п»ї

  Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Акмат үйлөнөр алдында мүчөсүн жашыл түскө боёп алат. Достору себебин сурашат. Анда Акмат:
- Аялым биринчи түнү: "Эмнеге сеники жашыл?" деп сураганда: "А башкачаны сен каяктан көрдүң эле?" деп тумшуктан ары берип калам.

Дүкөндө сатуучу кардарды жаман сөздөрү менен капа кылат. Кардар:
- Сөзүңүздү кайра алыңыз!
- Бизде эч нерсе кайра алынбайт. Биз баасы бирдей башка товарга алмаштырып гана бере алабыз.

Айдоочу менен жаш кыз айылдан шаарды көздөй келатышат. Токойдун жанына келгенде айдоочу машинаны токтотуп, капотун ачып чукулайт да кызга:
- Мотор сыныптыр, ушул жерде түнөгөнгө туура келет.
- Байке, батыраак түнөп алып жолубузду улай бербейлиби?!

Күйөөсү аялына:
- Алтыным, мен чиркейлерди кандай жакшы көрөөрүмдү сен билбейсиң!
- Эмнеге?
- Алар канды жайында гана сорушат!

Курбулардын бири экинчисине арызданып жатат:
- Менин такыр эле жолум болбой жатат: бир жакшы жигит менен таанышсам, же анын аялы болуп чыгат, же менин күйөөм болуп калат.

Жаңы кыргыз Москвага барып калат. Ресторанга кирип, официантка кекээрдүү кайрылат:
- 100 долларлык кандай тамагыңар бар? Мага ошондой тамак бересиңби?
- Биз тамакты төрт бөлүккө бөлбөйбүз!

- Официант, айтыңызчы, 100 сомдук бифштекс менен 200 сомдук бифштекстин кандай айырмасы бар?
- 200 сомдук бифштекске курчураак бычак беребиз.

Кардар:
- Официант, алып келгениңиз пиво эмес эле жалаң көбүк го?
- Демек, бул жакшы пиво!
- Жакшысы жакшы, бирок, мен бул жакка сакалымды алдырганы эмес, пиво ичкени келдим да.


Врач кардарга:
- Канча жаштасыз?
- Жакында кыркка чыгам.
- Чыкпайсыз…

- Доктор, "23 жумалык боюңда бар" дедиңиз. Чын элеби?
- Чын.
- 27 жума эмес, ээ?
- 23 эле.
- Оо, Кудай, башкага турмушка чыгып алган турбаймынбы?


- Официант, менин сорпомдо чымын жүрөт.
- Сарсанаа болбоңуз, нандагы жөргөмүш аны жеп коёт.

Кафеде киши тамактанып отурат. Официант жаш баланы жетелеп келип, ага:
- Байке, бул сизге тээтиги четтеги столдо отурган жаш келинден.


- Сиз бул дарыны өмүрүңүздүн аягына чейин пайдаланасыз.
- Доктор, кечиресиз, сыртында "эки айдын ичинде колдонуу керек" деп жазылып турбайбы?
- Ооба, мен да ошону айтып жатпаймынбы…

Султан биринчи жолу мектепке барды. Ал үйгө кайтып келгенде апасы сурап калды:
- Султанбай, мектепте тентектик кылбай жакшы отурдуңбу?
- Кантип тентектик кылат элем, дайыма эле бурчта турсам, - деп нааразы болду Султан.

- Эмне эле мынча жайдарысың?
- Тиш доктурдан келатам.
- Анын кубанычтуу эмнеси бар?
- Кубанбагандачы, тиш доктур эс алууда экен.

- Жанагы жакшынакай куба жигиттин сага келгенин көп көрүп калам. Ал тууганыңар болобу?
- Ооба. Ал менин биринчи эримдин экинчи аялынын үчүнчү күйөөсү.


Операциядан кийин врач кардарга айтат:
- Түндө мен сизге медайымды жиберем.
Кардар араң сүйлөп:
- Доктор, балким, башка күн... Бүгүн денемдин баары ооруп турат.

Зоология сабагында мугалим Асанга:
- Асан, мен азыр сага канаттуулардын жумурткаларын көрсөтөм, сен кайсы канаттуунуку экенин айтасың. Бул кайсы канаттуунуку?
- Билбейм.
- Булчу?
- Билбейм.
- Мунусун билесиңби?
- Билбейм.
- Жаман. Сага "2" коём. Фамилияң ким?
- Жумурткамдан билип алыңыз!

Күйөөсү:
- Жаным, ит багып албайлыбы?
- Койчу, менин жаныбарлардын жүнүнөн аллергиям бар.
- Кызык, иттин жүнүнөн аллергияң бар, а норка шубадан жок, ээ?

Асан кошунасыныкына кирет:
- Айша жеңе, апам ооруп калды, малинанын вареньеси керек болуп жатат.
- Албетте, албетте… Эмнеге куюп берейин?
- Эч нерсеге куйбай эле коюңуз, мен ушул жерден эле жейм!

Врач кардарга:
- Сиз уктап жатып сүйлөйсүзбү?
- Тескерисинче, башкалар уктап жатканда мен сүйлөйм.
- Кандайча?
- Мен ЖОЖдо лектормун.

- Жаңылбасам, 6-палатадагы оорулуудан кан ал дедим эле,-дейт врач медайымга.
- Ооба, доктор, алдым. Туура 5 литр кан чыкты.

Кондуктор:
- Чемоданыңызды жолдон алып койсом каршы болбойсузбу?
- Жайына коюңуз, бай болгур. Ага бирөөлөр улам мүдүрүлүп турушпаса, унутуп кетишим мүмкүн.

- Апа, башыңызда ак чачтарыңыз жүрөт, - дейт кичинекей Белек.
- Балдары тилин албаса, ата-энесинин чачы ушинтип агарып кетет.
- Ии, таенемдин чачы ошондон агарган турбайбы, анда? - дептир Белек ойлуу тартып.

Эрин өлтүрүп койгон аялды суракка алып жатышыптыр. Сот аялдан сураптыр:
- Күйөөңүздү өлтүргөндөн мурда жөн эле ажырашып кетсе болоорун ойлогон жоксузбу?
- Сиз эмнени айтып жатасыз? Ага бир нече жума кетпейби?!




  Чоңколордун жоруктарынан

"Тааныбаган жакка баратам"
Бир чоңконун аялы өлүп, баласы экөө калат. Бир күнү баласы эшиктен келсе, атасы алдастап ооруп жаткан болот.
- Ата, апам жаңы эле өлдү, эми сен да кетсең, менин күнүм эмне болот?-деп ыйлайт.
- Аа айланайын, сен эмне болмок элең, тууган-урук, эл-журт бар эмеспи! Баарынан мени айтпайсыңбы… тааныбаган жакка бараткан, - деп үзүлүп кетиптир.
Туубай калган карагер бээ
Райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы жыйналышта:
- Эт төгүү планы аткарылбай жатат, туубай калган малдарды да этке төккүлө,-дейт. Анда бир чоңко:
- Эжеке, бизде бир карагер бээ бар, бир гана жолу тууп, ошол бойдон туубай жүрөт,-дептир.
Көрсө, алиги эже бирди гана төрөп, башка төрөбөй калган экен.
"Жоолук салынып келбесең…"
Жаңы шайланган башкарма аял жандуу неме экен. Кабинетине эки келинди киргизип алып, көпкө чейин ардемелерди сүйлөшүп отуруп алат.
Башкарманын кабинетинин эшигин ачкан чоңко:
- Мүмкүнбү? - дейт.
- Аксакал, коё туруңуз, - дейт башкарма.
Бир сааттан кийин баш бакса, кайра эле ушундай жооп угат. Анда ачуусу келген чоңко:
- Оо, кокуй, буга жоолук салынып келбесең, эркек кишини кабыл албайт турбайбы, - деп кетип калыптыр.
"Азыр мурут эмес сакал деле кеп болбой калган"
Автобуста тыгылышып бараткан адамдардын бири отурган жаш балага:
- Эй, жубарымбек, мурутчан киши туруп калды, орун бербейсиңби? - десе:
- Ээ, айланайын, азыр мурут эмес сакал деле кеп болбой калган, - дептир сакалчаны.
Жети карышкыр
Колхозго текшерүү комиссиясы келип калыптыр. Жети адамдан турган комиссиянын баарысы кызуу. Арасынан бирөөсү тургандардын аманчылыгын сурагандын ордуна:
- Кандай, малыңар аманбы? - дейт дароо эле.
- Малдын канчасы аман, канчасы жогун билбейбиз, төмөндөн жети карышкыр чыгып, четинен жарып жеп келатат деп эле угуп атабыз, - дептир.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
13 ЖАШТАГЫ ЖАШТАГЫ КАРИНА КАРИНА КӨЗ ЖАРУУ КӨЗ ЖАРУУАЛДЫНДА АЛДЫНДА ТУРАТ
2-бет
Айгерим РАСУЛ кызы:
"Президенттин келини болууга татыктуу экенмин"

3-бет
Эртең менен саат канчада турасыз?
4-бет
13 жашар Карина көз жаруу алдында турат
5-бет
Атамбаевдин жарнактары айрылууда
6-бет
Баш ооруну алдын алуунун жолдору
7-бет
Айнура Салахидинова Арзуу ыры
8-бет
Назик:
"Достугубуз сүйүүгө айланды"
Назик менен Аскат үйлөнөбү?

9-бет
Саламат Садыкова:
"Дүйнө жүзүнө өзүмдүн атымды тургузуп койдум"

10-бет
Кийим тандоонун жолдору
11-бет
Балаңыздын баасы канча?
12-бет
Азыркы учурдун чым-чым чындыгы
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Тамшандырган "Таш кордону" даярдаган Раимбек Жусупбеков:
"Көпчүлүк менин колумдан жасалган таш кордону жеп жүрүшөт"











??.??