п»ї

 "Обондун" оюнчулары

Бильярдга берилгендер
Шоу бизнесте төбөсү көрүнгөн айрым ырчылардын бильярдды кандай жакшы көрүшөөрү тууралуу кабарыбыз бар. Алардын айрымдарынын башын бириктирип, бильярд ойнотуп сөзгө тарттык.


Максат Бегалиев:
"Үйгө таң атканда барсам келинчегим жакшы сөз айтмак беле?"
- Максат, бильярддын айынан үйдө уруш-талаш чыгабы?
- Албетте, кээде оюнга кызыгып таң аткыча ойногон учурлар болот. Акыркы акчаң калса да, ушул оюнга жумшап салган кездер көп эле болгон. Анан таң атканча үйгө барбай эртең менен, же түн ортосунда барсам келинчегим жакшы сөз айтмак беле?! "Бильярд ойноп жүрдүм, кыздар менен жүргөн жокмун" десем ишенбейт. Айтор, оюндун кесепетинен келинчегим менен көп эле жолу урушкам. Үйдөн чыгып баратканда "дагы бильярд ойногону баратасыңбы?" деп калат.
- Ушул оюндун кесепетинен зарыл жумуштарды жыйыштырып койгон кездер деле болсо керек?
- (Күлүп) Бир жолу Кара-Балтага Мирбек Иманбеков концерт коюп барып, анысы саат жетиде башталмак. Биз болсо Сокулукта бильярд ойноп жатабыз. Элдин баары саат жетиде чогулуп, бизди күтүшүптүр. Мирбек экөөбүз болсо оюндун кызыгына кирип кетип, жетиде баштала турган концертке саат тогузда кирип барганбыз.
- Бильярдды мыкты ойнош үчүн геометрияны жакшы билиш керек дешет. Мектепте геометрия сабагынан кандай элеңиз?
- Эми кыйратчумун деп мактана албайм. Төрткө билчүмүн. Ооба, чынында геометрияны жакшы билиш керек деген туура. Андан сырткары логикалык жактан ой жүгүртүүң жакшы болушу зарыл. Оюн аяктап калганда шарларды "красиво" киргизгиң келип калат. Анан шар кирсе кадимкидей "кайф" болуп, чоң иш жасагандай жыргап каласың. Эгер шар кирбей калса, ага да нервиң кетет. Биздики да эч нерсе эмес, бильярдга баш-оту менен берилип, фанат болгондорду көрсөң чындап таң каласың. Өткөндө бир жерден 3 миң долларлык кий көрдүм. Болгону булгаары сыртка салып беришет, башка кийлерден эч кандай деле өзгөчөлүгүн көргөн жокмун. Ошону деле кээ бирөөлөр алат да.
- Акчага мелдешип ойнойсузбу?
- Досторум менен ойногондо кимибиз утулсак ошол жерден жата калып 20 же 30 жолу "отжимание" жасайбыз. Бир сыйра күлкү кылып алганга да жакшы эмеспи. Акчага мелдешкен кездер деле болот. Оюн ошонусу менен кызыктуу болсо керек. Бильярд оюну спорттук көнүгүү жасаганга жардам берет. Менин билишиме караганда, бир партия ойнолгон бильярд бир нече километр чуркаганга барабар экен.




Ильяз Андаш:
"Тапкан акчамдын баарын бильярдга коротчумун"
- Ильяз, эң биринчи бильярд ойногон күнүңдү эстесең?
- Төртүнчү класста окуп жүргөндө жарамазан айтып, түшкөн акчаны бильярд ойногонго жумшачубуз. Анда эмне, түшүнбөй эле шарларды ой келди ургулай берчүбүз. Кийин "Консул" ресторанында иштеп жүргөндө балдар менен күнүгө ойночумун.
- Бильярддын канча түрүн билесиң?
- Биз азыр эң жөнөкөйүн эле ойнодук. Мен билгенден "Московский" ичинен көп түргө бөлүнөт: "Американка", "Снукер", "Карамболь" булар да ичинен көп майда түрлөргө бөлүнүп кетет. Бизде көбүнчө "Московский" түрүн ойношот.
- Ушул оюнга ири суммадагы акчаны короткон күндөр болду беле?
- Ресторанда иштегенде түнү менен ойноп, канча акча тапсам ошонун баарын бильярдга коротуп койгон күндөр менде аябай көп болгон. Болгон акчамды түбүнө түшүрмөйүн жаным тынчу эмес. Ошондон эс алып, мээнин чарчаганы кадимкидей басылаар эле. Иштеп чарчаганымды да унутуп калчумун. Ал жерде иштебей калгандан бери бильярддан кичине алыстай түштүм. Ошондуктан аябай деле көп акча корото элекмин. Мисалы, азыр 600-700 сом коротушум мүмкүн.





Бильярддын тарыхын билесизби?
Бильярд качан, кайсыл мезгилде пайда болгону тууралуу так маалымат жок. Болгону бул оюндун мекени Кытай, же Индияга таандык. Англия менен Францияга аталган оюн 15-16 кылымда жеткен. Бильярд деген сөз француздардын тилинен которгондо "ball" (топ) жана "yerd" (таяк) дегенди түшүндүрөт. Ал эми бильярддын таягын (кийди) 1827-жылы ойлоп табышса, ага сүртө турган борду 1829-жылы франциялык бильярдчы Менго ойлоп тапкан.




Бактияр Токторов:
"Өз жашоомду бильярдга салыштырам"
- Бактияр, канча жылдан бери бильярд ойноп жүрөсүз?
- Күнүгө ойнобойм, жалпысынан алганда бильярдды он эки жылдан бери ойноп келем. Акыркы жолу он күн мурда ойноптурмун. Гастролдорго чыкканда концерт башталганга чейин эмне кылмак элек, эрмектеп топтогу балдар менен бильярд ойнойбуз.
- Көбүнчө эмнеге мелдешип ойнойсуздар?
- Ар кандай болуп калат. Көп учурда кимибиз утуп алсак, уттуруп ийгенин тизелетип отургузуп: "байке, сиз экениңизди билбей ойноп алыптырмын, экинчи ойносом колум сынсын" деп жалдыраттырабыз. Иши кылып, орто жолдон күлкү-тамаша жарата турган ар кандай нерселерге убадалашып ойнойбуз.
- Бильярд ойногондо эс аласызбы?
- Мен өз жашоомду бильярдга салыштырам. "Ойчул кыр ашканча, тобокелчил бел ашат" деген жакшы сөз бар эмеспи. Бул оюнда да тобокелге салып, мээлеп урушуң керек. Өзүмдүн жашоомду мисалга алсам, көп учурда тобокелге салып жүрөм. Негизи бильярд ойногондо мээңдин чарчаганы токтоп, стресстен арыласың. Болгон көңүлүң бир гана шарда болот.


Замир Арыкбаев:
"Геометрияны жакшы окугам деп мактана албайм"
- Сиздин оюңузча бильярдды жакшы ойнош үчүн кандай жөндөмдөргө ээ болуу керек?
- Менин оюмча арентириң жакшы болуш керек, көз ирмемдик учурда кайсыл шар кайсы тешикке кирээрин дароо болжоо зарыл. Анан албетте, геометрияны мыкты билиш керек. Тилекке каршы, мен мектепте геометрияны жакшы окугам деп мактана албайм.
- Бильярд сиз үчүн...
- Бильярд мен үчүн - мээни сергите турган, стресстен арылтып, проблемаларды убактылуу унуткара турган оюн. Бильярд ойногондо эс-дартыңдын баары шарда гана болуп, башка нерселерди бир азга болсо да эсиңен чыгарганга жардам берет.
- Бул оюндун тарыхы тууралуу маалыматыңыз барбы?
- Бильярдын мекени Англия деп билем. Ал эми жанагы таягычы...кий он алтынчы кылымда пайда болгон. Бильярд деген сөз өзү франциялык шар деген сөздөн келип чыккан деп окуганым бар.


Анара Дүйшөналиева
Бакыт Такиров






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-август, 2009-ж.:
1-бет
"Жолдошум мусулман болушу керек"
2-бет
Зарина Хасанова:
"Жолдошум мусулман болушу керек"

3-бет
урушуңуздар эмнеден чыгат?
4-бет
"Обон" шоу-таймс
5-бет
Саясат
6-бет
Ассоль Молдокматованын классташы Ибраимова Асел:
"Классташыбызды таарынткан баланы Ассоль сабап салган"

7-бет
Дасторкон ажары
8-бет
Жазбайын дейм, кол кычышат...
9-бет
Бильярдга берилгендер
10-бет
Жетекчинин жети катасы
11-бет
"Жүрөгүмдү чындап багындырган адамга гана сүйүүмдү тартуулайм"
12-бет
Маңдайыңа жазылганын көрөөрсүң, жигит!..
13-бет
Күлкү - өмүрдүн мүлкү
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мергенчинин тамагы










??.??