Билгениң оң

Жетекчинин жети катасы
Ар бир кызматкер жетекчиге баш ийип, анын кемчилдиктерине көз жумуп, өз кызматын аткарып келет. Ошол эле учурда көп жетекчилер бирдей ката кетирип, кол алдындагыларга туура эмес мамиле жасаган учурлар бат-баттан кездешээри талашсыз. Жетекчилердин эң одоно көзгө көрүнөөрлүк жети катасын таап чыктык.

1. Өзүмчүлдүк
Өзүнүкүнөн башканыкын туура көрбөгөн жетекчилер оюна эмне келсе, кол алдындагылар менен кеңешпей иш кылганы чоң ката. Эгер сиз жетекчи болсоңуз, кандай маселе болбосун ортого салып, кеңседе канча кызматкер эмгектенсе, ошончосунун пикирин угуп көрүп, жыйынтыкты өзүңүз чыгарганыңыз туура. Кызматкерлердин алдында да жүзүңүз жарык, сөзүңүз өтүмдүү болот. Кокус башкалардын ою менен макулдашпай өз билгениңизди жасай берсеңиз ишиңиз артка тартылып, аягында түйшүгүн өзүңүз эле тартасыз.
2. Жеке кызыкчылык
Кайсыл кызматкер көзүңүзгө сүйкүм, жакшы көрүнсө ошого өзгөчө сый мамиле жасаштын кереги жок. Жеке кызыкчылыгыңызды көздөйм деп, көңүлүңүзгө жаккан кызматкерди жамаатка жаман көрсөтүп, өзүңүз ушак сөздөргө кабыласыз. Кол алдыңызда иштегендердин алдында өзүңүздүн бийиктигиңизди, сыйыңызды жоготпоңуз.
3. Жоопкерчиликсиздик
Кызматкер жумуш ордуна кечигип келсе - жиниңиз келип, айлыгынан айып кармап, кызматкерлерди жоопкерчиликке чакырып, тартипти орнотконго аракет кылаарыңыз бышык. Бирок башкалардан талап кылган жоопкерчилик өзүңүздө барбы, же жокпу, ошону ойлонуңуз. Мисалы, сиз жумушка биринчилерден болуп келип, кеңсенин эшигин алгачкылардан болуп ачсаңыз башкалар да сизден үлгү алаары бышык.
4. Оройлук
Катаны кимдер гана кетирбейт. Кызматкерлердин кетирген кемчилдиктери үчүн кыйкырып урушуп, аброюна шек келтирбей, андан көрө башка чараны колдонгонуңуз туура. Баркыңызды түшүрүп, нервиңизди короткондун ордуна акчалай айып салып, же жөн гана кызматтагы абалынан бир аз төмөндөтүп койсоңуз, ал мурунку ордуна кайрадан умтулуп, сиздин ишенимиңизге киргенге аракет кыла баштайт.
5. Талапка жараша шарт
Айрым жетекчилер кызматкерлерге жакшы шарт түзүп бергенден кийин гана талап коёру ырас. Бирок талапты катуу коюп, шарт жагын ойлонбогондор да арбын. Бирде болбосо, бирде сиздин кылган иштериңизге доомат койгон, же болбосо түзүп берген шарттарыңызга наарызычылыгын билдирген кызматкерлер четинен табылат. Кайсыл эле жетекчи өз дарегине терс пикирлерди уккусу келсин?
6. Сынды туура кабыл алуу
Сиз жетекчисиз. Ошондуктан кызматчылардын иштегени жакпаса, сын пикир айтып, чектен чыгып бара жатса мыйзамга тууралап жумуштан чыгарууга акыңыз бар. Эгер сиз бир нерсени туура эмес кылып, кокус, ошол жасаган ишиңизге сын пикир угуп калсаңыз, арданбай туура кабыл алыңыз. Балким, кол алдыңызда иштегендердин арасынан сизден да акылдуусу, жөндөмдүүсү бар чыгаар.
7. Кур жеме
Кызматкер башы менен кудук казып сизге жакшы таасир калтыруунун аракетин кылып жатканын көрүп турсаңыз да көрмөксөнгө салышыңыз мүмкүн. Бул жетекчинин эң чоң катасы. Мактоо сөз, жакшы пикир кимге болбосун демине-дем, шыгына-шык кошоору талашсыз. Эгер кызматкердин жасаган иши сизге чындап эле жагып турса ага жакшы сөз айтып, ишин мактаганга эмне үчүн болбосун. Бир убакта сиз да катардагы кызматкер болуп, жетекчинин жакшы сөзүнө муктаж болуп жүргөн учуруңузду эстеп көрүңүз.




Жаңы кесиптештер
менен кантип тил табышуу керек?
Бир жумуштан экинчисине которулуп, жаңы кесиптештер менен тил табыша албай кыйналып турасызбы? Алардын арасынан сүйлөгөнүңүздү же баскан-турганыңызды жактырбай, "жумурткадан кыр тапкандар" бар экени айтпасаңыз деле түшүнүктүү. Анда төмөндөгү кеңештерге көз жүгүртүп, иш жүзүндө пайдаланыңыз:


Адамды бир көргөндө эле башынан ылдый сыдыра карап сынагандар жаңы жумуш ордуңузда сөзсүз кездешет. Ошондуктан өтө ачык кийинбей,тыкан болгонго аракет кылыңыз. Жумушта кандай эрежелер болсо ошолорго көнүп, жетекчиликке баш ийип берген тапшырмасын так аткарганга аракет кылыңыз.


Жамаат менен таанышкандан кийин баарынын аттарын эстеп калганга аракет кылыңыз. Эске тутууңуз начар болсо, дептерчеге жазып алсаңыз да болот. Анткени, кийин кайрылганда "атыңыз ким эле?" деген сурооңуз кимге болбосун өөн учурашы мүмкүн.


Жамааттын лидерлери менен эч качан талаш-тартышка барбаңыз. Ошончолук эле акылдуу болсоңуз, аны көрсөткөнгө да, далилдегенге да ылайыктуу убагы келет. Жакшы сапаттарыңыздын аркасы менен жаңы жамаатта кийинчирээк сиз да лидер болгонго жетишесиз.


Ар ким бири-бири тууралуу түрдүү ушактарды таратышы мүмкүн. Угуп тим болуңуз. Бирөөсүнүн, же экинчисинин пикирине кошулбаңыз. Сизге тиешеси жок сөзгө кулак түрүп, кызыгып жатсаңыз да суроо бербеңиз. Эгер сизге таарынчаак кесиптеш туш келсе - тамашалаганды, көп сүйлөгөнү туш келсе - сыр бөлүшкөндү, ушакташканды токтотуңуз.


Билбеген маселеңиз болсо, сурагандан,тактагандан уялбаңыз. Башка кызматкерлердин тапшырмасын өз милдетиңизге албай эле койгонуңуз оң. Канчалык жардам берип жакындагыңыз келип турса да, жаңы келгениңизди, жумуштун көп сырларын али өздөштүрө элек экениңизди эске алыңыз.


Эгер жумуш учурунда эски кызматкерлердин ортосунда чыр-чатак чыгып кетсе, майда-чүйдөсүнө чейин түшүнмөйүн бирөөсүнө болушпаңыз. Кокус, бул маселе тууралуу сиздин пикириңизди сурашса, жаңы келгениңизди, кимиси кандай адам экенин жакшы билбегениңизди айтып кутулганыңыз оң.

Жаңы орношкон жумушуңузга көпкө калып иштегиңиз келсе, үйдөгү уруш-талашты жумушка сүйрөп келбеңиз. Түгөйүңүз менен таарынышып кеткениңизди кесиптешиңизге айтып берсеңер бирөөнө кызыктуу болсо, бирөөнө кызыксыз.


Тажрыйбаңыз жок болсо кеңеш, жардам сурагандан качпаңыз. Көптү көргөн адистер менен иштешип жатсаңыз, анын тажрыйбасын өздөштүрүп алганга ашыгыңыз. Билбестигиңизди моюнга алган уят эмес.


Эгер жетекчиңиз көп жашка барып калган эркек болсо, ага кандай мамиле жасаштын эрежеси деле жок. Болгону анда-санда ал-ахыбалын, балдарын, неберелерин сурап коюу ашыкча болбойт. Кокус, жетекчиңиз жаш мырза болсо, анда ишиңиз татаалдашат. Алар тажрыйбасы жок жаш, татынакай айымдарга көңүл бөлөт. Коллективде жалаң эркектердин иштешин каалаган эркектер да жок эмес.


Эгер жетекчиңиз орто жаштагы аял болсо, анда андан көп нерсени үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал үчүн ал берген тапшырмага жоопкерчиликтүү мамиле жасап так аткарганыңыз оң. Андай жетекчиден уялбай кеңеш сурай берсеңиз болот.


Кокус жетекчиңиз жаш, оңой менен киши жактырбаган айым болсо, көзүнө көп эле учурай бербей, сабырдуу болуңуз. Акылдуу, жаш болсо тартынбастан ага жакындаганга, достошконго кадам коюп, ар түрдүү жолдор менен тамырын тартып, оң колуна айланганга аракет жасаңыз.
А. Сабырова