п»ї

  Сырмаек

Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"
Блиц-анкета:
Аты-жөнү:
Хасанова Зарина Маратовна
Туулган жылы:
1987-жыл, 5-апрель
Туулган жери:
Бишкек шаары
Жашоодогу урааны:
"Дайым алга"
Сыймыктанганы:
Жетишкен кичинекей ийгиликтери
Өкүнгөнү:
Эч качан эч нерсеге өкүнбөйт
Жакшы көргөн жаныбары:
Жолборс
Жакшы көргөн түсү:
ак, ачык түстөр
Корккону :
жалгыздык


- Зарина, учурда эмне менен алектенип жатасың?
- Азыр ырчылык, алып баруучулук менен алек болуп жүрөм. Репертуарымда жети ырым, үч клибим бар. Ырларым радиолордон, клиптерим телевизордон кетип жатат. Мурда УТРКда Ассоль Молдокматова менен иштешип жүрсөм, азыр ал жумушум да кыскарды. Быйыл Кыргыз-Орус-Славян университетинин эл аралык журналистика факультетин кызыл диплом менен аяктадым.
- Чыгармачылыкта ким жардам берип жатат?
- Экинчи курстан баштап өзүм окуп, иштеп да баштагам. "Лимон" гезитинде иштеп жүргөндө ырчылар менен байланышкан рубрика даярдачумун. Анан белгилүү жылдыздар менен четинен тааныша баштадым. Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамым ушинтип башталган. Эң биринчи жолу ыр жаздырганда апам 500 доллар берген, андан кийин биринин артынан бири уланып кетти. Бир ырымдан түшкөн акчага кийинки ырларымды жаздырып, бир сөз менен айтканда, чыгармачылыктан түшкөн каражатты чыгармачылыкка гана жумшайм. Продюсерим жок, болгон да эмес.
- Чыгармачылыктан тышкары дагы башка жумушта иштейсиңби?
- Окуумду азыр эле бүтпөдүмбү. Эми кесибим менен кошумча жумуш табат окшойм. Көбүнчөсүн алып баруучулук менен жан багам. Өзүм автордук берүү ачсамбы деп ойлонуп жатам. Эртең менен саат тогузда келип кечинде жетиде жумуштан кете турган иштер мен үчүн эмес. Бир орунда тура албайм, дайыма кыймылда болгонду жактырам. Алып баруучулуктун аркасы менен деле жакшы акча тапканга болот. Мисалы, кечелер майрам күндөргө туш келсе - 400 доллардан 600 долларга чейин төлөшөт. Мен эң көп акчаны Жаңы жылдын алдында бир кече алып барып тапкам. Ошондо мага 800 доллар төлөп беришкен. Ал эми ар бир ырга орто эсеп менен 1000 сомдон 300 долларга чейин барган учурлар болот.
- Жеке жашоо кандай?
- Жүрөгүм бош, азыр аны эч ким ээлей элек. Күйөөгө чыкканга эрте. Убактым да аз. Эгерде каалооң болуп турса, албетте, убакыт тапса болот. Эгер мени жигит кызыктыра алса, ага сөзсүз убакыт табам. Сүйүүгө жолуккум келет, убакыт-сааты келбей жатабы, билбейм. Азыр сезимдерим козголо элек. Убагында мектепте окуп жүргөндө башыма сүйүү келген ал сезимдер университетте да уланды. Беш жыл сүйлөшүп жүрдүк. Акыры жолубуз бир эмес экен, ойлонуп көрүп мен үчүн андай адам ылайык эмес экенин түшүндүм.
- Канча бир туугансың?
- Үй-бүлөдө жалгыз кызмын. Тилекке каршы, эжелерим да, агаларым да жок. Мен көп бир тууган болсом деп аябай тиленчүмүн. Атам Марат Хасановдун үч жогорку билими бар, азырынча эч жерде иштебейт. Апам Неля Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта музыкадан сабак берет. Менин ырчы болушума апамдын салымы чоң. Дагы эки мышыгым бар, бирөөсүнүн аты - Белка, экинчисинин аты - Фасолка. Үй-бүлөбүз ушундай кичинекей.
- Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
- Адам болгондон кийин эс алганды да, иштегенди да билиш керек. Мен бош убактым боло калса эле досторум менен жолукканга шашам. Жакында Россиядан Дима деген досум келип, он күн жүрүп кетти. Бир күн да ажырашпай келгенден кеткенге чейин шаарды чогуу кыдырып жүрдүк. Азыр кетти эле, коңултуктап жаман болуп жатам. Алаксыйын деп спорт клубдарга барам, эми китеп окуп дүйнө таанымымды кеңейтейин деп чечтим. Бассейндерге барам, баса, интернетте отурганды жакшы көрөм.
- Интернеттен таанышып, турмуш курганга кандай карайсың?
- Чынын айтканда, каршымын. Экрандын аркы бетинде кандай адам отурганын, анын жан-дүйнөсү кандай экенин монитор аркылуу биле албайсың. Бетме-бет жолугуп сүйлөшкөндөн өтөөрү жок го?!. Антейин десең, жакында эле атамдын агасынын кызы интернеттен бир бала менен таанышып, эки ай сүйлөшүп баш кошушту. Жеке өзүм тууралуу айта турган болсом, интернет жана телефон менен таанышканды жаман көрөм.
- Болочоктогу өмүрлүк жарыңды кандай элестетесиң?
- Журналдын сыртындагы эркектердей келишимдүү деле болбосо болот. Эң негизгиси жылдызы болуш керек. Баары эле ички жан дүйнөсүнө көңүл бурам дегени менен эң биринчи кезекте сырткы келбетине көңүл бурушат. Мага өзүн жакшы жактарын көрсөтө алган, мени эриктирбей сүйлөгөн, тамашакөй мырзалар жагат. Негизи эле, мен тамашакөй адамдарды жактырам, өзүм да жок жерден тамашалап, күлүп жүрөм. Иши кылса менин жан дүйнөмдү түшүнгөн адам болсо болду. Дагы бир белгилей кетчү жагдай - менин улутум татар, болочоктогу күйөөмдүн дагы татар болушун каалайм. Эгерде андай болбосо, жок дегенде мусулман болушу керек, же мусулман динин кабыл алышы зарыл.
- Айрым ырчыларга чоң кызматта иштеген адамдар сүйүүсүн билдирип, мамиле сунушташат экен. Сенде ушундай окуялар болду беле?
- Жашырбай эле коёюн андай сунуштар өтө көп болгон. Башка ырчылар мындай сунуштарга макул болсо деле аларды туура түшүнөм. Анткени, кээ бир эркектер болгон жолуңду бууп, айлаңды кетириши мүмкүн. Аларды деле туура түшүнсө болот. Бирок менин башым иштейт, мен эч качан мындай сунуштарга макул болбойм. Башында ызаланганым менен, азыр маани деле бербей калдым. Ар бир кадамымды артка кылчайбагандай, өкүнбөгөндөй болуп таштаганга аракет кылам. Адам башканы алдаса да, өзүн-өзү эч качан алдай албайт. Жан дүйнөнүн тынчтыгы, бейкуттугу мен үчүн биринчи орунда турат.
- Адамдардагы кайсы сапатты баалайсың?
- Биринчиден - адамдын тарбиясын, экинчиден - акылын, боорукерлигин жана тамашакөйлүгүн баалайм.
- Жогоруда аталган сапаттардын кайсынысы сага көбүрөөк тиешелүү?
- Мен табиятыман тырышчаак, эмгекчилмин. Адамдар менен бат тил табышам, тамашакөймүн. Ар бир адамдын жүрөгүнө кандай жол, кандай ачкыч табышты дароо билем. Кемчилигим катары болор-болбос сөздү жүрөгүмө бат кабыл алаганымды, чыдамым жоктугун айта алам. Мурда уктаганды жакшы көрчүмүн, азыр уялып эрте тура баштадым.
- Ата-энеңдин кимисине жакынсың?
- Ата-энем үчүн көп нерселерге барганга даярмын, аларды жакшы көрөм. Бирок апам менен курбумун деп айтуудан алысмын. Баскан-турганыман бери айта бербейм. Атам болсо жоош, көп сүйлөбөйт. Кээде отуруп жакшы сүйлөшүп калганыбыз болбосо, ичи-койнуна кирип көп нерселерди айта бербейм.
- Адамдарды өз кызыкчылыгың үчүн пайдаланган учурлар болду беле?
- Тескерисинче, мени пайдаланган учурлар болгон. Бир жигит менен сүйлөшүп жүрчүмүн, ага болгон ниетим таза болчу. Бирок ага менин акчам гана керек болду. Мен ага көп жардам бердим, жумушуна да, өзүнө да. Сүйүүнү барктабаган адам экенин кийин түшүнүп, кеч болуп кала элегинде жолуна салгам.
Адамдын акчасына көз артып, пайдалангысы келгендерди жек көрөм.
- Акча демекчи, өзүң каражатты сарамжалдуу пайдаланасыңбы же орду жок коротосуңбу?
- (Күлүп) Орду жок коротом, өзүм үчүн эс алганга эч убакта акча аябайм. Өзүмдү-өзүм камсыз кылгандыктан, эч нерседен өксүгүм келбейт. Көпчүлүк учурда бирдик салганга, ар кандай эс алуучу жайларга, түрдүү жасалгаларга, кийимге, косметикага көп акча коротом. Бул жашоого бир келгенден кийин баарын көрүш керек деп ойлойм. Ошентсе да, өзүмө отчёт берип турам. Ар жагымда канча акча калганын, канча убакка жетээрин эсептеп турам. Акчаны жакшы көрөм. Тилекке каршы, ата-энеме материалдык колдоо көрсөткөнгө жарабай жатам, өзүмөн эле артпайт. Келечекте жакшы кызматка орношсом, ал тилегим да ишке ашаарына көзүм жетет.
- Кандай кийимдерге басым жасайсың?
- Ар кандай. Өтө кымбатына деле умтулбайм, көбүнчө жарашыгына карайм. Кээ бир учурда арзан кийим жагып калса аны деле алып кийе берем. Арзан кийимдердин арасынан деле жарашыктуусун, жакшысын тапса болот. Кийим жагынан апам мага көп кеңештерди берип, табитимди ойготкон. Азыр өзүм да стилимди таап кийингенди үйрөндүм.
- Университетте окуп жүргөндө сабактарды акча менен бүтүргөн учурлар болдубу?
- Кудайга шүгүр, окуумду ийгиликтүү аяктадым. Эми коркпой айта берсем болот. Ушул кезге чейин чынымды айтайын, бир эле жолу экинчи курста кыргыз тил сабагын акча менен бүтүрүптүрмүн. Келечекте мен аспирантурага тапшырып, университетте сабак берсемби деп ойлонуп жүрөм. Менин аздыр-көптүр телевидение тармагында тажрыйбам бар. Студенттер менен да ошол тажрыйбамды бөлүшкүм келет.
- Алдыда дагы кандай пландарың бар?
- Буюрса, альбомумду чыгарайын деп жатам, атын "Блогадарю тебя", же "Позови меня" деп атайм. Айтмакчы, "Блогадарю тебя" деген ырымдын сөзү да, обону да өзүмдүкү. Дагы башка ырларыма клип тарттырам. Айтор, чыгармачылыкка байланышкан жакшы пландар көп эле. Ар бирөөнү убактысы келгенде четинен ишке ашырууга аракет кылам.
Анара Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??