п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кат куржун

Назик:
"Достугубуз сүйүүгө айланды"
Назик менен Аскат үйлөнөбү?
- Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Мен сиздердин гезитти ар шейшемби күнү күтүп окуйм. Сиздерге кат жазууга түрсүлдөп соккон жүрөгүм түрткү болуп олтурат. Себеби, "Жылдыздар манежде" долбооруна катышкан Назик Исраилова менин жакшы көргөн бийчи кызым болот. Анын ар бир кыймылына суктанып, акыркы күндөрү сүйүп калганымды да жашырбайм. Бирок, жакында Назик турмушка чыгарын угуп калып жаман болдум. Болгондо да аталган долбоорго катышкан Аскат Эрбаев менен сүйлөшүп жүргөнүн жана ага турмушка чыгарын укканда ишенгим келген жок. Себеби, Назикти жүрөгүмдүн ээси катары менчиктеп келгем. Акыркы жолу экөөнүн ээрчишип, кол кармашып жүргөнүн көрүп көзүмө жаш алдым. Балким, мен аны чындап сүйгөндүгүм үчүн кызганып ыйлагандырмын. Мүмкүн болсо, менин катыма жооп кылып, Назик менен Аскаттан чын-төгүнүн сурап бере аласыздарбы?
Марсел.

Окурмандын каты боюнча Назик менен Аскатты редакцияга чакырып, бул тууралуу кенен маалымат алдык.

- Назик, күйөрманыңдын жогорку катына кандай жооп айта аласың?
Назик: - Менин талантыма баа берген күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем. Негизи, шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт деп коёт го. Чынында Аскат экөөбүз циркке катышканга чейин эле жакын достордон болуп келгенбиз. "Жылдыздар манежде" долбоорун Аскаттан угуп, анан кастингге катышкам. Катышуучулардын арасынан Аскат менен жакындан тааныш болгондуктан, экөөбүз машыгуу учурунда чогуу болуп, бири-бирибизге жардам берчүбүз.
- Анда экөөңөрдүн мамилеңерди кандай түшүнсөк болот? Жөн гана доссуңарбы же кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрөсүңөрбү?
Назик: - Үч-төрт жылдан бери жакшы тааныш болуп келгенбиз. Азыр достугубуз сүйүүгө айланды десек болот. Биздин жетелешип жүргөнүбүздү шоу-бизнестеги ырчылардын баары эле билишет.
- Аскат, бул катка сенин көз карашың кандай? Менимче, күйөрманыңар бар үчүн силер барсыңар да. Албетте, күйөрмандын берген суроосуна жооп бергенден баш тартпайт болушуң керек?
Аскат: - Биздин жеке жашообузга тиешелүү мамилени айткым келбейт. Мунун кимге кызыгы бар деп ойлойм. Чындыгында Назик экөөбүз жакындан мамиле куруп, жакын дос болуп келгенбиз. Мамилебиз абдан жакшы, мен Назикти жакшы көрөм. Бирок, үйлөнүү тууралуу эч кандай ойлоно элекпиз. Бизде ачык-айкын чечилген эч нерсе жок. Үйлөнөбүзбү, үйлөнбөйбүзбү анын баары тунгуюк. Азыр биз андай-мындай дегенибиз менен, балким, экөөбүздүн келечектеги жолубуз башка. Эртең эмне болуп кетээрин ким билет?.. Эгерде Назик менден кыйын, менден жакшы адам таап, бактылуу болсо каршы эмесмин. Анткени, жакшы көрүп, сыйлаган адамымдын бактылуу болгонун көрүп мен да бактылуу боло алам.
- Экөөңөр бири-бириңердин кайсы сапатыңарды жакшы көрөсүңөр?
Назик: - Аскаттын үч сапаты: чечкиндүүлүгү, токтоолугу жана сабырдуулугу жагат. Кандай гана кыйынчылык болбосун сабырдуулугу менен жеңип чыгат. Негизи мага кеп-кеңеш, акыл айткан мырзалар да жагат.
Аскат: - Мага Назиктин назиктиги, туруктуулугу жана жоопкерчиликтүүлүгү жагат. Анан 600 кыздын башын бириктирип аларга үлгү болуп, жакшы тарбия берген Назикте чыдамкайлык, тактык жана күчтүүлүк да бар.
- Кызганчааксыңарбы?
Аскат: - Кызганчаак эмесмин. Мен кызганыч деген сезимди четке чыгарып салгам. Сүйгөн адамымды кызганбастан, болгону ага ишенем.
Назик: - Чеги менен кызганам. Сүйүү бар жерде кызганыч болот. Көп учурда кызганбастан, жакын адамымды кызганткым келет.
Акыл Карачач




 "Обон" ШОУ-ТАЙМС

Сайкал Айжамал эжесине ыр белек кылды
Аккан арыктан суу агат дегендей, апасы Гүлшайыр Садыбакасованы кумир тутуп келген Сайкал ырдап гана тим болбостон, ырларга обон да жаратат. Буга чейин жараткан обондору толук бышпагандыктан, эл алдына чыкпай келген. Сайкалдын бул обонуна акын Сейит Жээнбаев сөз жазып берген. Ырды "Кыз-Бурак" тобунун күздө боло турчу концертинде Айжамал Кабылова ырдап чыгат. Сайкал өзүнүн обонунан жаралган ырды өзү ырдабастан, атайын Айжамал эжесине ылайыктап даярдап койгон. "Айжамал эжеме арнаган эң оригиналдуу белегим болду" дейт Сайкал.

Динара Эсенгулова беш жылдыкка даярданууда
Шоу-бизнесте бир топ ырчылардын жана алып баруучулардын экинчи апасы болуп калган продюсер Динара Эсенгулованын жайкы эс алууда дарыланып жаткан кези. Эс алуу эмне экенин унутуп койгон продюсер акыркы жолу төрт жыл мурда ооруканага барган экен. Жайкы эс алууда ден соолугун чыңдап алууну каалаган продюсер сентябрь айында боло турчу "Хит-парад" теле көрсөтүүсүнүн беш жылдыгына катуу даярдыктарды көрүүдө. Учурда беш жылдыкка карата ырчылардын чыгармаларына түз эфир аркылуу добуштар кабыл алынып жаткан кез.

Москвада эс алган ди-джей
Көпчүлүк эл сүйүп уккан "Кыргызстан Обондору" радиосунун булбул үндүү ди-джейи Лилия Абдыбаитова Москва шаарына учуп кетти. Эс алууну унутуп бир гана иш деп, тыпылдап чуркап жүргөн Лилияны Москвадагы таякелери конокко чакырган. Эки апталык эс алууга чыккан ди-джей уулу Эмир менен Москванын кооз жерлерин кыдырып, эсте калаарлык эс алып жүргөн убагы.

"Алмаз" радиосу Россия толкундары менен иштешет
"Алмаз" радиосунда жайкы мезгилге карата көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Радионун эмгек жамаатында жаңылануулар болуп, жаш ди-джейлер ишке алынды. Ошондой эле жаңы күч, жаңы дем менен беш долбоордун үстүндө иштеп, Россия радио толкундары менен келишим түзүшүүдө. Келишим боюнча, кыргыз ырчыларынын орусча ырлары Россиянын радиолорунда жаңырат. Учурда далил катары Омар, Нена, Замир Мырза, Урмат Усенов, Айжан Газиева, Максат Бегалиевдин репертуарындагы орусча ырлар Россияга жөнөтүлдү.

"Жыйырманчы жаз" Ысык-Көлдө
Өткөн санда маалымдагандай, "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасына кызуу монтаж жүрүп жаткан учуру. Сценарийде жок болсо дагы керемет көлүбүздүн фонунда дагы эки жаштын махабатын чагылдыруу идеясы чыгармачылык топ тарабынан колго алынып, ишке ашырылды. Бул сюжетте башкы каармандар мурунку жашоосун эстешип, бактылуу көз ирмемдерин элестетет. Ошондой эле башкы каармандын ак тулпар минип келип кызга гүл берген сюжетти тартуу үчүн чыгармачыл топ ак боз ат издеп жатканын билдиришти. Андан сырткары мукамдуу үнү бар улан-кыздарга жана жаз, махабат, жамгыр темасын камтыган обондуу ырларга тандоо жүрүп жатат дейт режиссёр Алим Токторов. Кастинге катышуулар 0312603685, 0700603685 телефондоруна байланышка чыкса болот.

Эрмек бай жигиттин ролун аткарат
Жаш ырчы Эрмек Маматов чыгармачылыгына жаңылык киргизип киного тартылууда. "Кылмыш" деген аталыштагы көркөм тасмада башкы каармандын досунун ролун аткарып, бай жигиттин образын жаратат. 19-июлда Эрмектин эң алгачкы сюжеттери тартылып бүттү. "Киного тартылуу менен бирге көп нерсени үйрөнүп калдым. Адам өзүнө ишенсе бардык нерсени аткара алат экен. Киного тартылсам экен деген кыялдарым аткарылаарына көзүм жетчү " деп сүйүнөт Эрмек Маматов.

Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
13 ЖАШТАГЫ ЖАШТАГЫ КАРИНА КАРИНА КӨЗ ЖАРУУ КӨЗ ЖАРУУАЛДЫНДА АЛДЫНДА ТУРАТ
2-бет
Айгерим РАСУЛ кызы:
"Президенттин келини болууга татыктуу экенмин"

3-бет
Эртең менен саат канчада турасыз?
4-бет
13 жашар Карина көз жаруу алдында турат
5-бет
Атамбаевдин жарнактары айрылууда
6-бет
Баш ооруну алдын алуунун жолдору
7-бет
Айнура Салахидинова Арзуу ыры
8-бет
Назик:
"Достугубуз сүйүүгө айланды"
Назик менен Аскат үйлөнөбү?

9-бет
Саламат Садыкова:
"Дүйнө жүзүнө өзүмдүн атымды тургузуп койдум"

10-бет
Кийим тандоонун жолдору
11-бет
Балаңыздын баасы канча?
12-бет
Азыркы учурдун чым-чым чындыгы
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Тамшандырган "Таш кордону" даярдаган Раимбек Жусупбеков:
"Көпчүлүк менин колумдан жасалган таш кордону жеп жүрүшөт"











??.??