п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Райхон Ганиева:

"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
Райхон Ганиева 1978-жылы 16-сентябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында төрөлгөн. Атасы - Өзбекстандын белгилүү актёру Отабек Ганиев, апасы - Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Тамара Шакирова. Райхонду ата-энеси кичине кезинен англис тилин үйрөнүп актриса болуусун каалашса, Райхон ырчылык жолду тандаган. Өзбек эстрадасынын чырайлуу, таланттуу ырчыларынын бири - Райхон Ганиева быйыл отуз бир жашка чыкса да жүрөгү бош.

- Музыкалык карьераң кантип башталды эле?
- Бала кезимден эле музыкага кызыккандыктан, музыкалык мектепке барып классикалык музыканы өздөштүрүп, эмнегедир эстрадага кызыгуум арта баштады. Менин ырчы болушума Майкл Джексон түрткү болду десем болот. Ошол убакта мен эрке, оюмдагыны кылган кыз элем, анын ырларын уккандан кийин жүрөгүм жумшарып, боорукер боло түштүм.
- Бүгүнкү күнгө чейин эсиңде калган окуя...
- Он жашка чыкканда Каспий деңизине эс алганы барганбыз. Баллонду тагынып сууда жүрөм. Бир убакта баллон тарып, кысылып бара жатам. Айланып карасам, тюлень менин баллонума кирип алып бетиме шилекейин чачыратып баштады. Жүрөгүм түшүп, баллонду чечкенге шаштым. Тюлень мыртыйып кыска, семиз экен экөөбүз жулмалашып жатып, сууга чөгө баштадым. Мен ары-бери тыбырчыласам, тюлень ойноп жатат деп түшүндү окшойт, купальнигимен тарткылап деңиздин терең жерине сүйрөй баштады. Менин багыма жакын жерде сүзүүчүлөр сууда жүрүптүр мени көрүп, дароо жардамга келген. Азыр далымда тюлендин тырмагынын издери дале так бойдон калды.
- Тамак жасаганды жактырасыңбы?
- Убакыттын жоктугуна шылтайт окшойм. Мен негизи тамак-аш жасаганды көп жактыра бербейм. Эгерде өзгөчө тамактын рецебин кездештирип калсам, сөзсүз жасап көрөм. Ашканада мыкты кожейкемин деп мактана албайм.
- Машина айдаганды жакшы көрөсүңбү?
- Машиналарды аябай жакшы көргөнүм менен айдай албайм. Анткени, кичинекей нерседен эле чоң ызы-чуу жаратканга шыктуумун. Эгер бир аз эле автотыгынга туш болуп калсам, чыдабай кетем. Машина айдаганды өздөштүргөн күнү деле авто кырсыкка тез эле туш болсом керек деп ойлойм.
- Компьютерди жакшы эле билесиңби?
- Word жана Excel деген программалар бар экенин билем, ушуну менен компьютерлик билимим аягына чыгат. Өзүмдүн өмүр баянымды жарым күндө араң терип бүтсөм керек. Кайсыл тамга каерде жайгашканын да жакшы билбейм. Эми келечекте үйрөнөм деген үмүтүм бар.
- Эгерде мүмкүнчүлүгүң бар болсо, Ташкентти кандай гүлдөр менен кооздомоксуң?
- Мен көпчүлүк учурда ак түскө басым жасайм. Сиз айткандай, мүмкүнчүлүгүм болсо, анда Ташкентти ак же көгүш түстөгү гүлдөр менен кооздоп чыкмакмын.
- Жер шарынын кайсы бөлүгүн кыдыргың келет, Өзбекстандан башка кайсы өлкөдө жашасам дейсиң?
- Азыр жер шарын кыдырганга колум жетпесе да оюм жетет. Телевизордон көргөндү аябай жактырам. Кайсыл өлкөгө туш болуп калсам деле ошол жердин маданиятын, салтын жакындан билгенге аракет кылып келем. Ал эми Өзбекстандан башка Парижде жашасам деп кыялданам. Аябай романтикалуу шаар го.
- Кичинекей балдарды жакшы көрөсүңбү?
- Ооба, кичинекей балдарга жакынмын. Келечекте уулдуу болгум келет. Ал тургай ага ат да тандап койгом.
- Эгерде жаныңда 4 миллион доллар болуп, ал акчага сен тааныбаган адам муктаж болуп турса эмне кылат элең?
- Жалпы жонунан алганда мен адамдарды жакшы көрөм. Өзүм да сезимтал жанмын. Колумда акча болсо ойлонбой туруп ал адамдын колуна карматмакмын.
- Махабат майрамында беш-алты жылдан бери тынбай концерт берип келе жатасың, жакшы көргөн майрамыңбы?
- Бир жылда толтура майрамдар болгону менен Махабат майрамы менин эң жакшы көргөн майрамым. Сүйүү - менин чыгармачылыгыма шык, жөндөм кошуп, стимул болуп келет. Буга чейин дайыма Махабат майрамында концерт берип келсем, мындан ары деле бере берем. Ырларымдын көбү сүйүү темасына арналган.
- Ырчылардын арасында өз атынан атыр, кийим чыгарып, өз аты менен пайда тапкандар бар. Сенде ушундай ой болду беле?
- Жашырбай эле коёюн, болгон. Репетицияларда жүрүп убактым аз болдубу, же өзүм чындап киришкен жокмунбу, билбейм. Ошол кезде мындай идея бар болгону менен ишке ашкан эмес. Эми убактым, мүмкүнчүлүгүм болгондо буюрса, бул идеяны келечекте ишке ашырам.
- Продюсериң же администраторуң барбы?
- Жок, мен азырынча жалгыз иштеп келе жатам. Администраторум да, менеджерим да жок. Жалгыз иштеген бир топ эле кыйын, бирок азырынча аракет кылып жатам. Убакыттын өтүшү менен продюсер эле эмес жан-дүйнөсү мага жакын адам табылаарына ишенем. Ырларымдын обонун дээрлик өзүм жазсам, сөздөрүн Шахноз деген жаш кыз жазып берет.
- Кээ бирөөлөр ырчыны жөн гана көргөзмө катары кабыл алышып, бардык маселени продюсер чечет деген да түшүнүк бар. Буга кандай карайсың?
- Батышта көпчүлүгү сиз айткандай метод менен иштешет. Кээде ырчыдан да продюсер өтүп популярдуу болуп кеткендер да бар. Менин абалым сиз айткандан алда канча алысыраак. Чыгармачылыкка байланышкан маселенин баарын өзүм чечем.
- Эртели-кечпи бардык ырчылар өз атын кеңири тааныткысы келет. Дүйнөлүк музыкалык Олимпти багындыруу оюңда барбы?
- Ар бир ырчы өзүнүн атын дүйнө жүзүнө таанытып, анын ырлары өз мекенинде эле эмес, башка мамлекеттерде да жаңырып турушун каалайт. Бул ала көөдөндүк эмес, жөн гана мыйзам ченемдүү көрүнүш. Азыр менин ырларым башка өлкөлөрдө да популярдуу. Акырындык менен калың эле таанылып келе жатам десем болот. Мен кандай багытты, максатты көздөөрүмдү эчак чечип койгом.
- Жүрөгүңдүн ээси барбы?
- Мени чындап сүйгөн, сезимдериме татыктуу боло алган адамга гана жүрөгүмдү тартуулайм! Сүйүүгө туш болбосом да, сүйүү жөнүндө көп ырдайм. Жүрөгүмдүн жарымына жакын арада жолугаарыма ишенем.
- Кандай кийимдерди жактырасың?
- Бул фирманын кийими жакшы, же тигиники жакшы деп кесе айта албайм. Белгилей кетейин, мен өзүм дагы кээде кийим тигип калам. Сахнага кие турган кооз кийимдерди өзүм ойлоп табам. Ал эми кийим тандоодо кымбатына же арзанына карабай, кайсынысы жарашыктуу, ыңгайлуу болсо ошонусун алам. Анан албетте, модадан артта калбаганга аракеттенем. Негизи, кийим тандоодо табитим бар деп ишенимдүү айта алам, чектен чыкпаганга да умтулам.
А. Сабырова




  Шоу-бизнес жаңылыктары

"Божалар" тобунун солисти сакайууда
Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Өзбекстандын белгилүү "Божалар" тобу Тажикстандан гостролдоп келе жатып, жол кырсыгына кабылышкан. "Божалар" тобу келе жаткан жеңил унаа "Камаздын" алдына кирип кеткен. Топтун солисти 25 жаштагы Мумин Орипов көз жумуп, артында жубайы Камола менен уулу Билол калды. Экинчиси Жахонгир Позилжонов оор абалда бейтапканага жеткирилген. Жакында эле Жахонгирдин бир тууган агасы Абдурахмон Позилжонов айрым ММКларга интервью берип, инисине оор операция жасалып, азыр оңолуп келе жатканын билдирген. Жакында эле Жахонгир үйүнө чыгарылып, бардык коркунучтар артта калганы маалым болду. Азыр анын жакын туугандары көзөмөлгө алып жатышат.

Алла Пугачева Галкинге эт жегенге тыюу салды
Буга чейин кайсыл жерге гастролго барбасын примадонна эл катары ресторандарга барып тамактанбай, өз бөлмөсүнө тамак алдырып келсе, эми мындан ары эт аралашкан тамак жегенден баш тартты. Кайсыл жерге барбасын тейлегендерге дароо эле эти жок тамак алып келгиле деген талап коёт. Ичкиликке да Пугачева өтө кылдат мамиле жасаганды өздөштүрдү. Мындан ары ак винонун акыркы сортунан гана ичээрин кесиптештерине жар салып жарыялаган. Өзү эле көп нерселерден баш тартып тим болбостон, Максим Галкинге да эт жегенге тыюу салган. Мындан кийин эки түгөй жалаң эле деңиз азыктары менен тамактанмай болушту.

Николай Басков үйлөнөбү?
Жакында эле Жаңы толкун сынагында Николай Басков жаңы турмуш кураарын билдирген. Ырчынын бул сөзүн кээси чын кабыл алса, анын сырын жакшы билген достору тамаша катары эле түшүнүшүптүр. Анткен менен сахнага жетелеп чыккан Оксана Фёдорова менен көптөн бери жылуу мамиледе жүргөнү көпчүлүк үчүн сыр деле эмес. Оксананын азыр немис улутундагы күйөөсү бар. Бирок экөөнү паспортундагы мөөр эле бириктирип турбаса экөө бир жылдан бери чогуу жашабайт. "Балким, чын эле жакын арада эки жаш баш кошуп, түтүн булатышы мүмкүн" дешет Николайдын жакын достору.

Хулио Иглесиас кайрадан Москвада
Испаниялык ырчы Хулио Иглесиас кайрадан Москвада концерт коёт. Бир жыл мурда ушул мамлекеттен шоу-программасын баштап, андан кийин гана башка өлкөлөрдү кыдырып чыккан. Хулио Иглесиастын билдирүүсүнө караганда, Москва ырчы үчүн ак жолтой шаар. Ушул жылдын сентябрь айынын ортосунда боло турган концертте испаниялык ырчы жок дегенде эле он башка тилдерде чыгармаларын аткарат. Андан кийин салт боюнча башка мамлекеттерге концерт коюп жөнөйт. "Эмне себептен концертиңизди ушул шаардан баштадыңыз?" деген журналисттердин суроосуна ырчы: "Мени россиялыктар гана жылуу маанайда кабыл алышкан" деген жоопту кайтарды.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??