Клип таржымалы

Айнура Салахидинова Арзуу ыры
Обонго тандалган сөз
- Буга чейин менин репертуарым жалаң шаңдуу ырлардан турчу. "Арзуу ыры" менин эң алгачкы армандуу ырым болду. Жаш обончу Нарынбек Калыбаев бир күнү мага келип, "Айнура, сенин ырдаганың менин стилиме жакын. Менде жай темптеги бир обон бар. Жакшы сөз болсо алып келбейсиңби?" деп калды. Ойлонуп көрсөм чынында эле жай ырларым жок экен. Анан Элнура аттуу кыз "Менин ырларымды деле ырдабайсыңбы?" деп калчу. Анын дептерин барактап олтуруп, "Арзуу ыры" абдан жагып калды. Сөздөрү маанилүү жакшы жазылыптыр. Сөздү Нарынбекке алып барып, обонго салдык. Аранжировкасы Замир Жээнбаевдики.

Окшош сценарийлер жана дал келүү
Ырды радиолорго бергенден кийин ага өзгөчө клип тарттыргым келди. Клиптерди көрүп олтуруп өзбек ырчысы Райхонанын бир клибин жактырып калдым. Клиптин аягында башкы ролду ойногон кыз каза болуп калат экен. Ушунчалык элге таасир бере турган клипти көрүп алып, мен дагы ыйладым. Ушул клипке жакындашкан клип тартууну ойлоп, режиссёр Бекбол Кылычбековго кайрылдым. Ал "Унута албайм" теле көрсөтүүсүнө тартыла турчу даяр сценарий бар экенин айтып, менин клибимди аны менен чогуу тартып алууну сунуштады. Бирок, мен башкы каармандын ролун өзүм жаратып, аягында өлүп калышым керек деп көгөрүп болбой койдум. Ошентип мен ойлогон сценарийге көрсөтүүнүн сценарийи дал келип калып, экөөнү бир тартмай болдук. Менин аткара албай кыйналган образдарымдан улам эки күндө тартылып бүтчү клип, төрт күндө араң тартылып бүттү.

максатына жеткен Айнура
- Сценарий боюнча мен Мээрим деген жетим кыздын ролун аткардым. Урмат деген жигитти сүйүп калып, экөөбүз кыз-жигит болуп жүрөбүз. Анын ата-энеси мага үйлөнүшүнө каршы чыгып, өздөрү тапкан кызга Урматты үйлөндүрүп коюшат. Менин боюмда болуп калганын Урмат билбейт. Урматка боюмда бар экенин айтып, болгон нерсени төкпөй-чачпай катка жазып досунан берип жиберсем, ал кечиктирип алып барат. Көз жара турган маал келип, Урматка чалсам телефонду кайра-кайра аялы ала бергендиктен, эч нерсе айта албай, тез жардам чакырганга араң үлгүрөм. Аягында мен төрөттөн каза болуп калам. Телефонумдан акыркы чалуу Урматка кеткенин билишип, врачтар аны чакыртышат. Кеч келген катты окуп, бармагын тиштеп өкүнүп калганын чагылдырабыз. Балабызды балдар үйүнөн башка бирөөлөр багып алат.

Бетиме суу чачып тердетип, чымчып ыйлатып жатышты
- Образ жаратууда аткара албай абдан кыйналдым. Клиптин башынан аягына чейин ыйлап, кайгырып жүргөндүктөн, көп ыйлаганга туура келди. Ыйлай албаган жерде Бекбол артымдан катуу чымчып кетип ыйлатса, тердеш керек болгон сюжеттерден бетиме суу чачып жатышты. Күлкүлүү окуялар да көп болду. Курсагыма кофта, юбкаларды салып жатып боюнда бар аялга араң окшоштурдук. Көчөдө кетип баратсам, элдин баары карап жатса абдан уялдым. Ошентип, өзүмдүн кыялымдагы клипке жеттим.

Акыл Карачач




  Жаңы ысым

Максат Бексултанов:
"Сүйлөшкөн кызымды ала качып кеткен"
Учурда ырчылардын саны күн санап көбөйүүдө. Албетте, бул көрүнүш акырындык менен сандан сапатка өтөт деген ишеничтебиз. Андыктан, алардын катарын толуктап, шоу-бизнестен өз ордун таап келаткан Максат менен жакындан тааныштырабыз. Максаттын учурда "Туулган жер", "Энелер", "Унутпадым" деген ырлары радиолордон жаңырууда...

- Максат, ырчылык сапарга жөндөн-жөн келип калбасаң керек...
-Туура. Кичинемден тартып ырчы болууну самап келгем. Мектепте болобу, жогорку окуу жайдабы дайыма маданий иш-чараларга катышып, эл алдында талантымды тартуулап келгем. Өзүм окуган окуу жайда уюшулган "Биз таланттарды издейбиз" деген конкурска катышып, 3 жыл катары менен лауреат болгом. Республикалык фестивалдарга да катышып ийгиликтерге жетишкем. Албетте, бул жетишкендиктерге университеттен сабак берген Эсенаманов Эмил аттуу агайымдын көп жардамы тийди. Музыканын эрежелерин бүт агайымдан үйрөнүп, ырчылыкты өздөштүрдүм.
- Үй-бүлөдө эч ким ырга жакын эмеспи?
-Негизи, үйдөн атам жакшы ырдайт. Анын чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп турганы да ошондон. Андыктан, атамдын үмүтүн актап мыкты ырчы болсом деп тилек кылам. Кудайым берген талантымды элге тартуулап, жүзүмдү элге таанытып алсам, ата-энемдин ишеничин актаган болот элем. Азыркы учурда КГУСТАда мугалим болуп иштеген бир тууган эжем жана продюсерим Мезгил Исатов жардамдарын аябастан колдоо көрсөтүүдө.
- Продюсер менен иштешип баштаганыңа канча болду?
-Төрт ай болуп калды. Чындыгында, продюсер менен иштешүү бир аз жеңилирээк болуп калат экен. Мезгил байке менен иштегенден баштап менде жылыштар болууда. Ырларымдын үстүнөн иштеп, чыгармачылыкка баш отум менен киришип баштадым.
- Кайсы музыкалык аспаптарда ойной аласың?
-Комузду 7-классымдан тартып чертем. Мага эч ким колума комуз карматып устаттык милдет кылбады. Өзүмдөн-өзүм эле үйрөнүп алгам. Биринчи жолу Бек Борбиевдин "Эркинай" деген ырын күүгө салгам. Ошондон бери комуз менин жан досум болуп калган. Менин стилим дагы фольклордук эстрада жаатында. Экөөнү ар убак айкалыштырып алып кетсем дейм. Азыр Улукмырза Полотовдон сабак алып жатам. Кудай буюрса, Филармониядагы эки жылдык студияга тапшырсам деген жакшы тилегим бар.
- Сүйлөшкөн кызың барбы?
-Жүрөгүм бош. Убагында сүйлөшкөн кызымды ала качып кеткен. Ошондон кийин кыз менен сүйлөшүүдөн коркуп турам. Качан гана үйлөнө турганга мезгил келип жеткенде кыз менен сүйлөшпөсөм. Бирок, менин кеңешчилерим "Сүйүшүң керек. Эгер бирөөнү алоолонуп сүйбөсөң, жакшы чыгарма жаралбайт" дешет. Антейин десем, же менин башыма сүйүү келбейт.
Р.ЖЭЭНБЕКОВА