п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Сырмаек

Элина Абай кызы:
"Ош базарында газдалган суу сатчумун"
Баарыбыз сүйүп, жактырып көргөн "Боз салкын" тасмасында тамекини чычайта тиштеген тентек секелек кыз эсиңиздеби? Ошондон бери "Мураттын карындашы", "тамеки тарткан кыз" деген атка конгон Элина Абай кызы учурда "Уурунун махабаты" тасмасында негизги ролду жаратып, көптөгөн ийгиликтерге жетишип жаткан учуру. Назик, сүйкүмдүү актрисанын маеги назарыңызда.

- Элина, жайкы эс алуу кандай өтүп жатат?
- Жакшы, Көлгө барып эс алып келдим. Жумуш деп жүрө берип эсептесем, үч жылдан бери көлгө бара элек экенмин. Мунусунда кой деп өзүмдү-өзүм аяп эс алуу уюштурдум.
- Үй бүлөң жөнүндө кыскача айта кетсең?
- Бишкекте төрөлүп өскөм. Төрт бир тууганмын, бир эжем, байкем анан менден кийин дагы бир сиңдим бар. Беш жаштагы сиңдим
"Уурунун махабаты" киносунун презентациясына алып баргам. Беш-алты күндөн кийин "кино жактыбы" деп сурасам; "жаккан жок, сиз кечке эле ыйлай берет экенсиз. Бала төрөгөн турбайсызбы, аны каяка катып койдуңуз" деп өчүрүп жатпайбы. Башкаларга караганда мага аябай жакын. Боор толгоп, жан тартып турат.
- "Уурунун махабатына" тартылгандан бери жакшы эле таанылып калдың. Күйөрмандарың көбөйсө керек?
- Чын эле мурда "Уурунун махабатына" тартылганга чейин анча белгилүү эмес болчумун. Мен башында "Боз салкынга" тартылгандан кийин "Жаш кыялда" бийлечүмүн, "Уурунун махабатына" тартылганымдан кийин "Версус" бий тобунда өздөрү чакырышты. Азыр ал жакта бийлегениме жарым жыл болду. Айтайын дегеним,башкы образды жаратып жакшы эле таанылып калыптырмын. Көлдө эс алып жүргөндө балдар телефонумду сурап, гезит саткандар кол тамга алып, мени менен сүрөткө түшүп жатышса өзүмчө эле бир кызыктай болдум. Мен өзгөчө кичинекей күйөрмандарымды жакшы көрөм. Алардын чуркап келип Даткайым деп чакырышканы мага өзгөчө жагат. Кичинекей күйөрмандарым менден үлгү алып, менден көңүлдөрү калбаса дейм. Ушунчалык көңүл буруп, көрсөткөн сый-урматтарын актагым келет.
- "Уурунун махабатында" дагы бир негизги ролду жараткан өнөктөшүң менен иштешкен оңой эле болдубу?
- Жок, тескерисинче көнө албай аябай кыйналдым. Бул ролго көпкө чейин ылайыктуу актёр таба албай аябай убара болгонбуз. Бир күнү Эрнест байке "киностудияга келип кетчи" дейт. Барсам Жошуа Мурзахметов (Адилет) ролун ойной турган баланын сүрөтүн көргөздү. Бир көргөндө эле анча жаккан эмес. Ал да жоош, мен да көп сүйлөбөйм. Съемкадан тышкары жакындашып сүйлөшкөн деле жокпуз. Баш ийкешип учурашып койчубуз. Азыр деле ошондой сый мамиледебиз.
- Эгерде сени чыныгы жашооңдо крим дүйнөсүнө аралашкан жигит сүйүп калып сезимдерин билдирсе кандай жооп кайтарат элең?
- Андай болбой эле койсо дейм. Мен негизи маселени ошол келген учурда чечпесем, ага чейин ар кандай божомолдорду ойлоп отура бербейм. Эгер мени чын эле крим дүйнөсүнө аралашкан адам сүйүп калса ошондо бир чара көрөрмүн. Өзүм кримден аябай корком. Буга чейин бир да жигит менен сүйлөшүп көргөн эмесмин, башыма сүйүү келе элек. Айтсам ишенишпейт десеңиз. Адамдарга оңой менен ишене бербейм. Оңой менен балдарга телефонумду бербейм.
- Киного тартылып өзүңө эмне ала алдың?
- Эң негизгиси мен кыялымды орундаттым. "Уурунун махабатына" чейин атка минмек тургай жанына баргандан коркчу элем. Эми ат мингенди үйрөндүм. Менин ролумду каскадёр аткарып жатканын көрүп намыстандым да, бир күн бою атка кантип миниш керек, атты кантип башкарыш керектигин өздөштүрдүм. Өзүм деле жаныбарлардан жылкыны жакшы көрөм.
- Кантсе да сени калың элге "Боз салкын" тасмасы таанытпадыбы. Ошол кездеги тамеки тиштеген Элина менен азыркы Элинанын ортосунда кандай өзгөрүүлөр болду?
- Ошол кездеги кебетемди көрсөм азыр да күлкүм келет. Мени ушул күнгө чейин "Мураттын карындашы", "тамеки тарткан кыз" дешет. Чын эле мени көпчүлүк ошол образ аркылуу эстеп калыптыр. Азыр болсо көп нерсе өзгөрдү. Заманбап, турмуштун ачуу-таттуусун чагылдырган кинодо башкы ролдо ойнодум. Эрнест байке да бул кинону сценарийин менин мүнөзүмө ылайыктап түзгөн.
- Чыныгы жашоодо тамеки тартып көрдүң беле?
- Кичинекей кезимде таякемдин чала тартып жерге таштап салган тамекисин байкем экөөбүз жанталашып чуркап барып жерден алып, жашынып тартып көргөнбүз. Анан мага "Боз салкында" тамеки тарткан жери бар экенин айтышкан эмес да. Кыйналып жатып араң аткаргам. Айланама тамеки чеккен адамдар чогулуп алып үйрөтүп жатышат, мындай карма, тигиндей карма дешип. Досторум азыркыга чейин тамекиге байланыштырып тамашалап тийишип калышат.
- Жакындарың "Боз салкынды" көргөндө эмне дешти эле?
- Кастингден өткөнүмдү улуу эжем Мадинага эле айтканым болбосо, андан башка эч ким билген эмес. Кинону тартып бүткөндөн кийин бет ачаарына апамды чакырышканда кинону көрүп алып оозу ачылган. "Сенин ушундай талантың бар беле?" деп сүйүнүп батасын берген. Менин актриса болушума каршы эмес. Сени менен сыймыктанам деп көп айтат. Байкем болсо тамеки тарткан жеримди көрүп алып "ий колуңа эмнеге тамеки алдың" деген.
- Апаңдын кесиби ким?
- Мугалим, кичинекей балдарга сабак берчү. Азыр газдалган суу саткан өзүнүн чакан ишканасы бар. Мен да тогузунчу класска чейин газдалган суу сатып иштечүмүн. "Бир сом элүү тыйындын орусчасы кандай болот?" деп сурап эле жүрчүмүн. Азыр да кээде "Ош базарына" барып калганда бир убакта чогуу иштеген эже-байкелер менен сүйлөшүп отуруп калам.
- Окууң башталса жумуш менен чогуу алып кеткенден кыйналсаң керек?
- Быйыл КУУнун экономика факультетинин үчүнчү курсуна көчтүм. Биринчи курста чындап эле жакшы окудум. Экинчи курста болсо съемкалар башталып, сабактарды көп калтыра баштадым. Мугалимдер да мага түшүнүү менен мамиле жасашты. Эми буюрса жакшылап окуйм, баары бир билим керек. Миң ирет белгилүү актриса болгон күндө да адамдар менен баарлашып, сүйлөшкөндө деңгээлиң билинип калат деп ойлойм. Анын үстүнө контрактык негизде окугандыктан жөндөн жөн эле он жети миң сомду төлөп коюп жүрө берген болбойт го. Ал акчаны эмгектенип таап жаткандан кийин акташ керек да. Мен эч кимге көз каранды болгум келбейт, өзүмдү-өзүм камсыз кылганды үйрөндүм. "Версус" тобуна киргенден баштап апама "сизден акча албайм" деп айткам.
- "Версус" тобу менен бийлеп көнүп калдыңбы?
- Топтун эң кенжеси, эркеси менмин. "Жаш кыялда" кыймылдар жай, назик болсо "Версуста" кичине ылдамыраак, ороюраак кыймылдаганга туура келет экен. Бир аз кыймылдардан артта калып жатам. Эжелердин баары жакшы кеңештерин айтып колдоп турушат. Көлгө да ушул топ менен барып келдим.
- Бир бийге канча акча аласыңар?
- Тойлорго барганда бир бийге эки миң сом алабыз. Бирок, бир бий үчүн барбайбыз да, жок дегенде эки же үч бий бийлеп беришибиз керек. Ырчылардан болсо Гүлнур Сатылганова жана Бактыгүл Бадыева менен жакшы иштешебиз.
- Боёносуңбу?
- Менин оюмча азыр мен табигый өңүм менен эле жүргөнүм жакшы. Башынан эле көп боёно бербейм. Сахнага чыгып бийлегенде эле боёнгонго туура келет. Анткени эч кандай боёк колдонбосоң бопбоз болуп көрүнүп каласың. Кийин жыйырма бешке чыкканда бир аз боёк колдонушум мүмкүн. Ошондо деле аша чаппаганга аракет кылам.
- Сенин актёрдук чеберчилигиңе кызыгып, башка өлкөдөн деле сунуштар түшүп жатабы?
- Казакстандык режиссёрлордон "Соблазнить неудачника" деген киного тартылууга сунуш түштү. Жакшы долбоор экен. Алгач кастингге барганда супсулуу кыздарды көрүп, өтөм деген үмүт деле болгон эмес. Алар жакшынакай жасанып алышкан, мен болсо жынсы шым, футболка кийип алгам. Мага эч ким деле көңүл бурган жок. Анан өзүмдүн жөндөмүмдү көрсөткөндөн кийин калыстар тобунун көз карашы өзгөрүп, башкача сүйлөй башташты. Дарегимди алып калып, өздөрү байланышабыз дешкен.
- Кокус келечекте сени Голливудга чакырса макул болот белең?
- Голливудга чыксам деген, менин кыялым. Эгерде жакшы сунуш түшсө, ойлонбостон макулдугумду бермекмин. Кыргызстандын намысын коргоп, атын чыгарганга даярмын. Бирок, мекенимди биротоло таштайм деген ойдон алысмын. Башка өлкөгө барып калсам үч күнгө жетпей туулган жеримди, досторумду сагынып куса боло баштайм.
- Жашоодогу эң жакын кеңешчиң ким?
- Эжем жана Эрнест байке жакшы кеңештерди беришет. Эрнест байке менен иштешкенде, өзүңдү суудагы балыктай эркин сезесиң. Мага көп кеңештерин айтат, колдойт. Өзүм атасы жок өскөм, апам экөөнүн турмушу болбой ажырашып кетишкен. Эрнест байке мага аталык мээримин көргөзүп келе жатат. Аны менен сүйлөшкөндө кадимкидей эс алып, өзүңдү жеңил сезип каласың. Эрнест байкеге чыгармачылыкка, жеке жашоого байланышкан маселелеримди деле айта берем.
Анара Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-август, 2009-ж.:
1-бет
"КЫЗ-БУРАККА" КЫЗДЫК БЕЛГИСИ БАРЛАР ГАНА АЛЫНАТ
2-бет
Эрмек Маматов:
"Ийнеден коркконумдан эки жолу жыгылып калгам"

3-бет
жаргылчак
4-бет
Шоу-дүйнө!
5-бет
Саясат
6-бет
Элина Абай кызы:
"Ош базарында газдалган суу сатчумун"

7-бет
Бир күндө канча бирдик коротосуз
8-бет
Жылдыздар турмушунан
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Аракеч күйөөнүн азабынан арылуунун жолдору
11-бет
Сэконд хенд - экинчи жардамбы же жараксыз кийимдердин жарманкесиби?
12-бет
телефондогу сырдашуу
13-бет
Мидин минткен экен..
14-15-бет
Обон почта
16-бет
БЕШИК БООҢОР БЕК БОЛСУН










??.??