п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон-собол

Эртең менен саат канчада турасыз?
Туура, ар бир адам бу дүйнөдөгү жашоосунун тең бөлүгүн уйку менен өткөрөөрү анык. Ошондуктан, уйку жандан да таттуу деген сөз бекер айтылбаган чыгаар. Мына ушул сөздүн төркүнүн аныктап, уйкуну сүйгөн чыгармачыл чөйрөнүн адамдарына бир собол менен кайрылдык.

Сыймык Бейшекеев:
- Ар убак таң эрте 6:30да турам. Эгер бул учурдан кеч туруп калган болсом, башым ооруп, өзүмчө кыжаалаттана бермей жайым бар. Ошондуктан, өзүмдүн көнгөн убактымда турууга аракет кылам. Кээ бир учурларда эртең менен эргүү келип калат. Ал мезгилди дагы туура пайдаланып калуу керек эмеспи.


Гүлнур Сатылганова:
- Зарыл жумуштарым чыгып калган күндөрү саат 7 де турам. Ошондо дагы кыйналып-кысталып жатып араң ойгоном. Же болбосо, 9-10до турганды адатка айлантып алгам. Бул учурда уйкум канып, өзүмдү алда канча жеңил сезип калган болом. Ойлоп көрсөм, өзүмдү уйкучулардын катарына кошот окшойм. Бирок, эң негизгиси өзүмө талапты коё билем. Ошон үчүн алдыда аткарыла турган жумуштарым өз убагы менен бүтүп, уйкум чыгармачылыгыма терс таасирин тийгизбейт.


Султан саДЫРАЛИЕВ:
- Мен мурун аябай кеч уктап, кеч турчумун. Өзүмдүн оюма койсо, бир күн бою да уктай берсем дечү элем. Ошол кездерде такай Динара эже телефон чалып ойготчу. Телефонумду албай коём үйгө чейин келип ойготуп кеткен учурлары болгон. Азыр чоңойдумбу, же чыгармачылыгыма чоң жоопкерчилик менен мамиле кылгандыктанбы, продюсеримди убара кылбай өзүм эле турганга үйрөндүм. Мен дайым бир маалда турбайм. Абалга жараша таңкы саат 5те туруш керек болсо 5те, жумушум жок болсо ошого жараша тура берем.


Неля:
- Мен бойдок кезимде уйкунун планын жакшы эле толтургам. 11-12лерге чейин уктачумун. Турмушка чыгып, келин болгондон кийин кайненемден, үйдөгүлөрдөн биринчи турайын деп 7де турганга үйрөндүм. Азыр болсо курсагым чоңоюп, төрөт убагым жакындаган сайын бир аз ыңгайсыздык жаралып, уйкум өзүнөн-өзү качып калды. Кечинде канчалык кеч жатсам да, таң атары менен уйкум умачтай ачылат. Күндүзү болсо такыр уктай албайм.


Санжар Бердибеков:
- Жумушум жок күндөрү түшкү 1-2ге чейин уктайм. Кээ бирөөлөр бир тургандан кийин уктай алышпайт го. А мен болсо дем алып эле кайра уктай берем. Ушу уйкунун айынан көп эле жумуштарымдан артка тартылып, "атаң көрүү" деп бармагымды тиштеп кала берем. Ачыгын айтыш керек, кээ бир учурларда газета, радиолор чакырганда уйкунун кесепетинен эле бара албай калам. Чындап эртең эрте турам дейм, бирок баягы эле көрүнүш.


Динара Акулова:
- Таңкы саат 5те турам. Манты, оромо сыяктуу тамактарым Малика ойгонгончо даяр болуп калат. Ага чейин кир дагы жууп бүткөнгө жетишем. Мактаныч эмес, мен үч-төрт гана саат уктайм. Күндүзү кечке чыгармачылык иштерим менен жүрүп түнкү 12 лерде үйүмө келем. Анан үйгө келгенимде биринчи Маликанын күчүгү алдымдан тосуп чыгат. Анын жылтылдаган көздөрүн кыя албай кеч келсем да ага тамак жасап берем. Үй жыйнап жаным тынбай жатып, түн бир оокумда башымды жаздыкка коём. Кээ бирлери менин үй жумушчум бар деп ойлошот экен. Жок, алты саным аман турган кезде кимге оокатымды жасатмак элем, туурабы? Анын үстүнө өзүм дагы бирөөнүн жасаган оокатына такыр алымсынбайм.


Ырыскелди Осмонкулов:
- Кеч эле турам. Убактысын айтпай эле коёюн. Албетте, зарыл жумуштарым чыккан күндөрү эрте турууга туура келип калат. Бирок, мен жанымды үрөп, өзүмдү жөнү жок кыйнагандан алысмын. Убагы келгенде бир жылда бүтө турган жумушумду эки-үч айда бүтүрүп коюу колумдан келет. Ар бир иштин өзүнүн убакыт-сааты бар экенине ишенем. Кыскасы, уйкум жумуштарыма кедергисин тийгизбейт.


Ома:
- Мен негизи алты гана саат уктайм. Кеч жатамбы, эрте жатамбы көнгөн режим менен ойгоном. Чындыгында менде уктап жата бергенге убактым деле болбойт, дайыма эмгектенүүнүн үстүндөмүн. Ленин 3 саат гана уктап Ленин аталган. Тарыхка кандай гана майтарылгыс из калтырды. Анын сыңарындай, мен дагы азыраак уктап, көбүрөөк эмгектенип артыма из калтырсам деген тилектемин.


Ильяз Андаш:
- Ай-ий, аябай уйкучумун да. Менин эрте ойгонгонум түшкү саат 11-12 го дейм. Көнгөн адатымдан бир аз эле эрте ойгонуп калган болсом, кечке дейре бир нерсе жетишпегендей кыйналам. Бирөө менен урушкум келип өзүмчө кыжаалаттана берем. Балким, анын себеби түнкү саат 2-3төрдө уктаганым болсо керек. Кээде таңды аппак атырып жаткан учурларым кездешет. Ошентип кеч туруп жүрүп күндүзү болгон жаңылыктардан артта калып жатпаймынбы.


Мирбек Иманбеков:
- Оо, сахналаштарымдан ичинен уйку боюнча биринчиликти мен бербесем керек. Бул жаатынан мага медаль да такса жарашат го. Эрте турганым чынын айтсам, түшкү саат 12-13 болуш керек. Эмнегедир канча уктасам деле такыр уйкум канбайт. Бир аз бош боло калсам эле көмкөрөмөн түшүп уктаганга шашам. Айрыкча концерт берип жаткан учурларда уйкудан ушунчалык кыйналам. Анан да гастролдон чарчап-чаалыккан күндөрү суткалап уктап Асыл эжени бушайманга салам. Биринчи эле ушул кемчилигимди моюнума алам. Кантип эрте турганга көнөм, билбейм.

Рахбар алымкулова









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
13 ЖАШТАГЫ ЖАШТАГЫ КАРИНА КАРИНА КӨЗ ЖАРУУ КӨЗ ЖАРУУАЛДЫНДА АЛДЫНДА ТУРАТ
2-бет
Айгерим РАСУЛ кызы:
"Президенттин келини болууга татыктуу экенмин"

3-бет
Эртең менен саат канчада турасыз?
4-бет
13 жашар Карина көз жаруу алдында турат
5-бет
Атамбаевдин жарнактары айрылууда
6-бет
Баш ооруну алдын алуунун жолдору
7-бет
Айнура Салахидинова Арзуу ыры
8-бет
Назик:
"Достугубуз сүйүүгө айланды"
Назик менен Аскат үйлөнөбү?

9-бет
Саламат Садыкова:
"Дүйнө жүзүнө өзүмдүн атымды тургузуп койдум"

10-бет
Кийим тандоонун жолдору
11-бет
Балаңыздын баасы канча?
12-бет
Азыркы учурдун чым-чым чындыгы
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Тамшандырган "Таш кордону" даярдаган Раимбек Жусупбеков:
"Көпчүлүк менин колумдан жасалган таш кордону жеп жүрүшөт"











??.??