п»ї

  Жылдыздар турмушунан

Саламат Садыкова:
"Дүйнө жүзүнө өзүмдүн атымды тургузуп койдум"
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкованын булбул үнү бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө таанылганы ырас. Өмүрүнүн тең жарымын, жаштыгын чыгармачылыкка арнаган Саламат эже быйыл элүү үч жашка толуп олтурат. Улуу инсандардын катарына кошулуп, кыргыздын маданияты үчүн зор эмгегин аябаган ырчы учурда эки кыздын мээримдүү энеси, бир неберенин акылман таенеси. Кайталангыс талант ээси Саламат Садыкова менен бирге болуп, жеке жашоосу менен кененирээк таанышып чыктык.

Үйдөн тамак жасаганга убактым жок
- Саламат эже, кайсы тамактарды жакшы жасай аласыз?
- Мен жаш кезимден эле бардык тамактарды жакшы жасап, жаңы келин болуп барганда кайнатам менен кайненемдин батасын көп алгам. Кайнатамдын байбичеси анан токолу болгон. Байбичеси абдан акылдуу, колунан баары келген таза аял болчу. Ал кездин салты, атүгүл аялдардын кармаган казан-аягы, тутунган турмуш-тиричилиги азыркыдан бөлөкчө болчу. Бапылдатып эт салып, колго камыр кесип, тамактардын даамын чыгара укмуш жасашчу. Ошонун баарын өздөштүрүп, кайнененин камырынан дегендей, турмуш-тиричиликке тың эле болчумун. Кайнатам өзгөчө нан бышырганымды айтып: "Алдыңа кетейин, таттуу нан болуптур, баланчанын эле наны" деп байбичесинин атын айтып, мени мактап калчу. Азыркыга чейин кызарып, даамдуу бышкан нанды өзүм да жакшы көрөм.
- Азыр да өз колуңуз менен тамак жасап жейсизби?
- Үйдө бош болуп калганда гана өзүм тамак жасап жебесем, көбүнчө ага убактым деле болбойт. Чынында, түшкү тамакты иш менен жүрүп үйдөн тамактанбайм. Ал эми кечки тамактанууга неберем Сайкал экөөбүз кызым менен күйөө баламды чакырып, шаардын чет жагында жайгашкан кафелерден тамактанабыз. Күн сайын ар кайсы кафени кыдырып жүрбөстөн, "Бакча сарай" деген өзбектердин тамактанууга ыңгайлуу жайкы кафесине барып турабыз.


Неберем - менин жеке сынчым
- Небереңиз Сайкал сиздин шакиртиңиз болуп комузду мыкты чертип калгандыр?
- Неберем Саку азыр менин колумда жүрөт. Анын комуз чертип калышына түздөн-түз менин салымым бар. Тили жаңы чыгып, буту баскан кезинде эле комузумду сүйрөп келип, "черт" дегендей жаныма таштап койчу. Эс тартып калганда кыңкылдатып кылдарын чоюп ойночу. Ага комуз чертип берсем, тыңшап угуп турар эле. Кийин мектеп жашына келгенде Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке киргиздик. Быйыл алтынчы классты бүтүрдү.
- Жаныңызда дайыма бирге болуп, сын-пикир айтканга жарап калган турбайбы?
- Ооба. Айтканда да көзүңдү оюп айтып салат. Бирок, мага пайдалуу сындарды гана айтат. Сахнага чыкканда ырды ойлой берип, өзүмдүн кыймыл-аракетимди көзөмөлдөбөй калам. Бир жолу "Өзүңүздү дагы унутпасаңыз, бул жерден минтип бастыңыз, тигил жерден минтип койдуңуз" деп сын айтып жатпайбы. Аябай ыраазы болдум. Жаштардын көз карашы менен мага кеңешин айтып, жеке сынчым болуп келген неберем менен абдан сыймыктанам.
- Чет мамлекеттерге барып жеке концерттериңизди берип жатасыз. Жаңылыктарыңыздан айтып берсеңиз?
- Учурда ооз толтуруп айта турган жаңылыктарым көп. Дүйнө жүзүнө өзүмдүн атымды тургузуп койдум деп мактанып айтсам дагы болот. Себеби, ар бир ырчы демөөрчүсү жок мындай ишти жасай албайт. Быйылкы жылы бир топ чет өлкөлүк сапарларга барып келдим. Албетте, кыргыздын маданиятынын көрүнүктүү өкүлү, чебери катары чакырып жатышат. Жылдын башында Голландия, Люксембургда болдум. Жакында эле Кореядан кайтып келдим. Эми Украинага даярдануудамын. Ал жакта да жеке концертимди коём. Андан кийин август ичи кайра эле Тайванга сапар алам. Себеби, төрт жылдан бери Тайванга чакырып жатышат. Жолдун алыстыгынан барбай жүрдүм. Бул ирет макулдугумду бердим, Кудай кааласа, сапар тартканы турам. Андан келип күркүрөгөн күздө жеке концертимди бул жакта берем деген жакшы тилектерим бар.

саунага досторум менен барсам эс албайм
- Саунага курбуларыңыз менен барсаңыз керек?
- Жок. Мен атайын өзүм жалгыз барам. Себеби, курдаштарым менен барсам, ойдогудай эс ала албайм. Жалгыз келгенде массаж алып, колума маникюр, бутума педикюр жасатып өзүмдү караганга толук мүмкүнчүлүк алам.
- Жашыруун болбосо салмагыңыз канча?
- (Күлүп) Бир ай мурда эле 59 килограмм салмакта болчумун. Бээнин сүтүн ичем деп төрт килограммга арыктай түшүптүрмүн. Ички органдарымды жыл сайын тазалап, ден соолугума кам көрбөсөм болбойт. Быйылкы жылдын эсебинен эки жолу саамалга барып келдим.

Машина мактана турган буюм эмес
- Ушул жашка келгенче эмнеге машина айдаган эмессиз?
- Туура. Буга чейин бир да жолу рулга олтурганга кызыккан жокмун. Даяр машина жакшы го деп ойлочумун. Таксинин азабын өмүр бою тарттым. Ырчы болгондон кийин бара турган жерибиз көп болот да. Бизде деле кээде акча болот, кээде болбой калат. "Барган жеримден ким мени жеткирет, кимге айтам" деген ойлор менде жашачу. Эми колдо бар оокатты пайдаланып, бара турган жериме ишенимдүү жетип, ашыкча ойлордон алыстап калдым.
- Жаш кезде жүрөк курч болуп, бардык нерсени бат үйрөнөсүң дейт. А сиз рулга жаңы олтурганда корккон жоксузбу?
- (Күлүп) Кантип коркпойсуң, аябай эле корктум. Сен айткандай, азыр машина айдоо эмес, машинага түшкөндөн корко турган болуп калбадыкпы.
Мен эми айдоочу, жүргүнчү, машинанын үлгүсү, жол эрежеси эмне экенин түшүндүм. Жакындарымдын кеңеши менен "Мерседес 420" үлгүсүн тандап алдым. Айдаганыма үч ай болду, кудайга шүгүр, көнүп калдым. Бул эми мактана турган буюм эмес да.
- Машинаны өзүңдөй эле сылап-сыйпап караш керек деген сөздү байкелеримден угуп калчу элем?
- О-ой, туура айтышкан. Машина алгандан бери өзүм экинчи планда калып калдым. Саунага тез-тезден барып турчумун. Ойлоп көрсөм, машина алгандан бери көп барбай калыптырмын.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
13 ЖАШТАГЫ ЖАШТАГЫ КАРИНА КАРИНА КӨЗ ЖАРУУ КӨЗ ЖАРУУАЛДЫНДА АЛДЫНДА ТУРАТ
2-бет
Айгерим РАСУЛ кызы:
"Президенттин келини болууга татыктуу экенмин"

3-бет
Эртең менен саат канчада турасыз?
4-бет
13 жашар Карина көз жаруу алдында турат
5-бет
Атамбаевдин жарнактары айрылууда
6-бет
Баш ооруну алдын алуунун жолдору
7-бет
Айнура Салахидинова Арзуу ыры
8-бет
Назик:
"Достугубуз сүйүүгө айланды"
Назик менен Аскат үйлөнөбү?

9-бет
Саламат Садыкова:
"Дүйнө жүзүнө өзүмдүн атымды тургузуп койдум"

10-бет
Кийим тандоонун жолдору
11-бет
Балаңыздын баасы канча?
12-бет
Азыркы учурдун чым-чым чындыгы
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Тамшандырган "Таш кордону" даярдаган Раимбек Жусупбеков:
"Көпчүлүк менин колумдан жасалган таш кордону жеп жүрүшөт"











??.??