п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жылдыздар деле сиздей жан

Гүл сүйгөн Гүлзинат
Жылдыздардын жашоо-тиричилиги, жеке жашоосу кимди гана кызыктырбайт. Айрымдар аларды башка камырдан жуурулгандай, карапайым элдикинен башкача турмушта жашагандай элестетишет. Чынында андай деле эмес. Жылдыздар деле сиздей жан. Буга биз өз көзүбүз менен күбө болдук.
Ырчы айымдарга үй-бүлө менен чыгармачылыкты чогуу алып кетүү кыйын эле болсо керек. Эки оор түйшүктү мыкты айкалыштыра билген ырчы кыз Гүлзинат Суранчиеванын кандай эне, кожейке экенин төмөндөн биле аласыз.

- Тотукуш бакканыңызга канча жыл болду?
- Быйыл эле алдык, кызым Рузанага сатып бергенбиз. Бул байкуштарга убакыт деле коробойт. Үч күндө бир тамак салып коёбуз. Үйдө отурсаң бир убакта чурулдаган, ызы-чуу үндөр чыгат. Сыртка чуркап чыксаң экөө урушуп жатышкан болот. Экөөнүн моюндашып уктап жатканы мага өзгөчө жагат.
- Тотукуштардын аты ким?
- Жаңы алганда экөөнө ылайыктуу ат таба албай кыйналганбыз. Анан Даша, Паша деп койдук. Булар "неразлучница" деген породадагы тотукуштар. Дайыма түгөйлөрү менен жүрүш керек. Кокус бири-биринен ажыратсаң өлүп калышат. Топтошуп жүрүшкөндө бирөөсү ала жипти аттаса түгөйү аны өлтүрүп салааарын угуп таң калгам.


- Гулзинат, үйдө кайсы жумушту жасаганды жакшы көрөсүз?
- Ашканада жүргөндү, түрлүү тамак жасаганды жакшы көрөм. Биз менен кошо сиңдилерим жашайт, ошолорго үй жыйнаганды табыштап, тамак жасаганды өз мойнума алгам. Бардык эле тамакты жакшы жасай алам десем болот. Кээде күнүгө тамак жасай берип, фантазиям жетпей калганда жолдошума "кел, кафеге барып келебиз" деп эркелеп калам.
- Жолдошуңуздун улуту азербайжан эмеспи, алардын ашканасын өздөштүрдүңүзбү?
- Мурда билчү эмесмин. "Башка түшсө байтал жорго" деген сөз бар го, үйрөнгөнгө туура келди. Алардын тамактарынын биздикиндей болуп манты, күрүч деген аттары жок, азербайжан элине көбүнчө жеңил анан бат жасала турган тамактар мүнөздүү. Жакында эле кайынсиңдим келип эки тамактын түрүн үйрөтүп кеткен. Биз тамакты суу май менен жасасак, алар сары май менен жасашат. Биздикинен алардын дагы бир өзгөчөлүгү, этти мыкты бышырышат. Мен өзүм эт азыктарын көп жей бербейм, бирок, алардын бышырган этинен баш тартууга эрким жетпейт.
- Жолдошуңуз тамак жасаганды билеби?
- Ралис органда иштейт, чакан бизнеси бар. Тамак жасамак тургай үйгө бир жаңы буюм алып келип койсоң аны деле байкабайт. Бир топ убакыт өткөндөн кийин "муну качан сатып алдык эле?" дейт. Негизи кавказдыктардын салты боюнча эркектер өзгөчө баркталат. Мисалы, эркек үйгө киргенде сый-урмат менен алдына тамак коюш керек. Жолдошумду да кайненем ошондой тарбиялаган. Үй тиричилигине деле көп кийлигише бербейт.
- Үйдө кайсы улуттун салты көбүрөөк сакталат?
- Баары бир көп нерсе аялзатына көз каранды экен. Каалаганымдай кылам. Биздин үйдө кыргыздын салты көбүрөөк өкүм сүрөт десем да болчудай. Ралис өзү заманбап, орус мүнөз адам. Өздөрүнүн салтына деле көп басым жасай бербейт.


-Үйдө чарбачылык менен ким алектенет?
- Жолдошум жумушунан бошобогондуктан, үйдөгү жумуштар менин мойнумда. Кыйраткандай деле чарба жок. Кичинекей жерге помидор, бадыраң, ашкабак эгип койгонбуз. Үч күн мурда чөбүн отодум эле, кайра эле отоо басып кетиптир. Азыр кызым экөөбүз помидор үзүп, салат жасайбыз.


- Кандай кинолорду көргөндү жакшы көрөсүз?
- Табышмактуу, бир караганда терс каарман менен оң каарманды ажырата албагандай триллерлерди көргөндү жакшы көрөм. Коркунучтуу кинолорду дээрлик көрбөйм. Тарбиялык мааниси бар, мелодрамаларды көргөндөн качпайм. Анан албетте, Совет учурунда тартылган "Кавказ туткуну" деген кинону көргөндөн такыр тажабайм. Сегиз-тогуз жашымдан бери бир жылда жок дегенде эле эки- үч жолу көрөм. Эми эсептей бер канча жолу көргөнүмдү. Азыр кызымдын аркасы менен "Гари Поттерди" көрүп жатам.
- Жолдошуңуз менен телевизор талаша кеткен учурлар болобу?
- Андай учурлар көп болот. Мен жаңылык же дагы башка нерсе көргүм келсе, ал футбол көрүп жаткан болот. Талаша кетип тултуңдап чыгып кетем. Эгер мурда болгон футболду кайра эле көрүп жатканын байкап калсам, дароо пультту колума алып которуп салам. Ошондо жеңиш мен тарапта болот да.
- Жолдошуңуз менен үйдө кайсы тилде көбүрөөк сүйлөшөсүз?
- Ралис орусча сүйлөйт, бирок мен күнүмдүк тиричиликте кыргызча сөздөр менен сүйлөй берем. "Тигини алып берип кой, муну берчи" деген сыяктуу сөздөрдү түшүнөт. Кээде нукура кыргыз тилинде сүйлөй берем, кыргызча ал сүйлөй албаса да,түшүнүп жатканын сезем. Анын үстүнө айылдан сиңдилерим келген, алар орус тилин жакшы түшүнүшпөйт. Ошондон улам биздин үй-бүлөдө кыргыз тилинде суйлөшүү басымдуураак кылат. Ал эми кызым болсо кыргызча да, орусча да, так сүйлөйт.


- Байкашымча гүл өстүргөндү жактырат экенсиз...
- Гүл өстүрүү менин хоббим десем да болот. Бош убактымда атайын гүл саткан дүкөндөрдү кыдырам. Аталыштарын билбесем да көрүнүшү жаккан гүлдөрдү алып келип отургузам.
- Концерттерге, гостролдорго кеткенде гүлдөрдү ким карайт?
- Гүлдөр соолуп калса көңүлүм чөгүп, сонун болуп гүлдөп ачылса кадимкидей көңүлүм көтөрүлөт. Үйдө гүл өстүргөнүмө алты жылдан ашты. Менин гүлдөргө болгон мамилемди сиңдилерим, жолдошум эң сонун түшүнөт. Алыскы сапарга кетип жатсам "күн жааса киргизип койгула, күн ачык тийсе көлөкөгө койгула" деп кайра-кайра дайындайм.
- Айрым адамдардын колунан гүл өспөйт дешет, буга кошуласызбы?
- Гүлдү канчалык жакшы карасаң ошончолук жакшы да. Ал сөзгө деле анча ишенбейм. Адам бир күн бою ар кандай адамдарга жолугат,түрдүү чөйрөгө туш болот. Бирөө жакшы көрүп сүйлөйт, бирөөнүн суук көзү, сөзү тиет дегендей. Кээ бири мунун баарын муздак душка түшүп жууп салат экен. Мен бир гезиттен окугам, ошондой учурда гүлдү сугарып, жалбырагын кармасаң сендеги бүт терс энергияны соруп өзүнө алат. Мен дагы жан дүйнөм башкача болуп турганда гүлдөрдү сугарып, тазаласам кадимкидей эс алып калам.

- Кызыңыз канча жашта?
- Быйыл алтыга чыкты, бала бакчага барат. Азыр эс алып үйдө жүргөн кези. Бош убактымда кызыма китеп окуганды үйрөтүп жатам. Бала бакчадан деле тилдерди кичинеден үйрөнүп жатат.
- Сизди тартып ырчы болушун каалайсызбы?
- Музыкалык билимди сөзсүз алат, бирок ырдайсың деп зордобойм. Өзүнүн каалоосуна жараша иш кылабыз го. Кандай кесипти тандаарын азыр ойлогонго али эрте деп эсептейм.
- Мүнөзү кимге окшош?
- Кыял-жоругу меникин тартпаптыр. Келбети да, мүнөзү да Ралистикиндей. Оңой менен адамдарга жакындап, сүйлөшө бербейт. Атасы да ушундай, бир калыпта унчукпай жүрө берет.


- Таттуу азыктарга жакын окшойсуз?
- Үй бүлөбүз менен таттууну жакшы көрөбүз. Мурда Ралис менен сүйлөшүп жүргөн кезде жолукканда сөзсүз гүл, шоколад алып келчү. Мен анда кичине таттуу жесем эле жүрөгүм айлангандыктан, берген шоколаддарын муздаткычка жыйнай берип, бир муздаткыч шоколад чогулткам. Анан турмушка чыгып, боюмда бар кезде таттууга талгак болдум. Өзгөчө тортко. Ошондон бери таттуу жемейин тура албайм.
- Өзүңүздү мыкты кожейкемин деп эсептейсизби?
- Мени сыртыман көргөндөр ак кол дешет, чын эле ошондой көрүнөт окшойм. Анан үйүмө келип, оокат кылганымды көрүшүп, өз колум менен жасаган тамакты жегенден кийин "сен кыйын турбайсыңбы, сыртыңан башкача көрүнөсүң" деп калышат.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-август, 2009-ж.:
1-бет
"КЫЗ-БУРАККА" КЫЗДЫК БЕЛГИСИ БАРЛАР ГАНА АЛЫНАТ
2-бет
Эрмек Маматов:
"Ийнеден коркконумдан эки жолу жыгылып калгам"

3-бет
жаргылчак
4-бет
Шоу-дүйнө!
5-бет
Саясат
6-бет
Элина Абай кызы:
"Ош базарында газдалган суу сатчумун"

7-бет
Бир күндө канча бирдик коротосуз
8-бет
Жылдыздар турмушунан
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Аракеч күйөөнүн азабынан арылуунун жолдору
11-бет
Сэконд хенд - экинчи жардамбы же жараксыз кийимдердин жарманкесиби?
12-бет
телефондогу сырдашуу
13-бет
Мидин минткен экен..
14-15-бет
Обон почта
16-бет
БЕШИК БООҢОР БЕК БОЛСУН










??.??