п»ї

  Кумир менен баарлашуу

Айгерим РАСУЛ кызы:
"Президенттин келини болууга татыктуу экенмин"
Көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, атасы Расул Маматкуловдун жанында бийлеп чыккан кичинекей Айгерим бүгүн минтип күйөрмандары менен жолугуп олтурат. Белгилей кетсек, "Айгерим Расул кызы "Кумир менен баарлашуу" рубрикасына келет" деген билдирүүнү окуп алып, атайын Казакстандын Чымкент шаарынан келген күйөрмандар да болду.

Жусупбек:
- Айгерим, мен атайын Казакстандын Чымкент шаарынан келдим. Алгач учурда болуп жаткан жаңылыктарың тууралуу айтып өтсөң?
- Атайын мени менен жолугушам деп келгениңизге чоң рахмат. Учурда чыгармачылык менен алектенип, жаңы сегиз ыр жаздырып жатам. Күздө "Мага 18 жаш" аттуу жеке концертимди беребиз. Ата-энем жаштыгыма карабай "Жылдыздар өргөөсү" деген жайкы кафе ачып берген. Буга чейин уксаңыздар керек, менин киного тартыла турганымды. Кинонун режиссёру Болот Шамшиевдин тандоосу менен кастингден өттүм, кудай буюрса, киного да тартылып калам.
- Канча бир тууган болосуң?
- Биз төрт бир тууганбыз. Улуу эжем Жанна 20 жашта. Кесиби боюнча стюардесса. Таптакыр чыгармачылыкка кызыкпайт. Андан кийин мен, анан Руслан, Аяна аттуу бөбөктөрүм бар. Руслан чачынан баштап, кыял-жоругуна чейин атама окшош. Аяна апама окшош бирок, аябай атама жакын.

Замира:
- Сени багып алышкан деп да айтып жүрүшөт го?
- Жакында эле Казакстандан бир бай киши келип, "сен менин кызым болосуң. Кызым кичинекей кезинде жоголуп кетип Кыргызстанга алып келишкен деп уккам. Мен сенин сүрөттөрүңдү көрүп кызыма аябай окшоштурдум" деп жатпайбы. Мен чоңойгон сайын куда түшкөндөр кандай көбөйсө, менин кызымсың дегендер да көбөйүүдө. Анын баары ушак. Өзүмдүн атам Расул Маматкуловдун эле кызымын.
- Президент Курманбек Бакиевдин келини болот экен деп гезит беттеринен окуп калдык эле. Бакиевдердин үй-бүлөсү менен кандай байланышың бар?
- Албетте, бул жалган. Мен азыр 17 гана жаштамын. Мындай сөздөрдү уга берип чарчадым. Кайда барбайын ушул эле сөз, азыр көнүп да калдым. Бул сөз көрө албагандардан чыккан ушак деп ойлойм. Күйөрмандарым мен жөнүндө туура эмес ойлоп калышпасын. Мен акчага кызыкпайм, кичинемден эле акчадан кем болгон эмесмин. Эл айткан адамдарга эмес, өзүм жактырган жигитке турмушка чыгам. Убагы келгенде койчунун баласыбы, президенттин баласыбы маңдайга жазылганын көрөм. Президенттин келини болот деп мени көрсөтүп жатышса, демек, мен ошого татыктуу кыз экенмин да. Чыныгы күйөрмандарым ушакка эмес, мага ишенишет болушу керек.
- Кайсы мектепти бүтүрдүң жана кайсы кесиптин ээси болоюн деп жатасың?
- Жеке мектепти аяктадым. "Жылдыздар өргөөсү" деген аталышта гезит ачалы деп жатканбыз. Буюрса, журналистика факультетине тапшырып, белгилүү алып баруучу болуу менин максатым. Андан сырткары тигүүчүлүккө да кызыгам. Мода үйүн ачуу кыялымда бар.


Анара:
- Атаң менен апаң урушуп кеткенде кимисине болушасың?
- Экөө аябай катуу айтышып урушушпайт деле. Таарынышып кетишкенде мени ортого салышат. Экөөнүн ортосунда элчи болом. Апам "Бар атаңа минтип айтып кой" десе, атам "Бар, апаңа тигинтип айтып кой" дешип орто жерден мени кыйнашат. Кимисине болушаарымды да билбейм. Анткени, кайра эле тез жазылышып кетишет.
- Алгачкы сүйүүгө кабылдың беле?
- Жок. Мага сүйүү келе элек. Бирок, чоңойгон сайын сүйүү жөнүндө ойлобоюн десем да жигиттер ойлондуруп жатышат. Сүйүү темасында ырдаганым менен жүрөгүм сүйүп көрө элек.
- Кандай мырзага турмушка чыккың келет?
- Азыр турмушка чыгуу тууралуу ойлоно элекмин. Ошентсе да мырзалардагы баалаган сапаттарды айтсам, жөнөкөй, туруктуу анан эң негизгиси жасалма эмес чыныгы жүзүн көрсөткөн эрктүү жигиттер жагат. Адам менен сүйлөшкөндү билген жан дүйнөсү бай, жоомарт болсо менин купулума толот десем болот.
- Чачыңды канча жылдан бери өстүрөсүң жана кандай кам көрөсүң?
- Кичинемден бери эле өстүрөм. Чачымды көргөндөр кошулма чачпы, өзүңдүкү эмеспи деп сурап калышат. Бул өзүмдүн эле чачым. Узундугун атайын ченеген эмесмин, жамбашыма жетет. Өзгөчө деле кам көрбөйм. Бир жумада эки жолу жууп, фен колдонбостон канча саат болсо дагы кургаганча күтүп турам. Бир жолу кызыл түскө боёгом, андан бери боёп көрө элекмин, өзү эле кара.
- Апаңдын аты Катя экен. Улуту оруспу?
- (Күлүп) Апамдын өз аты Кыздаркан. Апам жетинчи кыз болуп төрөлгөндүктөн, мындан кийин жаңылсын деп таятам Жаңыл койсо, таенем Кыздаркан деп коюптур. Апамдын эки аты бар десем болот. Кийин эле Катя деп аталып калган. Баары эле апамдын атын укканда оруспу деп сурашат. Апам Өзгөндүн Жалпакташ айылынан болот. Кыргыздын эле кызы.


Алтынай:
- Чыгармачыл чөйрөдө Сайкал Садыбакасова менен доссуңбу?
- Ооба, Сайкал менен эки жылдан бери досмун. Ал Бишкекке келгенде мен аны коноктоп, шаар ичин кыдырабыз. Мен Ошко барганда ал мени конок кылып, Сулайман тоого чыгарып болгон жерди көрсөтөт. "Экөөңөр кошулганда эле жоголуп кетесиңер" деп апаларыбыз күлүп калышат. Экөөбүздүн жаштарыбыз тең болгондуктан, бири-бирибиздин боёнгонубузду, ырдаганыбызды сындайбыз, тажабай сүйлөшкөн темабыз - шоу-бизнес.
- Шоу-бизнесте атаандашың барбы?
- Менин жаш курагым боюнча атаандаш көрө тургандар жок. Өзүмө таандык башкача стилим, өзүм ойлоп тапкан бий кыймылдарым бар. Сахнага өзгөчө кийинип чыкканга аракет кылам. Азыркы жаш ырчы кыздардын кийген кийимдери, ырдаган ырлары бири-бириникине окшош. Ырчы өзүнүн стили, кийими менен айырмаланып туруш керек деп ойлойм.
- Көп ырчылардын концерттерине катышпайсың. Алар менен мамилеңер келишпейби?
- Концерттердин баарына катыша бергенге атам макул эмес. Аны өзүм да каалабайм. Ырларымды улам-улам радиого да бергим келбейт. Күйөрмандарымды сагынтып, аларга сырдуу болгонду жактырам. Ал эми ырчылардын баары менен сый мамиледемин. Кээ бир ырчылар мени атаандаш сезишсе керек, бирок, мен бардыгына бирдей мамиле жасайм.
- Көзү ачыктарга ишенесиңби?
- Көзү ачыктардын баарына ишене бербейм. Кыргызчылыкка жана ырым-жырымдарга ишенем. Сахнага чыгаарда бата кылып, колум менен жерди кармап өөп коём.
- Үй жумуштарын өзүң жасайсыңбы же үй кызматкериңер барбы?
- Мурда үйдү мен жыйнап, кирди да жуучумун. Азыр үй жумуштарынан башка кыла турган өзүмө тиешелүү иштерим көп. Үйдөгү оокаттардын баарын үй кызматкери жасайт. Кээде үй жыйнаганды сагынганда өзүмдүн бөлмөмдү жууп-тазалап, эч кимди киргизбей бекитип коём.
- Чектен чыккан күйөрмандарга кандай мамиле кыласың?
- Күйөрмандар үйгө ар кандай белектерин көтөрүп келишет. Өткөндө бирөө бир коробка балмуздак алып келиптир. Ичин ачсак, "Айгерим, балмуздактай таттуусуң" деген жазуу бар экен. Биз жашаган подьездге сүрөттөрүмдү чаптап, телефон номерлери жазылган каттарды машинама кыстарып кетишет. Күйөрмандарымдын каттары, колдоо көрсөткөндөрү мага дем-күч берет.

Айнура Касымова
Сүрөттөр Бакыттыкы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
13 ЖАШТАГЫ ЖАШТАГЫ КАРИНА КАРИНА КӨЗ ЖАРУУ КӨЗ ЖАРУУАЛДЫНДА АЛДЫНДА ТУРАТ
2-бет
Айгерим РАСУЛ кызы:
"Президенттин келини болууга татыктуу экенмин"

3-бет
Эртең менен саат канчада турасыз?
4-бет
13 жашар Карина көз жаруу алдында турат
5-бет
Атамбаевдин жарнактары айрылууда
6-бет
Баш ооруну алдын алуунун жолдору
7-бет
Айнура Салахидинова Арзуу ыры
8-бет
Назик:
"Достугубуз сүйүүгө айланды"
Назик менен Аскат үйлөнөбү?

9-бет
Саламат Садыкова:
"Дүйнө жүзүнө өзүмдүн атымды тургузуп койдум"

10-бет
Кийим тандоонун жолдору
11-бет
Балаңыздын баасы канча?
12-бет
Азыркы учурдун чым-чым чындыгы
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Тамшандырган "Таш кордону" даярдаган Раимбек Жусупбеков:
"Көпчүлүк менин колумдан жасалган таш кордону жеп жүрүшөт"











??.??