п»ї
 Таанышуу жарыясы


  күнсүрөт

Сэконд хенд - экинчи жардамбы же
жараксыз кийимдердин жарманкесиби?
Замандын талабына жараша түркүн кийим саткан дүкөндөр күн санап өсүүдө. Анын арасында "баасы арзан,сапаты жогору" деген жазуусу бар сэконд хенд кийимдери сатылган дүкөндөр да бар. Көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан сэконд хенд кийимдери жөнүндө кененирээк маалыматты төмөндөн окуңуз.

Сэконд хенддин сырларынан…
"Секонд хенд" дегенди сөзмө-сөз которгондо "экинчи жардам" дегенди түшүндүрөт. Европа менен Америка Кошмо Штаттарында жараксыз чыккан кийимге, буюмга, авто унаага, жада калса биринчи адамдан экинчисинин колуна өткөн маалыматка да, ушундай аталышты беришкен. Учурда дүйнө жүзүнө тараган бул бизнестин пайда болушуна ХХ кылымдын экинчи жарымында европалыктардын экономикалык абалы жакшы өнүккөндүктөн, ар бир мезгил сайын кийим сатып алышканы жана жарактуу кийимди ыргытууга жол бербеген маданият түрткү болгон. Европалыктарга караганда жашоо-шарты начар мамлекеттерге ушундай кийимдерди таратууну көздөгөн адамдар табылып, максатын оңой эле ишке ашыра башташат. Башында секонд хенд кийимдерин Африкага, Уганда, Конго,Замбия, Мозамбик сыяктуу өлкөлөргө бекер таратышкан. Убакыттын өтүшү менен бул тармак көп киреше алып келээрине көзү жеткендер
бизнеске айлантып башташкан. Акчаны эле көздөбөй өз буюмдарын кайрымдуулук иштерине жумшагандар үчүн мамлекет тарабынан атайын жеңилдиктер каралган. Мисалы, секонд хенд кийимдери сатылган дүкөндөн ижара акысын алышпай, ай сайын сыйлыктарды, акчалай жардам берип турушат.

Кийимдерди чогулутуунун жолдору...
Секонд хенддин кийимдерин үч жол менен жыйнашат. Биринчиси - үй бүлөөлүк. Кайрымдуулук иштери менен иш алпарган уюмдардын кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, жараксыз буюмдарын ыргытпай чогултуп берүүлөрүн суранышат. Же болбосо дагы бир ыкма, бир айда бир жолу элдер почта аркылуу атайын уюмдардан кат алышат. Ал катта "керектен чыккан буюмдарыңарды, кийимдериңерди ыргытпай чогултуп койгула" деген өтүнүч жазылган. Шарт боюнча кийим таза болуш керек. Эгер бут кийим болсо сөзсүз түгөйү менен болуп, боолорун байлап койгон оң. Өзгөчө шейшептер менен ич кийимдерге суроо-талап көп болот. Белгиленген убакта машина келип, эшиктин алдына чыгарылган кийимдерди чогултуп кетет.
Экинчи жолу - контейнердик чогултуу. Шаарлардын ири дүкөндөрүнүн алдында атайын контейнерлер коюлган. Ага каалаган адам кереги жок буюмдарын таштап кетүүгө укугу бар. Бир четинен алып караганда, контейнердик чогултуу анча жакшы эмес. Анткени, көпчүлүк эл такыр жарабаган буюмдарды, ал тургай таштандыларды салып кеткен учурлар көп кездешет. Кийимдерди бул ыкма менен чогултуу өзгөчө Финляндияда популярдуулукка жетишкен. Мисал келтирсек, Финляндиянын бир эле шаарында тогуз жүздөн ашык контейнер коюлган. Бир жылда болжол менен Финляндиянын бардык шаарларында коюлган контейнерлерден алты миллион киллограммга чейин кийимдер чогултулат.
Үчүнчү жолу - кийимдерди мектеп окуучулары аркылуу чогултушат. Мектеп окуучуларына өздөрүнүн, ата-энесинин, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын кийбей калган таза кийимдерин алып келүүлөрүн суранышат.

Кийимдерди кантип тазалашат?
Үч жол менен чогулган кийимдердин баары "оригинал" деп аталат. Канча кийим чогулса, анын баары атайын фабрикалардан санитардык тазалоодон өткөрүлүп, дезинфекцияланат. Атайын жагымсыз жыттарды жоготуучу, курт-кумурскаларды, күбөлөрдү өлтүрө турган кошулмаларга жыйырма саат кайнатылат. Кээ бир шарты жакшы компанияларда кийимдерди үч этап менен тазалашат. Биринчи этапта кийимдин сапатына көңүл бурулат, экинчисинде тандалып алынган кийимдерди гана кайнатышат, үчүнчүсүндө кайнатылган соң сапатын жоготпогон кийимдерди тандап туруп дагы бир ирет дезинфекциядан өткөрүшөт. Ошентип, кийимдер кадимкидей тазаланып, жаңы болбосо да өз калыбына келет.

Сэконд хенддин түрлөрү...
Stosk - деген түрүнө кадимки эле дүкөндөрдөгү жаңы кийимдер кирет. Сапаты мыкты, баасы арзан деген ураан ушул түрүнө таандык. Бирок, бул түрдөгү кийимдерди дүкөнгө жаңы түшкөндө эле талап кетишет. Сэконд хенддин туруктуу кардарлары ушул түрү качан келет деп аңдып турушат.
Lux (Extra) - дээрлик жаңы, жок дегенде бир-эки жолу эле кийилген кийимдер.
Андан кийин:

1- деңгээлдегиси - таза, бүтүн, аз эле убакыт кийилген кийимдер.

2- деңгээлдегиси - көпкө чейин кийилген кийимдер, көпчүлүк учурда сатып алуучулар мындай кийимди көп сатып албагандыктан, эскирип жок болот.

3- деңгээлдегисине - бүтүн, бирок, эски кийимдер. Адатта сатып алуучулар бул кийимдерди күнүмдүк тиричиликте оокат кылганда кийишет. Же пол жууганга, эшик-терезе жууганга алышат.

Кыргызстанда "сэконд хенд" кийимдери сатылган дүкөндөрдө абал кандай экени тууралуу дүкөнгө баш багып, өзүн Виктория деп тааныштырган сатуучу менен маек курдук.
"Биздин кийимдерди кээ бир ырчылар деле сатып алышат"
- Виктория, бул дүкөн өзүңүздүн менчигиңизби же жөн гана сатуучу болуп иштейсизби?
- Дүкөндү иштеткениме төрт жыл болду. Башында майда-чүйдө футболка, шортик эле сатып баштагам. Андан кийин кийимдерди көбөйтүп отуруп, бара-бара азыр өзүңүз көрүп тургандай дүкөн курадым. Өзүм ушул жерде кожейкемин.
- Айрымдар сэконд хендге өлгөн адамдардын кийимдери келип түшөт дешет...
- Андай сөздөрдү ким айтып жүрөт? Бул жөн гана адамдардын курулай божомолдору. Сэконд хендге экономикалык абалы биздикинен алда канча жакшы өнүккөн өлкөлөрдөн келген кийимдер сатылат. Кээ бири ойлойт экен жалаң эле колдонууга болбой калган кийимдер сатылат деп. Бул жерде деле кадимкидей кийимдер жаңысына, сапатына карап бөлүнөт. Баасы да ошого жараша болот. Бизге көбүнчө Англия менен Германиядан кийимдер келип түшөт. Дүкөнгө келгенге чейин бир топ санитардык тазалоодон өтүп, анан биздин колго тиет. Дүкөндөрдө баасын жазып, кийимдерге кагазга жазылган бааны чаптап, илгичтерге илип сорттоп чыгабыз.
- Кийимдер жогоруда айтылган өлкөлөрдөн кандай жол менен бизге жетет?
- Башка мамлекеттерге жөнөтүлгөн сыяктуу эле бизге да поезд менен жөнөтүлөт да, алар алгач дүңүнөн саткан контейнерлерге келип түшөт. Ал жактан биз алабыз.
- Бир күндө болжол менен канча сомго соода кыласыңар?
- Ар кандай болот. Мисалы, кечээ күнү 500-600 сомго соода кылсам, бүгүн эч нерсе деле саткан жокмун. Сэконд хенд десе эле элдин баары ойлошот экен, кедей адамдар кийинет деп. Аттарын айтпай эле коёюн, көпчүлүгүн тааныбайм деле, ырчылар деле келип жакшынакай жайкы, күзгү кийимдерди сатып алышат. Анын эмнеси бар экен. Базарда таппаган кымбат кийимдерди ушул дүкөндөрдөн деле издесе болот. Мен үй-бүлөм менен өзүмдүн дүкөнүмдөн кийинем. Бир мамлекеттин бай, экинчисинин кедей жашаганына элдер күнөөлүү эмес да.
- Кийимдер канча убакытта бир келип турат?
- Өтүмүнө жараша болот. Адатта эки-үч айда бир дүң баада сатып алабыз. Ошол жарым жылга жетет. Азыр жай мезгилине карата жайкы кийимдерге суроо-талап күчтүү. Бирок, биз төрт мезгилди тең эске алып жайкысын, кышкысын деле ала бербиз. Жеңил кийимдерди сатып, кышкысын суук түшкөнгө чейин таза бойдон катып коёбуз.
Анара Дүйшөналиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-август, 2009-ж.:
1-бет
"КЫЗ-БУРАККА" КЫЗДЫК БЕЛГИСИ БАРЛАР ГАНА АЛЫНАТ
2-бет
Эрмек Маматов:
"Ийнеден коркконумдан эки жолу жыгылып калгам"

3-бет
жаргылчак
4-бет
Шоу-дүйнө!
5-бет
Саясат
6-бет
Элина Абай кызы:
"Ош базарында газдалган суу сатчумун"

7-бет
Бир күндө канча бирдик коротосуз
8-бет
Жылдыздар турмушунан
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Аракеч күйөөнүн азабынан арылуунун жолдору
11-бет
Сэконд хенд - экинчи жардамбы же жараксыз кийимдердин жарманкесиби?
12-бет
телефондогу сырдашуу
13-бет
Мидин минткен экен..
14-15-бет
Обон почта
16-бет
БЕШИК БООҢОР БЕК БОЛСУН










??.??