Мидин минткен экен..

"Бөдөнөнүн сүтү"
Райкан Шүкүрбеков сыркоолоп ооруканага жатып калат. Аны көргөнү Мидин досу барат.
Мидин терезеден баш багып, Райканды чакыртып, колуна бир бөтөлкөгө толтура куюлган чаңгыл сүт, эски гезитке оролгон эки туурам эт, анан жарым барак бүктөлгөн кагаз карматат. Берген "передачасын" көрүп, Райкандын көңүлү жыйрыла түшкөнүн байкаган Мидин жубатып:
- Эч капаланбай тур, досум, кабагыңды жыйрыбай ач. Бөтөлкөнүн ичинде "бөдөнөнүн сүтү" бар, - деген имиш, медайымга угузбай шыбырап...
Көрсө, Райкан досунун табитин жакшы билген Мидикең бөтөлкөдөгү аракка сүт кошуп, досунун демине-дем болсун деп күч кошуп. Бүктөлгөн кагазга:
- Аракка койдум сүт кошуп,
Аны иче бер досум, токтоосуз!
Ал сага берет күч кошуп...
Айыгасың бат эле,
Ээрчишип анан бирге жүрөбүз,
Баягыдай окшошуп... -
деп жазыптыр.
Үнүн го
окшоштурдуң...
Бир күнү Мидин автобуста кетип бараткан экен. Жанында жаш келиндин колундагы сумкасы түшүп кетип, анысын ылдый эңкейип ала бергенде, күтүлбөгөн жел чыгып кетет. Муну ага жакын отургандын баары эле угушат. Жаш келин уялып кетип, автобустун терезесинин айнегин чыйкылдатып калат.
Аны байкап турган Мидин:
- Айланайын, келин балам, үнүн го эптеп окшоштурдуң, а жытын эми кантесиң? - деп автобустагыларды күлдүрүптүр.
Абийирдүү эле тиги
"Москвичке" тебеленели...
Эки Алыбаев, Жапаркул менен Мидин ээрчише басышып, чоң көчөлөрдүн кесилишине жеткенде, алдыда бараткан Жапаркул тез-тез басып өтүп кетмекчи болуп, алдыга обдула бергенде, Мидин анын этегинен тартып токтотуп, кетип бараткан автобусту көрсөтүп айтат:
- Ой, Жапаркул, шашпа! Бул лакыйган автобуска тебеленгиче, артында келе жаткан абийирдүү "Москвичке" эле тебеленели - дептир.
Өпкө турганда, жүрөктүн
кереги не, агатай?!
Мухтар Ауэзовду кыргыз жазуучулары конокко чакырат. Бул тойдо Мухтар такыр ичкилик жаатынан оозуна албай коёт. Айласы кеткен Аалы Токомбаев "эми кандай кылабыз, тиги тентекти чакыргылачы, ошол ичирип жүрбөсүн?" дейт. Мидинди чакыртып Мухтардын үстүнө киргизишет.
Мидин Мухтарга катарлаш отуруп куудул сөздөрү менен аны күлдүрүп, бир топ убакыт өткөндөн кийин, сөз кезеги келе калганда:
- Агатай, мына бу "кыргыз коньягынан" бир-эки рюмка алып койбойсузбу?" - дейт.
- Ой, бай карагым, ичүүгө болмай атыр гой аныңды, анау жүрөк кургур ооруйду гой... - деген имиш.
Мидин: - Агатай, өпкө турганда, казак агайын туугандарга жүрөктүн кереги не?! - деген экен.

Айзада Жыргалбекова