п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Обон почта
ОП-78-001. Менин саламым сүйүктүү атам Мамырбек, апам Сабирага жолдонот. Ата, апа, сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, бакыт каалап, мен сиздерди аябай жакшы көрөөрүмдү айткым келет. Зоя.
ОП-78-002. Саламым суйкайган сулуу ырчы айым Кундуз эжеге жолдонот. Келечекте чоң-чоң ийгиликтерге жетишип, бактылуу болуңуз. Алла Тааламдын сүйүктүү пендеси экениңизди эч качан унутпаңыз. Москвадан күйөрманыңыз Самара.
ОП-78-003. Ар нерсеге туруктуу бол,/ Ар дайым турмушуңда ачылсын жол./ Канчалык кут консо да башыңа,/ Көтөрүлбөй, мен-менсинбей жөнөкөй бол. Айзирек.
ОП-78-004. Мезгил өткөн канча убак арадан,/ Сагынамын Замир сени кайрадан./ Каныкейка.
ОП-78-005. Мен төрт жыл алдын Ростов-на-Донуда бир жүргөн иним Жаханды издейм. Жахан, эгер окусаң, байланыш. 0550377216. Асил.
ОП-78-006. "МанасFMдеги" досторум Жанка89, Тентешка, Мамалак, Нури, мага звандагыла. 07702328ХХ.
ОП-78-007. Эпкиндик Мэрика, сен суперсиң. Сага эч ким жетпейт. Бактылуу бол. 07730428ХХ.
ОП-78-008. Саламым таежем Жетибаева Гүлмайрамга жодонот. Таеже, туулган күнүңүз менен куттуктайм. Сизге бардык жакшылыктарды каалап Чымкенттен иниңиз Болот.
ОП-78-009. Айдай сулуу Бактыгүл Бадыевага салам жолдойм. Талантыңыз ташкындай берсин. Мен сизди жакшы көрөм. Элнура92.
ОП-78-010. Сүйүп окуган гезитим "Обонго" айтам саламды,/ Эрезеге жеткирген ата-энеме айтам саламды./ Көңүл чөксө көтөргөн досторго айтам саламды. Ар дайым аман болгула. Нур-Айжан.
ОП-78-011. Жалал-Абадда жашап жаткан атам Таалайбекке,апам Калияга,үкөм Нурбекке салам жолдойм. Аларга бакыт жана баардык жакшылыктарды каалайм. Ишиңерге ийгилик! Алматадан Наргиза.
ОП-78-012. Жакшы жатып, сонун-сонун түштөрдү көрүп жай тургула. Түнүңөр бейпил болсун. Асел.
ОП-78-013. Дос деген сөздүн өзү кандай жылуу,/ Дос деген сөздүн өзү кандай улуу./ Турмушта акыреттик досуң болсо,/ Адамсың жер үстүндө эң бактылуу. БКД компаниясындагы досторум, бар болгула! Назима.
ОП-78-014. Ангел Асем, Айдана Анту, аябай акылдуу жан экенсиңер. Ушунчалык таң бердим. Ушул калыбыңардан жазбагыла. Аська.
ОП-78-015. Менин жалындуу саламым Ош шаарынын красавчиктерине жолдонот. Ар дайым шаардын көркүн ача бергиле. Силерге ийгилик. Назима.
ОП-78-016. Мирбек Атабеков, сиз суперсиз. Сураныч, мага номериңизди бериңизчи?! Күйөрманыңыз Санрабия.
ОП-78-017. Ассалому алейкум достор, биз жакта күн аябай ысык. 42-50 градуска чыгат. Не кийбегин жүрөгүң кысылып, тердеп, баары бир ысыйсың. Кыргызстанда аба-ырайы кандай сонун, эх! Достор, туулган жериңе не жетсин! +770256981ХХ.
ОП-78-018. Карасам кыздын узун чачы, көпөлөктүн канаты, кол астыңдагы бермет, жер үстүндөгү бардык жандай акылдуу нерсе жок. Бермет.
ОП-78-019. "Алмаз" радиосунун шайыр ди-джейи Марат Мырзабековго салам. Кайда жүрбөңүз аман-эсен жүрүңүз. Ишиңизде ар дайым ийгиликтер болсун. Айдеми.
ОП-78-020. Асылзаттан арналган,/ Дүйнөгө мен үчүн жаралган./ Сагынып сөзүнө арбалып,/ Келчи жаныма жалбарып./ Сагынуудан саргардым,/ Көзүм албай караймын. +792684485ХХ.
ОП-78-021. Астанада жүргөн курбум Ханышайга салам. Ишиңе ийгилик, Марат менен бактылуу бол. Экөөңөрдү тең сагындым. Тезирээк келгилечи, макулбу? Айдеми.
ОП-78-022. Алматыдагы Амангүл, силерге да салам. Ишиңерге ийгилик, бакыт каалайм. Айдеми.
ОП-78-023. Султан Садыралиевге супер салам. Сага кааларым өмүр жана аппак кардай тунук сүйүү. Анан да жаңы ырларың, жайдары жүзүң менен сахнадан сени көрөлү. Айдеми.
ОП-78-024. Таланттуу ырчылар Бекчорого, Эрлан Андашевге салам. Ар бир ырыңар угармандардын жүрөгүнөн орун ала берсин. Айдеми.
ОП-78-025. "Обон", кумир менен баарлашууга Бекчорону чакыргылачы, сураныч. Айжамал.
ОП-78-026. Алматыда иштегендердин ишине ийгилик каалайм. "Алатоо" базарында иштеген досторум Акылбекке, Ыдырыс, Мирлан, Кайрат, Мырзабек, Мадамин, силердин да ишиңерге ийгилик каалайм. Тыныбек.
ОП-78-027. "Мен үчүн белең" деп ырдаган, кыздарга суктанган, "Капа болбо" деп сыздаган, "Ай чырай" деп айымдардын сулуулугун даңазалап ырдаган Бекчорого салам. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Мен сени сүйөм. Айжамал.
ОП-78-028. Сүйүктүү, ардактуу апамдын 27-июль өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктап, узун өмүр, чың ден-соолук каалайм. Биздин бактыбызга бар болуңуз. Менин бар байлыгым, берекем - бул бир гана сиз! Кызыңыз Элиза.
ОП-78-029. Бактыгүл Бадыева, Мэри Шакулина, Анжелика, силер суперсиңер! Элиза.
ОП-78-030. Кадамжай районунун Жийделик айылында жашаган досум Азаданы өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Жади.
ОП-78-031. Жаным Маратка: Узун болсун өмүрүң,/ Эч убакта чөкпөсө дейм көңүлүң./ Эң кызыктуу күндөр али алдыда,/ Капа тартпай кызыгын көр өмүрдүн. 07705090ХХ.
ОП-78-032. Азамат жээним, сага узун өмүр каалайм. Ата-энеңди сыйлаган бала бол! Жылдыз.
ОП-78-033. ОшТУнун ФУиМО ГМУ-07 группасына салам. Группалаштар, каникул кандай өтүп жатат? Жакшы эс алып келгиле. Мен силерди сагындым. Астанадан Гулиза.
ОП-78-034. Саламым кыргыз калкыма жолдонот. Мен өзүмө жакын дос табу максатында бул катты жазып отурам. Ыймандуу, акылдуу кыз-жигиттер менен таанышам. Тахмина93.
ОП-78-035. Кереметтүү обон калаасы, шайыр смсчилер, менин сүйүктүү ырчыларым Даниэль, Сайкал, Бактыгүл, Ильязга салам. Супер досум Эма Гузел, азамат, өз күчүң менен АУЦАга өттүң. Ичиңдеги беби кыйнабай жатабы? Чынында сени сагындым. Сары-Челектен келген бойдон дайының чыкпай кетти да, кабарлаш. Гүлү.
ОП-78-036. Алматыда иштеген жан досторум Айка менен Замирага салам жолдойм. Жан досторум, силерге узун өмүр, чың ден соолук, ишиңерге ийгилик каалайм. Шолпан.
ОП-78-037. Менин эң сүйүктүү курбуларым Кенжегүл, Азимгүл, Жазгүл, Асел, Диля, Ева, Альбина, Зина, Батма, Гүлжаз, Назира, Нуршат, Ширин, Гүлүм, Ардак, Айгерим, баарыңарга ден соолук, чексиз махабат каалайм. Аллахым силерди күлкүдөн эч айырбасын. Алматыдан Амангүл.
ОП-78-038. "Обон" гезитинин супер смсчиси менин досум Билал козуга салам. Окуган намазыңыз кабыл болуп, Аллахым сизге жар болсун. Алматыдан Амангүл.
ОП-78-039. "Обон" аркылуу таанышкан Ильяз, Шерка, Данияр, Улан, Айбек, Мирлан, Бишкектен Билал козу, Астанадан Алмаз, Өмүр, Россиядан Улукбек, "Алатау" базарындагы Нурик, Бека аттуу досторума жалындуу салам. Алматыдан казак кызы Амангүл.
ОП-78-040. Барахолкадагы бардык мени тааныгандарга салам. Амангүл.
ОП-78-041. Менин саламым "Обон" гезитинин супер смсчилери, ширин сиңдилерим Айзирешка, Бактыгүл92, Ангел Асемге жолдонот. Аллахым сиздерге узун өмүр, чексиз бакыт берсин. Сиздерди жакшы көрөм. Алматыдан казак кызы Амангүл.
ОП-78-042. Бактыгүл Бадыева, сиз аябай сулуусуз. Зерда.
ОП-78-043. Бактыгүл Бадыева, сиз мыктылардын катарына кошуласыз. Кылган ар бир ишиңизди Алла Таалам колдосун. Зерда.
ОП-78-044. Эң сулуу сөз - Аллах. Эң сонун ыр - Азан. Эң жакшы гимнастика - Намаз. Эң жакшы китеп - Куран. Амангүл.
ОП-78-045. Ноокаттын Караташ айылында жашаган 1991-жылкы Гүлмайрам, мен сени чексиз сүйөм. Ар дайым бүгүнкүдөй күлүп жүр. Сырдуу жигит.
ОП-78-046. Жигиттер, ишенгиле, мен казак кызы болом. Эмнеге ишенбейсиңер? Кыргызча билсем жаманбы, а? Дагы бир ирет айтам, мен казак кызы болом. Алматыдан казак кызы Амангүл.
ОП-78-047. Досторум, таарынбагыла, мен айылга кетип атам. Мени сагынасыңарбы? Мен баарыңарды сагынам. Кечирип койгула мени. Амангүл.
ОП-78-048. "Алатау" базарындагы Бекага салам. Сизди сагындым. Амангүл.
ОП-78-049. Ура-а-а-а! Армиядан иним келди, досторум! Амангүл.
ОП-78-050. Зина дос, сага ишендим, Бир ирет сени кечирдим. Дагы бир ирет алдасаң, сен менин эң жаман көргөн адамыма айланасың. Амангүл.
ОП-78-051. Мен 318 номери менен аяктаган Махира аттуу кызды издейм. Мага байланыш. Сени издеген Улан.
ОП-78-052. Табиятта суу менен аба кандай керек болсо, сен мага ошончолук керексиң. Айзирек.
ОП-78-053 . Ош шаарындагы "Sagdiana" ресторанында иштеген жигиттер, силер суперсиңер! "Star Dens" бий тобунун жигиттери, мага чалгыла. 07730593ХХ.
ОП-78-054. Шабдан айылына, өзгөчө 11-"а" класска салам. Классташыңар Насыйкат.
ОП-78-055. Досум Айсулууга салам жолдойм. Айсулуу, сага чың ден соолук, узун өмүр, ишиңе ийгилик каалайм. Мага ишенип, ишеничимди актаган досум болушуңду каалайм. Алайдан досуң Улан.
ОП-78-056. Кыз кишинин көз жашын бекер агызба, анткени, Кудай ар бир тамчысын санап турат. Бегимай92.
ОП-78-057. Салам Луиза, мен сени сүйөм. Мага ишенчи, жаным! Ахмет.
ОП-78-058. Алдап сен ойноп кеттиң,/Кайгысыз жүрөк менен./Сезимдер талкаланды,/Көп өмүр сүрөт деген./Сөзүңө алданыпмын,/Көзүңө арбалыпмын./ Көңүлдөр бөксөрдү го,/Ойлорум өзгөрдү го,/Жүрөктө тунук сезим,/Бүт бойдон өрттөндү го./Күндөрүм арман беле,/Сүйүүң да жалган беле?.. Ангел 89.
ОП-78-059. Олжа базарда иштеп жаткан досум Данияр, 7-август туулган күнүң менен куттуктайм.Сага бекем ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт,тунук сүйүү каалайм.Ар дайым жузуңдөн жылмаюу кетпесин ! Алматыдан казак досуң Амангүл.
ОП-78-060. "Обондун" бардык супер смсчилерине, жаңы смсчилерине салют! Алматыдан казак кызы Амангүл.
ОП-78-061. Билал козу, сиз жалгыз эмессиз,сиздин мендей досуңуз бар да. Эч ойлонбоңуз.31-августта барам. Алматыдан казак кызы Амангүл.
ОП-78-062. Менин билишимче, Жоомарт үйдүн эң кичүү уулу. Анын Турабуддин деген агасы да бар болчу. Жоомарт Жалал-Абаддын кайсы жеринен билбейм. Ошондо ал айылыбызды сел алып кетти дегендей болгон эле. Башка маалымат билбейм. Жакшылап ойлонуп көрүңүзчү, мүмкүн таанып калат чыгарсыз. Сиздерге ишенем. Кабарлап айткандарга сүйүнчүсү албетте бар. Мендей жардамга зар, жакындарын эстеген сайын көзү жашка толгон, мендей жаш кыздардан жардамыңыздарды аябайт деген умуттомун. Сырдуу кыз.
ОП-78-063. Эмне десең да жараша берген, балдардын бардыгын чуркаткан менин спортсменка эжем Замана, кандайсыз, жакшы жүрөсүзбү? Сизди сагындым, мени менен байланышыңыз. Номерим 0553456778. Урматым менен Айзирек.
ОП-78-064. Достор, супер смсчи эжелер, байкелер, окурмандар баарыңыздардын ишиңиздерге ийгилик! Таалай.
ОП-78-065. Суусамыр айылынын тургуну атам Насыркул Батырбеков, апам Шайырбүбү Батырбекова жана байкем-жеңемдерге, иним Улукманга салам жолдойм. 07721397ХХ.
ОП-78-066. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына салам жолдойм. Ишиңиздер ийгиликтүү болуп, ар дайым алдыда болуңуздар! Рима.
ОП-78-067. Бишкекте Келечек-3 көчөдө жашаган Бектурга чоң салам. Мен сени сүйөөрүмдү эмнеге сезбейсиң? Мени качанга чейин кыйнайсың? Жаныңа барып айта албай кетип калдым. Унутам деп ойлодум эле, бирок, жүрөгүмдө өмүр бою сакталып калыптырсың. Сенден эч качан үмүтүмдү үзбөймүн. Асел.
ОП-78-068. Алматыга салам. 8-катардагы Куту менен Жоро, кайта-кайта Гүлгаакыга асылганча юбка кийип албайсыңарбы? Жаныңардагы таксыр агаларыңар тетири даабат айтып жатабы? Ал кыздын бетине сүйлөгөнгө духуңар жетпейт. Же карабай койсо күчүңөрдү "Обондон" чыгарып жатасыңарбы? Асел, Аида.
ОП-78-069. Мени азапка салган, жүрөгүмдү ээлеген Өмүрбек, сени чын жүрөгүмдөн сүйөм. Мага ишен, мен сенсиз жашай албайм. Бетиңе айта албаганым үчүн кечир, бирок, жүрөгүм сен деп гана согуп турат. Айзирек.
ОП-78-070. Кыргыз элимде тынчтык, аманчылык, барчылык, токчулук болсун! Курманбек Салиевич, алга! Кыргызымдын жылдызы жана берсин. Каныкейка.
ОП-78-071. Досторум Бактыгүл менен Ангел Асемге салам жолдойм. Кандайсыңар, иштериңер жакшыбы? И.93.
ОП-78-072. Достор, супер смсчи эжелер, байкелер, окурмандар, 0770563214 номери сиздердин смсиңиздерди чыдамсыздык менен күтөт. Келгиле, дос болобуз. Урматым менен Фея.
ОП-78-073. Достор, нукура кыргыз бала Добрдун ырлары тим эле жүрөк эргитет экен, ээ? Добр, сизге чыгармачылык ийгилик, тунук сүйүү каалайм. Сиздей нукура кыргыз балдар элибизде көп болсун. Фея.
ОП-78-074. Айя Садырова, сен механикти сүйбөй, мени сүйсөң болмок.Сени сүйөм. Ырларынды укканда өзүмдү коёрго жер таппай калам. Кани.
ОП-78-075. Каныкей, "Коё бер мени кайгы" деген ырың мага абдан жагат. Өзүң да жагасың. Билип кой, мен сени эч качан коё бербейм. Канат.
ОП-78-076. Салам достор, баарыңар менен достошууну каалайм. 0557933224 номерине байланышып, смс жазгыла. Маякка жооп жок. Урматым менен Жанусь Роза.
ОП-78-077. Урматтуу ОП-77-040, Амангүлгө эмне тийишип жатасың? Башка кыларга ишиң жокпу? "Обонго" смс жазабы же жазбайбы ал өзүнүн иши. Өзүңдүн башыңдагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөсүң да. Жанусь Роза.
ОП-78-078. Досторум Гүля88, Нурзат90, Айгөлөк, Айзирек, Бактыгүл92, Ангел Асем, Гузел, Вася, Айдана Анту, Кеминдик Наргиз, Макуся, Мисс Саит Ангел, Нур-Айжан, Гули, Табигат сырдуу Алтынай жана Казакстанда иштеп жүргөн досторум Абда, Барчынай, Мөлмөл, Гулзира, ишиңерге ийгилик каалайм. Мени менен байланышкыла. Номерим 0557933224. Жанусь Роза.
ОП-78-079. Чоң Кемин өрөөнүнүн Шабдан-Ата айылынын сулуу кыздарына салам. Сейит.
ОП-78-080. Саламым жакын досум Сайкал Садыбакасовага жолдонот. Мен аны дос катары жакшы көрөм. Канатбек.
ОП-78-081. Смсчилер, мен силерди абдан сагынып кеттим. Мени эстеген смсчилерге рахмат. Мен "Обонду" дайыма окуп жатам жана окуй бермекчимин. Ишиңерге ийгилик. Макуся.
ОП-78-082. Кыргызымдын чыныгы ыймандуу балдар-кыздарына чоктой ысык салам. Айзирек.
ОП-78-083. Мени сүйгөн кыргыздын бардык акылдуу, сулуу кыздарына салам. Кана.
ОП-78-084. Ноокат шаарында жашаган Айнура эжеме, Хажы жездеме жалындуу ысык салам. Бактылуу болгула Сары-Таштан Назгүл.
ОП-78-085. "Менин милициям мени коргойт" деген сөздүн ноокаттыктарга тиешеси жок. 07722611ХХ.
ОП-78-086. Жолдошум Назарбекти туулган күнү менен куттуктайм. Сага ден-соолук, узун өмүр, ар дайым маанайың ачык болуп, жүзүңдөн күлкү кетпесин. Балдарыңдын бактысына аман болуп жүзгө чык. Рахат, Айдана, Арген.
ОП-78-087. Менин бөлөм менен сүйлөшкөн жигитим жүрүп кетти. Аларга кандай мамиле кылышты билбей жатам. Мага кеңеш бергилечи?! Зерда.
ОП-78-088. Ар бир адам махабатка чалдыгабы? Зерда.
ОП-78-089. Сүйүктүү досум Асемага салам жолдоп, ишине ийгилик каалайм. Зарина.
ОП-78-090. Өзгөн районунун Жыланды айылындагы Ж.Маматжанов мектебин быйыл бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө, алардын ичинен дос кыздарым Жеңишгүлгө, Мээримге, Айжамалга жана Нуркага салам жолдойм. Мен баарыңарды сагындым. Классташыңар Каныбек кызы Гүлнура.
ОП-78-091. Саргыч тартып самагам эркем сени,/ Сагынычым - ак таңдын тентек жели./ Жумшак сылап жүзүңдөн аймаласам,/ Таң сүргөндө ачып кой терезеңди./ Жан-дүйнөмө тамызып ышкы даамын,/ Жүрөгүмө от коюп жылытасың./ Там-туң баскан наристе аппак сүйүүм,/ Алчы колдон жетелеп жыгылбасын? Рима.
ОП-78-092. Салам Меришка! Ден-соолук кандай? Эмне жоголуп кеттиң? Менин номеримди билесиң да. Смс жазып тур, макулбу? 07726726ХХ.
ОП-78-093. Досум Дарья, мен сени сүйөм. Ташкөмүрдөн Кенже.
ОП-78-094. "Болашак" базарындагы 8-катардын 44-контейнериндеги Айбек менен Айнагүлгө салам жолдойм. Досуңар Амангүл.
ОП-78-095. Эң жакшы көргөн ырчыларым Мирбек Атабеков менен Алькамилге салам жолдойм. 07775825ХХ.
ОП-78-096. Аллахтын сүйүктүү пендеси, үй-бүлөнүн эркеси, жанга жагымдуу, өзү абдан ыймандуу менин эң асыл досум Исламчик, окуган намаздарың кабыл болсун садагасы. 05528892ХХ.
ОП-78-097. Ардагым, жакшы көрөм мен өзүңдү,/ Жакшы көрөм жалооруган көздөрүңдү. Мээри М.Т.
ОП-78-098. Оштогу Алмаз, Самат, Мирлан, Беки, Эмил, Куту жана башка братишкаларыма салам. Улар.
ОП-78-099. Ильяз, сен суперсиң. Сенин Кайрат Нуртас менен дос экениңди жакшы билем. Достугуңар эч качан бузулбасын. Алматыдан казак кызы Амангүл.
ОП-78-100. Сүйгөнүн кимдер сагынбайт,/ Турмушта кимдер жаңылбайт./ Элесин эстеп бирөөнүн,/ Эт жүрөгүм жалындайт. Ушул ырдын автору, кабарыңды бер. +791379210ХХ.
ОП-78-101. Бийликтегилер, "Белгисиз маршрут" деген кинону көрдүңөр беле? Нурбек.
ОП-78-102. Саламым асылым агатайым Мухитке жана буюрса боло турган жеңешам Махабатка жолдонот. Агатай, жеңешам экөөңөргө чөкпөс көңүл, узак өмүр, түгөнбөс бакыт, чексиз сүйүү каалайм. Аллахым жүзүңөргө нур, жүрөгүңөргө ыйман берсин. Ангел Асем.
ОП-78-103. Расил, мен сени сагындым. Бар-жогуңду кабарлап койчу?! Жумушка келип телефон номеримди сура. Сокулуктан Гуля.
ОП-78-104. Шайлоо таза өттү деп ким айта алат? 83% менен Атамбаев өтмөк. Биз Атамбаев менен, Атамбаев эл менен! Нурбек.
ОП-78-100. Москвадагы Автандил, мен сизди сүйөм. Оштон Ж.У.
ОП-78-101. Курбум Аськага жана анын жигити Нурадилге салам жолдойм. Мен силерди жакшы көрөм. Россиядан Асел.
ОП-78-102. Алтыным, сасыгым Нураида, мен сени сүйөм. Эл алдында даңазалайм, сага деген сүйүүм тунук жана түбөлүк. Күнэлектик жигит Мухтар Суранчиев.
ОП-78-103. Угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан, Манас Радиосунун шайыр ди-джейи Айбек Акматовдун талыкпастан элине ар тараптан кызмат кылып жатканына баа берем. Таластан Алтынай.
ОП-78-104. Кыргызымдын кыздарына салам жолдойм. Зебузар.
ОП-78-105. Азамат, Адина, Наргиза, Асел, Тимур, Беку, Ырыска салам. Зарина.
ОП-78-106 . Мирбек Иманбеков супер сулуу, татыктуу, баа жеткис жылдыз. Баарынан алдыда. 07706547ХХ.
ОП-78-107. Сейилкан, сени баарынан да аябай сагындым. Аяшым менен бактылуу бол. Зарина.
ОП-78-108. "Кыргызстан Обондоруна" жалындуу ысык салам. Зерда.
ОП-78-109. Урматтуу мусулман бир тууган кыргыз элим! Келе жаткан Орозо Айт майрамыңар менен. Кармаган орозоңор кабыл болсун! Эркингүл.
ОП-78-110. Бактыгүл92, Айзирек жана Исланга чоң салам. Эмне жок болуп кеттиңер? Бегимай92.
ОП-78-111. ОП-77-066 абоненти, оозуңа тара таш! Ылайым айткан сөзүң өзүңдүн жакаңа жабышып, өзүңдүн эже-сиңдилериң, карындаштарың кара далы болуп катып калсын. Көрө албастык эби менен болот. Бирөөгө таба кылбай, тобо кыл. Бул катарда андай аттуу кыз үчөө. +777783894ХХ.
ОП-78-112. Мирбек Атабеков, 11-август туулган күнүң менен! Дайым сени ийгилик коштосун. Тилеген максатыңа, сүйгөнүңө жет. Чыныгы күйөрманың Ысык-Көлдөн Асел.
ОП-78-113. Жашоо кызык, ошого жараша адамдар да кызык болушат. Кыска кийген ыймансыз, бузук кыздар деп айтышат. Ошол кыска кийген ар бир кыздын ичине ким кирип чыгыптыр? Беш кол тең эместигин неге түшүнүшпөйт? Нури.
ОП-78-114. Салам, достор! Жанара, Жанка деген аттар жакшыбы? Чечмелеп бергилечи?! Жооп күтөм. 07706547ХХ.
ОП-78-115. Саламыбыз сүйүктүү ырчыбыз Султан Садыралиевге жолдонот. Султан, сен ырчылардын эң татыктуусусуң. Сага эч ким жетпейт. Сенин супер үнүң, супер ырларың, супер клиптериң жана супер күйөрмандарың бар. Назбийке, Эркинай.
ОП-78-116. Балдар-кыздар, келгиле, бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпай, ынтымакта бололу. 05431060ХХ.
ОП-78-117. Менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашаган асылым, жанымдын жарымы, сени канчалык катуу сүйөөрүмдү билгениңде сен алда качан эле меники гана болбойт белең? Сен менин сүйүүмдү билбейсиң, сезбейсиң. Бул эмне деген азап? Мени кыйнабачы, асыл кымбатым! Мен сен деп гана жашап жаткан болсом, демек, сен деп гана өлөм! Мен сен үчүн баарына даярмын, керек болсо өлүмгө да... 07730617ХХ.
ОП-78-118. Алматыда иштеген Рахат жеңемдин туулган күнү менен куттуктайм. Чың ден соолук, иштерине ийгилик, үй-бүлөсүнө бакыт-таалай каалайм. Кани.
ОП-78-119. " Новый Болашактын" 12-катарында турган Даниярга салам. Данияр, 345! Сырдуу кыз.
ОП-78-120. "Болашактын" 8-катарында иштеген жердешибиз, көрүнгөндүн артынан ушактабай өзүңдү билсең. Кичине элге окшоп сулуу болсоң жаның калчу эмес. Күйөөгө чыгып кичине оңолдубу десе, мектептеги мүнөзүң ошол бойдон калыптыр. Акыретти ойло, ар кимдин күнөөсүн алып жатасың. Биз айтпасак ким айтат сага. Жердештериң.
ОП-78-121. Жанусь Роза, Эма Гузель, Э.Дима, Айдана Анту, Гуля88, 0553122682 номериндеги сырдуу жигитке жана бардык смсчилерге чоң салам жолдойм. Фея.
ОП-78-122. Эмнеге баарыбыз бирдей жүрбөйбүз? Аллах баарыбызды бирдей жараткан го. Кээ бирөөнүн жүрөгү ыйманга толуп, кээ бири шайтан жолуна тушуп жаман жолго барат.Азыркы учурда кээ бир кыздарыбыз уятты асып коюп кочодо чылым чегип,эркекче сөгүнүп жатканы жат көрүнүш эмес!Кыз деген кыздай болуп, кызды гүлгө тенешсе,эмнеге гүлдөй назик болбой эле,кайра жаман жалго барып жатабыз! Бир нерсе десең эле"ты чье, азыр 21-кылым"деп коюшат.Шумдугуң кургур дүйно! Келгиле, достор, Аллах бар экенин эсибизден чыгарбайлы! Ыйман жолуна түшолү! Аллах бизге ыйман берсин. Асель.
ОП-78-123. "Обонду" окуп алгачкы тапкан досум Жанэлита, Шайыр курбум болгон Жака Жазгул, сырдашкан достор Самара, Макуся, Меришке, Назика кан достор, бар болгула! Жази.
ОП-78-124. Миргүл, окууңа ийгилик, ар дайым бар бол, сени Кудайым колдосун эжең Махабат.
ОП-78-125. Тюльпан, жердеш чыккан Эля, смсчи дос Таха, Делбира, силер менен дос тутунганыма ыраазымын жана эч качан унутпаймын. Эма Гузел.
ОП-78-126. Менин жүрөгүмдү ээлеген Айзирек, сураныч, жүрөгүмдү эзбечи? Мен ыйлагандай эле сен да ыйлагандырсың, мен сагынганда сен да сагынгансың, билем, мунун баары чындык нерсе. Жаның.
ОП-78-127. Сүйүү эгер дайра болсо, сүйгөндөрдүн кайыгы, сүйүшө бер кыз-жигит, сүйүүнүн жок айыбы. Жуся.
ОП-78-128. Зуура, 10-август туулган күнүң менен куттуктайм! Элиза 92.
ОП-78-129. Алматалык Амангүл эже, сизди жамандап жазган смстерге көңүлүңүздү бурбаңыз. Анткени сиз супер смсчисиз. Ишиңизге ийгилик, кудайым соодаңызды берсин. Маска Зора.
ОП-78-130. Айка 93, таенеңди жакшы кара. Анткени мен да убагында энемдин сөзүн укчу эмес элем. Азыр арман кылам, энемдин көзү тирүү болгондо баары башкача болмок. Айка, сен да мага окшоп арман кылып калба, таенеңдин айтканын кыл. 7773034ХХ.
ОП-78-131. Салам Арзуу! Азыр Султандын "ЖАНЫМ" деген ырын угуп отуруп сени эстеп кеттим.Канча жаман жакшы айтышып таарынышсак да мен сени сагынам, аман бол досум. Кабарлашпаганым үчүн кечир, күйөөгө тийсең тоюңа чакыр. М-махх! Алматыдан Нурила.
ОП-78-132. "Обон", өнөрүң өркүндөсүн.5510491ХХ .
ОП-78-133. Космос Чыдыновдун аялы бар экенин билбептирмин,мен аны жакшы көрчүмүн,анын үй-бүлөсү жөнүндө жазыңыздарчы. Гүлзина90.
ОП-78-134. Салам алматалыктар, мен силерди сагындым. Гуля.
ОП-78-135. Менин саламым Дордой жаңы конушунда жашап жаткан кан досум Бурулга жолдонот. Кошунаң Майраш.
ОП-78-136. Менин саламым Бишкекте жашап жаткан досум Шанкылыйга жолдонот. 0700698485.
ОП-78-137. Базаркоргондук Тынчтык, мен сени сүйөм. Диана.
ОП-78-138. Алматыдагы Марс, Улукка салам. Жакшы иштеп, жакшы жүргүлө. Улан.
ОП-78-139. Сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго салам жолдойм. Чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин. Тилеген ой-максатыңызга жетиңиз. Маска Зора.
ОП-78-140. Алматылыктар, мен силерди сагындым. Гуля, кандай? Смс жазбай калдың го. Эл уктаса да экөөбүз уктабай үшүп сүйлөшүп отурган күндөрдү сагындым. Гүлзина90.
ОП-78-141. Ала-Бука районунун Ызар айылында жашаган Нуржан эже, бактылуу болуңуз! Сизди сагындык. Бишкектен Гүлапия, Бермет.
ОП-78-142. Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылындагы апам Султанбаева Ирсалат, иним Уларга салам жолдойм. Ар дайым бар болгула. Алматыдан Нургүл.
ОП-78-143. Менин саламым "Самал базарында" иштеген досум Бегимайга жолдонот. Бегимай, аяш менен бактылуу болом деп турмушка чыккан элең. Кана бактылуу болгонуң? Мен сага айткам: "Майрамбек сени эмес, башка кызды сүйөт" деп. Мен бул сырды аяштын күндөлүгүнөн алдым. Аяш сүйгөн кыздын номери +770264536ХХ. К...
ОП-78-144. Мирбек Атабековдун жана сиңдим Элизанын 11-август туулган күндөрү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Силерге кааларым узун өмүр, чың ден-соолук, ачык маанай. Бар болгула, жандарым! Элнура92.
ОП-78-145. Мен сен үчүн баарына даяр элем, бирок, азыр менин сага болгон аруу сүйүүм тонгон музга айланган, жүрөгүм жараланган. Сен деп гана жашаган мен кыйналдым, жашагым келбеди. Өз өмүрүмө балта чапкым келди. Бирок айла жок, кирейин десем жер катуу, өлөйүн десем жан таттуу экен. Баарына убакыт дары болду. Сени жек көрөм. Ангел Асем.
ОП-78-146. "Браво", туулган күнүң менен куттуктайм. "Бравонун" алып баруучусу Эрмек, сен азаматсың! Ордуңду эч кимге бербе. Аида.
ОП-78-147. Арзуу90, жазган ырың мыкты экен, сага 100 пайыз кошулам. Деги Кудай баарын кечирсин. Бегимай.
ОП-78-148. Оштук Жазира, мени менен байланыш. Номерим 0778133339. Оштук бала.
ОП-78-149. Урматтуу калайык, киргиз болбойлу, кыргыз бололу. Улут тили менен улут. Бул тил Манас бабаны сүйлөткөн, Токтогулду сайраткан тил. Бул тил нечен кылымды карыткан тил. Ойлон, кыргыз, өз тилиңди чанба. Каракулжанын кулуну.
ОП-78-150. Мирбек Атабеков, 11-август туулган күнүңүз менен куттуктайм. Көптөгөн ийгиликтерди багынтып жүрө бериңиз. Терең урматтап Жалал-Абаддан Бегимай.
ОП-78-151 . Менин саламым мени таштап кеткен ардагым, алтышкам Төлөгөнгө жолдонмокчу. Мен сени сүйөм. Мени түшүнчү, сени сагындым. Айелес.
ОП-78-152. "Обон" гезитинин смсчилери, силер менен дос болгум келет. Алматыдан Аймана.
ОП-78-153. Назгүл Насиевага чың ден-соолук, бакыт каалайм. Бул өмүрдө эч качан капа тартпай, бактылуу өмүр сүрсүн. Алла Таалам өзү колдоп, дем-күч берсин. Күйөрманыңыз Меку.
ОП-78-154. ОП-77-040 абоненти, менин номеримди билсең керек, гезит аркылуу акыл айтпай, өзүмө кабарлаш, акылың көп экен. Мен да сага акыл айтып коём, жаным. Амангүл.
ОП-78-155. Досум Билал козу, рахмат сизге. Саламыңыз саламат болду. Бар болуңуз. Казак кызы Амангүл.
ОП-78-156. Мени жамандап жазган абонентке чоң салам. Мен кимге, канча жазсам өзүм билем. Жаман сөзгө жаман жооп бербейм. Кызганасыңбы, көрө албайсыңбы, аны өзүң билесиң. Сага Аллахым ыйман, акыл берсин, бар бол. Казак кызы Амангүл.
ОП-78-157. Гүл (ОП-77-071), кайсы Тимурдун ыйманына ийгилик кааладың? Номериңди жазчы?! Тимур.
ОП-78-158. Фея, салам. Смсиңди окуп аябай сүйүндүм. Атың өзгөчө экен. Э.Дима.
ОП-78-158. Эльвира, кандайсың? Билем, азыр алыстасың, бирок, жанымдасың. Себеби жүрөгүмдөсүң, сени сүйдүм, бирок, сүйүүмдүн кадырына жетпедим. Сенин жүрөгүңдү ооруттум, мени кечир. Сени сүйдүрөм деп жүрүп өзүм сүйдүм. Сен болсо менден алыстап, башкага бардың. Бирок, анын баарына өзүм күнөөлүүмүн. Сени сүйгөн Эльмир91.
ОП-78-159. "Бекжан" базарында отурган досторум Гүлбурак, Айпериге чоң салам. Достор, мен силерди жакшы көрөм. Ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Досуңар Гүлзира.
ОП-78-160. "Берекет" базарында иштеген эжелерим Анара, Майраш, Гүлсүн, Сайрага салам жолдоп, иштерине ийгилик каалайм. Сиңдиңер Бурулкан.
ОП-78-161. "Ош базарында" иштеген агам Бегаалы, үйүң кулук болсун! Эртерээк жеңелүү кыл. Алматыдан карындашың Бурулкан.
ОП-78-162. Салам алейкум ыймандуу кыз Бактыгүл92, саламыңа рахмат. Сага да Аллах ыраазы болсун. Ойлогон ой-максаттарың ишке ашып, таттуу кыялдарың орундалсын. Сендей акылдуу, ыймандуу сиңдилерим менен сыймыктанам. Урматым менен Гуля88.
ОП-78-163. Апам Нурзатка арналат: Апаке ак сүтүндөн айланайын,/ Аруу тилек арнадың мага дайым./ Колуңдан түшүрбөй багып, эркелетип айткан сөзүң кагылайын./ Ай жокто караңгы түн асман көрксүз,Ыйыгым кол жетсе да мактоо жетпейт. ..773061789
ОП-78-164. Менин сүйүктүү эжелерим: Бактыгүл92,Ангел Асем, Акпейил, Нурзат90, Айдеми, Жанусь Роза, Жака Жазгүл, Гуля88, Махабат, Айдана, Делвира, Айзада, Нурайжан, Асель, Аида, Амангүл, Нурзада, Айгөлөк, Гүлшан, Нури, Замана, сиздерге чоктой ысык салам,сиздер менен сыймыктанам! Айзирек.
ОП-78-165. Жалал-абад шаарына караштууТайгараев айыл өкмөтүнүн тургуну апам Айсалкындын 8-август туулган күнү менен куттуктайм.Апа, эч качан оорубаңыз деп кызыңыз Эркингүл.
ОП-78-166. Сүйүү бул табигаттын тактысы,/Ал түбөлүккө адамдардын бактысы./Ал адамдардан артыгыраак күч берет,/Сүйүү бул махабаттын бир тамчысы. 0552 7392ХХ.
ОП-78-167. Саламым обончу кыздарга. Билбейм, сөздү эмнеден башташымды, айтсам сөз көп, жазсам "Обон" гезити менин арманым менен толуп калат. Кыскасы, бар жоктон тажадым,үйлөнөйүн деп жатам. Асан.
ОП-78-168. Ташка чымчык конобу/, кыздар, таанышып алсак болобу/.Таанышып алып сиз менен/,байланышсак болобу?.. Эгер жаш жүрөгүңөр бош болсо... Асан.
ОП-78-169. Саламатсызбы Ильяз байке ден соолугунуз,иштериңиз жакшыбы.Сиз азыр кайсы жакта жүрөсүз,көрүнбөй кеттиңиз го! Казакстандан күйөрман кызыңыз.
ОП-78-170. Мирбек Иманбековго салам жолдойм. 07702654XX.
ОП-78-171. Кыргыздын түндүк-түштүк болуп бөлүнүшүнө түндүктүктөр күнөөлүү. Себеби "ботом, ажо түштүктөн болду, түштүктүн баарын бийликке отургузуп койду" деп бөйрөктөн шыйрак чыгарышат. Биоланка Ош.
ОП-78-172. Сенин кашың кара жаачы,/көзүң болсо өрттөйт жанды./ Колдон келсе чачтарыңа,/ жүрөгүмдү асып салчы. Таир.
ОП-78-173. Кабарыңды айтчы, досум Бакай! Кайда жүрсөң да аман болчу. Таир.
ОП-78-174. Данияр аке, сизди канчалык жакшы көрөөрүмдү билесизби? 07733214ХХ.
ОП-78-175. Наргиза,Макуся, силер суперсиңер,бар болгула! Фея.
ОП-78-176. Досторум Гүлжанат, Гүлсара, Каныкей, алдамчы Шахризада, ар дайым бар болгула! 0773321435.
ОП-78-177. Арманым болбо,ардагым бол! Жалганым болбо, жакыным бол! Жүргөнүм болбо, жүрөгүм бол! Түбөлүк менин сүйгөнүм бол! Аяна.
ОП-78-178. Жакуля, мени кечир,сага атымды айтсам өзүм уят болом. Мени жек көрүп каласың деп ойлойм. Медер экөөңөр жарашып кетишиңерди каалайм. Сени сүйгөн жигит.
ОП-78-179. Айка93, азаматсың. Сабырдуу бол! Таир
ОП-78-180. Досум, жакшы эс ал.Түнүң бейпил болсун. Эртеңки күнүңдү Теңирим өзү колдосун! Зарина.
ОП-78-181. Женяга салам. Катя.
ОП-78-182. Мен кеттим түштөн кийин дем алышта, калгансың кол булгалап сен алыста. Зерда.
ОП-78-183. Урматтуу ОП-77-125 абоненти Жанусь! Биринчиден, айылдар Талас шаарында эмес, райондорунда болот. Экинчиден, Манас Ордо деген айыл жок, ал Таш-Арык айылында жайгашкан. 0773202984.
ОП-78-184. Кыргыздар эмнеден уялбайт?Кыздар көчөдө тамеки тарткандан уялбайт.Эки экиден болуп кучакташып өбүшкөндөн уялбайт. Жаш кыздар денесин сатып, арам жол менен акча тапкандан уялбайт,мас ахыбалында жашын да, карысын да, ышкырта уят сөздөр менен сөккөндөн уялбайт. Маска Зора.
ОП-78-185. Менин кумирим Назгүл Насиева, дайыма аман болуңуз,сизге чексиз бакыт каалаймын.Сизди жакшы көргөн күйөрманыңыз. Меки.
ОП-78-186. "Обон"гезитинин жалпы жамаатына салам жолдойм.Ишиңерге ийгилик! Артка жол жок, дайыма алга! Силер суперсиңер. Алматыдан Гүлзина.
ОП-78-187. Менин сүйүктүү гезитимдин окурмандары жана супер смсчилер мага кеңеш бериңиздер.Бир бала менен сүйлөшүп жүргөнүмө 6 ай болду.Экөөбүздүн тең ата-энелерибиз билет. Акыркы күндөрү өзгөрүп жатат. Өзү отпускада жүрөт.Телефон да чалбай калды. Башка бирөө менен сүйлөшүп жатабы деп ойлоп жатам. Эмне кылсам?0770356387 номерине кеңешиңерди жазып жибергиле. А....
ОП-78-188. Менин саламым "Обонго" жана ыймандуу,акылдуу кыз Нурайжанга жолдонот. Жони.
ОП-78-189. "Браво", туулган күнүң менен куттуктайм. Эрмек, сен эмне, жаныңдагы кыздарды сатып жибересиңби? Алар бат эле күйөөгө тийип кетишет. Бирок сен азаматсың, өзуңдүн местаңды эч кимге бербе. 0770265414.
ОП-78-190. Саламатсыздарбы урматтуу "Обондун" жамааты, окурмандар, ошондой эле смсчилер! Ар бириңиздерге жүрөктүн калканы болгон ыйман,бекем ден соолук, кажыбас кайрат, бул жалганда чыныгы таза сүйүү, бактылуу көз ирмемдерди, кубанычтан гана төгүлгөн көз жашты, Мекен жерге болгон патриоттук сезимди, адал иш, ак мээнеттен куралган татыктуу жана таттуу жашоону каалайм! Гуля 88.
ОП-78-191. Давлет, сени сүйгөндүгүм үчүн сүйүнүп,өзүмдү бактылуу сезип келем. 07773028ХХ.
ОП-78-192. Мен балыкчылык Кызайбеков Азизди издейм. Азиз, билдирүүнү окусаң мага кабарыңды билдирчи. Москвадан келип сени таппай калдым. Сенин Жалал- Абаддан досуң Бегимай.
ОП-78-193. Алматыда иштеген Сонунбек акемдин 20-август туулган күнү менен куттуктайм. 77024800522.
ОП-78-194. Менин саламым Жумгал районунун Өрнөк айылында жашап жаткан атам Самарбекке,апам Жыпарга жолдонот. Аларга чың ден соолук,узун өмүр каалайм.Биздин бактыбызда дайым аман болуңуздар. Ширин.
ОП-78-195. Кызайбеков Азиз 1992-жылы 18-майда туулган.Тааныгандар болсо 0778101383 номерине чалып койгулачы,силерден сураныч! Бегимай.
ОП-78-196. "Обондун" окурмандарына салам жолдойм.Өркүнүңөр өссүн! Айка.
ОП-78-197. Нурайка, сени сүйөм! К...
ОП-78-198. М.Иманбековго салам жолдойм.М.Атабековдун 11-август туулган күнү менен куттуктайм. 07702654ХХ.
ОП-78-199. Сүйүнчү кыргыз элим! Кыргыз эстрадасын багынткан, бал шириним деп ырдашкан бактылуулар Неля менен Урмат балалуу болушту. Укпагандар мага сүйүнчүсүн бергиле. Алдын ала рахматымды айтам. 0770265414.
ОП-78-200. Кыздар, эгер кааласаңар таанышалы,менин номериме чалгыла. +77029498104.
ОП-78-201. Атам Жусупов Саипти 18-август туулган күнү менен куттуктайм. Дайыма ден соолукта болуп, эч качан оорубасын. Дайыма жүзүнөн жылмаюу кетпесин. Канышай..
ОП-78-202. Жалал-Абаддык балдар менен достошом. 07775788ХХ.
ОП-78-203. Иляз Абдразаковго: Ырларың жан дүйнөмдө, обондоруң жүрөгүмдө,талантың таң калтырып жашап келет. Ийилип таазим этем,теңдешсиз энекеңе,талпынып талантыңдын канатында уча бер, дагы да алыстарга. Жүрөгүңө ыйман, жан дүйнөңө таза сүйүү каалайм.Сага ийгилик! Өзүңдү баалап,талантыңа таазим эткен, ырларыңды сүйүп уккан эрке кыз. Гуля 88.
ОП-78-204. Салам алейкум "Обондун" ыймандуу, активдүү смсчилери Бактыгүл92, Айзирек, Билал козу, Ангел-Асем, Бегмай92, Нурмухамед, Фея, Гузель! Жүрөгүңөр ыйманга, жан дүйнөңөр сүйүүгө толо берсин. Толсун бирок ашпасын, ашса жаман жерде калбасын, ыйман деп сайраган жаагыңар эч качан талбасын, жакшылык силерди арбасын, жамандын ою ишке ашпасын. Алла таалам ыраазы болсун силерге! Гуля88.
ОП-78-205. Жеңем Чолпонайдын15-август туулган күнү менен куттуктап, ага дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди каалайм! Ширин.
ОП-78-206. Нургаазы, менден алыстачы суранам. Мен сенин сүйүктүүң боло албайм. Дегеле, мага жигит жандоого эрте деп ойлойм. Сен бактыңды башка кыздан изде. Алтына92.
ОП-78-207. Жалал-Абад областына караштуу Кызыл-Сеңир айылына чоң салам! Өзгөчө Икрам ажы көчөсүнө. Бегимай.
ОП-78-208. Саламым "Болашактын"1-катарында иштеп жаткан Ильяз байкеге жолдонот. Амангүл.
ОП-78-209. Таласта "Радио мосттогу" ди-джей Айка! Ди-джей болгондон кийин чалган угармандарды жакшылап тейлесеңиз, эфир артында 30 секунд сүйлөшөм деп экинчи чалгыс болдум. Алтынай.
ОП-78-210. Саламымды "Обон" гезитинин супер смсчилерине жана кыргыздын ыймандуу инсандарына жолдойм! Чынара.
ОП-78-211. Эжем Анара, байкем Тынчтык, инилерим Кумар,Темка Нукеш, Адю жана Назкого салам. Чынара.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-август, 2009-ж.:
1-бет
"КЫЗ-БУРАККА" КЫЗДЫК БЕЛГИСИ БАРЛАР ГАНА АЛЫНАТ
2-бет
Эрмек Маматов:
"Ийнеден коркконумдан эки жолу жыгылып калгам"

3-бет
жаргылчак
4-бет
Шоу-дүйнө!
5-бет
Саясат
6-бет
Элина Абай кызы:
"Ош базарында газдалган суу сатчумун"

7-бет
Бир күндө канча бирдик коротосуз
8-бет
Жылдыздар турмушунан
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Аракеч күйөөнүн азабынан арылуунун жолдору
11-бет
Сэконд хенд - экинчи жардамбы же жараксыз кийимдердин жарманкесиби?
12-бет
телефондогу сырдашуу
13-бет
Мидин минткен экен..
14-15-бет
Обон почта
16-бет
БЕШИК БООҢОР БЕК БОЛСУН










??.??