п»ї

  Обон собол

Бир күндө канча бирдик коротосуз
Мындан 10-15 жыл мурун уюлдук телефону жок эле ишибизди бүтүрүп, барчу жерибизге убагында барып, бири-бирибиз менен табышып алчубуз. А азырчы? Уюлдук телефонсуз жашообузду элестете да албайбыз. Ачка болсок да акыркы акчабызга телефонго бирдик жүктөп, курсагыбыз тойгондой сүйүнүп калабыз. Ал эми белгилүү адамдар бир күндө канча бирдик коротушаарын өздөрүнөн сурап көрдүк.

Ибрагим
Жунусов:
- Күнүнө канча коротконумду билбейм, бирок, айына эки телефонума бириктирип 150-200 долларлык бирдик коротом. Негизи бирдигимди аябайм, канча болсо сүйлөшө берем. "Канча кетирдим экен?" деп текшерип кызыкпаганым да ушундан болсо керек.


Темирлан Сманбеков:
- Ар кандай болот. Азыр иштин көбү уюлдук телефон аркылуу бүткөндүктөн, бир күндө 400-500 бирдик кеткен учурлар болот. Бир жолу Каракол шаарына театр фестивалына барып, ал жерден зарыл иш менен Татарстанга чалып сүйлөштүм. Сүйлөшүп бүтүп бирдигимди карасам 2000 бирдик короптур. Мен театрдын эсебинен же мамлекеттин эсебинен бирдик салдыртпайм. Атайын өзүм барып өз чөнтөгүмдөн гана бирдик жүктөйм.


Назира Жетигенова:
- Сүйлөшкөнүмө жараша кете берет. Жумуш кычап жатканда 1000 бирдикке чейин сүйлөшөм. Ал эми эс алуу учурунда соткамды өчүрүп салам, анда таптакыр кетпейт да. Эсимде 2007-жылы 23-февралда Мирлан Жетигенов экөөбүз Ошто болуп калдык. Ал күнү анын майрамы да, туулган күнү да болчу.Экөөбүздө тең бирдик жок. Тааныш-билишибиз да аз болгондуктан, кимге айтып бирдик салдырабыз деп ойлонуп калдык. Бир маалда мен: "Кел, шаардагы тааныш-туугандарга чалып бирдик салдыртабыз. Кимибиз көп бирдик чогултат экенбиз" дедим. Мирлан макул болуп "Бүгүн менин туулган күнүм, майрамым. Мага көп салат" деп калды. Мейли, аны азыр көрөбүз деп экөөбүз ар кимге маяк берип: "Бирдик салып койчу, биз айылда болчубуз" дей баштадык. Аягында мен 700дү, Мирлан 100 чогултуп мат эле болгон.


Дайыр Исмадияров:
- Мен күнүгө 100-150 бирдик коротом. Көбүнчө маяк бергендерге өзүм чалам. Бир күндө 70 чакты смс жазам. Бирдиктин азабын тарткан күндөр да болот. Былтыр 8-мартта Ош шаарына "Кыз-Бурак" тобунун концертине баратып, жолдон ар ким менен сүйлөшө бериптирмин. Ошко жетээрим менен Кенже эжеге чалып "мен келдим" деп айтайын десем телефонумда бирдигим түгөнүп калыптыр. Жакын жерде да бирдик сала турган жайлар жок, эмне кылаарымды билбей бир сааттай жамгырда калгам. Кенже эже болсо мени күтө берип, продюсериме чалыптыр. Анан продюсерим мага чалып жатып араң табышканбыз. Ошондон кийин бирдик жок болсо талаада калаарымды билип калдым.


Эрмек
Нурбаев:
- Күнүгө 200 бирдик коротом. Азыр мен "Бонус" тарифине өтүп алгам. Бул тарифтегилерге башка жактан чалуулар болсо мүнөтүнө кандайдыр бир бирдик түшүп турат. Көбүнчө Алматыдан байкемдер чалып калганда узак сүйлөшөбүз, анан алардын эсебинен бирдигимди толуктап алам. Кээде бирдик түшсүн деп атайын эле сөздү узарта берем.


Канат Култаев:
- Бир күндө 500 бирдик салып коём. Ал 2-3 күнгө жетет. Менин эки айдан бери көтөрүп жүргөн азыркы телефонумдун кызматы боюнча мага чалышса да, мен чалсам да баары-бир өзүм төлөйм. Болжол менен айына 6-7 миң сом төлөп калам. Бирдик десең эстеп кетпедимби. Бир жолу бейтааныш кыз телефонума чалып: "Канат байке, мага чала аласызбы?" деп калды. Мен кайра байланышсам, "Сиз менен сүйлөшсөм болобу?" дейт. Анан бир аз сүйлөшүп, "азыр менин бирдигим түгөнөт, жакшы кал" деп эптеп шылтоо тапкам. Беш мүнөттөн кийин телефонума 400 бирдик түшүп, "Эми мени менен кенен сүйлөшөсүзбү?" деген смс келип жатпайбы. Ошондо өзүмдү аябай ыңгайсыз сезгем.


Асел Турдалиева:
- Меники ар кандай болот. Көп сүйлөшпөгөндө бир күндө 20 бирдик коройт. Ал эми жумуштар менен сүйлөшсөм ооу-у, 600 бирдикке чейин сүйлөшүп коём.
Менин үч-төрт номерим бар болгондуктан, биринде бирдик түгөнсө, экинчисине алмаштырып, бирдиктин азабын көп деле тартпайм.

Кундуз Авашова:
- Бирдигим сүйлөшкөнүмө жараша корой берет. Бойдок кезимде телефонум корпоратив болгондукта, бир күндө канча бирдик коротконумду билчү эмесмин. Айына 6-7 миңдей төлөчүмүн. Азыр бир күндө 100дөй бирдик коротом. Досторуңа чалганда го "бирдигим аз калды эле" деп сарамжалдашың мүмкүн. Ал эми апаңа, кайын журтуңа чалганда "бирдигим жок эле" деп кантип айтасың? Корпоративди алмаштыргандан бери айына 1000-2000 бирдик коротуп калдым.


Замир Мырза:
- Бир күндө 200дөй бирдик кетет го. Эртең менен салсам, кечинде жок. Мага бирдикти досторум, күйөрмандарым көп салышат. Бир жолу бир күйөрманымдан миң бирдик түшкөн. Андан башка 500, 200 салгандар толтура эле болот. Атүгүл үйдөгү телефондун акчасын төлөп койгон күйөрманым бар. Кызыгы, мен анын ким экенин ушул убакка чейин билбейм.


Кубик Калыков:
- Канча бирдик коротконума көп деле маани бербейм. Болжол менен айтканда бир күндө 100дөн 200гө чейин бирдик коротом. Эми керек болсо коротосуң да. Кээде андан деле көп кетип калат.


Нурдөөлөт Копоев:
- Мен акчам болгон күндөрү 500-600 бирдикти салып коём. Анткени, бир күндө 250-300 бирдик короторумду билем. Сотка жаңы чыкканда бирдик салалбай, "режим ожиданиеге" көп кабылчумун. Азыр болсо кудайга шүгүр, жок эле дегенде телефонумда 50 бирдик бар болот. Дүкөнгө барып азык-түлүк сатып алсам да, кийим сатып алсам да ашкан акчага дароо бирдик салам.


Айнура Касымова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-август, 2009-ж.:
1-бет
"КЫЗ-БУРАККА" КЫЗДЫК БЕЛГИСИ БАРЛАР ГАНА АЛЫНАТ
2-бет
Эрмек Маматов:
"Ийнеден коркконумдан эки жолу жыгылып калгам"

3-бет
жаргылчак
4-бет
Шоу-дүйнө!
5-бет
Саясат
6-бет
Элина Абай кызы:
"Ош базарында газдалган суу сатчумун"

7-бет
Бир күндө канча бирдик коротосуз
8-бет
Жылдыздар турмушунан
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Аракеч күйөөнүн азабынан арылуунун жолдору
11-бет
Сэконд хенд - экинчи жардамбы же жараксыз кийимдердин жарманкесиби?
12-бет
телефондогу сырдашуу
13-бет
Мидин минткен экен..
14-15-бет
Обон почта
16-бет
БЕШИК БООҢОР БЕК БОЛСУН










??.??