п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-77-001. Саламатсызбы, ОП-76-178 абоненти, сизге терең ыраазычылык билдирем. Мени менен байланышыңыз. Номерим - 0553456778. Урматым менен Айзирек.
ОП-77-002. Салам, "Обон" гезити! Биз дайыма силерди жана "Обондо" иштеген кыздарды сүйөбүз. Силерге ийгилик, ден-соолук каалайбыз. Урматым менен Таха.
ОП-77-003. "Обон" гезитинин супер смсчиси Билал козу, намазыңыз кабыл болсун. Сизге узун өмүр, бекем ден соолук, чексиз бакыт каалайм. Кыргыз элинин эң ыймандуу, эң акылдуу жигиттеринин бири бол. Амангүл.
ОП-77-004. Тараздагы Амантурга салам жолдоп, иштерине ийгилик каалайм. Эски тентек таанышың
ОП-77-005. Урматтуу Салтанат, сени жактырып жүргөн бир жигит бар, аты - Сопе. Жүрөгүн кыйнаба. Бир шанс бер, мүмкүн, сенин бактың Сопе менен жаркыраар. Ойлон. Амангүл.
ОП-77-006. Тараздагы Аман досума салют. Э, жигарим, эмне, дапарт болуп кеттиңби? Смс жазып койсоң. Шымкенттен Э.Дима.
ОП-77-007. Сулуу экен жамалың,/ Эсимден кетпейт карааның./ Жылмайып тургун ар дайым,/ Бар болгун, Замир ардагым! Сени ийгилик, бакыт коштосун. Каныкейка.
ОП-77-008. Өзгөн районунун Көлдүк айылындагы Ничкеге салам. Астанадан
ОП-77-009. Апакем Ахмедова Норинисо Журабаевнага салам жолдойм. Апаке, сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Дайыма аман болуп, ден соолукта жүрө бериңиз. Кызыңыз Наргиза.
ОП-77-010. Жардам сурайм, мага дудуктарды окутуу курсу керек. Окугум келет. 05510052ХХ.
ОП-77-011. Бүгүнкү Бакиев башында турган кыргыз бийлиги руханий-нравалык, саясый-моралдык жагынан айыкпас илдетке чалдыккан "оорукчан" бийлик. Демек, аны тезирээк алмаштырыш керек. Кочкордон Бек.
ОП-77-012. Сүйүктүү ырчыларым Мирбек Атабеков жана Ильяз Андашка дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Меришка.
ОП-77-013. "Манас FMдин" ди-джейи Айбекке ысык салам. Ар дайым ишиңди ийгилик коштосун. Мадина.
ОП-77-014. Кыргызстандагы туугандарыма салам. Артур.
ОП-77-015. Нургазы, дайының жок болуп кетти го? Группалашың Алик.
ОП-77-016. Сыймык, Абылайхан, келечекте жакшы жигиттерден болгула. Алматыдан Алик.
ОП-77-017. Кыргызымды, Кыргызстанымды абдан сагындым. Эл-журт тынчпы, аманбы? 0791379210ХХ.
ОП-77-018. "Болашакта" иштеген курбуларыма ысык салам. Соодаңар болсун. 0770258080ХХ.
ОП-77-019. Мая, оштук балдар эркек, ошону билип жүр. Оштук эркек.
ОП-77-020. Алматыдагы "Кулагер" 2-катарындагы 3-складдын сатуучусу Элмира, ошончо кыргыздын арасында туруп кыргызча сүйлөңүз. Патриот Бакыт.
ОП-77-021. "Самал" базарында иштеген апам Жибек, атам Абдисаламга салам жолдойм. Эч качан оорубай, биздин маңдайыбызда бар болуңуздар. Кызыңыздар Гүлбурак.
ОП-77-022. Сагынып, сагынычтын сазына баттым. Достор, эмне дайыныңар жок?
ОП-77-023. Бишкектин ЖОЖдорунун бирине өткөн агам Эрланга салам жолдойм. Келечекте жакшы кесиптин ээси болушун каалап, Шымкенттен карындашы Гүлбурак, Баян.
ОП-77-024. Мени сүйгөн жигит, сен кимсиң? Атыңды жазып койбойсуңбу? Жакуля.
ОП-77-025. Досум Муха, аяшым Нураида, бактылуу болгула. Муктар дос, сөзүңө тур. 0770228952.
ОП-77-026. Наргиза, алтышка, аман бол. Кудай сага ден соолук берсин, эч качан ооруба.
ОП-77-027. Сүйүктүү ырчым Ильяз Андашты 30-июль келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Бактылуу болуңуз. Меришка.
ОП-77-028. "Обон" гезитине жана Мирбек Атабековго чоң салам жолдойм. Мен сиздерди чексиз сүйөм. Курманжан.
ОП-77-029. Омарчик, сенин үнүңдү сүйөм. Бар бол. 07737069ХХ.
ОП-77-030. "Болашакта" 8-катарда иштеген Мелис акама салам. "Обонду" калтырбай окуп жатасызбы? Соодаңыз болсун. Балаңызды өөп коюңуз. Жеңемди капа кылбаңыз. Кошуна карындашыңыз Арзыгүл.
ОП-77-031. Бася Э., Такуша Э., Бурма Э., Уларкан Э., Миржан Э., Кайыр Э., Кынат Э, Айгөлөккө салам жолдойм. Жумурткаңар дүң-дүңү менен сатыла берсин.
ОП-77-032. Сүйгөнүм Каныбекке салам жолдойм. Каныбек, сизди түбөлүккө сүйөм. 05510013ХХ.
ОП-77-033. Жандай көргөн сүйүктүү адамым Султан Садыралиевге сагынычтуу салам жолдойм. Билесизби, сиздин ички дүйнөңүздү баалап, терең урматтайм. Сизге Аллахым ыраазы болуп, бардык жамандыктардан сактасын. Сизди терең урматтап, сыйлап, ырларыңыздан ырахат алып келген Б.92.
ОП-77-034. Менин саламым сүйүктүү эжелерим Акпеша жана Ангел Асемге жолдонот. Мен силерди сагындым. Сиңдиңер.
ОП-77-035. Бексултан, сага болгон сүйүүм жаңы ачылган гүлдөй эле. Бирок, эмнегедир акыркы күндөрү сүйүүм да, гүлүм да соолуп бараткансыйт. Сенин беш тамгадан турган сөзүңө, көп караган көзүңө абдан зармын. Сени сүйгөн бир кыз.
ОП-77-036. Ырчы Эрлан Андашев, сага чың ден соолук каалайм. Бар бол. Талантыңа таазим. Сенин ырларыңды сүйүп угам. Париж.
ОП-77-037. Эрмек, сахна менен бир кезде татыктуу коштошууга эркиң жетеби? Нурзат.
ОП-77-038. "Обондун" супер смсчилерине, оштуктарга жана Наримандагы досум Абдуллаева Аидага чо-оң салам. Мен сени сагындым, дос. Кыздар, балдар, келгиле, достошобуз. Айпери.
ОП-77-039. Бардык кыргызстандыктарга салам. Чоң чарыктар, чалгыла. 07723093ХХ.
ОП-77-040. Алматыга салам. Ишиңерге ийгилик. "Болашактын" 8-катарында иштеген Амангүл, эмне, сенин кылаарга ишиң жокпу? "Обондун" почта бетинин баары эле Амангүл болуп кетти го. Болор-болбос сөздөрүңдү "Обонго" жаза бербечи. Күндө көргөн кошуналарыңа ошол жерден эле салам жолдоп кой да. +777796371ХХ.
ОП-77-041. Кыргыздын бардык кыздарына салам. Мен силерди чексиз сүйөм. Астанадан KG.
ОП-77-042. "Болашак" базарында иштеп жаткан бардык мусулмандарга салам жолдоп, иштерине ийгилик каалайм. Арзыгүл.
ОП-77-043. Самат дос, кара далы болуп бүттүң го. Тезирээк үйлөнбөйсүңбү?! Досторуң.
ОП-77-044. "Болашактын" 8-катарындагы узун Канат, көрүнгөн адамдан ар нерсе сурап жебей өзүң алып жесең. Жаныңда тургандар.
ОП-77-045. "Болашактын" 12-катарында отурган Жаңыл, эмнеге менден качасың? Же телефонго жооп бербейсиң. Жок дегенде смске жооп жазып коюңузчу?! Сиз деп жүргөн бир жигит.
ОП-77-046. Менин сүйүктүү кумирим Дайыр Исмадияровго салам жолдойм.
ОП-77-047. Салам "Обондун" супер смсчилери, сиздер менен таанышкым келет. Элмира.
ОП-77-048. Саламатсызбы! ОП-76-144 абоненти, Сизге чын жүрөгүмдөн көөдөнүмдө болгон кеңешимди берейин: Сиз үй-бүлөлүүмүн дегениңизге караганда балдарыңыз бар чыгар. Эгер ушундай болсо, сиз убагында сүйүп алган жарыңызды, жүрөгүндө кири жок, дити таза балдарыңызды таштап кетиш аябай кечирилгис күнөө го?! Бирок "сүйүп калдым" дегениңиз тагдырдын сыноосу болуш керек. Ток этер жерин айтсам, үй-бүлөңүздү таштабаңыз. Бул менин гана оюм. Эң башкысы, жүрөгүңүз менен кеңешиңиз. Бегимай92.
ОП-77-049. Алматыда иштеген досторум Урмат, Атай, Султан, Алмазга чоң салам. Ишиңерге ийгилик каалап Түгел.
ОП-77-050. Таран-Базар айылынын тургундары апаларым Айнагүл менен Эркайымга сагынычтуу салам жолдоп, Алматыдан кыздары Гүлзира, Үпөл.
ОП-77-051. Эмир, мен сени сүйөм. Айгерим.
ОП-77-052. Тараздагы Амантурга салам жолдоп, иштерине ийгилик каалайм. Эски тентек таанышың.
ОП-77-053. Ааламдагы ыйык нерселердин бири - апаларыбыздын ыйык экенин, бейиш таманынын астында экенин эске алып, жүрөккө бек сактап жүрөлүчү?!. Бегимай92.
ОП-77-054. Айдин Шер тууралуу көп жазыңыздарчы?! Шайыр.
ОП-77-055. Кыйналгым келбейт сен деп,/ Жүрөгүмдү берем деп./ Айла канча не кылам,/ Жоксуң азыр жанымда./ Сыздагандан пайда жок,/ Азап тартып калам да./ Андан көрө Аллахтан,/ Үмүт үзбөй турайын./ Бешенеге жазылган,/ Сендик болуп калайын./ Ага дайым жалбарып,/ Амандыгын сурайын./ Билсең болду жан эркем,/ Бир кыз сен деп жашаарын. 05549247ХХ.
ОП-77-056. Эпкин айылындагы Акун Садырбаев мектебинин мугалимдери супер! Бар болуп, бактылуу жашаңыздар! Күйөөгө тие электер эртерээк күйөөгө тийиңиздер. (Тамаша.) Окуучулар.
ОП-77-057. Эпкиндин супер сулуулары Мыся, Мика, Айя, Эля, Мека, сүйгөнүңөргө сөзсүз жетип, бактылуу болгула. Мэрика.
ОП-77-058. Мирбек Атабеков, сиздей супер адам жок го бул дүйнөдө, бар болуңуз! Ийгилик сизге! Мэрика.
ОП-77-059. Менин сүйүктүү, сүйкүмдүү ырчым Ильяз Абдыразаков, сага ийгилик! Жүзүңдөн меникиндей жылмаюулар эч качан кетпесин! Мэрика.
ОП-77-060. Жумгал районунун Эпкин айылындагы Акун Садырбаев мектебинде 9-классты ийгиликтүү бүтүргөн окуучуларга салам. Бар болгула, бактылуу болгула. Эпкин сыймыктана турган инсандардан болгула! Мэрика.
ОП-77-061. Сүйүүмдү сага айта албай кыйналамын,/ Айтчы жаным, неге мынча азаптадың./ Сени канткенде унутам? Канткенде азаптардан кутулам?/ Сенин ар бир сөзүң жүрөгүмдө таза бойдон сакталуу,/ Сени сүйүп калганымды аттиң, кеч түшүндүм,/ Жаш жүрөгүм жараланып, кансырайт. Мунун баарына жалгыз өзүм күнөөлүүмүн. Мени кечир, берекем. Билем, азыр сен алыстасың. Оюң ишке ашкан соң мага кайрыласың деген үмүттө жашап келем. Талант, сени дайыма күтүп, сүйүп жашайм, менин тун сүйүүм. Сенин бир кездеги өзгөндүк Айбинуруң.
ОП-77-062. Менин саламым сүйүктүү ырчым жана жакшы көргөн адамым Даниэлге жолдонот. Даниэл, мен сизди сүйөм жана дагы сүйөм... Даниэль+Алина=345. Фанаткаңыз Алина.
ОП-77-063. Саламым иним Ботобаев Баяманга жолдонот. Келе жаткан 28-август туулган күнү менен куттуктайм. Сага бекем ден соолук, узак өмүр, ишиңе ийгилик каалайм. Чымкенттен эжең Айнура.
ОП-77-064. Туура айтасың, Бегимай92, чынында эле кыздарыбыздан ыйман кетип, жарым жылаңач кийинип калышпадыбы?! Мындай көрүнүш чындыгында жигиттерге деле жакпайт, туурабы? Себеби алар деле убактылуу көңүл ачканы менен кыялында - ыймандуу, акыл-эстүү, сылык, жаман адаттан алыс кыздар менен туруктуу мамиле түзгүсү келет. Балык башынан сасыйт болуп, азыр минтип жүргөнүбүз менен кийин оңолуп кете алабызбы, достор? Ошондуктан азыртан шариятка баш ийип, уяттуу жерлерибизди жаап, адал жүрсөк, бизге Алла да ыраазы болмок. Ойлон, кыргызым, утурумдук жашоону эмес, акыретти ойлон! Иншаллах, ыймандуулар көп болуп, өлкөбүз тынч, журтубуз аман болсун!
ОП-77-065. Алай районуна караштуу Ташкороо айылынын тургундары атам Абдашимге, апам Ыкыбалга салам жолдойм. Ата, апа, ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпесин. Эч качан оорубаңыздар. Сиздерди сагынып, Чымкенттен кызыңар Элнура.
ОП-77-066. 7-катарда иштеген Гүлгаакы, жаша балдар менен кайым айтышпай, өзүңө түгөй таппайсыңбы, кара далы болуп катып калдың го?! Алматыдан А...
ОП-77-067. Саламым "Обондун" активдүү смсчиси Гуля88ге жолдонот. Сиздин айткан ар бир адал сөзүңүздү, дүйнөгө болгон көз карашыңызды, дегеле, жазган ар бир билдирүүңүздү терең сыйлап, урматтайм. Ылайым сиздей жүрөгү таза, ниети ак, ыймандуу, күйүмдүү жандар көбөйө берсин. Сизге үй-бүлөлүк бакыт, ырыс-кешиги мол жашоо каалайм. Тапканыңыз менен бактылуу болуңуз. Бактыгүл92.
ОП-77-068. Талант, каяктасың? Сагындым сени. Өмүрүмдө таза, ак сүйүүм сага гана арналат. Сенден башка эч кимди көрө албадым, сүйө албадым. Издейм сени, күтөм сени жалгызым. Ай.
ОП-77-069. Алматыда иштегендерге салют! Соодаңар болсун. Нурзатка92.
ОП-77-070. София Ротару жөнүндө кененирээк маалымат берип коёсуздарбы, сураныч. Кан-Шай.
ОП-77-071. Тимур, даватка чыгып, ыйманга ийилгениңе ак жол. Гуля.
ОП-77-072. Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков, Омар супер ырчылар, ээ?
ОП-77-073. Бир тууганым, кеч боло электе намаз оку, арамдан тайыл. Арам нерседе бизге чоң зыян бар. Өзгөндөн Умар.
ОП-77-074. Оорулуу адамды караш канчалык кыйын, туурабы? Мен 6-класстан ушул убакка чейин таенемди карап келем. Мына, 11-класс болдум. Кээде урушуп жиберем. Ал болсо бакырат, карганат... Жаткан абалын көрүп кайра боорум ооруйт. Айка93.
ОП-77-075. Эрмек, эгерде алтын балык кармап алсаң өзүңө эмне сурайсың? 077040ХХ48.
ОП-77-076. Досторум Айдеми, Мемо, Батина, Саматик, Билал козу, Айгөлөк, Кан-Шай, Макуся, Ангел Асем, Эма Гузел, Күлкүчү Гүлбарчынга чоң салам. Сагынычта Жака-Жазгүл.
ОП-77-077. БГМде окуган досум Гапирова Дилбар Абдирашитовнага салам. Айка93.
ОП-77-078. "Обондун" бетин барактап окуп отургандардын баарына салам жолдойм. Ар убак жылмаюу сиздердин көркүңүздөргө көрк кошуп турсун. Сиздерди сыйлап Жака Жазгүл.
ОП-77-079. Менин саламым сүйүктүүм Бекзат байкеге жолдонот. Ар дайым бар болуңуз. Сизди түбөлүккө сүйүүчү эркеңиз Асема.
ОП-77-080. Салам смсчи Таир, сага кең келечек каалайм. Эч качан дилиңде кайгы түнөбөсүн. Турмуштун түйшүгүнө таарынбай, ар дайым демге-дем берүүчү кызыктуу смсиңди жөнөтүүдөн чарчаба. Гузу "гучук".
ОП-77-081. Умар, сени бир өмүр күтүүгө даярмын. Жок дегенде смс жазчы?! Айка93.
ОП-77-082. Айзирек, сени эч качан унутпайм. Сени сүйөм. Рахаел.
ОП-77-083. Оригиналдуу смстердин ээси казак кызы Алмагүл, сага терең ыраазычылык. Бар бол, эч ооруба. Урматым менен Билал козу.
ОП-77-084. "Обон" гезитинин жалпы жамааты, сиздерге биринчиден, ынтымак каалайм. Кыргыз тилиндеги эң мыкты гезиттерден болуңуздар. Айгеримка.
ОП-77-085. Салам, менин жандай көргөн акем З.Мырза, сени аябай сагындым. Сени гүлдөй жигит кылган пендеге миң ирет таазим. Акем жок деп эч качан өкүнгөн эмесмин, сендей акем бар экенине кубанып келем. Каныкейка.
ОП-77-086. Малика, аккуудай болуп кайда сүзүп жүрөсүң? Кабарын бер. Таир.
ОП-77-087. Жараткандын берген нерселерин туура кармап, ыйманыбызды жүрөгүбүзгө бек сактап жүрсөк бизге эч ким, эч качан тийише албайт. Бегимай92.
ОП-77-088. Эрмек, сахна менен үй-бүлөнүн кайсынысын тандайт элең? Айнура.
ОП-77-089. Ангел Асем, Аська, силер Неля эжени абдан жакшы көрөт окшойсуңар. Мен да Назгүл Насиеваны аябай жакшы көрөм, сыйлайм жана кумир тутам. Ал эжеге арналган менин каалоо-тилектерим чексиз. Силерге да ийгилик. 07781079ХХ.
ОП-77-090. Урматтуу Заман, бул дүйнөдө кимдин гана ыйлап жашагысы келсин? Албетте, эч кимдин. Мүмкүн, сенин башыңа бир мүшкүл иш түшкөндүр. Ошонун баарын жеңиш үчүн күлкү керек. Эч качан ыйлаба. Бирок кээде сүйүнгөндө гана ыйлоого уруксат болбосо, жарылып кетесиң. Гузел.
ОП-77-091. Кандай, Алымкул? Качан Бишкекке келесиң? Сени сагындым, жаным. Мээрим.
ОП-77-092. Абдаш-Али, сени супер смсчилердин катарына кошсо болот. Фея.
ОП-77-093. Мезгил өтүп күндөр жаңырса да, жан дүйнөм аны дайым эңсеп келет. Көзүмө далай адамдар көрүнсө да, жүрөгүм дайым сени издей берет. Бегимай92.
ОП-77-094. Дайыр Исмадияровдун "Издеп барам" аттуу ыры кимге жакпай койсун, чиркин! Тим эле жүрөгүм элжиреп-элжиреп, тыбырчылап жиберди. Тез кабыл алып, укканга шашып, кайра-кайра укпасам тура албайм. Ильяз байкенин эмгегин да баса белгилеп кетким келет.
ОП-77-095. Эрмек, сиз бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюп кечирим сурай албай калган күнүңүз болгонбу? Акыркы жолу кимге жакшылык кылгансыз? Арманыңыз эмне? Алина.
ОП-77-096. Тику, Бася, Айнюш, Тему, Нукеш, Айназ, балам Адилетке жана ата-энеме ысык салам жолдойм. Анара.
ОП-77-097. Чинкалай менен Айназко, менин баламды жакшы баккыла. Анаш.
ОП-77-098. "Тамеки чекпеген кыздар менен таанышам" десе, күйбөгөн жерим күл болуп кетет. Айткылачы, туугандар, тамекини ким чегет эле? Болочоктогу мээримдүү эне болуунун ордуна кайдагы сасык немени тим эле модага айлантышты. Тамеки бүтүп, дагы эмне эмнеси чыгат экен? Тобо-оо деп жакамды кармап калдым. Тамчы таамп отуруп көл болуп кетпесин! Бегимай92.
ОП-77-099. Супер ырчы Даниелге салам жолдойм. Даниел, мен сизди жакшы көрөм. Сиз менен баарлашайын дедим эле. Сизди жакшы көргөн күйөрман кызыңыз Алина.
ОП-77-100. Темирлан, Нурболот, жайкы каникулуңар көңүлдүү өтсүн. Каналдагы сууга барбагыла. Мамам менен папама көп-көп жардам бергиле. Анара.
ОП-77-101. "Дордой" базарында орустар, "Жунхай" базарында кытайлар, "Дыйкан" базарында дунгандар, Өзгөндө өзбектер, ал эми "Ош базарында" гана кыргыз туугандар. Калган туугандар каякта дебей эле койсом болот. Себеби, баары талаалап кетишти. Өкмөтүбүз Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрүн кетирип, кыргыз туугандарды алып келип, ушулардын ордуна жумуш менен камсыз кылса болоор эле деп ойлойм. Бегимай92.
ОП-77-102. Айкут эже, мен сизди аябай жакшы көрөм, бирок, сизди менден да катуу сүйгөн бирөө бар. Албетте, ал менин сүйүктүү жездем Нурсултан, туурабы? Капа болбоңуз, бул күндөр да өтөт. Сиңдиңиз Айгээримка.
ОП-77-103. Шоу-бизнестеги Сайкал, Ильяз, Бактыгүл, Даниелди аябай жакшы көрөм жана алар менен достошкум келет. Силерге ийгилик каалайм. Келечектеги досуңар Гули.
ОП-77-104. Назгүл Насиева, мен сизге каалайм гүлдүн сулуулугун, назиктигин, бирок, өмүрүн эмес. Өмүрдүн узунун, кызыгын, бирок, кыскасын эмес.Дегеле, бардык жакшылыктарды. Ар дайым жүзүңүздөн тунук күлкү кетпесин. Бакыт менен ден соолук сиздин досуңуз болсун. Асмандай ачык, Айдай жарык болуп жүрүңүз. Чыгармачылык ишиңизге ийгилик каалайм. Меку.
ОП-77-105. Ааламды ким кармап турат? Адамды эмне сактап турат? Адал менен иштеген адамды кайсы карышкырлар жеп тынат? Бегимай 92.
ОП-77-106. Баарын кечтим сен үчүн бул жашоодо,/ Күрөшөмүн билип жүр сүйүүм үчүн./ Көрүнөсүң, кетпейсиң карегимден,/ Издеп жүрөм кайда болбо, эсен жүргүн. Бека.
ОП-77-107. Алтышкам, ардагым Нургүл, алыстасың, Алматыдасың. Качан келесиң, сени сагындым го? Нургазы.
ОП-77-108. "Белес" радиосундагы Бегимай Дастанова жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы?! Бека.
ОП-77-109. Сагынычка камалып мен сени деп,/ Жүрөгүмдү кыйнап салды эзгилеп. Бека.
ОП-77-110. Таран-Базар айылына чоң салам. Алматыдан Гүлзира, Үпөл.
ОП-77-111. "Болашактын" 7-8-катарында иштеп жаткан Жазгүл, Ева, Альбина, Амангүлгө салам жолдойм. Диляра.
ОП-77-112. "Genis too" фирмасынын жигит тери Бопка, Залкар, силерди туулган күнүңөр менен чын жүрөктөн куттуктайм. Досуңар Болот.
ОП-77-113. Астанада иштеп жаткан досум Дамирге салам жолдойм. Анжела.
ОП-77-114. Алихан, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Сизди сыйлаган, ырларыңызды эргүү менен уккан фанаткаңыз Айгээримка.
ОП-77-115. Жалпы лейлектиктерге салам. Өзгөчө "Кыргызстан Обондорунун" супер угарманына салам айтам. Сени менен ар дайым сыймыктанам. Ди-джей.
ОП-77-116. Гүлчөдөгү атам Арапбай, апам Асылкан, иним Мухамбетке чоң салам. Москвадан Таттыгүл.
ОП-77-117. Насипа, ар дайым бар бол, эч качан ооруба. Ата-энеңди сыйлаган кыздардан болушуңа тилектешмин. 2009-2010-окуу жылын ийгиликтүү аякта. Досуң Д...а.
ОП-77-118. Кара-Кулжа районунун Биймырза айылындагы Божок Бегиев атындагы орто мектебинин 1992-жылкы кыздар-балдарына супер салам. Ар дайым бар болгула. Сырдуу кыз.
ОП-77-119. Талант, бул ыр сага арналат: Жүрөгүмдү дат бастырып басып кеттиң,/ Жүрөгүмдү куйкалатып жанып кеттиң./ Ошол кезде куйкаланып жатканда,/ Суу жеткирип жүрөгүмдү басканда. Жанусь.
ОП-77-120. Шаардагы көп жигитти караймын,/ Арасынан аваз чыкты таппаймын./ Тагдырыма шерик болгон жигитке,/ Түбөлүккө мен өзүмдү арнаймын. Мен сизди чексиз сүйөм. Миргүл.
ОП-77-121. Элиге салам. Гүл.
ОП-77-122. "Обон", силердин жалпы жамаатыңардын иштерине ийгилик каалайм. Силер мыктысыңар! Антошка.
ОП-77-123. Алихан, "Айталбайм" аттуу ырыңыз абдан жакты. Айгээримка.
ОП-77-124. Эрмек Маматов, чыгармачылык ишиңизге ийгилик каалайм. Алтындай болгон үнүңүз эч качан өчпөсүн. Продюсериңиз Назгүл Насиева экөөңүздөрдүн тең талантыңыздар өркүндөй берсин. 07781079ХХ.
ОП-77-125. Талас шаарынын Манас-Ордо айылында жашап жаткан 92-жылкы Талант, мен сени сүйөм. Жанусь.
ОП-77-126. Эрмек, жеке концертиң качан болот? Сахнадан эмнени таптың?
ОП-77-127. Тата Улан, сен патриотсуң. Ишиңе ийгилик. 07723093ХХ.
ОП-77-128. Түндүк-Түштүк деп бөлүнүүгө эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуңар? Жана аны кантип токтотууга болот? Фея, Ажара.
ОП-77-129. Түбөлүк бактылуулук кайда деп ойлойсуңар, урматтуу смсчилер? Фея.
ОП-77-130. Жанусь Роза эже, бул жашоодогу эңсеп сүйгөн адамыңыз Омарга жетишиңизге мен ар дайым тилектешмин. Фея.
ОП-77-131. Супер смсчи эжекелер Жанусь Роза, Гуля88, Айдана Анту, Ангел Асем жана Билал козу, Нурмухаммед, Бакай, Эх Мамбо, Э.Дима, силерге Аллах пенделерине ыйгарган жакшылыктарынан эч куру койбосун. Мүмкүнчүлүгүңүздөр болсо, 0770563214 номерине смс жазышыңыздарды күтөм. Урматым менен Фея.
ОП-77-132. Мен да супер смсчилердин катарын толуктагым келет. Маха.
ОП-77-133. Омардын күйөрманы Наргиза, Омар бир эле сеники эмес да. Аны канчалагын кыздар жакшы көрөөрүн билсең керек, анын арасында Жанусь Роза эже да бар. Баары бир сен андай сүйө албайсың. Бар бол. Вася.
ОП-77-134. Урматтуу жана кымбаттуу Айзирек, кандайсың? Жакшы жүрөсүңбү? Сени сагындым, жаным. Рафаел.
ОП-77-135. Үйдөгү мамам Назгүлгө, папам Маратка, эжем Айдайга, сиңдим Медина, Маликага салам. Ар дайым ден соолукта болгула. Мээрим.
ОП-77-136. Базарда иштеп жаткан Бегимай, Аида, Гуку, Анара, Бурул эжелерге, Азиза, Айсулууга салам жолдойм. Мээрим.
ОП-77-137. Салам супер смсчилер, мен силер менен таанышкым келет. Жаңы кыз.
ОП-77-138. Сүйгүм келет, келет кайра сүйдүргүм,/ Келет кээде сүйүү гүлүн үздүргүм./ Бирок турмуш менден катаал экенсиң,/ Алигече сүйүү бербей күйдүрдүң./ Фея.
ОП-77-139. Салам Х.Наргиза, сен Омардын жүрөгүнүн эси бар экенин билбейт окшойсуң. Омардын талантын сыйлаганың жакшы, бирок, көп эле кыялдана бербечи, макулбу? Ар нерсенин чеги болот. Гузел.
ОП-77-140. Элдияр, сени аябай сагындым. 07727950ХХ.
ОП-77-141. Ильяз Абдыразаков, Омар, Неля, Урмат, Бакуля, Алекс супер! Мен сиздерди жакшы көрөм. А...й.
ОП-77-142. Ыр жазган айып менде эмес,/ Ыйманды акча жеңген кез./ Денесин сатып селкилер,/ Дегдеткен сүйүү өлгөн кез. Эй, мусулмандар, ойлонуп жашайлы. Арзуу90.
ОП-77-143. Мырза-Арык айылынын тургуну алтындай болгон сиңдим Аймира, 26-июль туулган күнүң кут болсун. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз. Эжең Арзуу, жеңең Сагынай, апаң Анара.
ОП-77-144. Амангүл, сени Кыргызстанга конокко чакырам, келесиңби? Маймулум, сагындым. Арзуу90.
ОП-77-145. Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты, сиздерден чоң сураныч: Кой союунун эрежелери жөнүндө жазыңыздарчы. Дегеле, күйөө бала болгондогу кыргыздын бардык милдеттери жөнүндө жазып коюңуздарчы. Айбек, Астана.
ОП-77-146. Баян, сен суперсиң. Оштон Бека.
ОП-77-147. Абайла элим, абайла,/ Даңкыбыз кетти далайга./ Улуттун болуп улуусу,/ Таанылып калдык ааламга./ Ажо болуп Курманбек,/ Бийликти алды колуна./ Биримдикти бекемдеп,/ Түшөлү ыйман жолуна./ Айзирек.
ОП-77-148. Тилек, сабырдуу бол, Аиданы ала качып кетсе, сен аны унутушуң керек. Сага башкасы тургандыр. Классташың Нурлан.
ОП-77-149. Алина, мен сени менен бирге болом. Бирок таарынбачы, мени да түшүнсөң боло, Нурландан сурасаң айтып берет. Даку.
ОП-77-150. Сүйүктүү досторум Айзат, Данияр, силерге тунук сүйүү каалайм, бактылуу болгула. Данияр, Алинаны экинчи таарынтпа. Кечирим сура, кечирет. 07704538ХХ.
ОП-77-151. Сайкал, мен сени гана сүйөм. Тунук92.
ОП-77-152. Ойлойм сени, ойлой берем,/ сенсиз жашоо кызыксыз./ Сагынып мен саргая берем,/ өткөрөм түндү уйкусуз. Алина, мен сени менен бактылуумун. Суусамырга качан келесиң? Даку.
ОП-77-153. Данияр, чөптү эрте чаап бүт. 07704538ХХ.
ОП-77-154. Кыздарга назиктик абдан жарашат,/ Ал назиктикти Ким силерден талашат?/ Сулуу, ыймандуу, түшүнүктүү кыздарды,/ Айткылачы, кимдер гана самашпайт? Тунук92.
ОП-77-155. Акай+Самара, бактылуу кыз-жигиттерден болгула. Сүйүшкөндөрдүн катарын толуктап, ынтымакта жүрө бергиле. Силер супер түгөйлөрсүңөр. Бегимай92.
ОП-77-156. Алина, таарынбачы, Дакуну деле түшүнүш керек да. 07704538ХХ.
ОП-77-157. Нурбек менен Чынарага өчпөс сүйүү каалайм. Тина.
ОП-77-158. Мен супер смсчилер Бактыгүл92, Бегимай92, Билал козуга салам жолдойм. Мен силер менен ДОС болгум келет. 0772238182 номерине смс жазгыла. Асема.
ОП-77-159. "Назик+13Кнын" кыздары Айпери, Мөлмөл, Кенжегүл, Зыягүл, Мираида, Самара, Үмүт, Гүлбурак, Айзат, Аксана, Айжума, Жылдыз, силерге сагынычтуу салам жолдойм. Достор, кыпкызыл роза гүлдөр менден беле-е-ек! БеТа.
ОП-77-160. Эржан, Акыл байкелерге, Бакуляга, Батинага чоң салам. Т.Токи.
ОП-77-161. Ассалом алейкум, мага жакшы кеңешин бере турган дос керек. 05549301ХХ.
ОП-77-162. Аялзатын урматтап, сыйлаган Билал козуга салам айтам. Чопа.
ОП-77-163. Аваз, мен сени сүйөм. Оштон М...
ОП-77-164. Менин эски таанышым Абылкасымов Темир, кайдасыз? Ушул смсти окусаңыз, кабар күтөм. Сизди издеген Чынара.
ОП-77-165. Жалпакташ айылында жашап жаткан атама, апама, бир туугандарым Бактыбек, Айчолпон, Айзирек, Баатырбекке сагынычтуу салам. Бишкектен кызыңар Максат.
ОП-77-166. Айгерим Расул кызы, мен сага ыр жаздым эле, жактыбы? 05510204ХХ.
ОП-77-167. Сүйүү деген терең ойлуу махабат,/ Кыз-жигиттин жүрөгүнө чок салат./ Эки жүрөк издешпестен табышса,/ Ошол болот терең ойлуу махабат. 07770095ХХ.
ОП-77-168. Жаным Бека, мен сени такыр унута албадым. Сүйүүнүн кулу болдум го, жаным. 07702525ХХ.
ОП-77-169. Эрмек, сен менин балама окшоп кетесиң. Жүрөгүм сагынычтан оорулуу болду. Кудай эне-баланы эч качан ажыратпасын. Сага өмүр, бакыт тилеп бактысыз эне.
ОП-77-170. Баястан+Айзат, алыста болсоңор да, жүрөгүңөр эч качан алыстабасын. Бегимай92.
ОП-77-171. Мунарбек+Аксана, Урмат менен Нелядан кийинки бал ширин силерсиңер! Издешпей табышкан жүрөгүңөр эч качан адашпасын! Бегимай92.
ОП-77-172. Булбул сайрайт, боз чымчык жаагын жабат,/ Бак ичинде гүлдөргө ыры жагат./ Эмне үчүн булбул куш, ошол чымчык,/ Сүйүүм күчөп жатканда токтой калат? 07780885ХХ.
ОП-77-173. Кандайсыз, Эрмек байке? Сиз менен баарлашып, жакындан таанышкым келет. Мен сизди аябай жакшы көрөм. Чачыкей.
ОП-77-174. Группалаштарым Кайыпбердиева Зарина, Сулайманов Айбекти издеп келем. Билгендер болсо 0550526281ге чалып айтып коюшун суранам. Кочкор-Ата шаарынан Гүлзат.
ОП-77-175. Жалал-Абаддагы Турсунайга салам жолдойм. Альберт.
ОП-77-176. Мен жаныңда жүргөндөй эртели-кеч,/ Элесиңди унута албай койдум бийкеч./ Жүрөк деген нур сүйүүнү сездиби,/ Эч өтпөдү убакыттын тездиги. М...
ОП-77-177. Сүйгөн жарды эстетип жүрөктөгү жан,/ Мени адаштырып баратат акылымдан./ Оо, сүйгөн кыз көрүшөлү кел бери,/ Жүрөк сени бир көрүүнү дегдеди. Макдин.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??