п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон-собол

урушуңуздар эмнеден чыгат?
Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт. Күнүмдүк жашоодо боло турчу майда-барат урушуулар жок болсо, жашоонун кызыгы жок болуп калат дешет. Анын сыңары, жылдыздар да ушул ойду тастыкташат.


Борончу
кудайбергенов:
- Аялым кызганбайт. Абдан түшүнүктүү, үй оокаттын баарын өзү жасап, балдарды да жакшы карайт. Мен үйгө конок сыяктуу келип кетем. Анан бизде уруш деле болбойт. Кээде мен айткан тапшырмалар аткарылбай калса, ороңдоп калган жайым бар. Экөөбүз кагылыша кеткенде, көп учурда "уступкага" мен барам. Эркек болгондон кийин аялыңдын көңүлүн өзүң таппасаң болбойт да.


Токторбек
Бекбоев:
- Мен өзү уруш болгон жерден качам. Үй-бүлөбүздө келинчегим Жаныл кыялын көрсөтүп, "капризный" боло берет. Мен аныкын туура эмес болсо да, туура деп кутулам. Экөөбүздүн ортобуздагы уруш сатира даярдап жатканда көп болот. "Сен минтип айттың, бул жери туура эмес" деп кыйкырышып калабыз. Биздин ишибиз бир болгондуктан, бири-бирибизге кемчилик айта берип урушуп кетебиз. Жумуштан башка нерселерге уруш чыгаргандай азыр эми жаш эмеспиз да.


Темир
Назаров:
- Мунара менин бир айткан сөзүмдү укпай койсо жиним келип кетет. "Мунара" деп чакырсам укпай калса, экинчи ирет үнүм бийигирээк тон менен чыгат. Анан уруштун башы башталып, таарыныша кетебиз. Бирок, келинчегим экөөбүз он жыл сүйлөшүп, баш кошконубузга бир гана жыл болсо да, бири-бирибиздин кыялыбызды жакшы билебиз. Келинчегим мага бир да жолу жылымык тамак берген эмес. Ысык нанын, ысык чайын, ысык тамагын даярдап, колунан келишинче жакшы кожейке болгонго аракет жасайт.


Дилшат
Кангелдиева:
- Биз аябай катуу деле урушпайбыз. Мен тамактын тузун кем кылып жасайм. Анткени туздуу тамактарды жей албайм. Тамакка келгенде эле "Тамактын тузу кем экен" деп, жолдошумдун кабак-кашы түйүлө түшөт. Ал учурда жолдошумдун көңүлүн өзүм табам. Биздин урушубуз тузу кем тамактан улам чыгат. Аял киши ак көңүл болсо күйөөсүнүн жини көп келбейт деп ойлойм.


Гүлнара
Калдарова:
- Үй-бүлөдө анча-мынча уруштар боло берет да. Жолдошумдун жини бат келип, кайра бат жазылат. А мен ага таарынганда көпкө чейин сүйлөбөй калмайым бар. Эгерде өзүм таарынтып алсам, ары жагына, бери жагына чыгып жатып, таарынычын жазып алам. Бизде уруштун башы көбүнчө кызганычтан анан үйгө кеч келгенден улам чыгат.


Байыш
Момунов:
- Уруш-талаш ар бир үйдө болот болушу керек. Кызым Аксаамайдын чачы таралбай, кийимдери кирдеп каралбай калса апасы экөөбүз уруша кетебиз. Үйгө келгенде "Ата, апам мени тилдеди" десе, мен да кызыма болушуп, апасына кыйкырып калам. Ошентип, кызыма болушам деп үйдө уруштун башы башталат.


Назира
Айтбекова:
- Үйдө уруш чыгарган эле менмин. Күйөөмө талгак болуп жаткандыктан, эртерээк үйгө келишин күтүп турам. Ал келгенде "тезирээк келбейсиңби?!" деп таарынып ыйлай берем. Жок жерден уруш чыгарып жатканымды сезип, "Макул, анда сен үчүн жумушумду таштайын" деп калат. Аны сагынып таарына берем. Бирок менин кылган мамилемдин баарына чыдаганына ыраазымын.


Айылчы
Орозалиев:
- Менин оңой менен жиним келбейт. Биздин үй-бүлөдө уруштун башы даяр тамактын жоктугунан, анан дос балдар менен сүйлөшүп отурганда аялымдын кайра-кайра "Үйгө эртэрээк келбейсиңби, кайда жүрөсүң?" деген суроолорунан улам келип чыгат.
Досторумдун көзүнчө "азыр барам" деп коём да, үйгө барганда "эмне болуп кетти, мен деле үйгө келишти билем, бирөө менен көңүл ачып жүрөт деп ойлоп жатасыңбы?" деп кыйын болуп калмайым бар.


Космос
Чыдынов:
- Бизде анча-мынча уруштар боло берет. Өзүңүздөр билгендей жумушума байланыштуу дайыма классикалык кийим кийип, футболка, жинсы шымдарды кийбейм. Азыр балабыз кичинекей болгондуктан, келинчегим көйнөк, шымдарымды үтүктөгөнгө жетишпей калат. "Эмнеге кийимдерим үтүктөлүү эмес? Айттырбай өзүң эле даярдап койбойсуңбу?" деп кабагымды бүркөп, үнүмдү бийик көтөрүп урушуп калам. Ал унчукпастан кийимдеримди үтүктөгөнгө жөнөп калат. Эми мындай көрүнүштөр болуп турбаса да болбойт го?


Венера
Сатылганова:
- Негизи жолдошум экөөбүз тең урушка жакын эмеспиз. Албетте, күнүмдүк майда-чүйдө уруштар боло берет. Ал эртеден кечке жумушта жүрүп, кечинде үйгө келгенде тамак жок болуп калса, "Тамак жокпу?" деп бакырат. Мен өзүмдүн күнөөмдү сезип, унчукпай ашканадан чыкпай калам. Мурат суюк тамактарды жаман көрөт. "Жок дегенде картошка кууруп берчи?" деп кандай суюк тамак болбосун жебей коёт. Андай тамактарды балам экөөбүз түгөткөнгө туура келет.


Бек
Борбиев:
- Үй-бүлө болгондон кийин уруштар боло берет да.
Жаш кезде бири-бирибизди кызганып таарыныша кетчүбүз. Азыр болсо тамак даяр болбосо, балдарга жакшы көңүл бурулбай, сабактарын калтырса сөзсүз түрдө кабагым түйүлүп урушам.
А келинчегим болсо мага телефон чалып "Кайда жүрөсүң?" деп текшерип турат. Эгерде бильярддын таштарынын үндөрү угулуп жатса, "А, бильярд ойноп жатасыңбы?" деп унчукпай калат. Башка жакта болуп калсам...






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??