п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жылдыздар турмушунан

кат куржун
"Кыз-Бурак" тобу кыздык белгиси барларды эле алабы?
- "Кыз Бурак" тобу кыздарды топко алаарда алгач гинекологго текшертип, кыздык белгиси болсо гана алышат экен дегенди уккан элем. Ушул чынбы? Чын болсо эмне себептен андай кылышат? Топтун жетекчисинен сурап бериңиздерчи?!
Таластан Гүлбайра
Кенже Дүйшеева:
- Биз алгач кыздардын талантына карачубуз. Бир жолу мындай учурга туш болгом. Жакшынакай бир кызды топко алгам. Чындыгында ушунчалык таланттуу кыз болчу.
Эки күндөн кийин эле ал кыздын топтогу эркектердин моюнуна асылып, кучакташып калганына күбө болдум. Бул көрүнүш мага ушунчалык өөн учурады. Талантына карабай, тартиби начар кыз экен деп топтон кетирип жибергем. Айткандай эле эки күндөн кийин ал кыз жөнүндө жаман маалыматтарды уктум.
Ошондон кийин коркуп калдым да, кыздык намысы бар, жүрөгүндө ыйманы бар кыздарды алганга шарт коё баштадым. Мунун эмнеси жаман? Кыз бойдон турмушка чыгып, күйөңдүн, кайын журтуңдун алдында жүзүң жарык болгон жакшы да. "Кыз-бурак" тобунда ырдап жаткандан кийин, топтун атына доо кетирбеш керек. Биз бир кыз үчүн атыбызды булгап, ырчылар мындай-тигиндей деген жаман жалаага калгыбыз келбейт. Ушул убакка чейин "Кыз-Бурак" тобунда тарбияланган 277 кыздын баары азыр бактылуу жашап, күйөө балдар Гүлшайыр эжеге ыраазычылык билдиришет. Менимче, кыргыздын салтына, менталитетине да биздин койгон шарттар туура келет деп ойлойм.


Клара ичкиликке берилип кеткенби?
- Ырчы Клара Алибекованы үч-төрт ирээт мас абалында көрүп ишенгим келген эмес. Анан Чыгыш-5 кичирайону тараптан Кларанын теңселип мас болуп кетип баратканын көрүп жакамды кармадым. Акыркы убакта Кларанын сахнага чыкпай калышы да ушундан уламбы?
Бишкектен
Нарынкүл
Клара Алибекова:
- Таптакыр ичимдик ичпейм деп айтпайм. Кечелерде, тойлордо гана ичем. Бирок, арактын артынан түшүп кеткен жокмун. Андайдан Кудай сактасын. Негизи мен Бишкекке келип эле кетем. Көп деле шаарда болбойм. Көбүнчө Жалал-Абадда баламдын жанында болгондуктан, чыгармачылыгымда бир аз пауза болуп жатат.


Аскат Эрбаевдин балдар үйүндө баласы барбы?
- Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Мен сиздердин гезитти үзбөй окуп, жаңы маалыматтар менен кабардар болом. Сиздерден сурайын дегеним, "Министирдин кызынын махабаты" кинотасмасындагы башкы ролдогу Жоробек (өзүнүн аты Аскат) жөнүндө ушак угуп, сиздерге кат жазып олтурам. Укканым боюнча үч жыл мурун Аскат бир кыздын боюна бүтүрүп, кийин ал кызды таштап кетиптир. Кыз көз жаргандан кийин апасы экөө сүйлөшүп алып, баланы өздөрүнүн эшигине таштап коюшат. Ошентип, кичинекей наристени багып алышат. Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет дегендей, наристе бир жашка чыкканда атасы башкалардан угуп келип, кызы менен аялынын ыйлаганына карабай балдар үйүнө алып барып салган. Азыр Аскаттын ошол баласы, Бишкектеги кайсы бир балдар үйүндө тарбияланат экен. Ушунун чын-төгүнүн өзүнөн сурап бериңиздерчи?!
Чүйдөн Бакдөөлөт
Аскат Эрбаев:
- Эл арасында мындай сөздөрдүн айтыла бергенин өзүңөр деле билесиңер го. Бул жүз пайыз ушак.


Анжелика алтын таажыны өзү жасатты беле?
- Жакында эле өткөн "Жылдыздар манежде" теледолбоорунан Анжелика гран-прини жеңип алганда абдан сүйүндүк эле. Бирок, Көлдө эс алып жүрүп жагымсыз кабар уктум. Угушума караганда, ырчыга тапшырылган алтын таажыны Анжелика өзү алтын жасалгаларын берип, финалга эки ай калганда эле жасатып коюптур. Кантип эле ушундай болсун? Же чынбы?..
Бишкектен Жылдызай
Анжелика:
- Мага тапшырылган алтын таажы "Обручалочка" зергер компаниясы тарабынан даярдалган. Аны эч кандай өзүм жасаткан эмесмин. Мен керек болсо, алтын таажы мага берилет деп күткөн эмесмин. Эми күйөрманым сурап жаткандан кийин жооп берип коёюн. Урматтуу Жылдызай, бул жөн гана ушак. Чынын айтсам мен катты тамаша катары кабыл алдым. Мени көрө албагандардын чыгарган сөзү. Бул ушак бир же эки адамдын эле колунан келди. Капаланбаңыз, мен алтын таажыны ак эмгегим менен алдым. Мындай ушактарды алты жашымдан бери уга берип көнүп деле калгам. Убагында мени томолой жетим кылып, Айчүрөк Иманалиева багып алган дегендер да болгон.


  Клип таржымалы

Жаным Айзат
Махабат аллеясы

"Махабат аллеясы" ырчы Жаным Айзаттын репертуарындагы үчүнчү ыры жана экинчи клиби болуп саналат. Ырдын клибин тартуу идеясы эки ай мурда түзүлүп, сценарий толугу менен режиссёр Айбек Дайырбековго таандык. Башкы каармандардын ролун ырчы Жаным Айзат жана Медет аттуу жигит ойносо, продюсердин ролунда Мирлан Абдуллаев тартылган. Клип "Жаштын тилегин берет" деген макалды өзүнө камтыйт. Негизги мазмууну ырчы Айзат автожуучу жайлардын биринде иштеп, кыялында белгилүү эстрада ырчысы болууну самайт. Бирге иштеген досу менен бир нанды тең бөлүп жеп ынтымактуу иштешет. Бир күнү машинасын жуудурганы келген продюсер Айзаттын ырдап жатканын угуп, үнүн жактырып калат да, үн жаздыруучу студияга чакырат. Ошол күндөн тартып, ырчылык жашоосу башталат. Аягында өзү кыялдангандай белгилүү ырчы болуп, мурунку досуна жолугат.
Төрт күн бою тартылган клипте Бишкектин кооз жерлери, белгилүү студиялар жана жеке үйлөр камтылган. Эсте калган кызыктуу окуялар: гамбургерди жеп жаткан учурду тартуу үчүн он гамбургер керектелсе, радиодогу сюжетти тартуу убагында 20 секундадай түз эфирди өчүрүп алышкан. Ошондой эле сүйлөшүлгөн машина автожуучу жайга келбей калып, ал жайдын жетекчисинин машинасын жууганга туура келген. Ошентип, бир топ кызыктарды камтып олтуруп, төрт күндүн ичинде толук кандуу клип жаралган. Жалпысынан клипке 1500 доллар чыгым кеткен.

Акыл Карачач.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-август, 2009-ж.:
1-бет
"КЫЗ-БУРАККА" КЫЗДЫК БЕЛГИСИ БАРЛАР ГАНА АЛЫНАТ
2-бет
Эрмек Маматов:
"Ийнеден коркконумдан эки жолу жыгылып калгам"

3-бет
жаргылчак
4-бет
Шоу-дүйнө!
5-бет
Саясат
6-бет
Элина Абай кызы:
"Ош базарында газдалган суу сатчумун"

7-бет
Бир күндө канча бирдик коротосуз
8-бет
Жылдыздар турмушунан
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Аракеч күйөөнүн азабынан арылуунун жолдору
11-бет
Сэконд хенд - экинчи жардамбы же жараксыз кийимдердин жарманкесиби?
12-бет
телефондогу сырдашуу
13-бет
Мидин минткен экен..
14-15-бет
Обон почта
16-бет
БЕШИК БООҢОР БЕК БОЛСУН










??.??