п»ї

  Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Аялы менен күйөөсү сүйлөшүп жатышат.
Аялы: - Жаным, эмнеге кирпигиң мынча узун?
Күйөөсү: - Кичинемде көп ыйлачумун, - дейт.
Анда аялы: - Андан көрө көбүрөөк сийсең болмок экен - дептир.

Күйөөсү жумуштан келсе, аялы китеп окуп отурат. Күйөөсү:
- Тобоо, дагы эле романың мененсиңби? - десе;
- Роман, чыга бер, баарыбир билип калыптыр, - дейт аялы.

- Бердибек, эмне себептен бүгүн сен абдан кубанычтасың?
- Сүйлөшкөн кызым таштап кетти.
- Опей, андай болсо кайгырышың керек го?!
- Анда кайгырганымды көргүң келсе, ме, кызым менен түшкөн сүрөтүмдү көр.

"Манастан" берген мугалим:
- Манастын 1000 жылдык мааракесинде ким эң чоң калпак кийген? - дейт.
Эч ким билбейт...
Анда мугалим:
- Ошону да билбейсиңерби, башы чоң киши кийген да, - деген экен.

- Сен качантан бери чегип калгансың?
- Бээнин сүтүн ичем деп эс алууга кеткен эрим айткан күнүнөн эрте келип, пепельницадан тамекинин калдыгын таап алган күндөн бери...

Эки курдаш сүйлөшүп отурат:
- Кечээ кечинде үйдө жалгыз отурсам, эшик чырылдайт. Ача салсам бир чоочун эркек кирип келип:
- Күйөөң үйдөбү? - деди.
Мен:
- Күйөм үйдө жок, - десем, ай-буйга карабай, диванга сүйрөп, аймалап кирсе мен ээрип-эзилип, өзүмдү жоготуп коюпмун. Ал болсо өз ишин кылып алып кетип калды.
Мен: "менин күйөөмдөн буга эмне керек?" деп ойлонуп калдым. Кызык...

Кыргыз Максим Галкиндин "Ким миллионер болгусу келет" телеберүүсүнө барыптыр. Биринчи суроосунда эле: -мен досума чалайын,-дейт.
Максим макул болот. Тиги байке досуна чалып сурайт:
- Эй досум, эмне кылайын суроо оор, залдын жардамын алайынбы, же 50/50, же акча деп көрөйүнбү?.. - деген экен.

Үчүнчү класстын окуучуларына мугалим сабак өтүп жатат:
- Балдар, айткылачы, учурдагы кризисте кандай сарамжалдуулук кылып жатасыңар?
Айша айтат:
- Биз мурда кесилген нанды ыргытып, же итке берчүбүз, азыр болсо андан сухарик жасап жатабыз.
Үкөн:
- Биз тишибизди күнүнө бир жолу гана жууп калдык.
Акмат:
- Биз апамды кууп жибердик...

- Эмне кайгылуусуң?
- Уулдуу болдум...
- Жакшы болгон турбайбы, жакшы да...
- Жакшысы го - жакшы, аялым билип калбадыбы...

Бир киши төлгөчүгө келет. Ал анын алаканын карап:
- Ий, ботом, аялың эки күндөн кийин өлөт экен!
- Билем-билем, мен камалбайт бекем?

Жигит кыздын колун кармагылап жылытат. Бир саат өтөт, эки саат өтөт...
Кыз:
- Качан сенин оозуң үшүйт?

Мугалим окуучусуна:
- Окуучу мектепке эмнеге келет? - дейт.
Окуучусу:
- Мектепке окуучу барбаса, мектеп окуучуга келмек беле?

Аял аптекага келип, цианистик калий сурайт.
- Бул уу дарынын сизге эмне кереги бар?
- Күйөөмдү уу берип, өлтүрүп салгым келип жатат. Ал мени башка аялга алмаштырып жатыптыр.
- Кечиресиз, бирок, рецеби жок мен сизге бул дарыны сата албайм.
Бышактаган аял сумкасынан бир сүрөт көтөрүп чыгып, дарыгерге сунуп:
- Мени ушундай түрү суук аялга алмаштырып жатса кантип чыдап тура алам?.
Сүрөттөн өз аялын тааныган дарыгер:
- Аа, мындай рецебиңиз бар болсо, анда алсаңыз болот.

Керим үйүнө жакыныраак жердеги кудукка барса, суу токтоп калыптыр. Ал айылдын аягындагы кудукка барып суу алып келатса, үйүнүн жанындагы кудуктун жанында чакаларын коюп-коюп, кыздар ойноп жатышкан болот. Жини келген Керим:
- Ой, мен кеткенде суунун агып калганын кара! - дейт да, алып келаткан суусун төгүп салып, үйүнүн жанындагы кудукка барат. Көрсө, кыздар бош чакаларын коюп, ойноп жаткан экен да. Суусун төгүп салганына Керимдин кыжыры абдан келет.

Аялы телевизор көрүп жатып күйөөсүнө айтат:
- Журналисnтер көрө билип, айта албаган сабатсыздар!
- А эмне болду?
- Алар атактуулардын өлөөрүнөн кабар берет да, төрөлүп жатканынан кабар бербейт.

Кошунасына Чопа:
- Мен сизден кечирим сурайм, силердин помидоруңарга менин тоогум кирип кетиптир.
- Кабатырланбай эле коюңуз, кошунам, сиздин тоогуңузду менин итим жеп алыптыр.
- Эми, эч капачылык жок турбайбы, мен сиздин итиңизди машина менен сүзүп алсам, өлүп калды.

Беш жаштагы Асан апасынан сурайт:
- Апа, кантип пайда болгом?
- Биз сени капустанын арасынан таап алганбыз.
- А карындашымчы?
- Аны гүлдөрдүн арасынан тапканбыз.
Эртеси күнү Асан апасы менен атасынын бөлмөсүнө кирип, кызыктын так үстүнөн чыгып айтат:
- Бакча тиричилигин кылып жатасыңарбы?

- Ден соолук үчүн даамдуу тамак жана жаратылышка чыгып эс алуудан тышкары дагы эмне пайдалуу?
- ???
- Ой, түшүнбөгөн эмнеси бар, аялың экөөң жумасына эки-үч жолу эмне кыласыңар?
- Эмне кылмак элек, урушабыз. Эки-үч жолу эмес көп эле...

- Сени Акмат менен жүрбөй калды деп уктум?..
- Гинеколог врачым аны менен жүргөнгө тыюу салып жатат...
- Сенин жеке жашооң менен врачыңдын иши канча?
- Акматтын аялы болуп жатса иши бар да.





Кытыгулдун жоруктарынан
Эшектин чатына
отуруу
Кытыгул эшегине минип, жолдо келе жатса, артынан катуу дүбүрт угулат. Кылчайып карап, бир топ каракчылар келе жатканын көрөт. Кытыгул коркуп кетип эшегинин чатына отура калат.
Каракчылар: - Сен эмне кылып отурасың? - дейт.
Кытыгул: - Энем тоого кеткен, мен эмчек эмип отурам, - дейт.
Каракчылар: - Бул эркек эшек турбайбы, эмнесин эмип отурасың?
Кытыгул: - Бука болсун, теке болсун, сүтү болсо болду да, - дептир.

Өзүм өлүп калмак экенмин
Бир күнү караңгыда Кытыгул тышка чыкса, көйнөкчөн бирөө желбиреп келетат дейт. Шашып үйүнө кирип, мылтыгын алып чыгып, мээлеп туруп атып жиберет. Аялы жүгүрүп чыгып караса, Кытыгул өзүнүн жайылып турган көйнөгүн теше атып салыптыр.
- Ой, Кытыгул, сен жинди болгонсуңбу?! Бул сенин көйнөгүң эмеспи, - десе, Кытыгул:
- Оо, кудайга шүгүр, мен ичинде болбогонума. Өлүп калмак экенмин, ээ? - деп жакасын кармаптыр.
Кытыгулдан акыл
суроо
Бир адамдын көзү ооруп кыйноо тартат. Кытыгулга келип:
- Көзүм ооруп кыйналып кеттим. Кандай акыл айтасың?- дейт. Анда Кытыгул:
- Менин тишим ооруганда жулдуруп салып кутулгам эле. Сен ошол оору-ган көзүңдү чукутуп салсаң, азаптан кутуласың - деген экен.

x x x
Акмат Кытыгулга түнкү үчтө конгуроо кылат:
- Алло-о-о?
- Сен келесосуң!
- Ким айтты?
- Баары айтып жатат.
Эшекке ишенип, мага ишенбейсиңби?
Кытыгулга кошунасы:
- Эшегиңиздин күчүн бир күнгө берип туруңузчу?! - дейт.
Кытыгул бергиси келбей:
- Эшегим үйдө жок эле...
Аңгыча сарайдан эшеги аңкылдап калат. Аны уккан кошунасы:
- Ээ-ээ, Кытыке, эшегиңиз үйдө турбайбы? - десе, Кыткебиз:
- Э, кошуна, мен дардай сакалым менен айтып жатсам, мага ишенбей, ошол аңкылдаган эшекке ишенип жатасыңбы? - деген тура.

Айзада Жыргалбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??