п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Чүш-ш-ш! Эч кимге айтпа!

Жазбайын дейм, кол кычышат...
Белгилүү адамдар менен маектешип жатканда айрым сырларын кокусунан айтып алгандары үчүн бармак тиштешип: "Ий, гезитке жазбай эле койчу?!" деп калган учурлар көп эле кездешет. Мындайда "Уккан кулакта жазык жок" демекчи, укканыбызды жазмайынча колубуздун кычышканы басылбайт. Ошондой диктофонго эмес, мээге жазылган сөздөрдүн айрымдарын окуп, бир жылмайып коюңуз...


Ынак Осмоналиев: "БВШда окуп жүргөндө аябай ичип кеткем. Аялым кетип калып артынан барсам, кайнатам мени кабыл албай койгон. Подвалдарда түнөп да калгам. Эми муну журналисттер, силер эле билгиле, гезитке жазбайсыңар да?"


Акжол Нышанов: "Асеманын төрөгөнүн гезитке жазбай эле койгулачы, сураныч. Биз жеке жашообуз тууралуу коомчулукка эч нерсе жарыялабоону чечкенбиз"


Чынгыз Мырзаев: "Көрдүңөрбү нике шакегимди? Мен үйлөнгөм да. Эй, тамаша, бул эжемдин нике шакеги, анан Чынгыз үйлөндү деп гезитке жазып жибербегиле!"


Айгүл Чалова: "Азыр тойлорго көп барып элдин көрсөткөн сый-урматынан баш тарта албай, бергенин жей берип 100-80-100 болуп кеттим. Эми муну гезитке ылайыктап жымсалдап жазсаңар. Болгонун-болгондой жазып салбагыла анан".


Бактыгүл Бадыева: "Беш маал намазды үзбөй окуйм. Бирок көпчүлүк антип ойлобосо керек. Өзүм да жарыялагым келбейт. Намаз окуйт деп жазбай эле коюңуздар, ээ?"


Мирбек Атабеков: "Сүйүүдөн көңүлүм калды деген менен урушуп кеткен кызымды дагы деле сүйөм. Бирок муну гезитке жазбай эле койбойсуңарбы?"


Ильяз Абдыразаков: "Кыздар менен кучакташып жатканды жакшы көрөм. Бирок кыз жандап, сүйлөшө албай койдум. Ий, эми муну жазып салбаңыздар? Каап, бекер эле айтып алдым..."


Нурзат Токтосунова: "Биз жолдошум экөөбүз таарынышып жүрөбүз. Байланыша элегибизге эки ай болду. Бакыт Соң-Көлдө, мен Бишкекте. Муну эч кимге айтпай эле койгула, макулбу?"


Урмат Усенов: "Диктофонуңду өчүрө турсаң... Менден Бактыгүл жөнүндө сурабагыла. Ал тууралуу эч нерсе айтпайм."


Айгерим Расул кызы: "Мен машина айдаганды өзүм эле үйрөнүп алгам. Машинам менен биринчи жолу чоң жолго чыкканымда жол эрежесин билбесем деле алдымдагы маршрутканын артынан кете бергем. Азыр деле жол эрежелерин толук билбейм... Бирок муну гезитке чыгарбай эле коюңуздар, ээ?"


Мындан төрт-беш жыл мурун Динара Акулованын кызы Маликадан журналисттер сурашат:
- Малика, апаң менен уктайсыңбы?
- Жок. Мен өзүм жалгыз уктайм. Апам Жеңиш байке менен уктайт да...

Айжан Газиева: "Мен ушундай тамеки тарткан кыздарданмын. Эми муну элдер билбей эле койсун, ээ?"


Тынар Курбаналиев: "Лилия менен канча жашаганымды билбейм, эски жашоомду эстегим да келбейт. Азыркы айтканымды гезитке чыгарып салбагыла, журналисттер укканыңарды жазчу элеңер?"


Айчүрөк Иманалиева: "Роза гүлүм", "Тоо булагым" ырларым популярдуу болуп турган учурда Ошко гастролго барсак, Оштун губернатору чакырып калды. Оюмда эч нерсе жок эле Бакыт Букаевди ээрчитип алдым. Сыйын көрүп, бир аз отурган соң мага коплименттерин айтып, анан "бул сага менден белек" деп иномарка машинанын ачкычын алдыма таштап жатпайбы. Ал кезде иномаркалар жаңыдан келе баштагандыктан, саналуу гана адамдар айдачу. Бакыт "ачкычын ыргыт, жүрү, кеттик!" деп кулагыма шыбыраса мен да ачкычын ыргытып жиберип, губернатордун жаагына бир чаптым да, чыгып кеттик. Бакыт экөөбүз жетелешип алып чуркаган бойдон энтелеп мейманканага келгенбиз. Эми муну жазсаң ким кандай кабыл алат, андан көрө жазбай эле кой".


Обончулар





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??