Окумал

Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
Мектепти аяктап келишип чоң окуу жайларды сүзгүлөгөн абитуриенттердин учуру, азыр. Айылдын салкын абасына көнүшкөн немелер шаардын мээ кайнаткан аптабына чыдай алышпай, ахалашат. Жүздөрү албырып, өздөрү, көздөрү да чарчаңкы. Кымгуут түшүп, күнү-түнү кыймылы тыйылбаган борбор бир чети кызыктырып, өзүнө тартса, кайра туруп, кол шилтеп, бышкан сүт менен чөп жыттанган айылга кетип калгылары келет.
Ыйман да апасынын өткөн базарда саан уйун сатып, чөнтөгүнө салып берген акчасын уучтай кармап, көтөрүнчөгүн көтөрүп таякесинин үйүнө түштү.
Ыйман эс тартканы апасынын биртууган иниси үй-бүлөсү менен айылга үзбөй барып, баглан козунун этин жеп, бээнин сүтүн ичип, кетээринде:
- Эжеке, уулуң он бирди аяктары менен мага жибер. Уул-кызымдан кем көрбөй окутуп алам, - дээр эле. Андайда апасы байкуш жетине албай, берерге ашын, айтарга сөзүн таппай калдастап, кубанычтан көзүнө жаш алат эле. Анан кантсин, жалгыз уулунун келечегине санааркап жүрсө, минтип өз иниси кам көрүп жатса... Анда Ыйман алтынчы класста эле окучу.
Жыл сайын кышкысын үзбөй согумдун этин, каймак-майын, мүшөк-мүшөк картошка, унун каттагандардан салып жиберчү. "Шаарда баары сатык, аз күн болсо да, акчаларына үнөм болсун" деп.
Жылдар жылып өтүп, мына эми кытайдын чаар баштыгына толтура салынган тамак-ашын көтөрүнүп, тердеп-тепчип кирип келген Ыйманды таажеңеси жадырап-жайнап кабыл алды.
Кечинде беш бармак даяр болуп, таякеси ишинен келип калды.
- Ии, баатыр, келип калдыңбы? Кечээ эле мектепке киргендей болдуң эле, убакыттын учканын карачы! Кандай анан, аттестатыңды көргөзчү? - деди баштагыдай барпалаңдап Ыймандын чачтарынан уйпалап эркелетпей, өзүн токтоо кармап, - аа, бааларың жакшы эмес го, эми багажың кандай болду экен? Каякка тапшырып, ким болсом деген оюң бар?
Нымшыган алаканын ушалаган Ыйман башын жерге сала, тартынгандай үн катты:
- Билбейм?.. Апам бара көр, таякең өзү иштеген жерде эле окутса керек. Айылда да тиш доктур жок, балким, ошол жагында окуурсуң деди.
- Ха-ха! Апаң да кыйын, ошентип айтты де?! Медакадемияда окуш кандай оор экенин билесиңби? Республикалык тесттен да баллың төмөн экен.
Эми контрактка гана өтүшүң мүмкүн. Апаң экөөң акчасын төлөй аласыңарбы, канча алып келдиң? - дегенде чөнтөгүнөн алып чыгып, уйдун акчасын сунду.
- Апам мунун ичинен бир сотка алып, бир сыйра кийинип ал деген.
Таякеси укпагандай өз бөлмөсүнө кирип кетти.
- Ыйманчик, Султандын жанына тигил бөлмөгө төшөк салып койдум. Душта ысык суу бар, жуунуп жат, ээ? Жолдон чаңдап, тердедиң да, сергип да каласың, - деген таажеңесинин сөзүн угуп тура жөнөдү.
Баары эртеси башталды...
- Душтун полунун баары суу, жуунгандан кийин кургактап жууп койсоң болмок?! - деди таежеңеси кабагын чытый.
- Ап-па! Менин сүлгүм менен сүртүнүп салыптыр. Өзүнө башка бербейт белеңер? - таекесинин кызы Гүлбурак кыйкырынып калды.
- Эмне үчүн менин жаныма жатат?! Коңурук тартып, тишин кычыратып, мен түнү бою уктай албай чыктым. Анан тээтиги ботасын ыргытып келсинчи, шыбоосунун жытынан башым ооруп чыкты, - деди уулу дагы.
- Ой, түшкө чейин уктабай, эрте туруп эшик-тегеректи тазалашып, китеп оку! - деди таякеси корсулдап.
Күндө эле ушул сыяктуу сөздөр кайталана берди. Каймак-майы да түгөндүбү, таажеңеси кимдир бирөөнө "...нанды да көп жейт экен. Эртең менен эле эки нан сатып келдим эле, түшкө жетпей калды. Минтип отурса..." деп күңкүлдөгөнүн кулагы эшитип калды. Айылдан чоң ичип-жеп, ээн эркин басып-туруп калган жаны чүнчүп кетти. Ал аз келгенсип, үч жыл сүйүшүп, сүйлөшүп жүрчү классташ кызы андан качып калгандай. Телефондон кыска-кыска жооп берип, эжем "оку" деп урушуп жатат деп, койгончо шашат. "Жаным!" деген сөзүн уга албай, жабыкты. Жаш кыздын жаш жүрөгү башка жигит деп кагып, Ыймандан качып калганын кайдан билсин.
Чечүүчү күнү түнү бою уктабай, бутун муздак сууга салып китеп окуп чыкты. Ою ордунда эмес болуп, эч нерсе деле түшүнгөн жок. Экзаменди деле кантип тапшырганын түшүнбөй калды.
Таякеси кечинде кызуу болуп күпүлдөп келди.
- Ыйман, эми ушундай болуп калды. Экзаменден да өтпөй калдың. Эми сени күнөөлөгөндө эмне?! Апаңа жакшы эле айткам, азыр баарын акча чечет деп. Бир уй эмне болмок эле? Азыр бекер оокат кайда? Өзүң деле көрүп түшүнгүдөй болуп калдың го. Эмдиги жылы, буюрса, аракет кылалы, - деп бөлмөсүнө кирип кетти. Үмүтү чорт үзүлдү.
Ала-Тоо аянтындагы фонтандын жанынан классташтары менен чогулуп түшкөн сүрөттү чөнтөгүнө салып, алтын апалап айылга сапар тартты.
"Эжемди жалгыз калтырып, окуп эмнени кыйратмак эле?! Жыл сайын контрагын, кийип-ичкенин кантип табасың?! Эртең эле уулуң бүтөт, аны окутушуң керек. Буракка машина сатып берем дегенсиң?.. Алыбек алына жараша дегендей айылга эле кетир. Биздикине кошуп, бирин-серин малын багып, оокатын өткөрсүн" деп күндө күйөөсүнүн кулагына кумдай куюп, бежиреген таажеңеси тагдырын чечип койгонун билбей кетти.
Аздек Намазбекова