п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-76-001. Менин Арзуу деген досум бар эле, ошол Султан Садыралиевди сүйүп калган. Эмне кылса болот? Амангүл.
ОП-76-002. "Арал" базарынын 2-катарында иштеген мен сүйгөн кыз Жакуля, сени жети айдан бери сүйүп, артыңдан калбай келем. Сага болгон махабатым күндөн-күнгө алоолоп барат. Эмнеге сезбейсиң? Сени сүйгөн жигит.
ОП-76-003. Сүйүктүү апабыз Сабираны 24-июль келе жаткан туулган күнү менен куттуктайбыз. Апа, биздин бактыбызга аман болуп, эч качан оорубаңыз. Сизди жандай жакшы көргөн балдарыңыз Зарылкан, Садырбек.
ОП-76-004. Аялзаты - улук зат, ээ, достор? Мисалы, төрөгөндө эле ЭНЕ деген эң ыйык наам алышат. Билал козу.
ОП-76-005. Кимиси президент болсо да детдомду көзөмөлдөсө, мен үчүн зор кубаныч. Билал козу.
ОП-76-006. Сезимим батпай турса көөдөндө,/ Суз сезимди тунжураткан ушул дүйнө./ Сооротоор деп жаралуу жүрөгүмдү,/ Сиз жөнүндө ыр жаздым, сиз жөнүндө./ Кыялым сизге барат канат кагып,/ Күтөмүн анан дагы карек талып./ Сезимге чек коё албай эң аярлуу,/ Сизди ойлоп уктаганым кандай бакыт.
ОП-76-007. Чоң атам Аскаров Токтосун 17-июлда 70 жашка толмок. Аттиң, бирок, арабыздан кеткенине үч жылдын жүзү болду. Кичинекей кезимден жубайы Асира экөө эч нерсеге зар кылбай чоңойтушту. Атакеме өмүр бою ыраазымын. Окуган курандын сообу тийип, Аллахым жайын жаннаттан берсин. Карааныңызды көрүүгө, үнүңүздү угууга, эркелеп отурууга зар болуп, айласыз тагдырга баш ийип жашап келем. Небереңиз Бегимай92.
ОП-76-008. "Акылсызым, менден эмне таптың?" - дедиң. Сенден мен өзүмдү таап, сага айланып кеткеним менен ишиң жок. Эми биз кантип бөлүнөбүз? Азамат, сенин кучагыңда туруп да сени сагына берчүмүн. Азыр да сени сагынып, күн бою ыйлап жүрөм. София8.
ОП-76-009. Эрлан жанусь, мен сени чексиз сүйөм. Сенсиз жашай албайм. Сенин Алтынкаң.
ОП-76-010. Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылындагы Шамшы Исмаилов атындагы орто мектептин 2008-2009-окуу жылынын супер бүтүрүүчүлөрүнө, 11-"а" классынын келечектеги бүтүрүүчүлөрүнө ысык салам жолдойм. Классташтар, келечекке таштаган кең жолуңар байсалдуу болуп, Аллахым силерди колдоп жүрсүн. Силерди сагындым, окуучулук күндөрүбүз миллион доллар берсек да, кайтып келбес. Бар болгула, аман болгула, сүйгөнүңөр менен бир болгула.
ОП-76-011. "Обон" гезитине чоктой салам жолдойм. Ишиңиздер ийгиликтүү болуп, калемиңиздерден жаралган жаңылыктар миллиондогон окурмандардын көңүл борборунда болуп, ар бир окурманды кайдыгер калтырбасын. Бегимай92.
ОП-76-012. Жан дүйнөмдүн кубанычы болгон махабат! Мен бүгүн сени менен сырдашууга келдим. Сен баягыдай эле тазасың, сулуусуң, аруусуң. Мени бир гана сен сатпадың, көңүлүмдү оорутпадың, жүрөгүмдү сыздатпадың. Махабат, сен улуу сезимсиң. Мен сени булгап алуудан корком. Сен бул жашоодо кандай болсоң ошол бойдон калууңду суранам. Жүрчү, эч кимдин бутун баспай алыстарга кетели. София8.
ОП-76-013. Эх, заман эмне кылса да адамдарды өзүнө тартып алат. Кечээ эле узун, кара чачтуу, жабык кийим кийип сөгүнбөгөн, арак менен тамекини билбеген, турмушка таза жол менен барган кыздарды жаман жолго кайсы шайтан азгырды экен? Унчукпайын дейм, бирок, мындай нерсени карап тура албайт экенмин. Эми кийиминин баарын чечип, жылаңач калгандан, ыймандын жоголгонунан ата-энебизди карабай карылар үйүнө бергенден, никесиз бала төрөп, кор кылып таштагандан Кудай өзү сактасын. Бегимай92.
ОП-76-014. Мөлмөл, Кенжегүл, Самара, Зиягүл, Мираида, Гүлбурак, Үмүт, Айзат, Оксана, Айжума, Жылдыз, силерге сагынычтуу салам жолдойм. Биз Кудай буюрса, түбөлүк достордон болобуз. Кайсы окууга тапшырасыңар? Бизди ушундай деңгээлге жеткирген ата-энебизге, мугалимдерге чоң рахмат айтып, таазим кылалы. Ак сүтүн, эмгегин актаганга аракет жасайлы. Сүйгөн адамыңар менен бирге бактылуу болгула. Жашооңорду жакшылыктар коштосун. Бегимай92.
ОП-76-015. Мадыдагы 94 Айгерим, мен сени сүйөм! Жаның 91.
ОП-76-016. Мен башканы сүйбөчүдөй бир дагы,/ Сени гана сүйөрүмдү бил жаным./ Эгер сүйүү болбосо баш катырган,/ Сүйүү катын албайт элем баштагы. М…
ОП-76-017. Замир Мырзага! Күндөр өтөт, далай айлар арадан,/ Сени күтөм, сагынамын кайрадан./ Сенсиз жашоо элестетпейм эч качан,/ Сагынамын жаным сени сагынам. Каныкейка.
ОП-76-018. Шыңгыр үнү менен таанылган, достукту ыйык туткан супер жылдыз, жакын досум Дайыр Исмадияровду 16-июль туулган күнү менен куттуктайм. Оштон Тентек Гүлзина.
ОП-76-019. Махабаттын азабында жансам дагы,/ Сезимимди кыя албай көз жашым акса дагы./ Бүт жер жүзү мага каршы чыкса дагы,/ Унутпаймын түбөлүк эсте сактайм./ Өмүрдө сенсиз жалгыз калсам дагы. Н…
ОП-76-020. Мен тагдырга ушунчалык ыраазымын, мага сени жолуктурган күн үчүн! Жада калса ошонун өзү бакыт, ырахат сезилет мага сени сагынганым. Сени менен түбөлүккө бирге болгум келет, эгер тагдыр буйруп калса………
ОП-76-021. Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков, силерге салам жолдойм. Мээрим.
ОП-76-022. Баткенге салам. @йк@93.
ОП-76-023. Казакстандагы Чернявка айылындагы Жети-Асыл базарында иштеп жаткан алтын апам Чынарага, жалгыз, сүйүктүү сиңдим Бекинайга, эжем Кенжегүлгө, сатуучу кыз Гуляга сагынычтуу салам жолдойм. Ден соолугуңар чың болуп, ишиңерди ийгилик коштоп, аман болгулачы, алтындарым. Чернявкадагы сонун кызыл роза гүлдөр менин атымдан беле-е-е-ек! Бегимай92.ОП-76-024. Сүйдүм сени, сүйүүгө бек убадам,/ Көрбөй калсам көргөнүмдөй кубанам./ Таңда келсең нурга бөлөп ааламды,/ Күн уялып чыкпай турмак уядан. @йгерим_92.
ОП-76-025. Ильяз, эч качан оорубаңызчы, сиздин "Азап" деген ырыңызды угуп алып ыйлагым келет. Кандай гана жагымдуу, маанилүү ыр, ар дайым ушундай ырларды жаратып жүрө бериңиз. Аллах өзү сизди колдосун! Айзирек.
ОП-76-026. Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы атам Акынбекке, апам Шарипага салам жолдойм. Алматыдан кызыңар Уулкан, күйөө балаңар Шергазы.
ОП-76-027. А р дайым кан жолдо жүргөн жаным Бакыш, сага ак жол каалайм, жашообуздун мазмуну, байлыгы болгон балдарыбыз аман болсун. Биз жетпеген бийликке, бийиктикке балдарыбыз жетсин. Алматыдан Жаркынай.
ОП-76-028. Эдил, кайдасың? Көрүнбөйсүң, деги амансыңбы? Сени ушунчалык сүйөм, бирок, сен аны сезбейсиң. Жашоо таттуу, бирок, сенчелик эмес,/ Баары сүйөт, бирок, менчелик эмес. Мады, Айгерим 94.
ОП-76-029. " Обон" гезитин калтырбай окуйм. Акбар Сүйүнбаевди чакыргылачы, суранам. Күйөрманы.
ОП-76-030. Оштук балдар аман эле болгула, силер киши эмес экенсиңер. Мая.
ОП-76-031. " Обондун" бүт окурмандарына менден салам. Дина.
ОП-76-032. Айбек айылынын сулуу кыздары Айганышка, Айзирекке, Нурзатка салам жолдойм. Жалал- Абаддан Арууке.
ОП-76-033. Кыздар, мен кетирген каталыкты кетирбегиле. Жигиттерди катуу сүйбөгүлө. Алар баары бир биздин сүйүүгө татыксыз. Айка.
ОП-76-034. Оштук Жыргал 93, кандайсың? Эмне жоголуп кеттиң? Мен сенден мындайды күткөн эмес элем. Бирок, билип кой, баары бир сен меники болосуң. Айка.
ОП-76-035. Кара-Көл шаарынан Аденова Чолпон, мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм. Банзай Сахалин.
ОП-76-036. Ош жергесинин ХБК кичирайонунда жашаган Гүлдана аттуу сулуу кызга пламенный привет! А…
ОП-76-037. Сүйгүн дейм, сүйбө дебейм бирөөнү,/ Кыз жигитти сүйүп калса күнөөбү?/ Сүйсө неге айта алышпайт?/ Же кыздардын жок болобу жүрөгү. София8.
ОП-76-038. Гука, мен сенин элесиңди көргүм келет. Эди.
ОП-76-039. Эркин айылына супер салам. Элнура-92.
ОП-76-040. Мирбек Атабеков супер! Элнура-92.
ОП-76-041. Неля эжеге салам жолдойм. Неля эже, суранам, телефон номериңизди бериңизчи?! Менин номерим 0772665807.
ОП-76-042. Гумхана айылындагы инилерим Шакага, Анашка, акама салам жолдойм. Жылдыз.
ОП-76-043. "Обондун" супер смсчилери Жака Жазгүл, Гузель, Куба жана Урмат, кандайсыңар? Силер менен жакындан таанышкым келип жүрөт. Макулсуңарбы? Макул болсоңор өзүңөр жөнүндө кыскача маалымат жазгыла. Урматым менен София8.
ОП-76-044. Өзгөн районундагы Курманжан Датка мектебинин 9-"б" классында окуган Динара, кандай? Алматыда каникул көңүлдөгүдөй өтүп жатабы? Нурзат, Айнура, Жанара, Айзирек жана башка кыздар салам айтты.
ОП-76-045. 1998-жылы Жалдагы ооруканага жаткан көлдүк 1987-жылкы Эмил, окусаң чал. 0778068576.
ОП-76-046. Алтынга алмашкыс, күмүшкө теңегис апабыз Эсенкожоева Нарынкүлгө салам жолдойбуз. Апаке, дайыма биздин маңдайыбызда аман-эсен болуп, ден соолукта жүрүңүз. Биз сизди жакшы көрөбүз. Ак сүтүңүздү актаганга аракет кылабыз. Апакем күмүш байлыгым,/ Тартпачы күйүт кайгысын./ Ардактап келем өзүңдү,/ Ар дайым угам сөзүңдү./ Апакем менин жүрөгүм,/ Апам бар үчүн жүрөмүн./ Бир келген ушул өмүрдү,/ Апакем менен сүрөмүн. Каси, Ику, Маку.
ОП-76-047. Салам "Обон" жана сүйүктүү ырчыларым Ильяз Абдыразаков, Гүлнур Сатылганова, Бактыгүл Бадыева, мен силерди жакшы көрөм. Силер чыныгы талантсыңар. Мен Бактыгүлдөй ырчы болгум келет, Ильязга эч ким жетпейт. Ильяз, мен сени сүйүп калдым. Гүлнур эженин үнүн абдан баалайм. Гүлнур эже, сиз да бактылуу болуңуз. Күйөрманыңар Ибарат.
ОП-76-048. Айгерим, мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм. Дастан байкең.
ОП-76-049. Мен Назгүл Насиеваны абдан жакшы көрөм. Ал чыгармачыл адамдардын сулуусу да, таланттуусу да. Мен анын талантына терең таазим этем. Меку.
ОП-76-050. Ассалому алейкум Фея, Вася, Ангел, Айзирек, Таир, "Обон" гезити аркылуу жиберген саламыңарды окудум. Амандыкта ар дайым "Обон" гезити менен бирге бололу. Билал козу, мени менен байланыш. Номерлерим: 0772291907, 0705933224. Урматым менен Жанусь Роза.
ОП-76-051. Менин саламым бардык өзгөндүктөргө жолдонот. Кай жерде болбогула алтын башыңар аман болсун. Ишиңерге ийгилик. Шералылыктар бар болгула. Гачи.
ОП-76-052. Менин саламым таланттуу ырчы Ильяз Абдыразаковго жолдонот. Мен сизди сыйлайм. Айзат 92.
ОП-76-053. Назгүл Насиевага: Жаркырайсыз аябай,/ Тунуксуз аккан суудай,/ Шоола чачып ааламга,/ Көрк бересиз дайыма. Бактылуу болуңуз. 07781079ХХ.
ОП-76-054. Менин саламым эң жакшы көргөн Неля эжеме жолдонот. Аман-эсен көз жарып алыңыз. Урмат байке, жер-жемиштерин убагында унутпай алып келип туруңуз. Кызды көтөргөн оор болот деп уккамын. Аська.
ОП-76-055. Талас районундагы А.Огомбаев айылынын тургундары атам Осмонов Сабатбекке, апам Жумакулова Калбүгө жана эжем Аселге ысык салам. Ар дайым менин бактыма бар болгула. Эркеңер Айка.
ОП-76-056. Талас шаарындагы №1 орто мектебинин мугалимдер жамааты, мен силерди сагындым! Терең урматым менен Айзат.
ОП-76-057. "Болашакта" 7-катарда иштеген Нургүл эжеге салам жолдойм. Сизге ден соолук, чексиз бакыт, тунук сүйүү каалайм. 8-катардан Амангүл.
ОП-76-058. Чымкенттеги досум Мирлан-Аконга салам жолдойм. Алматыга келип кет. Мен капа болсом жаман болот, билесиң го, жаным. Алматыдан Амангүл.
ОП-76-059. Салам Шергазы! Жамгырлуу күнү сыртка чык. Жамгырдын канча тамчысын кармай алсаң, бул сенин мага болгон сүйүүң, калган тамчылар - менин сага болгон сүйүүм! Алматыдан Амангүл.
ОП-76-060. Урматтуу кыргыз эли, Кыргызстанга конокко чакырсаңар болбойбу? Алматыдан Амангүл.
ОП-76-061. Мени тааныгандарга салам. Ошондой эле сүйүктүү курбуларым Жазка, Ева, Диля, Асел, Зина, Кенжегүлгө салам жолдойм. Мен силерди жакшы көрөм, алтышкалар! Амангүл.
ОП-76-062. Мен Нурпери деген кызды сүйөм. Ал №27 мектепте 7-"б" класста окуйт. Нурпери, суранам, башка балдар менен сүйлөшпөчү?! 345. Малик.
ОП-76-063. Таланттуу ырчым Омарга: Жадырап жылдыздардан чыгып келчи,/ Жылмайып мага карап күлүп келчи./ Эритип жүрөктөгү тонгон музду,/Шыбырап кулагыма сүйөм дечи. Жанусь Роза.
ОП-76-064. "Обондун" №73 номеринде ОП-73-191 Гүлгаакы деп жалган билдирүү жиберген абонент, неге менин атымдан билдирүү жибердиң? Мени уят кылып жазыпсың. Сендей кыргыз кыз бар экенине намыстанам. Мышык майга жетпей сасык дептир. Мага жете албайсың, 100 пайыз кепилдик бере алам. Уяты жок! Жолуң болсун! Алматыдагы оштук чыныгы Гүлгаакы.
ОП-76-065. "Бекжан" базарында иштеген сүйүктүү досум Айгеримдин 22-июль туулган күнү менен куттуктайм. Жолуш менен бактылуу бол. Самалдан досуң Гүлбурак.
ОП-76-066. Айдин Шер, сени сүйөм. Амангүл.
ОП-76-067. Билал козу, сени менен таанышсак болобу? Алматыдан Амангүл.
ОП-76-068. Тоң районунун Темир-Канат айылында жашаган Куттубек аттуу мырзага жүрөктөн чыккан жалындуу ысык салам жолдоп, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Сырдуу кыз.
ОП-76-069. Намаз окуган балдар-кыздар менен достошом. 07701306ХХ.
ОП-76-070. Көгарттагы Төрөгулов Айбек, мен сизди сүйөм. Жалалова Айка.
ОП-76-071. "Обондун" супер смсчилери жана окурмандары, сиздерге өмүр, бакыт, махабат, байлык каалайм. Урматым менен Нури 94.
ОП-76-072. Досторум Айгерим, Нурайым, силерге сагынычтуу салам жолдойм. Ар дайым күлүп жүргүлө. Бактылуу достордон болуп жүрөлү. Силерди жакшы көрөм. Бегимай 92.
ОП-76-073. Менин саламым чогуу жашаган досум, жакшы көргөн адамым, мага сырдаш болгон Айкөкүлгө жолдонот. Айка, мага таарынбачы?!
ОП-76-076. "Обондун" супер смсчилери Жака Жазгүл, Ангел Асем, Айзирек, Бактыгүл92, Жанусь Роза, Айдеми, Заманага чо-оң салам. Алматыдан Амангүл.
ОП-76-075. " Обон" аркылуу таанышкан досторум Бека, Шергаазы, Данияр, Улан, Айбек, Ильяз, Мирлан, Өмүр, Талантка чо-оң салам жолдойм. Алматыдан Амангүл.
ОП-76-076. Кенжегүл маймылым, тез келсең болбойбу? Сени сагындым, досум. Амангүл.
ОП-76-077. "Болашакта" турган Куттубек, ахвалыңа карап жүр, көрүнгөн кызга көрүнгөн нерсе айтып, эми мен калдымбы? Менин атыман "Обонго" смс жазганыңды экинчи көрбөйүн. Сага ким жазганын билип туруп анан жаз, мен башка кыздардай эмесмин, унчукпай калгыдай. Заргердеги атаң менен энеңди таанытып коём, менин ким экенимди билесиң.
ОП-76-078. Араван районунун Эсенбай айылындагы үй-бүлөмө сагынычтуу салам жолдойм. Авам жана сиңдим Барчындын туулган күндөрү менен куттуктайм. Сиздерди урматтоо менен Оштон кызыңыздар Дилноза.
ОП-76-079. Бөлүнбөчү кыргызым,/ Кайдан гана жугузуп алыдык экен,/ Түндүк-түштүк деген ооруну./ Күйгүзөт го ичиңди,/ "Кай жактан болосуң?" деген,/ Кыргызымдын "служебный" сөздөрү./ Алакандай Кыргызстандын элдери,/ Баары эле бир кыргыздын өздөрү./ Айырмачылыгы бир гана диалект сөздөрү. Байыртан келе жаткан сөз "сиздер" болуп,/ Айтылып калды эми "сыңар" делип. Гуля88.
ОП-76-080. Жаштарга ыйман жана тунук сүйүү, бейкуттук каалайм. Супер смсчилер, бирдигиңер эч качан түгөнбөсүн. Гүлзира 92.
ОП-76-081. Жаным, эсиңди жыйчы, мен сени сүйөм го. Жемчуг.
ОП-76-082. "Барахолка" базарынын 9-10-катардын башындагы стоянкада турган "Мерседес" маркасындагы 6935 номерлүү машинанын ээси, сен бойдоксуңбу? Өзүмө түшүнбөйм, сени күндө карачу болдум. Жообун күтөм. Dior.
ОП-76-083. " Болошак" базарынын 8-катарында иштеген өкүл атабыз Замир менен өкүл апабыз Жазгүлгө салам жолдойбуз. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, ишиңиздерге ийгилик каалайбыз. Улан, Назгүл.
ОП-76-084. "Кулагерде" соода кылган өз эжемдей көргөн эң сулуу Ырыс эжемди 22-июль туулган күнү менен куттуктайм. Сизге узун өмүр, чың ден соолук каалайм. Сүйгөн адамыңыз менен бактылуу өмүр сүрүңүз.
ОП-76-085. Салам, Айгерим, сени ала качып кетсе эмне кыласың? Оштон Гулизат.
ОП-76-086. Анара, Каныкей, Аида, Камбар, Баймырза, Гүлжигит, Бакыт, мен силерди сагындым. Классташыңар Зымырат.
ОП-76-087. Беш убак намаз окусаң,/ акыретте ишалла,/ тозокко жан кор болбос,/ хадиске кулак салсаңыз,/ пайдасын угуп калсаңыз./ Өмүр ширин көрүнөт,/ Дүйнө кумар болсоңуз,/ Бар, бир деп Аллага ыйман келтир,/ Пайгамбардын буюрган накылы бул. Астанадан Динара.
ОП-76-088. Сүйөмүн деп айталбадым бир да жанга,/ Сүйүш үчүн эмне керек ар бир жанга./ Сүйөмүн деп айтып алып ар бир адам,/ Таштап кетет ошол адам башка жанга. Катя.
ОП-76-089. Ыймандан качкан киргиздер,/ Эне тил, динди чанышты./ Шек келтирип Кудайга,/ Чоң көйгөйдү салышты./ Өзөктөн чыккан өрт жаман,/ Өздөн чыккан жат жаман./ Эне тилди сактасак,/ Сакталат кыргыз бүт аман. Айзирек.
ОП-76-090. 8-катарда иштеген Дамир, уктабай эртерээк кел. Доку.
ОП-76-091. 5-катардын 13-контейнеринде соода кылган Миргүл эже, сиз мага МР3 алып берем дегениңизге эки ай болуп кетти го. Эртерээк алып бериңизчи?! Астанадан Фарида.
ОП-76-092. Мусулман болуп бир бети,/ Каапыр болуп бир бети./ Өзгөрүп кетти кыргызымдын келбети./ Моюн сунуу Аллага,/ Мусулмандын милдети./ Астанадан Динара.
ОП-76-093. Конкретный, сопсонун, өллө таланттуу Ильяз Абдыразаковго салам жолдойм. Ильяз, сен жаман сонун ырдайсың! Астанадан Абдыразакова Фарида.
ОП-76-094. Кара-Балта менин сүйүктүү жерим. Кама, Канболот, Замирге жана ата-энеме, иним Кайратка салам жолдойм. Мен силерди жакшы көрөм. Москвадан Паязов Канат.
ОП-76-095. Менин саламым Ошто жашаган досторума, Западный районуна жана Атыраудагы "Дина" базарына. Кыргыздар, алга! Азиз.
ОП-76-096. Астанадагы "Ценртальный рынокто" соода кылган Анарага, Миргүл эжеге, Рахат эжеге салам жолдойм. Кудайым соодаңарды берсин. Астанадан Фарида.
ОП-76-097. Талант, 1-курсту ийгиликтүү бүтүшүң менен! Окууңду жакшы окуп, келечекте кыргыз элине чын жүрөгү менен таза кызмат кылган, туугандарыңдын сыймыктанган уулу бол. Таңдын атканын, күндүн батканын көрүп жүрө бер. Ар дайым күлүп жүр. Каникул кандай өтүп жатат? Бишкекке качан келесиң? Форивер.
ОП-76-098. Куштарбек, өрүк как качан кургайт? Бүрсүгүнү эмне кыла турганыңды ойлондуңбу? Күндүн жинин келтирбей эртерээк тур. Качан эки машине бирдик жүктөйсүң? Гуля.
ОП-76-099. Айжума, Жылдыз, кеңешиңерге рахмат. Бирок, бул сюрприз болчу. Ушунуңардан жазбагыла. Бегимай92.
ОП-76-100. Кенжегүл, мен дагы сага сюрприз кылдым. Коркпой эле кой, эч ким алып качпайт. Бегимай92.
ОП-76-101. Алыпкачар, папандыктардын сенден эмнеси кем экен, "Обонго" чыкпагыдай? Папандыктардын бардыгы жетим эмес, билип кой. Ойноп жазсаң да ойлонуп жаз. 0770295647ХХ.
ОП-76-102. Биздин алтындан ардактуу таенебиз Шаарванди 18-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Таене, 80 жашыңыз кут болсун! Жашыңыз жашка улансын,/ Бала-чака кубансын./ Таене ,сиздин жашооңуз,/ бакыттан жалаң куралсын./ Неберелериңиз Алматыдан Наргиза, Ноокаттан Эртабылды, Айбек, Айгүл, кызыңыз Тунук.
ОП-76-103. Алматы шаарындагы "Ала-Тоо2" базарынын 3-4-катарларында иштеп жаткан Майрамканга салам жолдойм. Майрамкан, сенден чоң сураныч, кичине өзүңө келчи, мисирейбей. Бирок, сен кандай болсоң да сени сүйгөн балдар аз эмес. Бейтааныш жигит.
ОП-76-104. Акылдуу жана чыныгы патриотка сиңдим Ангел Асемге чың ден соолук жана чексиз бакыт каалайм. Ар дайым жүрөгүң "кыргыз" деп согуп, атыңа затың жарашкан кыздардан бол. Ар дайым жүрөгүңдөн сүйүү, ууртуңдан жылмаюу кетпесин. 0770135292ХХ.
ОП-76-105. Новониколаевкада жашап жаткан алтындай болгон атам Эрмек, апам Чынарага чоң салам. Мен сиздерди жакшы көрөм. Бактылуу болуңуздар! Нури 94. (Нурпери).
ОП-76-106. Сүйүктүү ырчым Эрлан Андашев жана сүйүктүү ди-джейим Айбек Акматовго салам. Баштаган ишиңер байсалдуу жана жолдуу болсун. Урматтап сыйлап Алтышка.
ОП-76-107. Жаным Рысбек, сени сагындым. Сапаргүл.
ОП-76-108. Жылдызкан абже, 17-июль туулган күнүңүз менен! Гулянда, Дүйшөн.
ОП-76-109. Айзирек, саламың саламаттуу болду. Чо-оң рахмат. Э.Дима.
ОП-76-110. Салам Акназар, Кеңаралдын кай жеринен болосуң? Айылдаш экенбиз, мага байланыш. 0777561461. Эрегулдан Аська.
ОП-76-111. Издедим сүйүү гүлүн арнап сага,/ Иргедим арасынан тандап-тандап./ Кабыл алып койчу менин ардагым,/ Акактай тунук сүйүүм сага барат./ Азамат, сага болгон сүйүүм чексиз. Фея.
ОП-76-112. Баткен областына караштуу Таян айылындагы Адилге салам жолдойм. Адил, 0772728695 номерине байланышка чык. Досуң Улан.
ОП-76-113. Каныкей, прическаңды өзгөртүп алсаң болмок. Мультфильм болуп калат экенсиң. Жемчуг.
ОП-76-114. Кара-Кулжанын Октябрь айылындагы 85-жылкы классташ балдар-кыздарга жана жийделик Азизге салам. Достор, мен баарыңарды сагындым. 05510052ХХ.
ОП-76-115. Ильяз, эмнеге сени баары эле көрө алышпайт? Сен супер красавчиксиң жана абдан таланттуусуң. Күйөрманың.
ОП-76-116. Мамама кааларым узун өмүр, чың ден соолук. Мама, сиз оорубаңызчы, сиз оорудум десеңиз менин жан дүйнөм жанчылып барат. Мен сизди баарынан жакшы көрөм. Сырдуу кыз.
ОП-76-117. Супер смсчи Билал козу, батыраак жакшы болуп кетиңиз. Мындан ары оорубай, ден соолукта болуңуз. Нури 94.
ОП-76-118. Корул айылынын тургундарына ысык салам жолдойм. Чымкенттен Нази.
ОП-76-119. Эжем Светага жана жездем Эрмекке салам. Бактылуу болгула. Алтынай.
ОП-76-120. Сүйүктүү чоң апам Рапияга жана абам Чынышка салам. Байжигит.
ОП-76-121. Жазжарым жайлоосундагы апама, Бекенге, Бегимайга, Нурсултанга салам. Роза.
ОП-76-122. Ааламга арналган канча нерсе кооздук үчүн,/ Адамды жараткан кооздукка кошуу үчүн./ Адамга жараткан жүрөктү сүйүү үчүн,/ Ар бир адам өз бактысын табуу үчүн. ЖОЛУГАЛЫ@.
ОП-76-123. Бакай, сизди "Обондун" эң алдыңкы смсчилери катары эсептеп келгем. Ал чындык болчу. Себеби, сиз "Обондун" бир да санын куру калтырчу эмессиз. Бир ай болду, "Обонду" такыр унуттуңуз. Сарсанаа болуп жатам. Алматыдан.
ОП-76-124. Мекенимдин эрке жаштары, амансыңарбы? Баарыңарга жараткандан ийгилик тилеп, ысык салам айтам. Кыргызым, мен баарыңарды сагындым. ТАНБАТАНМА.
ОП-76-125. Салам алейкум, Жака Жазгүл, кандайсың, алтышка? Мен аман-эсен жакшы эле жүрөм. Учурда Астанадамын. Буюрса, барам. Мен да силерди сагындым. Кат жазып тургула. Астанадан Хан-Шай.
ОП-76-126. Кар, жамгыл, өткүн, нөшөр жерге төгөт,/ Жердеги өсүмдүк, чөп тал көгөрөт./ Бак-дарак, эгин, гүлгө жаан себелеп,/ Буга да биринчиден аба керек./ Албетте, абасыз эч бир жандуу болбойт,/ Абасыз Күн да жоктур, Ай да толбойт./ Айлантып жашап келем сени абага,/ Анткени, сенсиз жүрөк согуп койбойт. АйкаББС.
ОП-76-127. Жетекчибиз Марина, кесиптештерим Люда, Роза, Рахат ака, Айсулуу, Гуля, Гүлмирага салам жолдойм. Ишиңерге ийгилик каалайм. Жибек.
ОП-76-128. Катя, экзаменден жакшы өтүп ал. Иштериңе ийгилик. Алматыдан Данияр.
ОП-76-129. Менин кичинекей сиңдилерим Айдана жана Назмиге салам жолдойм. Аман болгула. Эжеңер Жылдызкан.
ОП-76-130. Кумирим Жанышов Омар Шейшенбековичке чоң салам жолдойм. Мен сени чексиз сүйөм жана "сүйөм" деп айткандан тажабайм. Үч жылдан бери сени сүйүп жашап келем. Сен менин дүйнөдөгү эң кымбат адамымсың. Кайда жүрсөң да аман бол. Фанаткаң Х.Наргиза.
ОП-76-131. "МанасFMдин" ди-джейи Айбек байкеге ысык салам. Менин да ди-джей болгум келет. Тима.
ОП-76-132. "МанасFMдин" супер ди-джейи Акматов Айбекке ысык салам. Сен суперсиң! Ишиңе ийгилик каалайм. Рая.
ОП-76-133. "Кечирип кой" деп сыздаган,/ "Красный Восток" деп ырдаган./ "Жаным ай" деп жыргаткан супер ырчы Эрлан Андашев, ырларыңыз абдан жагат. Алтышка.
ОП-76-134. Эрлан Андашев, сага ийгиликтерди каалайм. Сенин ырларыңды сүйүп угам. Мээрим.
ОП-76-135. Азамат, сенин апаң салчу жоолукту башка аял салды. "Сага арнайм" деп жүргөн денемди бөлөк адам каалаганындай уйпалады. Жүрөгүмө жат, таптакыр бөлөк адам. Сезимим сенек болуп, денем музга айланып катып калды. Бирок, көөдөнүмдөгү муштумдай жүрөк гана тыбырап, өзүнүн адамын талап кылып, жан алакетке түшүп жатты. Кызык, сен мен жөнүндө уктуң бекен? Уксаң кандай абалда калдың экен? Ыйлагандырсың, ээ?.. 07776247ХХ.
ОП-76-136. РАМУ, мен сени сүйөм. Капкара көзүңдү, бал ширин сөзүңдү, сүйөмүн сенин өзүңдү. Жаның.
ОП-76-137. Эрмек Нурбаевге салам. Ар дайым бар болуп, булбулдай болгон үнүң өчпөй жүрө бер. Элнура-92.
ОП-76-138. Мася, Байтик, бактылуу болгула. Мэрика.
ОП-76-139. Ата, апа, мен сиздерди аябай жакшы көрөм. Эркинден Элнура.
ОП-76-140. Конфеткага жооп: Убакыт бардыгына даба дейт, чыныгы сүйүү али алдыда. Соодаң кызысын, намазды калтырбай оку. Б…
ОП-76-141. Чолпон-Атанын Горький көчөсүндөгү местныйлар, ошону көрмөксүңөр. Силерди көлдүн кусуру да урат. Ыйман берсин силерге. Билал козу.
ОП-76-142. Салам Таир аке, кандайсыз? Иштериңиз жакшыбы? Дагы ырлар жарата бериң. Мага ырларыңыз абдан жакты. Нур-Айжан.
ОП-76-143. Балалыктан бирге ойноп чоңойгон сүйүктүү досум Нур-Айжанга салам жолдойм. Гули.
ОП-76-144. Обончулар, мага кеңешиңерди берип койгулачы?! Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Ошентсе да 2 жылдан бери сүйүүгө кабылдым. Ал да мени жактырат.
ОП-76-145. Өзгөндүн Көлдүк айылында жашаган атабыз Кубанычбекке, апабыз Батийнага салам жолдойм. Ата, апа, бар болуңуздар, ар дайым биздин арабызда жаркылдап жүрө бериңиздер. Жакып, Бек, Акинай, Бегимай.
ОП-76-146. Кадамжайдагы Охна мектебинин бүтүрүүчүлөрү, ЖОЖго тапшыргандарга ийгилик. Активдүү абитуриенттерден болгула. Кадамжайдан Фея.
ОП-76-147. Кара-Кулжа районунун Октябрь айылынын тургундары атам К.Кубатка, апам А.Чолпонго салам жолдойм. Ата, апа, мен сиздерди жакшы көрөм. Ар дайым маанайыңыздар ачык болуп, жүзүңүздөрдөн күлкү кетпесин. Эч качан оорубаңыздар. Сиздерди сагынып, Чымкенттен кызыңыздар Замира.
ОП-76-148. Өзгөндөгү классташтарыма салам. Быйыл колледжге тапшырып жаткан досум Жанарага кааларым экзамендерин жакшы тапшырсын. Айзирек, Айнура, Нуржамал, Ибрагим, Бекзат, Давут, Ноодайым, Жанарага да чоң салам. Динара.
ОП-76-149. Лейлектин Кулунду айылынын В.И.Ленин орто мектебинин 11-"в" классынын быйылкы бүтүрүүчүсү Толкун, мен сени сүйөм. Айкагүл.
ОП-76-150. Кыргызстандын патриот мырзасы, ырчы Эрлан Андашев, "Кечирип кой" ырыңыз жүрөгүмдү эзип салды. Сизге рахмат, талантыңыз ташкындай берсин. Гука.
ОП-76-151. Кыргыз элиме салам. Баткенден Айчүрөк93.
ОП-76-152. Айпери Калыкова, сага кааларым: ар бир ырың угармандын жүрөгүнөн орун алсын. Анара.
ОП-76-153. Сүйөм сени бир өмүр, Данияр. Сен неге алдадың? 07701617ХХ.
ОП-76-154. "Бекжан" базарында иштеген досубуз Айгеримдин жана Мээримдин туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Келечекте бактылуу кыздардан болгула. Самалдан досторуңар Гүлбурак, Дамира.
ОП-76-155. Адам баласы АДАМ деген атка татыктуу болуш үчүн эки нерсени унутпоосу зарыл: адам баласына жакшылык кылууну жана өлүмдү унутпаш керек. Маска Зора.
ОП-76-156. Цыган кыз салган төлгө салчы мага,/ Ыраазымын мени сен алдасаң да./ Жебе сымал кирпигиңди тиктеп жатып,/ Кайгыңды мен унутуп койсом кана. Таир.
ОП-76-157. Сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго жалындуу ысык салам. Мирбектин күйөрмандары, кайда жүрөсүңөр? Ырчыбызды колдойлу, достор. Маска Зора.
ОП-76-158. Кадырын салып баргыдай,/ Кассадан акча алгыдай./ Бул өмүр бизге акча эмес,/ Колуңду коюп алгыдай./ Өмүр болбойт ченеми,/ Өткөн жаш кайра келеби,/
ОП-76-159. Бишкек шаарында жашап жаткан эжелерим Айпери, Айгерим, жезделерим Мирлан, Арген, жээндерим Азима, Айдин, ошондой эле байкем Русланга салам жолдойм. 07773682ХХ.
ОП-76-160. Алга "Обон", алга карап оболо,/ Талыкпаган эмгек кылдың чоң жолдо./ Эмгегиңдин үзүрүн көрүп ар убак,/ коштоп жүрсүн жалаң гана жакшылык. Саламым жана урматым менен Нур-Айжан.
ОП-76-161. Класс жетекчибиз Солтоева Жылдыз Мелисовнаны келе жаткан туулаган күнү менен куттуктайбыз. Эже, сизге кааларыбыз бул дүйнөдөгү бардык жакшылыктар. Окуучуларыңыз.
ОП-76-162. Саламатсызбы, Нурмухаммед аке. Кандайсыз, жакшы жүрөсүзбү? Эмне дайыныңыз жок? Эгер окуп калсаңыз, мени менен байланышыңыз. Айзирек.
ОП-76-163. М уся, Байтик менен бактылуу бол. 07778245ХХ.
ОП-76-164. Менин сүйүктүү ырчыларым Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков, Омар, сиздерге ийгилик каалайм. Булбулдай үнүңөр өчпөсүн. Жумгалдан Мэрика.
ОП-76-165. Ырчы Эрлан Андашевге чыгармачылык ийгилик каалайм. Айдеми.
ОП-76-166. Сагынычтан күтүп сенден тажадым,/ Унутам деп өзүмдү-өзүм кыйнадым./ Бир өмүрдө бир келген махабатка,/ Жете албаска көзүм жетип сыздадым. Айя, мен сени дагы деле сүйөм. "S".
ОП-76-167. Алтындай болгон карындаштарым Акылай менен Алтынайга салам жолдойм. 0773937ХХ.
ОП-76-168. Досубуз Сүйүндү, аяшыбыз Лунараны 22-июлда боло турган үйлөнүү-үлпөт тою менен куттуктайбыз. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн. Бишкектен досторуңар.
ОП-76-169. Алматыдагы "Болашак" базарынын 10-катарында отурган Зарина, мен сени сүйөм. Сага канткенде жетем? Ойлосом оюмдан кетпейсиң. Сени көргөндө ушунчалык сүрдөйм, эмнеге мынча сүрдүүсүң? Ушул күнгө чейин бир да кыздын артынан ээрчиген жок элем, эми минтип сенин артыңан калбай жүрөм. Анткени, мен сени сүйөм. Сени көрбөсөм бир да күн тура албайм. Мени түшүн. Э…к.
ОП-76-170. Жел болуп саамайынан өпкүм келет,/ Жамгыр болуп нөшөрлөп төккүм келет./ Кайгысы жок махабаттын деңизинде,/ Сени менен бир кайыкта сүзгүм келет. Аська.
ОП-76-171. Мирбек Атабеков, "Балама" деген ырыңызды жүрөккө тийгизип ырдайсыз. Өркүнүңүз өссүн. Күйөрманың.
ОП-76-172. Урматтуу "Обондун" смсчилери, акыркы убакта негедир сөз көркөмүн жоготуп бара жаткандайбыз. Келиңиздер, биргеликте оюбуздагы аруу, адал сөздөрүбүздү уккулуктуу, ары көркөмдөп жазганга аракет кылып, жалпыга жакшы маанай тартуулайлы. Бактыгүл92.
ОП-76-173. Урматтуу кыргыз элим, шайлоого аз эле күн убакыт калды. Өзүбүзгө татыктууну шайлап алсак. Мен Нурлан Мотуевди көрсөтөт элем. Совет.
ОП-76-174. Урматтуу "Обондун" ойчулдары, силерден сүйүү жөнүндө сурайын дегем. Мен Салтанат аттуу кызды жактырып жүрөм, бирок, ал макул болбой жатат. Эмне кылып сүйүүмдү далилдешим керек? Сопе.
ОП-76-175. Ош шаарында Раззаков-4тө жашаган Бегимай, мени менен байланыш. 0777356099.
ОП-76-176. Айдин Шер супер! Бар бол. Ммм-мах! Бейби.
ОП-76-177. " Обон" супер гезит! Алга, алга "Обонум"! Шайыр.
ОП-76-178. Айзирек, сиздей ыймандуу кыздар көбөйө берсин. Телефонуңду кантип табам. 07724036ХХ.
ОП-76-179. Ыймандуу кыздар менен таанышкым келет. Эрик.
ОП-76-180. Бактыгүл92, сиз менен сүйлөшсөм дедим эле. Номериңизди таба албай жүрөм. 07724036ХХ.
ОП-76-181. Ноокат районунун Жаңы-Базар айылындагы апам Урматка салам жолдойм.
ОП-76-182. Арга жок чын берилип сени сүйдүм,/ Сүйүүнүн жалынына сен деп күйдүм./ Жүрөгүмдүн ар согушу сени менен,/ Эх, сүйгөнүм, сен байкабай кайда жүрдүң? Кадамжайлык Азамат, жогорудагы ыр саптары сага арналат. Кадамжайдан бир кыз.
ОП-76-183. Ырыскан эжемди базарком болушу менен куттуктайм. 07739373ХХ.
ОП-76-184 . Апам Анарканга, атам Меңдибайга салам. Кызыңар.
ОП-76-185. Ангел Асем, мен сени түбөлүккө сүйөм. 07778383ХХ.
ОП-76-186. Мирбек Иманбековго, Анжеликага салам. Чыгармачылыгыңыздар өркүндөй берсин. 07702654ХХ.
ОП-76-187. Курбум Ботоканова Мунараны аябай сагындым. Элнура92.
ОП-76-188. Мыся+Байтуха, Мэрика+Рамулю, бактылуу болгула, бал шириндер! Сүйүүңөр түбөлүктүү болсун. Зайка.
ОП-76-189. Алтын досум Эльвира, окууга өтүп кетишиңди Кудайдан тилейм. Принцесса Нури.
ОП-76-190. Куйручук айылына ысык салам. Муратжан уулу Эрлан, сен Мирбек Иманбековдун копиясы экенсиң го, чиркин. Жаным, мен сени чексиз сүйөм. Нена95.
ОП-76-191. Азамат, мен сени дагы эле унута албай, сагынып куса болуп жатам. Мен сени түбөлүккө сүйүп жашап келем. Кадамжайдан Фея.
ОП-76-192. Фон клуб командасына салют. Достор, бар болгула. Бейби.
ОП-76-193. Айдин Шер менин эң эле сүйүктүү ырчым. Айдинге супер салам. Шайыр.
ОП-76-194. Нур-Айжан, жайкы каникулду жакшы өткөр. Сени аябай сагындым. Нурик90.
ОП-76-195. Казак кызы Амангүл, "Обонду" калтырбай окуп жүргөнүңө ыраазычылык. Мени менен байланышпайсыңбы?! Билал козу.
ОП-76-196. ОП-73-022 номериндеги окурман, сага эмне смс жазыптырмын? Эсимде жок. Менин намазыма асылба. Өзүм үчүн окуйм. Менден кетсе кечир. Билал козу.
ОП-76-197. Айгерим, биздин кыргыз элинде ушундай жакшы ырдаган, бийлеген таланттуу кыз бар экенине чын жүрөктөн сыймыктанам. Ала-Тоодой бийиктикке жет, ачык асмандын астында жүрө бер. Сени урматтоо менен Улан Имешов.
ОП-76-198. Мыся, Мика, Эля, Айя, Мекага чоң салам. Бар болгула, Эпкиндин сулуулары. Мэрика.
ОП-76-199. Азамат, сени канчалык жаман көрөйүн дейм, бирок, колумдан келбейт. Неге экенин билбейм. Кадамжайлык Фея.
ОП-76-200. Ажыраткан тагдырга наалат айткандырсың. Анан соолугуп, мени унутканга бел байлагандырсың. А менчи? Мен унута алар бекенмин? Байкушум ай, эмне кылайын? Экөөбүздүн ыйык тилегибиз, бийик максаттарыбыз алардын таман алдында тебеленип калбадыбы. Жоготуп алдым сени... Кадамжайдан Фея.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
13 ЖАШТАГЫ ЖАШТАГЫ КАРИНА КАРИНА КӨЗ ЖАРУУ КӨЗ ЖАРУУАЛДЫНДА АЛДЫНДА ТУРАТ
2-бет
Айгерим РАСУЛ кызы:
"Президенттин келини болууга татыктуу экенмин"

3-бет
Эртең менен саат канчада турасыз?
4-бет
13 жашар Карина көз жаруу алдында турат
5-бет
Атамбаевдин жарнактары айрылууда
6-бет
Баш ооруну алдын алуунун жолдору
7-бет
Айнура Салахидинова Арзуу ыры
8-бет
Назик:
"Достугубуз сүйүүгө айланды"
Назик менен Аскат үйлөнөбү?

9-бет
Саламат Садыкова:
"Дүйнө жүзүнө өзүмдүн атымды тургузуп койдум"

10-бет
Кийим тандоонун жолдору
11-бет
Балаңыздын баасы канча?
12-бет
Азыркы учурдун чым-чым чындыгы
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Тамшандырган "Таш кордону" даярдаган Раимбек Жусупбеков:
"Көпчүлүк менин колумдан жасалган таш кордону жеп жүрүшөт"











??.??