөң чын эле ошентип жүргөн болсо, алдагы курсагың менен анын энесинин оту менен кирип, күлү менен чыгып сага эмне азап?! Эмне жалдап алган малайы белең?! Көзүңдү ач! - деген Кундуздун айткандары жүрөгүмө октой тийип, жер айланкөчөк болуп башым тегерене, араң эле карманып отурдум. Ыйлап ийдим.
- Кундуз, сен билесиң го мен Сүйүнгө кантип турмушка чыкканымды?! Мен анын мага чейин сүйлөшүп жүргөн кызы бар экенин кайдан билмек элем? Бир жолу "мурун сүйгөн кызың болгонбу?" деп кызыга сурасам, "сени гана издеп келгем" деген эле. Бул темада кийин сөз козгогон деле эмеспиз. Мага чейинки өткөргөн күндөрү үчүн күнөөлөгөнгө эч акым жок да, туурабы? Классташ кызыңдын эскини козгоп, мени кектеп, табалап айтканына эч негиз жок. Сүйүн дайым телефон чалган сайын мен деп жашаарын, кызыбыздын төрөлөөр күнүн күн санап күтүп жүргөнүн айтат. Мен ага ишенем! Ал андай жеңил ойлуу адам эмес! - деп алып, ордумдан тура жөнөдүм. Ошол мүнөттөрдө ичим түйүлүп ооруп чыкты.
- И-ий, кайдан дагы айта калдым эле?! Сени ойлоп, аяп, көз көрүнө алданып, куру кыял менен күн кечирбесин дедим да! - деп чебелектеген Кундуз такси чакырып үйгө жеткизип келип кеткен.
Тынч дүйнөмө дүрбөлөң түшүп, түн киргенче эмне кармасам колуман баары ыргып, төшөккө кеч жаткам. Жан кыйнаган ичимдин ооруганына чыдай албай, "апалап" айгай салып, жаныма аралжы издесем, ак халатчандар да арачы боло алышпай алакан жайышып, минтип жалдырап жатып каларымды кайдан билдим! "Кичинекейим менин! Атаң тууралуу айтылган жаман кептерди сен жүрөгүңө ушунча жакын кабыл алдыңбы? Сага ошол сөздөрдү угузган апакеңди кечире албай учуп кеттиңби? Көздөрүңдү көрбөй, өппөй, жытыңды жыттабай калдымбы?! Мен сени аябай күтпөдүм беле?!" деген ойлордон эки көкүрөгүмдүн чыңалып, сүткө толуп ооруксунганын эми туйдум. "Кызымдын жүрөгү какпай калган жансыз денесин өз көзүм менен көрмөйүн көксөөм суубайт. Көрсөткүлө, деп эмнеге айтпай жатам?" деген ойдо ордуман обдулдум.
А бирок, сырттан кирген Чүрөк эжем ал оюма таптакыр каршы чыгып, көшөрүп болбой койду:
- Көз алдыңан элеси кетпей, кыйналып каласың. Кереги жок. Ал оюңан кайтып, андан көрө өз ден соолугуңду ойло. Жашооң ушуну менен токтоп калган жок,-деп.
Ыйладым, жалдырадым. Болбоду… Акырында ачуусу келди окшойт:
- Ай кыз, болду эми, айланайын! Айтканга көнбөгөн кандай немесиң. Төрөткөн доктуруң менен сүйлөштүм. Шашпай, сен өзүңө келгенде айтып берейин. Азыр үйдө Ардакты Туранга таштап салып эле келе бергем, ачка болушту го?.. Сага да сорпо кайнатып келейин. Эшикте кайненең турат, мени жеп алчудай жекире тиктеп. "Чүрөк эжем кыйын доктур менен сүйлөшүп жатат…Көргөзүп жатат деп жүрчү эле. Кана ошол беш миң сом бермекчи болгон кыйын доктуруң?" деп элдин көзүнчө мага атырылат тим эле. Кыйын экен, өзү чуркап, өзү көргөзбөйт беле?! Түндө сени жалгыз жөнөтпөй, жаныңа караан болуп кошо келсе да бул жердегилер сага башкача мамиле жасап, жакшы карашаар беле?.. Деги түшүнүгү жок түркөй немелерге каяктан да кабылдың, билбейм?







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
13 ЖАШТАГЫ ЖАШТАГЫ КАРИНА КАРИНА КӨЗ ЖАРУУ КӨЗ ЖАРУУАЛДЫНДА АЛДЫНДА ТУРАТ
2-бет
Айгерим РАСУЛ кызы:
"Президенттин келини болууга татыктуу экенмин"

3-бет
Эртең менен саат канчада турасыз?
4-бет
13 жашар Карина көз жаруу алдында турат
5-бет
Атамбаевдин жарнактары айрылууда
6-бет
Баш ооруну алдын алуунун жолдору
7-бет
Айнура Салахидинова Арзуу ыры
8-бет
Назик:
"Достугубуз сүйүүгө айланды"
Назик менен Аскат үйлөнөбү?

9-бет
Саламат Садыкова:
"Дүйнө жүзүнө өзүмдүн атымды тургузуп койдум"

10-бет
Кийим тандоонун жолдору
11-бет
Балаңыздын баасы канча?
12-бет
Азыркы учурдун чым-чым чындыгы
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Тамшандырган "Таш кордону" даярдаган Раимбек Жусупбеков:
"Көпчүлүк менин колумдан жасалган таш кордону жеп жүрүшөт"











??.??