п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шоу-дүйнө!

"Обон" шоу-таймс
Семетей Сейтек аттуу
уулдуу болду
- Бир жыл мурун ырчы Бекчоронун продюсери Семетей Мырзаканов "Обон" гезитине куда түшүп, кесиптешибиз Айтурган Сатиева менен турмуш жолуна аттанган эле. Эми минтип
1-август күнү балканактай уулдуу болуп, жубайлардын кубанычтары коюндарына батпай сүйүнүп турган убагы. Семетейдин 4 киллограмм салмакта төрөлгөн тун уулуна чоң атасы Сейтек деген ысымды ыйгарган. Ажобуздун туулган күнүндө жарык дүйнөгө келген кичинекей наристе келечекте эл башкарган инсан болушуна тилектешпиз.

Ак таңдайлар
ата-бала
болушту
- Төкмө акын Азамат Болгонбаев жакында эле бойдокчулук менен коштошту. Кыргыздын салтын улап ак таңдайлардын бири Элмирбек Иманалиевди өзүнө өкүл ата кылып шайлады. Буга чейин Элмирбек менен Азамат колдоруна комуз кармап сахнадан гана жолугушуп, чыгармачылык байланышта болуп келишкен. Эми минтип "көрүнгөн тоонун ыраагы жок" дегендей, Элмирбек бир уул, бир кыздуу болуп, өкүл атанын милдетин аткарып, үй-бүлөлүк катыштарын бекемдеп калышты.


Гүлзинат убадасынан кутулат
- Ырчы Гүлзинат Суранчиева жайкы эс алуусун Ташкент шаарында улантып, өзбек туугандардын атайын чакыруусу менен той-топурларга катышат. Он күндүк эс алууда кызы Рузанага Ташкенттин кооз жерлерин кыдыртып, берген убадасынан кутулат. "Мен кызыма Ташкентти көрсөтүп келем деп мурун эле убада бергем. Бирок чыгармачылыктан колум бошобогондуктан, эми убакыт-сааты келди" дейт Гүлзинат.


Добр нукура
кыргыз бала
- "Жашоо керемет" аттуу ыры менен белгилүү болгон жаш ырчы Добр күйөрмандарына белек тартуулайт. Башкача айтканда, "Добр нукура кыргыз бала" деген аталыштагы 20 ырынан турган ырлар жыйнагын чыгарат. Алгачкы бул альбому болгону 600 гана нусканы түзөт экен. Ошондой эле ырчы жүрөгүнүн ээсин таап сүйүүгө мас болуп жүргөн убагы.


Питердин автотыгынында калган Мирбек Иманбеков
- Ырчы Мирбек Иманбеков баштаган ырчылар тобу продюсер Асыл Апасованын жетегинде Санкт-Петербург шаарында иштеп, жашап жаткан мекендештерибизге өнөрлөрүн тартуулоо үчүн барышкан. Жердештерибиздин сыйларын көрүп, капчыктарын кампайткан ырчылар кайтаар күнү шаардын кооз жерлерин кыдырып жүрүшүп, эки сааттай чоң автотыгындын ортосунда калышкан. Кечки саат 20:00дө аэропортко барышса 5 мүнөт мурун каттоо бүтүп калып, ырчыларыбыз самолёттон калып калышкан. Кийинки самолёт үч күндөн кийин уча турганын уккан продюсер ырчыларды алып Москва шаары аркылуу өз жерине кайтып келишкен. .


Байдын кызы
Айя механик
жигитти сүйөт
- Кымча белдүү ырчы айым Айя Садырова учурда "Байланыш" деген кинокомедияга тартылып, актрисалык өнөрүн да сыноодо. Башкы каармандын образын жараткан Айя сценарий боюнча байдын кызы болуп, механик жигитти сүйүп калат. Көптөгөн кыйынчылыктарды жеңген эки жаш аягында бактылуу жашоого жетишет. Аталган тасма сентябрь айында толугу менен тартылып бүтүп, элдин элегинен өтмөкчү. Аны менен бирге ырчы "Айжанат"деген жаңы ырын жаздырууда.


Бегимай чоң
атасына окшош аксакал тапты
- Таланттуу үй-бүлөдөн чыккан Бегимай Бекбоева репертуарындагы "Атама", "Кимде күнөө" аттуу ырларына жаңы клиптерди атайын Ош шаарынан тартып келди. "Атама" аттуу клибин маркум чоң атасын ын элесине арнагандыктан, чоң атанын ролуна атайын тандоо жүргүзгөн. Ош шаарын кыдырып жүрүп 70 жаштагы аксакалды таап, өзүнүн чоң атасына окшоштурган. Дүйнөдө жети окшош адам бар дегендей, ал абышка чындап Бегимайдын атасына окшош болуп чыккан. Мындай клип тартуу Бегимайдын бала кезинен бери кыялданып жүргөн тилеги болчу.


"Жыйырманчы жаз"
"Обон" гезитинде
- "Алим Токторов продакшн" студиясына "Обон" гезитине жарыяланган маалыматтардан улам кино сүйүүчүлөр тарабынан бир топ телефон чалуулар болгон. "Алар фильмдин DVD дисктери качан чыгаарын сурашууда" дейт кинонун режиссёру. "Биз DVD дисктерге кинону чыгаргандарга катуу чара көрүүдөбүз. Себеби DVD дискке кино чыгарылбайт. Алгач фильм борборубуздагы кинотеатрдан андан соң ар бир облустун, райондордун кинотеатрларынан көрсөтүлмөкчү. Экинчи кадам катары "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасы "Обон" гезити аркылуу сандан-санга сериал болуп жарыяланат. Андан соң эмки жылдары фильмди көрсөтүү укугу ЭлТР коомдук теле каналына берүү жагы сүйлөшүлүүдө..


Нурайым Азыкбаева:
"Атымды атаганда сүйүнгөнүмдөн
ыйлап жибердим"
Дүйнө жүзүндөгү таланттарды чогулткан "Дүйнө чемпиону 2009" Эл аралык конкурсу 1994-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл аталган конкурс Лос-Анжелестин Колифорния штатында өтүп, Кыргызстандын атынан Нурайым Азыкбаева катышып, алтын медалдын жана "Дүйнө чемпиону 2009" наамынын ээси болду. Нурайымдын ийгилигин куттуктап, ага бир нече суроолор менен кайрылдык.


- Нурайым, алган сыйлыгың кут болсун. "Дүйнө чемпиону 2009" Эл аралык конкурсуна кандайча катышып калдың?
- Чоң рахмат. Бул конкурс жыл сайын өткөрүлгөндүктөн барып катышканга абдан кызыкчумун. Быйылкы конкурс 10-19- июль күндөрү өткөрүлүп, дүйнөнүн кырктан ашык мамлекеттеринен келген таланттар менен таймаштым. Мен ал жакка мугалимим Адил Чекилов менен бардым. Мага мындай идеяны Турат Касымбеков деген агайым сунуштаса, барып келген акча каражатын Бакиев Жаныш Салиевич, Нурлан Чолпонбаевич, жана "Газпром нефтьазия", анан албетте, атам демөөрчүлүк кылды.
- Конкурстун өзгөчөлүгү эмнеде экен?
- Бул конкурста эч кандай жардам көрсөтүлбөй, күчтүүлөрдүн күчтүүлөрү гана тандалып чыкты. Калыстар тобу дүйнө жүзүнө таанымал белгилүү продюсерлер, музыканттар болушту.Бир мүнөттүн ичинде өзүңдө болгон талантты көрсөтүп калышың керек. Мен 18-20 жаштардагы кыркка жакын таланттуулар менен атаандаш болдум. Вокал, скрипка жанрлары боюнча катышып, вокал боюнча алтын медаль, скрипкада ойноп "Дүйнө чемпиону 2009" наамын жеңип алдым.
- Сыйлык тапшыруу аземинде толкундоолор болбой койбосо керек?
- Чындыгында, катышуучулардын баары күчтүү, таланттуу экен. Финалдык концерттен кийин баарыбызды толкунданткан сыйлык тапшыруу аземи болду. Мен наам алам деп күткөн эмесмин. Бизге Казакстан, Россия жакын болгондуктан, ал жактан келген катышуучуларга Адил байке экөөбүз колдоо көрсөтүп жатканбыз. Бир убакта "Кыргызстан" деп чакырып, атымды англисче акцент менен айтканда мен маани бербептирмин. Анан Адил байке: "Ой, Нурайым сахнага чыкпайсыңбы? Сени айтып жатат", десе жүрөгүм жарылып кетейин деп, ордумдан атып эле турдум. Бирок кандай медаль алганымды түшүнбөй турсам, "Алтын" деп атады. Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим. Акырында экинчи жолу дагы мени чакырып, "Дүйнө чемпиону 2009" наамын тапшырды.
- Кыргызстанга мындай ийгилик менен келгениңе атаң кубанса керек?
- Үйгө келгенде атам сүйүндү. Бирок бизди өзүбүздүн көзүбүзчө эч убакта мактабайт. Болгону "Азаматсың"деп гана коёт. Мен ойлойм, атам бизге ушундай тарбия бергени үчүн ийгиликтер жаралып жатат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мага демөөрчүлүк кылган адамдардын баарына жана мугалимим Адил Чекиловго ыраазычылык билдирем.
- Алдыда кандай пландарың бар?
- Бул конкурс мага чоң стимул тартуулады. Октябрь айында өтө турчу дагы бир конкурска чакырылдым. Ошондой эле эмки жылга да чакыруу алдым. Буюрса, азыртадан изденип, катуу даярданайын деп жатам. Гран-прини жеңип алуу менин эң негизги максатым. Келечекте мен дагы жаш таланттарды тарбиялап, аларга жол көрсөткүм келет.
Айнура Касымова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??