п»ї

  Классташ

Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"
Көпчүлүк окурмандарды "Жылдыздар бала кезинде кандай болду экен? Мектепте башка окуучулардан эмнеси менен айырмаланчу?" деген суроолор кызыктырбай койбойт. Белгилүү теледива Ассоль Молдокматова ар дайым көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып келет. Андыктан, биз анын бала чагы жөнүндө кененирээк билүү максатында теледиванын адвокат болуп эмгектенген классташы Асель Ибраимова менен маектештик.

- Ассоль классташтарынан эмнеси менен айырмаланчу эле?
- Ассолдун күн тартиби мүнөтүнө чейин эсептелүү болчу. Ал бир эле мезгилде спорт менен да машыгып, түймө түйүү, бычуу, тигүү ийримдерине катышып, телевидениеге чуркап, ошол эле убакта окуусуна да жетишчү. 12 жашында келечегин так аныктагандар чанда кезигет эмеспи. Ассоль болсо: "Мен келечекте жылдыз болом!" деп ошондо эле ишенимдүү айтчу.
- Ал кезде кандай кийинчү эле?
- Баарыбыздан өзгөчө кийинчү. Башкабыз батынып кие албаган ачык алтын түстүү плащ, же болбосо упузун болгон баркыт көйнөктү Ассоль мектепке кийип келе берчү. Кийимдеринин фасону эч кимдикине окшочу эмес. Анткени ал ошондо эле кийимдердин фасонун өзү ойлоп таап, атүгүл заказ алып кийим тикчү. Зиректигин карабайсыңбы, күндүзү сабагы, ийримдери менен алек болуп, заказдарын түндө тикчү экен, көрсө. Бир жолу физика сабагында уктап калыптыр. Мугалим Ассолдун фамилиясынан чакырып, өтүп жаткан жаңы тема боюнча суроо берди. Ассолдон болсо жооп жок. Мугалим суроосун үч жолу кайталаса да жооп болбогон соң партага жатып алып уктап жаткан Ассолдун жанына басып келип, жооп күтүп туруп калды. Биз "эми эмне болуп кетээр экен" дегенсип, демибизди ичибизге тартып отуруп калдык. Анткени мугалимибиз аябай каардуу болчу. Бир маалда Ассоль ойгонуп, маңдайында мугалимдин, анан баарыбыздын карап турганыбызды көрүп ыңгайсыз абалда калды. Мугалим суроосун кайра кайталады эле, Ассоль ордунан тура калып суроого шатырата жооп берип салды. Биз башканы күткөнбүз да, мугалим баш болуп баарыбыз таң калдык. Көрсө, Ассоль 3-4 теманы алдын ала окуп койчу экен.
- Окуучулук кезде көбүнчө эмне жөнүндө сүйлөшчү элеңиздер?
- Биздин сөзүбүз такыр түгөнчү эмес. Бири-бирибиз менен сырларыбызды айтышып, кеңешибизди беришип келдик. Ассоль ошол кезде эле патриот болчу. Көпчүлүк классташтарыбыз чет өлкөлөрдө жашоо жөнүндө кыялданышса, Ассоль өз өлкөсү үчүн иштеп, Кыргызстандын тарыхында калаары тууралуу көп айтчу. Айткандай эле азыр классташтарыбыздын дээрлик 80 пайызы Италия, АКШ, Испания, Бельгия сыяктуу чет өлкөлөрдө жашашат.
- Ассоль ошол кезде эле чыгармачылыгына чыйыр сала баштаса керек эле?
- Ооба, балдар үчүн телепрограммаларды даярдап жүрчү. Биз болсо Ассоль менен Дзержинский бульварына чыкканды жакшы көрчүбүз. Артисттенип ар нерселерди ойлоп таап алып, өткөн-кеткендерди тамашага сала берчү. Бир жолу шаарда адашып калган кыз болуп роль аткарып, бульварда эс алып жүргөндөрдүн айласын кетирген. Биз болсо ар кайсы тарапка бөлүнүп алып, анын кандай роль аткарганын алыстан байкап турганбыз. Ошентип Ассоль бизди эч качан зериктирчү эмес. Айтмакчы, анын Крымдан учуп келгенин унутпайм. Активдүү окуучулардын арасында "Артек" пионер лагерине барган эле. Ошондо бизге София Ротару, Махмуд Эсембаев сыяктуу атактуу адамдар менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп, Саманта Смит катышкан "СССР-АКШ" аттуу телекөрсөтүүнү алып барганын айтып берген. Биз болсо оозубузду ачып, классташыбыздын ийгиликтерине кубануу менен анын айтып бергендерин укканбыз. Ошондо өзүнө ишенимдүү түрдө: "Буюрса, менин келечегим башкалардыкынан өзгөчө болот!" дегени эсимден кетпейт. Мына, азыр ошол айткан сөзүн далилдеп жатат.
- Ассолду көпчүлүгү байдын же чоң кызматта иштеген чиновниктин кызы деп ойлошот...
- Тескерисинче. Биздин мектепте окуган балдардын дээрлик баары чиновниктердин, бизнесмендердин балдары болчу. Ассоль болсо атасынан эрте ажырап, апасы экөө гана калышкан. Бул тууралуу өкүнүп: "Атам тирүү болгондо, балким, турмушубуз жеңилирээк болоор беле..." деп калчу. Бирок мен ойлойм, ошол кезде Ассолго жардам берген эч ким жок болуп, кичине кезинен бардык маселелерин өзү чечүүгө үйрөнгөндүктөн, ал бүгүнкүдөй күчтүү, эмгекчил болуп калыптанып чыкты. Ассолдун дагы бир баса белгилеп айтчу сапаты - ал эч кимди таарынтчу эмес, тескерисинче, алсыздарды коргоп жүрчү. Бир жолу Алтынай деген классташыбыздын формасына бир бала фашисттердин белгиси болгон крестти тартып коюптур. Алтынай таарынып, ыйлап жүрөт. Анын үстүнө ошол кезде Алтынайдын апасы каза болуп, өзү араң жүргөн. Буга күбө болгон Ассоль шаардык пионерлер штабынын жетекчиси экенине карабай тиги баланы сабап салган. Анысы аз келгенсип Алтынайдан кечирим сураткан.
- Классташыңыз менен сыймыктанасызбы?
- Мен эле эмес, баарыбыз сыймыктанабыз. Мугалимдердин баары ушул убакка чейин аны жакшы көрүп, алар да сыймыктанышат.
- Азыр бат-бат жолугушуп турасыздарбы?
- Ооба, бат-бат эле жолугушуп, мен андан аялзатына керектүү көп кеңештерди алам. Ал кесиби боюнча психолог эмеспи, бул жагынан мага көп жардамы тийет. Мен жакында эле кыз төрөгөм. Ошондо Ассолго сүйүнчүлөп телефон чалсам, кайнап жаткан бардык жумуштарын таштап, кызыма белектерди, мага китеп көтөрүп алып төрөт үйүнө жетип барыптыр. Ал китепсиз тура албайт. Кичинесиндеги китеп окуганды жакшы көргөн сапаты азыр да бар. Сабак учурунда окуу китептерин ачып коюп, сабакты угуп жаткандай түр көрсөткөнү менен башка көркөм китеп окуп отурчу. Анан сабак бүткөндө баарыбызды айланасына чогултуп алып окуган нерселерин айтып берчү.
- Ассолдун эмнеси сизди таң калтырат?
- Ушунча энергияны кайдан алары мага таң калычтуу. Өзүн да карайт, башкасына да жетишет. Жакында эле жолукканыбызда алтынчы жогорку билимин алганын кабарлады. Ал өтө билимдүү, кайсы тармакта суроо узатпа, баарын билет. Анан да бир чети мени таң калтырган, бир чети суктандырган сапаты - анын эч качан кайгырбай, такай жылмайып жүргөнү.
- Кайсы мүнөзү сизге жагат?
- Ал аябай боорукер. Бир жолу бир классташ кызыбыз тааныш баласынын туулган күнүнө бармак болуптур. Бирок, кийип барганга эч нерсеси жок экен. Аны уккан Ассоль көпкө ойлонбой эле өзүнүн көйнөгүн башкача кылып бычып, тиги кызга чактап тигип бере койду. Бирок ошол эле убакта Ассоль аябай катуу. Бир көңүлүн калтырган адамды оңой менен кечирбейт. Мектепте Ассоль бир классташ кызыбыз менен курбу болчу. Анын майда-чүйдө кемчиликтерин кечирип эле келген. Бир жолу ал туура эмес иш кылып, Ассолду ирээнжитип коюптур. Андан бери бир нече жыл өтсө да, Ассоль аны менен ушул күнгө чейин сүйлөшпөйт.
Айнура Касымова





Мектеп шиңгилдери Назгүл Насиева:
"Өзүмдөн үч жаш улуу кыздын жаңы фартугун айрып салгам"
- Бала кезимден бери эле мен абдан шок болчумун. Кылам дегенимди кылып, алам дегенимди алып, бир орунда турбаган тың кыз элем. Эсимде, быссымылда деп 1-сентябрь күнү мектептин босогосун жаңы аттаганда эле 3-класста окуган бир кыз менен урушуп, чачташып кеткем. Экөөбүз окуу жылына арналган салтанат бүткөндөн кийин "черта" ойноп, ал мени утуп алды. Утулуп калганыма намыстанып уруша кеттим. Бир убакта ал мага атырылып: "Утулуп калгандан кийин чычалаба да, сен деген жетимсиң" деди эле, чуркап барып жапжаңы, аппакай фартугун жулмалап жатып, айрып-айрып салдым. Бакырып ыйлаган боюнча үйүнө кетти. Мен болсо билмексен болуп класска кирдим. Бир маалда өкүрүп-бакырып жанагы кыздын апасы келип, мугалимдер бөлмөсүнө мени, класс жетекчимди, апамды чакыртты. Апам мектепте мугалим болуп иштечү. Барсак, апасы чакчайган көздөрү менен апамды тиктеп, "Менин кызымдын жаңы фартугун тытып салыптыр, тамтыгы жок, кебетесин карачы!" деп апама кыйкырды. Апам мага карап: "Назгүл, сен эмнеге фартукту айрыдың?" деп менден сураганда, мени "жетим" деди деп ыйлап жибердим. Апам унчукпай туруп, "Мен кызыңа бир эмес эки фартук сатып берейин, а сен намысты кайдан табасың?-деп мени жетелеп чыгып кеткен. Ошондон бери намыкөймүн десем да болот.




Анжелика:
"Бир кыздын тишин түшүрүп, мурдун сындыра чапкам"
-Жетинчи класс кезимде атам мени таэквандого берип койду. Катышкандан бери өзүнчө эле кыйынмын. Мектепке келгенде кыздарга ар кандай кыймылдарды көрсөтүп берчүмүн. Бир күнү дос кыздарым менен сүйлөшүп алып, Бакыт деген бала менен мушташмай болдум. Эртеси сабактан кийин Бакытты спорт аянтына чакырып, биринчи жолу эркекче мушташканмын. Экөөбүз кадимкидей мушташып жатабыз, ал мени кыз деп аяган жок, мен болсо үйрөнгөнүм боюнча ар кандай ыкмаларды колдонуп жатам. Классташтарыбыз бизди тегеректеп алышкан. Кыздардын баары: "Анжелика давай, давай... утулуп калба!"дешсе, балдар: "Бакыт, эркексиңби, эркекче!" дешип, сүрөгөн сайын чоң мелдешке түшүп жаткандай күүлөнүп алганбыз. Бетибиз көгала, кийимдер айрылган. Анан дагы бир балээнин үстүнөн чыкпайлы деп, мушташтын аягына чыгарбай бизди кайра элдештирип коюшкан. Экинчи жолу 9-классымда бир кыз менен уруша кетип, аягы мушташка айланган. Мен мушташып жүргөнгөбү, анын маңдайкы тишин түшүрө чаап, мурдун сындыргам. Эртеси ал кыз ата-энесин ээрчитип келээрин билип, сабактан качып кеткем. Эки-үч күнгө чейин мектепке барбай койгом.
Акыл Карачач






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??