п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Маалымат

Саясат
Шайлоонун кесепетинен камакка түшкөндөр
Айрым шайлоо участокторунда "коомдук тартипти бузду, бийликти басып алуу аракеттери болду" деген шылтоо менен камоолор да орун алды. Камоого байланышкан эң эле чырлуу окуялардын бири Балыкчы шаарында катталган. Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгүнүн кызматкерлери Балыкчы шаар башчылыгынын алдында чогулган элди дүрмөтсүз жардыргычтарды колдонуу менен кууп тараткан. Милициянын атайын бөлүгү алардын бир канчоосун камоого үлгүргөн. Алардын арасында Социал-Демократтардын Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү Мирбек Асанакунов менен Кубанычбек Кадыров да болуп, эки депутат он сааттан кийин бошотулду. Маалымат каражаттары аркылуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев болсо Социал-Демократтардын жүздөн ашуун кишиси Балыкчы шаарында шайлоо участкаларын ээлеп алууга аракет кылышканын, кийинчерээк алар ышкырган гранаталарды колдонуу менен кууп таркатылып, кармалгандарга кылмыш иштери козголгонун жарыя кылды.
Ошондой эле Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнө караштуу Колот айылында да милиция кызматкерлери шайлоого байкоо салып турушкан "Ата Мекен" партиясынын бир канча өкүлдөрүн камап салышкан. Алмазбек Атамбаев камакта жаткандарды бошотуу үчүн Балыкчы шаарына сапар алды.

Курманбек Бакиев президенттик антын берди
2-августта Өкмөт үйүндө экинчи президенттик мөөнөткө шайланган Курманбек Бакиевдин расмий түрдө кызматына киришүү салтанаты болуп өттү. Аземге ардактуу конок катары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев катышты. Президент Бакиев ант бергенден кийин ага КРнын Президентинин күбөлүгү жана КРнын Президентинин Төш белгиси тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрайымы Светлана Сыдыкова ушул мүнөттөн тартып КРнын Президенти Курманбек Бакиев КРнын Президентинин кызматына расмий түрдө киришкендигин жарыялаган соң, баш калаанын "Ала-Тоо" борбордук аянтында жайгашкан 9 артиллериялык куралдан залп атылды.

Бакиев менен Медведев жаңы келишим түзүштү
ЖККУнун Чолпон-Атадагы жыйынынын негизги жыйынтыгы - Орусиянын кошумча аскер базасын Кыргызстанга жайгаштыруу макулдугу болду. Ушул жылдын 1-ноябрына чейин орус аскерин кантип Кыргызстанга жайгаштыруунун укуктук маселелери чечилмекчи. 1-августта К.Бакиев менен Д.Медведев меморандумга кол коюшту. Жаңы аскерий түзүмдүн негизги милдетине Кыргызстандагы орусиялык аскерий объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу жүктөлгөн. Орусиялык базанын Кыргызстанга жайгашуусу жөнүндөгү келишим алгач 49 жылга түзүлүп, андан соң 25 жылга узартылып турмакчы. Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкө жетекчилеринин жолугушуусунда Орусиянын аскер базасы жайында кеп болбостугу Чолпон-Ата жыйынына чейин катылуу сыр катары сакталып келди. Эки тарап үчүн маанилүү деп эсептелген маселе тууралуу Кыргызстандын президенти да бир күн мурда журналисттер алдында ооз ачкан эмес.




Коом
Быйыл көлдө сезон кандай?
Быйылкы жылы Ысык-Көлдөгү эс алуу сезонуна күндүн сууктугу менен кошо Чолпон-Атада белгиленген саясый ири иш-чара терс таасирин тийгизген. Туроператорлордун белгилегендерине караганда, "былтыркы, мурдагы жылкыга салыштырмалуу Көлдүн сезону жылдан жылга солгундап бара жатат. Буга алгач президенттик шайлоо, андан кийинки коомдук-саясый кырдаалдын кандайдыр бир деңгээлде терс таасири тийбей койгон жок," дешет алар. Мындан өзгөчө алыскы чет өлкөлөрдөн келүүчү эс алуучулардын саны азайган. Ал эми экономикалык кризистен улам коңшулаш Казакстандан Ысык-Көлдө эс алууну каалагандар былтыркы жылдарга караганда бир аз арбыганы менен аба-ырайынын салкындыгы эс алууга келгендерди да кайра кайтарып жатат. Бирок баары бир эс алуучулар баалар кымбат, эс алуу жайларындагы шарттар төлөнгөн акчага арзыбайт деген дооматтарын айтышса, Ысык-Көлдөгү жеке менчик пансионаттар менен эс алуучу үйлөрдүн ээлери быйыл бааны жылдагыдан 20-30% арзандаткандыгын, шарттар баасына жараша жогорку деңгээлде деп белгилешет.

Крим
"Пекинская утка" кафеси алкоголь ичимдиктерин лицензиясыз алууда
Совет көчөсүндө жайгашкан "Пекинская утка" кафеси алкоголь ичимдиктерин лицензиясыз алаарын Госалкоагенствосунун (Кырг) кызматкерлери билдирди.
Кафеге текшерүү жүргүзүшкөндө ичинен 175 бөтөлкө спирт ичимдигин табышкан. Табылган продукциянын жалпы суммасы 53 миң 880 сомду түзөт. Ал эми Чүй проспектисинде жайгашкан дагы бир "Пекинская утка" кафесин тинтишип андан 115 бөтөлкө түрлүү спирт ичимдиктерин табышкан. Алардын жалпы саны 35 миң 910 сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин "Спирт ичимдиктерин лицензиясыз пайдалануу жана чыгаруу" деген 201-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
Уруш-талашты мылтык менен чечкен эргул
Токтогул ИИМдин кызматкерлери тарабынан оор кылмыш катталды. Токтогул районунун Чоң-Арык айлынын тургуну, 50 жаштагы Ж.Н (ИЖ)-32 мылтыгынан төрт жолу атып, анын бирөө ошол эле айылдын тургуну 39 жаштагы Т.А. нын көкүрөгүнө тийген. Жарадар болгон аял тез жардам менен дароо ооруканага жеткирилген. Көрсө, кылмышкер менен жарадар болгон аялдын ортосунда катуу уруш чыгып, кылмышкер чыдабай ишти мылтыктын жардамы менен бүтүрүүнү чечкен. Азыр ал камалып окуянын чоо-жайы такталууда.


Маданият
"Кер-оглы" операсы Бишкекте коюлат
Кыргыз улуттук опера жана балет театрында азербайжан композитору Узеир Гаджибековдун "Кер-оглы" операсы даярдалууда. Бул эл аралык долбоор "ТЮРКСОЙ" уюму тарабынан колдоого алынып, ага бир катар элдердин артистери катышат. "Кер-оглы" операсын сахналаштырууда негизги база Кыргыз улуттук опера жана балет театры болот. Тактап айтканда, солисттердин көбү кыргыз артисттери, хор, балет топтору. Ал эми сырттан келчү чыгармачыл топ туурасында театрдын жетекчиси Болот Осмонов төмөнкүлөрдү билдирди:
"Балетмейстр Москвадан келет, сүрөтчү Түркиядан келип кыргыз сүрөтчүлөрү менен кошо иштеп атат. Казакстандын да солистери келишти, эртең-бүрсүгүнү Азербайжандан, Татарстандан артистер келе башташат. Аткаруучулардын курамына Кыргыз театрынан эл артисти Керим Орозбаев, Талгар Жакшылыков, Заира Раимбекова жана башка артисттер кирген. Ал эми башкы ролду, Кер-оглынын ролун Кыргыз Республикасынын артисти Садыр Жумашев ойнойт."

Чыңгыз Айтматовдун урматына Орто Азиялык кинофестиваль өтөт
Ушул жылдын сентябрь айында Ош шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган кинофестиваль өтөт. Бул фестивалда Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тартылган кинолор көргөзүлүп, ошол тасмаларга катышкан актёрлор, кинону тарткан режиссёрлор да келишет. Андан сырткары Чыңгыз Айтматов жөнүндө тартылган кыска метраждуу фильмдер да көрсөтүлмөкчү. Учурда бул кинофестивалды уюштуруу, каражат маселеси такталууда.




Дүйнө дүбүрт
Хатами Ирандагы көрсөтмөлүү сотторду айыптады
Ирандын реформачыл экс-президенти Мохамад Хатами июндагы митингдер маалында кармалган 100дөй кишинин соттолушун айыптаган билдирүү таратты. 1-августта башталган сотто мурдагы президент Мохамад Хатаминин жакын шакирттери, алардын арасында Ирандын экс-вице президенти Мохамад Али Абтахи да жоопко тартылууда. Өткөн айдагы президенттик шайлоодон кийин демонстрация, митингдерге катышканы үчүн кармалган жүздөгөн адамдар арасында дагы бир топ белгилүү саясатчы, коомдук ишмерлер бар. Аларга олуттуу кылмыш иштерди жасашкан деген күнөөлөр коюлган.

Жоопкерчиликсиздиктин айынан жол кырсыгына кабылган айдоочу
Москва шаарында автобус кырсыкка кабылды. Жол кырсыктын айынан он бир адам оор жаракат алып, жакын жердеги бейтапканага жеткирилген. Анын сегизи аялдар болсо, үчөө эркек. Айдоочу жоопкерчиликти сезбей автобусту айдап бара жатып ошол эле учурда жүргүнчүлөргө билет сатып бараткан. Жүргүнчүлөрдүн көбүнүн ийиндери, буттары, мурдулары сынган. Ушундан улам, мындан ары айдоочулар машина айдап бара жатканда тамеки чегүүгө, уюлдук телефон менен сүйлөшүүгө, жүргүнчүлөргө акча кайрып бергенге тыюу сала турган мыйзам чыгарылмай болду.

Сегиз ай туткунда жаткандар бошотулду
Самолиялык деңиз каракчылары Малазиянын кемесин сегиз ай туткунда кармап жатып эми коё беришти. Кеменин ичинде жети адам ушул убакка чейин туткундалып келишкен. Эч кимиси эч кандай оор жаракат алган эмес. Деңиз каракчыларынын колуна түшкөн кемелер буга чейин көп эле кездешсе да, ушул кеме үчүн каракчыларга малазиялыктар 1 миллионго жакын евро төлөп берүүгө аргасыз болушкан. Июль айында деңиз каракчылары немистердин "Виктория" кемесин туткундап алышып, 1,3 миллион евро алгандан соң коё беришкен.
Маалыматтар "Азаттык", "Акипресс" сайттарынан
алынды






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??