п»ї

  Шоу-дүйнө!

"Обон" шоу-таймс
Назира декреттик
эс алууга чыкты
Таланттуу телеалпаруучу Назира Айтбекова "Браво" телекөрсөтүүсү 3 жашка толоору менен декреттик эс алууга чыкты. Иш дегенде ичкен ашын жерге таштаган алып баруучу курсактагы баласына сегиз ай болгончо эфирде иштесе, эс алууга чыккандан кийин да жаны жай албай тойлордун көркүн ачып жатыптыр. "УЗИге эки жолу түшкөнүмдө экөөндө тең кыз же эркек экенин так көрсөтпөй койду. Негизгиси аман-эсен төрөп алсам болду",-дейт Назира. Дайыма жаркылдап күлүп, адам көңүлүн тапкан алып баруучуга ден-соолук каалап, аман-эсен көз жарып алуусуна тилектешпиз.


"Жыйырманчы жаз"
толуктоо киргизет
Сандан-санга жарыяланып келаткан "Жыйырманчы жаз" фильми монтаждалып бүтүп, кошумча төрт сюжет тартууну улантып жатат. Ал үчүн атайын айылда эс алып жүргөн башкы каармандын досунун ролун аткарган Нургаазыны кайрадан Бишкекке чакыртышкан. Башкы ролдогу Эржанга башка киного тартылууга да сунуштар түшүп, Ысык-Көлгө кеткендиктен, чыгармачыл топ Эржандын келишин күтүшүүдө. "Ошондой эле бир топ убакыттан бери каармандардын үндөрүнө дубляж жасоо үчүн мыкты үндөргө жана фильмдин жүрүшүндөгү махабат, жаз, жамгыр мазмунундагы үч саундтрек катары кетүүчү ырларга жарыяланган кастингди кайрадан улантуудабыз. Буга чейин жүзгө жакын адам кастингге катышып, алардын үндөрү жазылып алынган. Мындан да мыкты үндөр табылып калабы деп үмүт кылып, кастингге катыша албай калган улан-кыздарга дагы бир мүмкүнчүлүк түзөлү деп чечтим" дейт кинонун режиссёру Алим Токторов. Кастингге катышууну каалагандар 0700 603685, 0312 603685 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.


"Кыз-Бурак" тобу
Тажикстандын
президентинен алкыш алды
Ысык-Көлдө өткөн cаммитте бир топ ырчылар ар кайсы тилде ырдашып, "Кыз-Бурак" тобу "Сен мени күйдүрбө жаным" деген тажикче ырды аткарышкан. Кызыгы, ыр башталганда эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ордунан туруп, ырдын экинчи куплети бүткөнчө бийлеп, сүйүнгөнүнөн сахнага чейин бийлеп чыккан. Ырдын аягында "Кыз-Бурак" тобунун кыздарына рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирип, Сайкалдын жүзүнөн сүйгөн. Ал учурда президенттер кол чабышып, күлүп да олтурушкан. Тажик президентинин алкышына арзыйбыз деп күтпөгөн кыздарга мындай көрүнүш күтүлбөгөн сюрприз болгон.


Аялын сабап, жеңесин урган
куудул
Куудул, ырчы Санжар Бердибеков өзүн актёрлук жактан да сынап көрүүдө. Башкача айтканда, бир топ долбоорлордун ээси Рысбек Жабировдун режиссёрлугунун негизинде тартылып жаткан "Талак" аттуу көркөм фильмде 20 куудул катышып, башкы ролду Санжар Бердибеков аткарат. "Мен кинодо башкы ролду ойнойм. Сценарийде аялымды сабап, жеңемди ура берет экенмин. Кыскасы, айылдын атаманы болуп, чоң муштумдун ролун жаратам. Азырынча менин кинодогу атым тактала элек",-дейт бул тууралуу Санжар Бердибеков. Өзүнүн жүргөн-турганы менен өзгөчөлөнгөн куудул тасмада да мыкты образ жаратаарына ишенебиз.


Ди-джейлер
ата-энелерден бата алышты
Баарыбыз сүйүп уккан "Кыргызстан Обондору" радиосунун ди-джейлери Ысык-Көлдө эс алышууда. Үч күнгө барган радионун жалпы жамааты алгач Назира Кадыеванын ата-энесинин үйүнө, андан соң Жылдыз Белекованын Кажы-Сайда жашаган ата-энесинин үйүнө барышып урмат-сый көрүштү. Үч күн болсо да көлдүн жээгинде эс алууну каалаган ди-джейлер аяш ата, аяш апаларынын баталарын алып, күзгү сезонго жакшы эргүү менен келишмекчи. Ар жыл сайын көлгө барууну салтка айландырып алган ди-джейлер муну менен өздөрүнүн ынтымактуулугун тастыктап тургандай.


Айгерим
жамгырдын жаабашын тилеп жатат
Быйыл он сегиз жашка толгон Айгерим Расул кызы туулган күнүн өзгөчө өткөрүүнү пландап, ата-энеси менен катуу даярдык көрүүдө. "10-октябрь туулган күнүмдө Ош шаарынын стадионунда өзгөчө концерт берүүнү пландап жатабыз. Бирок, аба-ырайы кандай болот болду экен? Жамгыр жаап калса пландарыбыздын баары ишке ашпай калабы деп жамгырдын жаабашын тиленип жатам. Учурда болсо "Сагынам", "Самолёт" деген ырларыма жаңы клип тарттырып, репертуарымды жаңылоодомун",-дейт Айгерим.




  Жаңы ысым

Нурлан Насип:
"Шоу дүйнөгө мени Аваз Акимов алып келген"
"Жаңы ысым" рубрикасы сахнанын босогосун жаңыдан аттаган
жаш талант Нурлан Насип менен тааныштырат.


- Нурлан, алгач өзүңдү кыскача тааныштыра кетсең?
- Мен Токтогул районунун Терек-Суу айылынан болом. 1990-жылы 10-сентябрда төрөлгөм. Терек-Суу айылында балалыгым өтүп, Турусбек орто мектебинде 9-класска чейин билим алгам. Андан кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан билимимди уланттым. Азыр аталган окуу жайдын кыргыз улуттук аспаптар бөлүмүндө 4-курста окуйм.
- Музыка дүйнөсүнө кандайча аралашып калдың?
- Биз үй-бүлөбүз менен ырдайбыз. 6-классымда ямаханы үйрөнүп, өзүм кичинекей болсом дагы мектептеги кароо-сынактарда ямаханы мен чертип берчүмүн. Ошентип жүрүп гитараны, комузду черткенди да үйрөнүп кеттим. Ал эми шоу дүйнөгө мени жетелеген досум Аваз Акимов болду.
- Демек, чоң сахнага Аваздын жардамы менен келиптирсиң да?
- Ооба. Эң биринчи жолу 2006-жылы Спорт ордосуна Сыймык Бейшекеевдин жеке концертине катышкам. Ал концертте Сыймык байкенин "Ашыгым" аттуу ырын Аваз экөөбүз дуэт ырдап чыкканбыз. Сахнага чыкканда ордумдан жыла албай, бетим да кызарып, аябай сүрдөгөм. Аягында бутум калтырап, басып баратып өзүмдүн бутума өзүм чалынып кете жаздагам.
- Сен да Сыймык Бейшекеевдин ырларын ырдап чоңойдуңбу?
- Башында ар кимдин ырларын аткарчумун. Үнүм жеткен ырларды ырдап, мен дагы өз алдымча сахнага чыксам экен деп тилек кылчумун. Азыр акырындык менен ал тилектериме жетип, учурда досум Аваз жана Тынчтыкбек Кожобеков көп жардам берүүдө.
- Ырчылыкка талапкер катары кандай эмгектерди жаратайын деп жатасың?
- Азыр эми жашмын да. Дагы көп нерсени үйрөнө элекмин. Алгач мага жардам берип жаткан байкелериме, досторума ыраазычылык билдиргим келет. Мен дагы башка ырчылардай элге жакшы маанай тартуулап, көңүл көтөргөн мыкты ырларды жараткым келет. Ар бир ырчынын үнү өзгөчөлөнүп турса, эл алдына чыкканда үнү менен таанылат деп ойлойм. Ошондуктан үнүмдү тарбиялап, алтын үндүү ырчы болгум келет.

Акыл Карачач






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-август, 2009-ж.:
1-бет
"КЫЗ-БУРАККА" КЫЗДЫК БЕЛГИСИ БАРЛАР ГАНА АЛЫНАТ
2-бет
Эрмек Маматов:
"Ийнеден коркконумдан эки жолу жыгылып калгам"

3-бет
жаргылчак
4-бет
Шоу-дүйнө!
5-бет
Саясат
6-бет
Элина Абай кызы:
"Ош базарында газдалган суу сатчумун"

7-бет
Бир күндө канча бирдик коротосуз
8-бет
Жылдыздар турмушунан
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Аракеч күйөөнүн азабынан арылуунун жолдору
11-бет
Сэконд хенд - экинчи жардамбы же жараксыз кийимдердин жарманкесиби?
12-бет
телефондогу сырдашуу
13-бет
Мидин минткен экен..
14-15-бет
Обон почта
16-бет
БЕШИК БООҢОР БЕК БОЛСУН










??.??