жаргылчак

"Кыргызстан" патриотТУК СЕЗИМДИ ОЙГОТКОН ырбы?..
Тата Улан: - Албетте, мага ырларымдын баары жагат. Менин ырларыма сын айткан адамдардын ойлорун угуп коём. Бирок, анын баарын өзүмө сиңире бербейм. Сүйлөп койгон башка, иш жүзүндө аткарган башка да. Кээде туура эмес эле сын айткандар болот. Аларды да угумуш болуп, башымды ийкеп, ичимден "ий, байкуш" деп коём.

"Жаргылчак" рубрикасы аркылуу жөн гана бири-бирибиздин оюбузду билип, кичине болсо да ырга болгон табитибизди оңдоп алаарбыз деген ойдобуз. Бул жолу репер Тата Уландын аткаруусундагы "Кыргызстан" деген аталыштагы ырды "Жаргылчакка" салып, белгилүү адамдардын ойлорун уктук.

КЫРГЫЗСТАН

Хочу я передать привет подруге своей
Она осталась в Караколе я уже не с ней
Хочу сказать, чтоб приезжала в гости ко мне
Я познакомилась здесь с парнем найдем и тебе
А в общем Исыкульским всем огромный салам
Настанет бархатный сезон приеду с парнем к вам
Салам всем Ошским землякам скучаю я по вам
Апа, ата, ака, ука приеду скоро к вам
Я здесь поднялся хорошо теперь я коммерсант
Купил квартиру и машину куплю еще я танк

Припев:
Салам Кыргыздарым
Жерим Кыргызстаным
Элим Кыргыздарым
Жаша Кыргызстаным


Привет Кемин целую всех нашел для вас келин
Закончу свою сессию приеду не один
Она сейчас со мной стоит я трубку передам
Привет Токмакским землякам и бывшим женихам
Привет девчата с КПФ и микрошам салам
Что я в Бишкеке нахожусь, не верю я глазам
Салам Талас кандай братва здесь все идет ништяк
Я здесь спортсмен и бизнесмен спешу я на сходняк
Ну что ж друзья айда сюда поддержку сходу дам
Бросай фасоль, и огород я все устрою вам


Всем Нарынским землякам общий салам
У меня все хорошо все пополам
Вы же знаете жена супер СС
Пробивная как метла дома все есть
Хочу я передать привет Бишкекским чувакам
Своей школе и подруге и конечно вам
Всем желаю тусоватся отрываясь в кайф
И пусть по чаще в вашей жизни будет полный драйв
Я верю и желаю расти мой Кыргызстан
И знаю, что ты будешь круче всех стран


Салам Бишкек Токмок Кемин Чаткал Кара-Балта
Талас Нарын Чаек Толок Кочкор Чолпон-Ата
Жалалабад Баткен Ак-туз Чырпыкты Самансур

Шамшы Балыкчы Чым-Коргон Көк-Дөбө Таш-Көмүр
Кара-Буура Кызыл-Адыр Өзгөн Ысык-Ата
Кичи-Кемин Табак-Совхоз Түп Ош Бакай-Ата
Ак-Талаа Боз-Тери Сокулук Чоң-Таш
Кара-Кол Кара-Суу Жаңы-Алыш Кой-Таш
Ак-Бешим Ак-Бекет Чоң-Арык Жаңы-Жол
Кыз-Күйөө Кант Пишпек Кайыңды Токтогул


Манас Гүлчө Сайлык Шалта Исфана Кызыл-Суу
Кербен Миң-Куш Сузак Ноокат Кара-Кулжа Ак-Суу
Алай Шекер Кеңеш Тамчы Талды-Булак Ак-Муз
Көк-Сай Байтик Алыш Тамга Суусамыр Жети-Өгуз
Каныш-Кыя Маданият Көк-Жангак Чолпонбай
Жекен Саруу Ат-Башы Туз Бурулдай Кызыл-Сай
Сары-Камыш Кара-Арча Сары-Ой Базар-Коргон
Сулу-Маймак Ак-Жар Оттук Өзгөрүш Пүлгөн
Кызыл-Кыя Эмгек-Тала Баетов Араван
Ала-Бука Орто-Токой Каджисай Казарман





Үмүт
Тилегенова:
- Мага Уландын бул ыры абдан жакты. Улуттук колоритти сактап, ар бир сөзүн жеткиликтүү ырдаган. Орустардын реп ырларындай кылып, жөн эле сүйлөй берген эмес. Мааниси, обону да бири-бирине жарашкан.


Сайра
Момунбаева:
- Мага бул ыр аябай жагат. Кыргызстандын ар бир айылын, шаарын камтып ырдаган. Мындай өзгөчө стили, ыры менен патриоттук сезимди ойготот. Жеке эле "Кыргызстан" деген ыры эмес, Уландын репертуарындагы бардык ырлары жакшы. Тарбиялык мааниси бар, мазмундуу ырларды ырдап жатканы сүйүндүрбөй койбойт.


Анапия
Раимбекова:
- Эли жерин, сүйгөн патриот бала экен. Ыры абдан жакты. Тарбиялык мааниси да бар. Уландын бул ыры жаштарга тарбия берет деген ойдомун. Мындай ырлар бизге керек болчу.


Гүлшайыр
Садыбакасова:
- Тата Уландын ырларын атайын маани берип укпасам да бул ыр тууралуу кыздар айтып калчу. Бирок, башынан аяк өзүм укпагандан кийин оюмду айтсам туура эмес болуп калат го. Ал үчүн жакшы көңүл буруп угуп чыгыш керек экен.


Азамат
Болгонбаев:
- Чын чынында өзүнө ушундай стилди тандап алган чыгаар. Бирок, өзүмө жакпайт. Бир укканда тамашалуу ыр катары угуп коюшум мүмкүн. Бирок, чыгармачылыктын бийик деңгээлиндегидей ыр катары кабыл албайм.


Токтобек
Асаналиев:
- Улан Кыргызстандагы эң мыкты реппер болуп чыкпадыбы. Мага "Кыргызстан" аттуу ыры абдан жагат. Ырдын сөзүнө маани берип, жеткиликтүү ырдаган. Кыргызстандын ар бир жерин сыймыктануу менен айткан. Мындан ары да Улан жакшы ырларды жарата берет деп ишенем.


Ырыспай
Исаков:
- Мындай ырларды укмак түгүл, ойлонгум да келбейт. Баш оорутма нерселерге көңүл буруп, убакытты текке кетирүүнүн кажети жок. Көчөдө ырдала турган ырларды ырдап жатканы жакшыбы?..


Айнура Касымова