п»ї
 Таанышуу жарыясы


  телефондогу сырдашуу

Адам көңүлүндө эч бир адамга батынып айта албаган түпөйүл ой жашашы мүмкүн. Бирок, жүрөк өйүп жүргөн ал оюн кимдир бирөөгө айтып, жеңилдеп алгысы келгени менен бетме-бет жолугуу мүшкүл иштей туюлат. Балким, телефондо сүйлөшүү жеңилирээктир…
Андай болсо сизге ушундай мүмкүнчүлүк беребиз. Бизге телефон чалыңыз да, дартыңыздын баарын ортого төгүп, бугуңузду чыгарып алыңыз.
Телефонубуз: 44-98-21
"Азатты жүрөгүм сүйөт, Белекти жакшы көрөм…"
- 2002-жыл эле. Университеттин чет тилдер факультетин окуп, ата-энемдин төрүндө эч капарсыз жашап жүргөн кезим болчу. Бир күнү кечке маал үйгө бейтааныш киши менин аты-жөнүмдү айтып, издеп келип калды. Көрсө… мектепте мени менен 6-класска чейин окуп, кийин белгисиз жакка көчүп кетишкен классташым Бектенов Азат издеттирип, келген киши таякеси болот экен. "Азат быйыл Бакудагы аскердик жогорку окуу жайын бүтүрүп, лейтенант болуу алдында турат. Андан кийинки эки эгиз инилери да бүгүн-эртең үйлөнөбүз дешип, ата-энеси Азатты үйлөн деп шаштырып калышыптыр. Азат болсо канча кыз менен сүйлөштүм, бири дагы Жибекке окшобойт, парталаш ошол сары кызды эч унута албай койдум. Таяке, бир издештирип, абалын билип бериңизчи. Турмушка чыга элек башы бош бекен, же?.. дегенинен мектебиңе барып, класс жетекчиң аркылуу сени таптым. Керилген кер мурут жигит издеп жатат сени, Жибек" дегенин укканда ата-энем менен мен бир топко чейин үндөй албай отуруп калдык. Атамдан уялганымдан жүзүм албырып, көз астымдан кылыя апамды тиктедим.
- Ии, Азаттын апасы экөөбүз "Илбирсте" чогуу иштечүбүз да. Аябай сөзмөр, шайыр жакшы аял эле. "Уулум Жибек деп оозунан түшүрбөйт. Ушу сиз экөөбүз кудагый болобуз го?" деп күлүп калчу. Анан эле көчүп кетишпедиби. Эми… кызыбыз да минтип суйкайып, институтту аяктап жатат. Колун сурап куда түшкөндөр толтура. Бирок кызымды көңүлү жактырганына гана берем деп жүрөт атасы. Эки жаш көрүшүп сүйлөшүшсүн, - деп ортодогу жымжырттыкты бузуп, апам мени ыңгайсыз абалдан алып чыкты.
Ошондон эки жума өтпөй Азат Кыргызстанга келип, таякеси бизди үйүнө конокко чакырды. "Кантип көрүшөм? Кандай болуп калды экен?" деп коопсунуп толкунданганым Азатты көргөндө эле шамал айдагандай жок болду. Узун бойлуу, кең далылуу, кара-торусунан келип, кара, тегерек көздөрү күлмүңдөгөн сулуучумак жаш жигит кучагына аяр алып, жүзүмдөн сүйүп: "Кандайсың, сулуу?" деп гүл сунганда эле, "эмне үчүн мен сүйүүгө кезиге элекмин?" деп жүргөн суроомо жооп табылгандай болду. Бир жумадай жүрүп экөөбүз Бишкектин кооз жерлерин кыдырдык. Сүйлөшүп сөзүбүз түгөнбөй, күлүп күлкүгө тойбодук. Кийинки жолкусунда Азат ата-энеси менен келип, сөйкө салып кетишти. Жарым жылдан кийинкиге үйлөнүү күнүн белгиледик. "Жалгыз кызымдан аямак белем? Келин болуп бөтөн жерге кеткиче минип алсын" деген атам "Гольф-4" үлгүсүндөгү, кочкул кызыл түстөгү машина белек кылды. Менин кубанычымда чек жок. Кырсыкты кайдан дегендей, көп узабай чоң атамдардыкына баратып кан жолдо киши койдуруп алдым. Ошол жерден жан берди. Атамдын ары-бери чапкылап, тигил тарапты сүйлөшүүгө чакырганына карабай он жылга кесилип кеттим…
- Өзүңүздү карманып ойлонбоңуз. Сиз атайлап жасаган жоксуз да. Сөзүңүздү уланта бериңиз, кааласаңыз?
- Телефондон уккан Азат эртеси эле учуп келип, атамдын албайм деген оюна койбой акча таштап чыгарып алыңыз деп ыйлаптыр. Апамдын айтуусу боюнча, Азат эки келип, эки кетиптир. Бирок биз жолугуша алган жокпуз. Түрмөдө мен соттоло элек болгондуктан, кездешүүгө уруксат жок экен. Кийин эч кабары жок кетти. "Ананчы? Киши өлтүрүп жатсам… Мени ким күтүп, ким сүймөк эле?!" деп калып калдым.
"Азаттын ата-энеси чалып "уулубуз барса кагып, көңүлүн калтырып, үмүтүн үзүп койгула. Тагдыр экен, экөөнүн жолу эки башка болуп калды окшойт" дешти. Эми кыйналбай, ал баланы унут" деп айтты апам бир жолку жолугушууга келгенинде.
Абактан быйыл чыктым. Колония-поселенияда жүрүп Белек аттуу бир жигит менен таанышып калдым. Ал да мен сыяктуу кырсыктап "олтуруп" чыгыптыр. Оор басырыктуу, сүйлөгөн-эткени орду менен, түшүнүктүү жигит. Айланып жанымдан чыкпайт. Кирпигимдин ирмелгенине карап мамиле жасап, колумду сурап жүргөнүнөн төртүнчү ай дегенде макулдугумду бергем. Ата-энем менен да таанышкан. Алар аябай жакшы кабыл алышты, жактырышты. Же менин көңүлүм үчүн деп жатышат окшойт?
Жашоом эми өз нугуна түшүп келатат дегенде эки жума мурун үйгө Азат келиптир. Күтүүсүз кезигишүү болуп калды. "Үйлөнгөм, бирок, турмушум болбой калды. Кечирим сурайм. Өз алдымча чечим кабыл алууга ал кезде жаш экенмин. Бирок үйдөгүлөрдү деле түшүнсө болот. Эми өзүм ойлонуп, өзүм чеччү куракка келип калдым. Бир кездеги жакшы тилектерди ишке ашырып, бир бүлө бололу. Кааласаң Бишкекке жумушка которулайын. Ишен" деп келиптир. Белек менен болсо 31-август күнү тоюбуз белгиленип, даярдык көрүлүп калган. Азатты жүрөгүм сүйөт, Белекти жакшы көрөм, анан аяйм. Кыздарга деген ишеничи жоголуп, бир олтуруп калган неме биротоло бузулуп кетпесе экен деп корком. Ата-энесинин, дос-тааныштарынын астында сындыргым келбейт. Турмушка чыгаарымды уккан Азат кайра кетпей, Бишкекте тууганыныкында жүрөт менден жакшы жооп күтүп. Күндө келет гүл көтөрүп. Ата-энемдин да сөзүн укпай койду. Белек экөө сүзүшүп калбагай эле деп менде жан жок. "Сен жок десең - жашабайм, атынып өлөм!" дейт. Эми мен эмне кылам? - деп бышактай ыйлаган Жибекке эмне деп көңүл жубатаар сөз айтып, кандай кеңеш берээримди да билбей калдым. Анткени жүрөктүн ишине кийлигишүү мүмкүн эмес да…
Жибек
М.Молдобекова




Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
Ошол күндөн тартып Баян эжебиз үйгө үзбөй каттап калды. Апабыз экөө өздөрүнчө күңкүлдөшүп, сөздөрү түгөнбөйт. Алардын кабак-каштарына карап "үйүндө соо эмес го? Кызын да ээрчитип келбей калды. Жездебиз анда-санда ууртап-татып койчу эле, балким, бир нерсе болгонбу? Эмне болуп жатышат?" деп ойлоп коём. Мурун шаңкылдай күлүп, аркы-беркини сүйлөп берип жайдары жүрчү кайнежемдин мүнөзү кескин өзгөрүп, өңүнөн да азып бараткандай. Керсары тартып, шапая түштү. Мага деген мамилеси да аябай алмашты. Эми ар келген сайын кылдан кыйкым таап, уруш чыгарып кетчү болду. "Апамдын көйнөгүн өзүңдүкүнөн мурун салып жуубайсыңбы?" десе, "Меники ак жоолук болгон үчүн биринчи жууп, анан көйнөктү салдым" дейм. Айтор, ушул сыяктуу болбогон эле майда-чүйдө сөздөр менен сый мамилебиз сыйрылып баратты. Ага апабыз кошулат. Унчукпайын десең, "сөзүмдү сөз ордуна көрбөй, тылтыйып кекетип калганын карабайсыңбы?! Ай, бирдеме десең боло, тилиңди жутуп алдың беле?" деген сөздү угам. Айлаң кеткенде "чапса таштан да үн чыгат" дегендей мага да тил-ооз бүтүп баратты…
Балким, күнүмдүк ал түйшүктү түк кабагым-кашым дебей көтөрө билмекмин, эгерде көңүлүм бир ордунда болуп, күйөөм кабарын билдирип турса. А бирок анын өлүү-тирүүсү билинбей дым. Мындайда оюң жакшы нерселерге кетпейт тура. Кызганыч деген куруткан сезим бүт ой-кыялымды бийлеп, сагынычтын сары оорусу менен ооруп, бассам-турсам оюмдун баары Сүйүндүк болуп калды. "Үзүлүп-түшүп жакшы көрүп, жалынып-жалбарып менсиз асманы караңгы экенин кайталоодон тажабай, "өмүр бою сүйүп өтөм!" деген Сүйүндүктүн ушинткени кантип болсун?! Кызыбыздын чарчап калганы үчүн мени күнөөлөгөнүбү? Бул жарык жашоодо каны-жаны бирге эң жакын адамым катары санап, жашап калгандан кийин кандай болгон күндө да аялы катары аяп, бир сүйлөшүп койбойбу?" деген ойлордон кандай бүтүм чыгараарымды билбей башым маң.
- Сүйүндүк деп сүлдөрүң эле калыптыр го?! Деги аныңдын кабары жок болгон соң кайнене-кайнатаңдын эмне ойлогону бар экен? Издеп, сураштырышпайбы? - деди бир күнү Чүрөк эжем үйүнө барсам. "Эжем айтты" деп аны апабызга айта коюп, катуу кагуу жегем.
- Эжең кимдин акылын уурдап алыптыр? Биз деле балабызды ойлоп, санаа тартып, атаңар жанагы Россияга чакыртып алган баласынын үйүнө барыптыр. Жүрөт дейт жапжакшынакай эле, тиги бала экөө чогуу иштешип. "Эми балаңар чалбаса, биздики кыйнамак беле? "Ишибиз жакшы, быйыл бара албайбыз" деген уулубуз. Ойлонбой эле койгула" деп кетиришиптир алар атаңды.
Кадимкидей жүрөгүм ордуна келип, каным дүргүп:
- Ий-и, аман-эсен жүрсө эле болду. Мен да бирдеме болгон жокпу деп түшүмөн чочуп жүргөм. Көрсө… - дедим үстүмөн бирөө оор жүктү алып ыргыткандай. Ошентсе да… Ага деген сагыныч сезимим таарынычка айланып, кызганычым ого бетер күч алып, жүрөгүм уйгу-туйгу болуп жатты. Түнкүсүн уйкудан калдым. "Эркекке ишенгиче - эки босогоңо ишен" деген ушулбу? Эмнеси болсо да аны менен көзмө-көз көрүшүп, суроолорума жооп алып жаным тынмайынча эми менин жан-дүйнөмдө тынчтык жок. Алаксыйын деп ичимдин жарааты айыгып бүткөндөн кийин жумушка чыгып кеттим.
Бир күнү үйгө келсем, оозгу эшик ачык, бекитишпептир. Коридордон эле кайнежемдин үнүн тааныдым да, тыңшап туруп калдым. Анткени сөз мен жөнүндө болуп жаткан эле.
- … Кетсин ар жакка! Күйөөсү таштап кетсе аны багып сизге эмне азап? Өзү иштейт дейсиз, алган айлыгы өзүнөн ашпаса керек. Канча алат? Төрт миң деп жүрдүңүз беле? Анысы бетинин боёгуна эле араң жетпейби? Ал кийген көйнөктөрдү кымбатынан мен да кийе албайм. Түрлөп да кийинет тим эле. Оорукчан да болсо, анан Сүйүн аны эмне кылсын? Өзү деле бир жыл жашап-жашабай көңүлү калган үчүн иштейм деп шылтоолоп кетип калды болуш керек. Мунусу болсо түшүнбөмүш болуп көгөрүп жашап жатканын карабайсыңбы? - деген сөздөрдөн демим кысылып, жыгылып калбоонун аракетинде дубалга сүйөнүп отуруп калдым.
- Ай, жок, андай эмес! Сүйүндүк менен биз жокто же тигил эжесинин үйүндө сүйлөшүп, ал акча салып эле жатат. Ошон үчүн күндө бирди кийип, бирди чечип жатат. Анан калса ич кийими эле ондон ашык экен. Ак көйнөк кийсе агын, кызыл кийсе кызылын кийип деле жок шумдукту ушундан көрдүм. Биз бир ак, бир кара дегенди эле билчү элек. Мен баламдын сырын билем го. "Келиниңиз балаңыздын башын айлантып алган" деп айтпадыбы өткөндө тигил жээн. Ошону жандырайын деп "окутпадымбы" өткөндө. Анан сен да баланын сөзүн сүйлөйсүң, кетсин деп. Кетире албайм. Эмне деп кетирем? Өзү да куу, өлүмүш болуп көзүмдү эле карап турат.
Ушунун баарын угуп, же сыртка чыгып кете албай шал баскансып шалдырап, үнсүз отуруп калдым. Көкүрөгүм буулугуп, көзүмдүн чарасына мөлтүлдөп жаш толуп чыкты. "Эмнеге эле мени минтип жаман көрө беришет?" деген ой турду. Кантип ыйлап жибергенимди билбей калдым. Экөө коридорго калдастап чуркап чыгышып, мени тиктеп туруп калышты.
- Ай, улуп-уңшубай үнүңдү өчүр! Эмне болду сага? Кошуналар укса эмне дейт? Анан сөз тыңшабай жүр экинчи. Мен келсең бетиңе эле айтайын деп жаткам. Алтынай студент болсо, апам минтип күндүн ысык-суугуна бутунун оорукчанына карабай качан өтөт деп ары-бери өткөндү жалдырап карап алма сатса… Анан сени баксынбы? Же күйөөң акча салбаса... Карыган немени аябайсыңарбы? Силер деп жүрөт го ушул жакта темселеп. Сүйүндүктү эркек деп коёт… Сен аялдай болуп айтышың керек, "кой, апабыз ойлонуп, ооруп калса эмне болот? Күтүп жүрөт, сүйлөшүп, көңүлүн көтөрүп кой. Сен кеткенде базарга кайра чыгып алган, чыкпай эле койсун" дебейсиңби? Сен болсо кайра кайраштырып, бөлүп-жарып жатасың! Атам менен апамдан кийин эле төркүнүм ошол Сүйүндүк. Анан мен инимди сенин колуңа салып берип эле тим олтуруп кала албайм. Мени да оңой ойлобо… - деген бир топ уу сөздөр айтылды босогодо. "Үйгө эле кетсем окшойт, керек болсом Сүйүндүк издеп келээр" деп ойлой, кайра айныдым. Үйдөгүлөрдүн жүрөгүн оорутуп эмне деп барам? Жо-ок, Сүйүндүк өзү келип, эшикке чыгарып коймоюнча күтөм, чыдайм дедим ичимден.
- Ай, тур эми, кыз боозуп энесин коркутат деп отура бербей. Тамак жасасаң болмок, эжең да ичип кетет эле. Байкушум ансыз деле акылсыз жалгыз кызынын айынан… - деп келатты эле:
- Апа!-деген кайнежем тыйып койду. Экөө ээрчишип чыгып кетишти.
Өзүмдү кыйнап туруп, "муздак сууга чайканып өзүмө келбесем болбойт" деп ойлой душка кирдим. Ойго алдырып, суу астында канча туруп калганымды билбейм, душтун эшигин илүүнү да унутупмун. Эжебизди узатып, кайра келген апабыз ашканада мени көпкө күтүп калган окшойт. Бир маалда каалга шарт ачылып, ачууланган апабыз колуна аш бычакты кармай кирип келди.
- Ай, эми тамакты мен жасайынбы? Анан деле жуунсаң болбойбу? Же бул мени тоготпой аткандагыңбы? Баласын бийлеп алдым, эми кайненемди кандай калчасам жарашат деп жатасыңбы? Андай болбо-ойт. Баян туура айтат, бул үйдө же сен, же мен жашашым керек. Кийимиңди чогулткун да, кеткин! - деп терс бурула бергенде мен үстүмө халатымды иле салып, шашкалактай суудан чыгайын деп суу полго тайгаланып кеттим. Жыгылып баратып карманып калайын деп апабыздын колуна жармашсам, ал чалкасынан түшүп, башы ваннанын кырына тийди. Толук неме күтүүсүздөн жыгылгангабы, оңой эмес күч менен барып урунду. Анысы аз келгенсип самын-сумун койгон дубалда илинип турчу темир текче да башына түштү.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-август, 2009-ж.:
1-бет
"КЫЗ-БУРАККА" КЫЗДЫК БЕЛГИСИ БАРЛАР ГАНА АЛЫНАТ
2-бет
Эрмек Маматов:
"Ийнеден коркконумдан эки жолу жыгылып калгам"

3-бет
жаргылчак
4-бет
Шоу-дүйнө!
5-бет
Саясат
6-бет
Элина Абай кызы:
"Ош базарында газдалган суу сатчумун"

7-бет
Бир күндө канча бирдик коротосуз
8-бет
Жылдыздар турмушунан
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Аракеч күйөөнүн азабынан арылуунун жолдору
11-бет
Сэконд хенд - экинчи жардамбы же жараксыз кийимдердин жарманкесиби?
12-бет
телефондогу сырдашуу
13-бет
Мидин минткен экен..
14-15-бет
Обон почта
16-бет
БЕШИК БООҢОР БЕК БОЛСУН










??.??