БЕШИК БООҢОР БЕК БОЛСУН!

Неля:
"Урматтын тилегин орундаттым"
6-август күнү кош жылдыздар Урмат менен Неля чексиз бакытка туш келишип, уулдуу болушкан эле. 6-кичирайондо жайгашкан жеке менчик төрөтканада көз жарган Неля менен телефон аркылуу байланыштык.

- Неля, эне болушуң менен куттуктайбыз. Уулуң экөөңөрдүн ден соолугуңар жакшыбы?
- Жакшы, рахмат. Көбүрөөк толгоо тартып, бир аз кыйналып калдым. Анан врачтар ден соолугума кам көрүшүп, азыр тамчылатма укол коюп жатышат.
- Толгооң жеңил эле болдубу?
- Оор эле болду болуш керек, бирок, мен анын баарын унутуп калдым. Үч сутка толук толгоо тарттым. Башталганда эле төрөтканага келсек, "али эрте экен" деп кетирип жиберишти. Эки күндөн кийин кайра келдим. Мен төрөгөнгө өзүмдү-өзүм катуу даярдаган элем. Боюмда бар кезимде атайын консультацияларга барып врачтардан сабак алып, өз алдымча китептерди да көп окугам. Толгоо учурунда ошол сабактардын пайдасы аябай тийди.
- Заманбап ыкма боюнча төрөт үстүнө күйөөлөрү кирсе да болот эмеспи. Урмат төрөтүңө катышкан жокпу?
- Урмат толгоом башталгандан төрөт залына киргениме чейин жанымда болуп, чоң моралдык колдоо көрсөттү. Менин жанымдын кыйналганын көргөндө айласын таппай: "Ий, сенин ооруңду мага өткөрүп берип койсо го" деп коёт.
- Балаңдын үнүн укканда кандай сезимдерге кабылдың?
- Биринчиден, чыдатпаган оорудан кутулуп жеңилдей түштүм. Анан албетте, сөз менен айтып жеткире алгыс бир башкача сезимге туш болуп, бакыт деген эмне экенин туйгандай болдум. Анан да толгоом күчөп жатканда, төрөгөнүмдө апам көз алдымдан кетпей койду. Эненин баркын дагы бир жолу билип, "мени да ушинтип кыйналып төрөгөнүңүз үчүн рахмат" деп рахматымды айттым.
- Балаң ыйлаак эмеспи?
- Ыйлаак деле эмес. Күн менен түндү алмаштырып алган окшойт, күндүзү уктап эле жата берет да, түндөсү көбүрөөк ойгонот. Азыркы балдар төрөлгөндө эле көзү көрүп, кулагы угуп төрөлөт экен. Көзүн ачып эки жакты карап, музыка коюп берип койсом угуп жатат.
- Кимге окшош экен?
- Көргөндөр Урматка окшоштуруп жатышат. Чын эле баламды карап отуруп өзүмө окшош эч бир жерин таба албай койдум. Урмат мурун "мага окшош уул төрөп берчи, ээ?!" деп көп айтчу. Жолдошумдун тилегин орундаттым окшойт.





Урмат:
"Дем алуум токтоп калгандай болду"
- Урмат, ата болгон кандай экен?
- Сөз менен айтып жеткире албайм го. Өзүмдү укмуш бактылуу сезип жатам. Көпчүлүк төрөтканаларда адатта бала төрөлөөрү менен энесинин көкүрөгүнө жаткырышат экен го. Нелянын ден соолугуна байланыштуу биздин уулубузду эки саат бою менин көкүрөгүмө таштап коюшту. Ошол учурда дем алуум токтоп калгандай эле болду. Кичине катуураак дем алсам балам бир нерсе болуп кетчүдөй демимди ичиме катып жаттым.
- Ат коюу боюнча күйөрмандарыңарга сынак жарыялабадыңарбы. Ата-энең таарынган жокпу? Адатта кыргызда тун баланын атын ата-энесине койдурушат эмеспи.
- Тескерисинче, күйөрмандарга сынак жарыялоо ата-энемдин өздөрүнүн демилгеси болду. Кубанычтуусу, атам жактырып жаткан Нурел деген аттын күйөрмандар сунуштаган аттардын арасында бар болуп чыкканы болду. Төрт жүздөй аттын арасында мага жаккан Байтур, Элжигит деген ысымдар да бар болчу. Бирок атамды да, күйөрманыбызды да таарынпай, Нурел деген атка токтолдук.
- Эми шарт боюнча ат койгон күйөрманыңарга силер тараптан кандай жооп болуш керек?
- Нурел деген атты сунуштаган күйөрманыбыз жаш кыз экен. Эми биз ага шарт боюнча өзүбүздүн сыйлыгыбызды тапшырышыбыз керек. "Өз колум менен тапшырып, анан кетейин" деп атам күтүп отурат. Эмне сыйлык берээрибизди болсо ойлонуштуруп жатабыз.
- Небересин сүрөткө тартууга тыюу салып жатканына караганда апаң салтты катуу кармайт го?
- Башкасын кармабаса да ымыркайга келгенде салтты эске алууга туура келип жатат. Буюрса, кыркы чыккандан кийин уулубузду коомчулукка чыгарабыз.
- Анда уулуңар ден соолукта болуп, аман-эсен чоңоё берсин!

Азиза Сатимбекова