"Болот, ал сенин балаң эмес!"
Кызык... деги турмуштун өзү кызык... Өткөндү эстеп, эңсеп, келечекти күтүп, көптү үмүт этип өтүп жаткан ар бир күн кызык. Ушундай түбү жок ойлорго берилген Танзилиянын уйкусу качып, ары-бери оодарыла төшөгүндө чабалактайт. Анда-санда үшкүрүнүп алып кайра өзүн-өзү "көйнөгүңдү уй жегир, эмне үшкүрөсүң?!" деп жемелеп алат. "Үшкүрбөгөндөчү,-дейт кайра туруп. - Үшкүрүксүз жашоомду эми элестете да албай калдым го". Көкүрөгүн мыжыган ыза-кусасы,сагыныч-таарынычы оор улутунуп, үшкүрүнүп алса сыртка чыгып, жеңилдеп калгандай сезет өзүн.

Канчалык көзүн бекем жумса да болбой бүгүнкү күн көз алдына тартылып туруп алды. Алаксыйын деген ой менен акырын баласынын бөлмөсүнө кирди. Бойтоюп эч нерседен капарсыз таттуу уйкунун кучагында жатат уулу.Тигиле тиктеп, ичи элжирей: "Кичинекейим менин! Каралдым, кара жаным го!"- деп жалынып, шыбырай сүйлөдү. Ачынып калган төшөнчүсүн кымтылай жаап, чачтарынан шуу-шуу эттире жыттап, тизелей жанында көпкө олтурду.
"Капырай, баары артта калды. Эми турмушум өз нугуна түштү деп жашоо менен күрөшүп, күн кечирип келатканда каскактай болуп каяктан да кезигип калды. Учурунда Болотту унутам деп эмнелерди гана жасабадым. Жер которуп областтын борборунан Бишкекке көчүп келдим. Дос, тааныштарымдын баарынан кол үздүм, жаңы жашоо баштайм деп. Эми ошонун баары бир тыйынча болбой бекер эле убараландымбы? Эмне кылсам? Же тобокел деп айтып салсамбы? Же өмүр бою сыр катары сактап жашап өтсөмбү?"-деген ойлор жан дүйнөсүнө тынчтык бербеди.
...Зыңкыйган кең далылуу, бойлуу, көздөрүнүн оту менен бир көргөндө жүрөгүн жаралай атып, сүйүү деген ооруга чалдыктырган жигит эмес беле?! Сүйүшүп, сүйлөшүп турмушка чыккан. Үйрүлүп түшүп, жада калса түшкү тамактануу маалында "Сагынып кеттим,"- деп үйүнө келип эркелетип кетчү күйөөсү экөөнүн мамилеси эки жыл өтпөй муздай түштү. Кеч келип, эрте кетип, акыркы убакта жумушуна шылтоолоп келбей калган күндөрү да көбөйдү. Андайда оюна эч жаман нерсе алгысы келбей, ишенип, күтүп, сүйүп жашап жүрө берди. Ал учурда боюндагысына жети ай болуп калган кези эле.
- Танзилиясыңбы?-деди бир күнү беймаал убакта телефон чалган кыз жагымдуу үнү менен, - Сени күйөөңдү күтүп уктабай жатат го дедим? Менин ким экенимди сурабай деле кой, ашыкча маалымат. Болгону сага боор ооруганыман чалып жатам. Күйөөң азыр сен жакшы-ы тааныган бир келин менен... Менимче чогуу жашагандарына төрт-беш айдай болуп калды. Эркекти эмитеден тыйып калбасаң кийин кеч болуп калат,-деди да трубканы шак коюп салды.
Кулак-мээси дүңгүрөп, эси эңги-деңги болуп, ишенээр-ишенбесин билбей күйөөсүнүн телефонуна чалса - өчүк. Эртеси кечинде араң келген күйөөсү башын шылкыйтып, мойнуна алгандай унчукпай туруп берди. "Жок, укканың - ушак! Мен сени кантип кыйып, бөлөк аялга алмаштырайын. Мен сени гана сүйөм" деп айтып, баштагыдай шадылуу колдору менен кучагына куушура кысып, өпкүлөйт. "Койчу, мурутуң сайгылап, кытыгылап жатат" деп эркелесем, ого бетер эзилип, ээрип...анан түндөгү жаман ойлор сапырылып жок болот" деп ойлогон. Андай болбоду. Келин ыйлап да, сүйлөп да жатты. "Кетем" дегенинде "кой" деп токтотуп коюуга да жарабады.
...Танзилиянын боюнда болгон учурдан башталды баары. Ал эки жолу сактанып ооруканага жатып чыгып, көп баспайт, сыртка да чыкпайт. Ошондой күндөрдүн биринде Болот Кыялга кезигип калды.
- Ий, жакшы болбодубу. Чогуу иштеген курбу кызым туулган күнүнө чакырды эле. Баары түгөйлөрү менен барышаарын угуп, ойлонуп жаткам. Жүрүчү, эки саатка мени менен барып, көңүл ачып, ичип-жеп кайра кетип калабыз, - деп көзүн кылгырткан Кыялга жок дей албады. Отуруш көңүлдүү өттү. Өзгөчө Кыялдын чимирилип чыгыш бийин бийлегенин жактырып, көз ирмебей тиктеп олтурду. "Жакшы эле кыз экен. Эмнеге жактырбай жүрдүм?" деп ойлоду. Сүйлөшкөндөй эки сааттан кийин эч жаман ой жок узатып койду. А бирок, Танзилияга Кыял менен чогуу конокко барганын айткан жок. Жашыруун жолугушуулар башталды. Бир күнү ашыкча ичип койгонбу, ойгонсо Кыялдын кучагында. Алгач чочуп, өзүн аялынын астында күнөөлүү сезип жүрүп, бара-бара көнүп да кетти. Кыял менен ар кыл темада сүйлөшүп, пиво ичишет. Бий клубдарына барышат. Танзилиянын ичи чоңойгон сайын таарынчаак, урушчаак да болуп баратты. Кийинки учурда эркелетип көзүн карабай, кол шилтеп басып кеткен күндөрү көбөйдү. Анткени, Кыял дайыма жайдары, күлүп жүрөт. Танзилияга окшоп болор-болбос нерсеге таарына бербейт. Ошентип ойлой азгырылды, алданды. Азыр да кетем деген аялына "мейлиң" дегендей мамиле жасаганы ошондон.
Танзилиянын артынан кайненеси менен абысыны келди. Ата-энеси да "эркектин көбү эле соо жүрөт дейсиңби? Ичиңдеги ийри жылан үчүн болсо да кечирип кой" дегендерине да көгөрүп көнбөдү. Ошо менен ажырашып тынышты.
"Сен зуу этип өтүп кетчү таңкы жел,
А мен болсо андан калган бопбоз чаң" деп акын ырында жазгандай бактылуу турмушу артта калды. Сүйүп турган жүрөгүнөн күйөөсүн сууруп салуу да оңойго турбады. Ажырашуунун азабын айтып болбос! "Башка аял менен жүрүп кетсе да кечирет белем?! Балким өзүмдү күнөөлөмөкмүн-жетиштүү жылуулук бере албасам, аял катары өзүмө тарта албасам керек" деп ойлоду курбусун кектей.
Жакын курбусу Кыялды "Ошонуңду ойсоктотуп үйгө жолотпочу, мага жакпайт" деп коюп өзү болсо ага алмаштырып кеткенине күйүп-күйүп күл болду.
"Эми сага менден бала жок! Өзүм менен кошо ала кетем"-деген чолок акылга алдырып, үйдөгү болгон дарыны чогултуп ичип алды. "Мага жашоонун кереги жок!" дегени менен баласы ууланып ичинен өлүү төрөлдү да, өзү тирүү калды. Анан ал күндөрү тирүүлүктүн тозогуна айланды. "Мага чала, өчөгүшкөнүм бир эркекпи?!"-деп жүрдү. Күндө түшүнө кол созуп ыңаалаган наристеси кирет. Уйкудан калды, кыйналды. Өзүнүн кечирилгис күнөө кылганын кеч түшүндү. "Кечирчи мени, чүрпөм" деп күндө жүз кайталайт, боздоп ыйлайт.
- Танзилия, бала багып аласыңбы?-деди бир күнү кошунасы. Экөө аябай жакын сырдаш, муңдаштардан эле,- ачык эле айтайын, мен иштеген абакта бир келин төрөгөн, азыр баш тартып жатат. Өзү психикалык жактан оорулуу неме болчу. Эми баланы көрсөң көзү бажырайып жайнаган, сүйкүмдүүсүн сураба. Торолуп, үчүнчү айга карап калды,-деген таржымалын угуп, дээлигип алды. Апасынын "койсоңчу, андай эле бала баккың келсе өзүм деле төрөт үйүнө сүйлөшүп, таап берем. Ошол жакка таштап кеткендер көп болот дешет го. Сен болсо абактагы, анан калса жинди неме төрөгөн баланы багам дейсиң. Оору-соосун кайдан билесиң? Жүр анан азабын тартып"-дегенине көнбөдү. "Апа, мен жеңилине качырып жаткан жерим жок. Бала багып алуу деле оюмда жок эле. Менимче бул белги... Атайын ошондой тузу оор жерден баккан балам үчүн өзүмдүн балама жасаган кыянаттыгымды кудайым кечирээр деп ойлойм."
Баланы көргөндө эле дене бою балкып "балакайым" деп бооруна кысып, наристелерде гана болчу жыпар жытынан жыттай, көздөрүнө ысык жаш тегеренди. Баласынан баш тарткан келин менен жолугуп, кагаз жаздырып алыш үчүн атайын адвокат ээрчите келген.
- Баланын атасы ким?-деген суроого тунжурап, жер тиктеген келин ийинин куушура "билбейм" деди. "Алар мага көп алма беришчү" деген оорукчан келинден оңдуу жооп ала албасын түшүнүштү.
- Бул келин жиндиканада дарыланып жүргөндө боюна бүткөн экен. Ал жактагы эркектердин кимисинен экенин өзү деле билбейт. Биринчи баласы, ошого карабай баш тартып жатат. Бир чети мунуку туура, баланын баркын билеби?-деп сөзгө кошулду абактын кызматкери. - Биз мындай учурда баланы жетимдер үйүнө тапшырып берүүгө милдеттүүбүз. Эгерде кагаздарын мыйзамдуу түрдө бүткөрүп, багып алсаңар баланын келечеги үчүн биз да чоң кубанычта болот элек. Келин дагы үч айдан кийин чыгат.
Чуркап жүрүп тиешелүү кагаздарды бүт топтоп, юристтерден кеңеш алып, акыры баланы багып алды. Энеси тамекини көп тарткан үчүнбү, наристенин табы тез-тез көтөрүлүп, көп жөтөлөт экен. Мен кыйын деген доктурларга көрсөтүп, бара-бара акчанын күчү менен айыктырып алды.
Арман күндөр артта калганына үч жыл толуп, сейил багында баласын ойнотуп, кыткылыктап күлгөнүнө бактылуу жылмая жетелешип келе жатканда күйөөсү алдынан күтүүсүз чыгып, буту тушалып, турган ордунда катып калды.
- Бал...баланы чарчап калды дешпеди беле! - күйөөсү мукактана уулу менен өзүн алмак-салмак жалдырай тиктеди.
- Ким?! - деди эч сыр бербей уулунун чекесинен сылай эркелете, -Эмне, окшошпой турабы? Менден биротоло кол үзсүн деп айтса-айтып коюшкан чыгаар.
Чындыгында, бала Танзилияга окшош эле. Күйөөсү үн дебестен алдыга кадам таштап:
- Кел, таанышалы, менин атым Болот. Сеникичи?-деп колун сунса наристе айланып жаткан ат оюнчукка алаксый жооп бербестен чуркап кетти.
- Мейли анда,- деген келин шашыла коштошуп, - чуркаба, акырын бас, жыгыласың. Ошол атка минесиңби? Азыр... - деп баланын артынан баратты.
Жума айланбай дарегин каяктан тапканы белгисиз, бүгүн жалдырап күйөөсү келди.
- Кечир мени, Танзилия??? Акылдуу жан элең го! Шайтанга азгырылып сенден ажыраганымдан кийинки күндөрүмдү мен айтпайын, сен укпай эле кой. Эми жашырганда эмне, сага чейин да, сенден кийин да көп эле аял менен көңүл ачтым. Эч кимиси сага окшой алышпады. Эч кимисин сени сүйгөндөй берилип сүйө албадым. Күйүтүмдү ачуу менен басам деп жүрүп өткөн кышта машинадан авария болгом. Эки операцияны башыман кечирип араң адам болдум. Эми мен балалуу боло албайм... Жашоомдун маңызы жок, жашабай жөн гана күн өткөрүп жүргөнүмдө жүрөгүмө сүйүнүч тартуулап, уулум экөөң жолуккан күндөн бери менде уйку жок. Кечирип, кабыл ала алсаң күндө бутуңдан өөп жүрүп өтөйүн. Уулум экөөңдү кор кылбай багып кеткенге кудуретим жетээрин деги билесиң. Билесиңби, небересин көрсө энем кандай сүйүнөөрүн?! Сен кеткен күндөн бери унутпай дайыма сени эстеп жүрөт. Кыялды келин катары кабыл албай да койгон. Жаштык-мастык кылып чоң жаңылыптырмын. Мен оорукчан болуп калганда Кыял биздин базардын директоруна турмушка чыгып кеткен. Эми минтип... Мен билем, Бакытай үчүн үйдөгүлөр баарына даяр. Жарашалычы? Жок дегенде балабыз үчүн ийип койчу? Эркек балага ата керек экенин өзүң деле түшүнөсүң да. Жок дебечи?! - деп мөгдөп жалдыраса жан чындап тура алгыс.
"Ал сенин балаң эмес, экөөбүздүкү эмес!" деп айтууга эми кеч эле. Тукумсуз болуп калганын угуп туруп "сеники эмес" деп үмүтүн үзө айтуу- жүрөккө атуу менен барабар эле. "Эр менен эттен көңүл калбайт" дегендей бир убакта жек көрүп унутам дегенин убакыт дарылап, Болотко деген сезими кайра тутанып, акыл-ою менен кечире албаса да жүрөгү толук кечиргенин туйду. Өткөн-кеткенди таразалап олтуруп, таңдын кантип аппак атканын аңдабады.

Аздек Намазбекова