п»ї

  Шайлоо - 2009

Атамбаевдин жарнактары айрылууда
БЭКтен президенттикке сунушталган Алмазбек Атамбаев менен "Ак жол" партиясынан көрсөтүлгөн Курманбек Бакиевдин тараптарынын тирешүүсү күчөгөндөн күчөп бара жатат. БЭКтин Ысык-Көл облусундагы штабынын маалыматына караганда, оппозициянын бирдиктүү талапкери А. Атамбаевдин үгүт көрнөктөрү жок кылынууда. "Бириксек колдон келет" деген чакырыкты айрып келген мектеп окуучуларына 5 сомдон акы төлөнүп жатат. Мындай ишти кварталдык комитеттер менен айыл башчылары жана акжолчулар тымызын жүргүзгөнү айтылууда. Бирок, бийлик менен шайлоо коммисиялары бул дооматтарды четке какты. БЭКтин облустагы штаб башчысы М. Асаналиев бул ишти иликтеп, балдардын баёолугун пайдалангандар ким экенин тактап, алар кварталдык комитет жана айыл башчылары экенин аныктап чыкты.

Талапкерлердин агитациялык иштери аяктоодо
Презденттикке талапкерлигин койгондор өздөрүнүн агитациялык иштерин аякташууда. Нурлан Мотуев агитациялык ишин аяктап жатып, акырында Чүй облусунун эли менен жолугушса, Токтайым Үмөталиева менен Жеңишбек Назаралиев Кыргызстандын ар бир булуң-бурчун кыдырып чыкканга үлгүрүштү. Алмазбек Атамбаев акыркы сапарын Чүй облусунун жана шаардын тургундары менен жолугушуп жыйынтыктайт. Анын айтымында, анын агитациялык иштери чоң гала-концерт менен аяктайт. Ал эми Курманбек Бакиев өз ишин Талас облусунан аяктады, ал тургай кээ бир аймактарга экиден жолу барганга да үлгүрүптүр. 22-июлда эртең мененки саат сегизден баштап талапкерлердин баарына агитация иштерин жасоого тыюу салынат.

Кыргызстанда 2 миллион 872 миң 181 бюллетень даярдалды
Мамлекеттик шайлоо жана референдумдар коммисиясынын төрагасы Дамир Лисовский билдирди. Анын айтымына караганда, 2 миллион 179 миң бюллетень кыргыз тилинде, 641 бюллетень орус тилинде даярдалган. 17 миңге жакын киши мөөнөтүнөн мурда добуш беришиптир. Алардын көбү башка мамлекетке чыккандар, аскер кызматындагылар.
Андан тышкары шайлоодо байкоочу катары 48 мамлекеттен 516 байкоочу катышат. Ар кайсы өлкөдөн 85 ММКлардын өкүлдөрү катышып, шайлоо кандай өтүп жатканын чагылдырып турушат.
Бишкекте 221 шайлоо бөлүмү катталды
Шайлоодо шаар тургундары добуш берүү үчүн борбордо 221 шайлоо бөлүмү катталганын Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев билдирди. Шаар башчынын айтымында, шаардын ичинде эле 338 миң шайлоочу катталса, анын 8 миң 215и мөөнөттөн мурда эле добуш бергенге үлгүрүшүптүр.

Египетте жашаган кыргызстандыктар шайлоого катыша алышат
2009-жылы 23-июлда боло турган президенттик шайлоого Египетте жашаган мекендештерибиз да катышууга мүмкүнчүлүк алды. Тышкы иштер министрлиги Каирге бюллетень сала турган урна жеткирди. Египетте канча кыргыз болсо алардын аты-жөнү такталып, тизмеси түзүлдү. Алардын көпчүлүгү чет мамлекетте билим алып жүргөн студенттер.

  Маданият

"Ата-Түрк" сейил багынын ачылыш аземи
Ахунбаев көчөсүнөн орун алган "Ата-Түрк" сейил багынын азылыш аземи 21 июлда болот. Сейил багында 58 фонтан бар. Ал эми анын айланасындагы фонтандын диаметри 10 метрди түзөт. Сейил бактын айланасы отургучтар, жарыктар жана ар түрдүү аркалар менен курчалган. "Ата-Түрк" сейил багын кайрадан оңдоп-түзөш үчүн 15 миллион сом сарпталган.
Бишкекте сүйүшкөндөр үчүн сейил багы ачылды
Шаар тургундары үчүн дагы бир жакшы жаңылык - борбордо "Сүйүү сейил багы" ачылды. Сейил бак Аэропорт көлүнүн жанында жайгашкан. Бул сейил бакка сүйүшкөндөр үйлөнүү тоюн өткөргөнгө ылайыкташтырылган. Үй-бүлөнүн, сүйүүнүн, жаштыктын символу болгон сейил бактын ортосуна фонтан орнотулду. Эми сүйүшкөн түгөйлөр сейил бакта каалагандай эс алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Белгилей кетсек, мындай сейил бак Кыргызстанда биринчи жолу ачылды.

  Ден соолук

Кардиология борборуна 250 миң йен бөлүнүп берилди
Кыргызстандагы Япониянын элчилиги өлкөбүзүдүн Кардиология жана терапия борборуна 250 миң иен (2574 доллар) бөлүп берди. Бул каражат оорулууларды срептокок инфекциясына каршы дарылоого жумшалат. Инфекциянын Кыргызстандан түп орду менен жоголушуна япониялыктар чоң салымын кошоорун баса белгилешти.

Аксы райондук бейтапканасы медициналык жабдык менен камсыздалды
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун бейтапканасына лапараскоп деген кымбат медициналык аппарат алынып келинди. Анын баасы 2 миллион 900 миң сомду түзөт. Бул жабдыкты Жогорку Кеңештин депутаты Абдураим Кулбаев которгон. Буга чейин аталган аппарат облус боюнча бирөө эле болчу, эми жаңы аппараттын жардамы менен эң биринчи операция жасалды.

  Крим

Уурусу күч болсо ээси доого жыгылабы?
Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында Жалал-Абад облусундагы террористтерге каршы уюшулган операцияда 1965-жылы туулган Абдусамат жана 1967-жылкы иниси Абдукарижан Сатывалдиевдер курман болгон. Экөөнүн аялдары камакка алынып, ага-ининин тогуз балдары кароосуз калган. 72 жаштагы Сатывалдиевдердин атасы Абдулхамиддин айтымында, уулдарынын сөөктөрү аларга берилбептир. Ал эми Кыргызстандын генпрокурорунун түштүк аймагындагы орун басары Рыскул Бактыбаевдин айтымында, алардын сөөгү эчак жерге берилген. 18-июль күнү белгисиз адамдар тарабынан 72 жаштагы Абдулхамид Сатывалдиевдин үйүнө кирип аны алып кеткенге аракет жасашкан. Неберелери ошол учурда үйүндө болуп кылмышкерлерге тоскоол болушкан. Бул маселе боюнча акыйкатчы Турсунбай Акунга кайрылып, уулдарынын сөөгүн берүүсүн, деги эле ушул маселеге чара көрүүсүн суранууда.

Кеминде өрттүн кесепетинен 5 адам оор жаракат алды
Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылында үй өрттөнүп, беш адам оор жаракат алды. Анын ичинен бирөө төрт жаштагы бала. Алар дароо эле райондук бейтапканага жеткирилип, доктурлар тарабынан керектүү жардам көрсөтүлгөн. Өрттүн эмне себептен келип чыкканы такталууда. Жабыр тарткандар от менен этияттап урунбай, олдоксон пайдалангандыктан, келип чыкты деген да божомолдор чыккан.

Аял кишини тепкилеп өлтүргөн эргул
19-июль күнү Алтын-Казык жаңы конушунда 1969-жылы туулган В. Жумабаеванын сөөгү табылган. Биринчи Май райондук ИИМ кызматкерлери тарабынан 1957-жылы туулган Б.Ж. кармалган. Кылмышкер күнөөсүн мойнуна алып, уруш эмнеден чыкканын айтып берген. Экөө болоор-болбос нерсени талашып уруша кетип, аялды аёосуз тепкилеп салып кете берген. Жабырлануучу ошол эле жерден көз жумуптур.

Түрмөнүн төрүн талашкандар
Панфилов районунда жайгашкан №14 балдардын түрмөсүндө 17, 18 жаштагы өспүрүмдөр арасында түрмөдөгү лидерликти талаш жаралган. Жыйынтыгында, талашка катышкан 8 баланын ичинен төртөө денесинен оор жаракат алышып, райондук бейтапканага жеткирилсе, лидерликти талашкан 1992-жылкы Самат Заитов бейтапканадан көз жумган. Колониянын башчысы Нурбек Өтүнчиев кызматынан четтетилип, жакын арада аны жумушунан биротоло бошотууну карашууда.

Алмазбек Ташиевди сабаган милиция кызматкери жумушунан бошотулду
Ички иштер министрлигинин чыгарган буйругу менен эркин журналист Алмазбек Ташиевди сабаган милиция кызматкерлери Жалил Атамбаев менен кичи лейтенант Шүкүр Нурматов кызматтарынан бошотулду. Ш. Нурматов реанимацияда жаткан А. Ташиевдин туугандарына 12 миң сом берип, күнөөсүн мойнуна алган болчу. А. Ташиев менен Ш. Нурматовдун айтышы күчөп отуруп, милиция кызматкери биринчилерден болуп журналистке кол көтөргөн.

  Коом

Москвадагы жумуш ордунан айрылгандарга арга табылды
Москванын Черкизов базарында соода кылган кыргызстандыктар жумуш ордунан айрылгандан кийин "Эмерал" жаңы соода борборунан 3 миң жумуш орду сунушталды. Россиядагы Кыргызстандын элчилиги билдиргенине караганда, россиялыктар кыргыздарга андан да дурусураак шарт түзүп, иштегенге мүмкүнчүлүк берет. "Эмерал" соода борбору Москванын түштүгүндө жайгашып, аянты 30 гектардан ашат.

8 миң окуучу билим алуудан кур калышууда
Жогорку Кеңештин депутаты Гулжамал Султаналиеванын билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күндө 8 миң өспүрүм мектептен билим алышпайт. Жетимчилик, жокчулуктун айынан кылмышкерлердин тобун толуктаган өспүрүмдөр өлкөдө күн санап өсүүдө. "Биздин келечегибиз болгон балдардын жашоосу эмне болуп бара жатат. Жарытылуу билим албаса, алардын келечеги кандай болот? Бул тармакты тез аранын ичинде катуу көзөмөлгө алышыбыз керек" - дейт депутат.

Кыргызстанда эки турист каза болду
Расмий билдирүүлөргө караганда, 2009-жылы тоодо эки турист каза болду. Каракол капчыгайында бир тоолыжачы көчкүнүн астында калса, Скрябина чокусунда дагы бир россиялык альпинист калган. Өткөн жылга кылчайсак, Ысык-Көлдө 36 эс алуучу чөгүп өлсө, 6 адам тоодон көз жумуп, россиялык бир турист дайын оту менен жоголгон.

  Дүйнө дүбүрт

Индонезияда беш жылдыздуу мейманкана жарылды
2005-жылдан бери Индонезияда жардыруу деген түшүнүк болгон эмес. Өткөн жумада Джакарта шаарында жайгашкан "Marriott" беш жылдыздуу мейманканада жардыруу болду. Эки мүнөткө жетпей эле мейманканын жанында жакын жайгашкан "Аирлангга" ресторанында да жардыруу болгон. Ошол жерден тогуз адам каза таап, элүүсү оор жаракат алган. Каза болгондордун төртөө чет мамлекеттиктер болсо, бирөөсү "PT Holcim" компаниясынын директору Тим Маккей болчу. Жардыруу учурунда ал жаңы зеландияданлык ири ишкананын ээси менен келишим түзүп жаткан.

Германияда эң оор жол кырсыгы катталды
Германиянын түндүгүндө жайгашкан Брюнсвик шаарында 259 автоунаа кагылышып, эң оор жол кырсыгын жаратышты. Азыр алты адамдын абалы оор. Жол кырсыгынын келип чыгышына таң атканча жааган жаан түрткү болгон. Тынбай жааган жамгырдын кесепетинен жолдор таң атканча тосулуп, шаар тургундарына да оор кырдаалды жаратты.

Казакстандагы жашаган уйгурлар митинг өткөрүштү
Казакстанда жашаган уйгур улутунун өкүлдөрү тынчтык митингин өткөрүштү. Жакында эле кытайда болуп өткөн кагылышууда жүздөн ашык уйгурлар көз жумган. Башында митингди Казакстандын четинде орун алган шаарда өткрүшмөк болгон, кийинчирээк Казакстандын Спорт сарайында өткөрүштү. Жалпы жонунан митинге 8 миң киши катышып, анын узактыгы бир жарым саатка созулду. Кошумчалай кетсек, Үрүмчудөгү кагылышууда каза болгондордун саны 192ге жетип, алардын ичинен 108 инин аты-жөнү такталса, 39 у тактала элек. Жарадар болгондордун саны 1721ден ашса, 179нун абалы оор болсо, 66 сы өмүр менен өлүмдүн ортосунда.

Маалымат "Акипресс", "Азаттык" интернет булактарынан алынды. А.САБЫРОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
13 ЖАШТАГЫ ЖАШТАГЫ КАРИНА КАРИНА КӨЗ ЖАРУУ КӨЗ ЖАРУУАЛДЫНДА АЛДЫНДА ТУРАТ
2-бет
Айгерим РАСУЛ кызы:
"Президенттин келини болууга татыктуу экенмин"

3-бет
Эртең менен саат канчада турасыз?
4-бет
13 жашар Карина көз жаруу алдында турат
5-бет
Атамбаевдин жарнактары айрылууда
6-бет
Баш ооруну алдын алуунун жолдору
7-бет
Айнура Салахидинова Арзуу ыры
8-бет
Назик:
"Достугубуз сүйүүгө айланды"
Назик менен Аскат үйлөнөбү?

9-бет
Саламат Садыкова:
"Дүйнө жүзүнө өзүмдүн атымды тургузуп койдум"

10-бет
Кийим тандоонун жолдору
11-бет
Балаңыздын баасы канча?
12-бет
Азыркы учурдун чым-чым чындыгы
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Тамшандырган "Таш кордону" даярдаган Раимбек Жусупбеков:
"Көпчүлүк менин колумдан жасалган таш кордону жеп жүрүшөт"











??.??