п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Мергенчинин тамагы

Таш кордону жеген да арманда, жебеген да арманда
Мергенчинин тамагы аталган таш кордону бир жолу жеген адам кайра-кайра тамшанып жээри турган иш. Бул тамакка өзгөчө маани берип, таш кордо сүйүүчү аталган Шаамырза Рахман уулу биз менен маек курду.

Эгерде сиз тамшандырган таш кордону жегиңиз келсе, "Туңгуч" кичи районун чыгыш тарабында жайгашкан "Чоно" кафесине келиңиз.
Дареги: Горький-Ауэзов көчөлөрүнүн кесилиши.
(0555) 001718,
(0773) 636037,
(0312) 449819.

-Шаамырза байке, сизди мергенчинин тамактарын жакшы билет деп уктук эле?
- Мергенчинин тамагын укканда башында башкача ой келет. А өзүн көрүп, даамын татканда шилекейиң куюлат. Бала кезде мергенчинин кара кыймасы, таш кордо деген тамактарын жеп калдык. Мергенчилер аң уулоого чыкканда кара кыйманы бышырышкан. Идиш жокко байланыштуу кийиктин жоон ичегисин таза жууп, этти майда туурап ага майдан, боордон кошуп, туз, көк пияз, чөп-чардан салып, эки жагын байлап коюшкан. Отту жалпак таштын үстүнө жагышкан. Ал күйүп бүткөндөн кийин чоктору ортого түшүп калат. Таштын бети ушунчалык ысып чыккандан кийин чокторду үйлөп салып, даяр болгон этти ысык таштын үстүнө үйүп, үстүнө дагы ысык ташты бастырып, чок менен көмөт. Ал бир сааттан ашык убакытта бышат. Кийиктин этинен жасашкандыктан, даамы укмуш таттуу жана күчтүү болот. Бирок, аны жегенден кийин суусаганды сураба.
- Таш кордону кандай шартта көп жейсиздер?
- Азыр эми илгеркиге караганда аны жакшы, таза бышырышат экен. Бир сааттын ичинде жердин астында оттун чогуна какталып бышкан козунун эти кимге гана жакпасын. Таш кордого атайын башкача отун жагышып, кара жыгач, арчаны колдонушат тура. Анан элестетсеңиз, экологиялык таза отундардын табына бышкан тамактын даамын. Биринчи жолу жеп көргөндө тамшанып кала бергенбиз. Азыр таш кордонун даамын билип алып, классташ, дос балдар, бир туугандар чогула калып жума сайын таш кордо жейбиз деп заказ берип, барып турабыз. Чындыгында мактана турган тамак десек болот. Алыстан келген конокторго өзгөчө кандай тамак берсек экен деп сыйпалап таппай калабыз. Бардыгы эле "дежурный" тамактар болуп, элге жаңылыгы жок. Жакын адамдарыңды чогултуп, "шерине", "чёрный касса" деген сыяктууларды өткөргөндө дароо эле таш кордону сунушташ керек. Анткени, кыргыздардын эң сыйлуу, өзгөчө тамагы. Болгону азыр таш кордону эл жакшы билбей жатат. Менин оюмча, кимде-ким өзгөчө конок сыйлагысы келсе, таш кордого алып келишсе деп сунуштайт элем. Анткени кичинекей эле бир кесимин жесең, анын даамын өмүр бою унутпайсың. Шорпосу да укмуш даамдуу.
Акыл Карачач






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??