Обон почта

ОП-79-001. Мирбек байке, кыз деген бутактагы кызыл алма,/ Кызыгып беш-алтыны үзүп алба./ Эх чиркин, бышпаптыр деп таштап салба. Мени чакырыңызчы. Имоша.
ОП-79-002. Мирбек, сиздин башка ырчылардан айырмаланып турган оригиналдуу үнүңүз бар. Кааларым ошол үнүңүз эч качан өчпөсүн. Бар болуңуз, аман болуңуз. Сизди терең урматтап күйөрманыңыз Айсулуу.
ОП-79-003. Мирбек, сизге Жалал-Абад шаарынан ысык салам. Чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин. Тилеген ой-максатыңызга жетиңиз. Гүлжаханна.
ОП-79-004. Салам балдарики, кыздарики, келгиле, таанышып дос болобуз. Номерим 0550965244. Макуся.
ОП-79-005. Мирбек Атабеков, сени менен байланыш үзүлүп, 11-августта куттуктабаганыма өкүнүп отурам. Сага кааларым чыгармачылык ийгилик, тилегиңе, максатыңа, сүйгөнүңө жет. Ата-энең, бир туугандарың менен аман бол. Кеч болсо да газетадан окууруңа ишенем. Арген үнүңө ашык болгон күйөрманың Ысык-Көлдөн Асел.
ОП-79-006. Урмат, Неля, бешик бооңор бек болсун! Уулуңардын ден-соолугу чың, өмүрү узун болсун. Аська.
ОП-79-007. Айка93, кары адамды урушкан жакшылыкка алып келбейт. Канткен менен көптү көргөн адамдын сөзү өтүмдүү болот. Андыктан сабырдуу бол. Аська.
ОП-79-008. Мирбек Атабеков, бай экен, кең экен ички дүйнөң,/ дегени дей беришсин ичи күйгөн./ Баркыңды баа жеткире барктай турган,/ Жаныңда мен болоюн сени сүйгөн. 05506823ХХ.
ОП-79-009. Ош шаарынын Савай айылынын жашоочусу сиңдим Периге салам жолдойм. Секелегим, эркем менин, ар дайым аман бол! Чоң энеме, авама, чоң апама ысык салам. Силерди сагынып Москвадан Жазка.
ОП-79-010. Өрнөк айылында жашаган жеңем Чолпонайдын 15-август туулган күнү менен куттуктайм. Аскат, Ширин.
ОП-79-011. Ош шаарынын Савай айылынын тургуну чоң апам Бакирова Гүлбаранын ак кийиши менен куттуктайм. Жашооңуз үстүңүздөгү актай жарык болуп, "айрылуу" деген сөз сизге жат болсун. Москвадан кызыңыз Жазка.
ОП-79-012. Ивановкалык Мирага, Айжанга чоң салам. Бактылуу кыздардан болгула. Саламым менен Тилек.
ОП-79-013. Саламыбыз Жалал-Абад областына караштуу Таран-Базар айылынын тургундары атабыз Чекиров Мейманбайга, апаларыбыз Эркайым менен Кенжекулова Айнагүлгө жолдонмокчу. Аларга чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Ар дайым бар болгула деп Алматыдан кыздары Гүлзира, Үпөл.
ОП-79-014. Саламатсызбы Мая, сиз оштук деп бөлүнбөй жөн жүрүңүз. Баарыбыз мусулманбыз го. Ошто да чыныгы патриот эркектерибиз бар. Ойлонуп жазыңыз, Аман болуңуз. Айзирек.
ОП-79-015 . Кумирим Темир Назаров менен баарлашсам болобу? Сураныч. 05508608ХХ .
ОП-79-016. Мирбек, канчалык бийик болсоң ошончолук кичик болуп, жөнөкөйлүгүңдөн жазба. Жарык жашоого апкелген апаңа рахмат. Тынбай аракеттенип, Кудайым берген талантыңды бизге тартуулап жатканыңа ыраазычылык билдирем. Эгер менин смсимди тандасаң бара албасам да, тандаганыңдын өзү мен үчүн сыймык. Жүзүңдөн күлкү кетпей, жолуң ачык болсун. Сени терең сыйлап Көлдөн Асел.
ОП-79-017. Бишкекте жашаган Ысык-Көлдүк досум Мирлан, кабарыңды билдирчи. Мирландын досторунан бирөө-жарым окуп калса, кабарлап коюшуңарды өтүнөм. Досуң Даки.
ОП-79-018. Алматыда иштегендерге ийгилик. "Обонго" смс жазгандарга айтмакчымын: смс жазгандан башка кылаарга ишиңер жокпу? Айдай кызга ушинтип смс жазганыңар Кудайга да жакпайт. Ар бир пенде бешенесине жазганды көрөт. +777784291ХХ.
ОП-79-019. Көздөн өчүп барат бул чырай,/ Тээ саргайган күздүн жоолугу./ Күндөн-күнгө түтөп атат жай,/ А мен анда жүрөм оорулуу. Таир.
ОП-79-020. Кыздар, динге берилгиле. Кыямат жакындап калды. Нурик.
ОП-79-021. Эламанга: Чымырканып тагдыр башка салганына,/ Чыдайм сүйүү кордугуна арман кыла./ Өмүр жолум такыр башка болсо дагы,/ Өкүнбөймүн сени сүйүп калганыма. Эма Гузел.
ОП-79-022. "Обон", мен качан бактылуу болом? Сырдуу кыз.
ОП-79-023. Кыргыздын 1-оюну - бул ордо, 1-тамагы - олобо, ал эми 1-гезити - "Обон". "Обон", нускаң көбөйүп, жакшы сөздөргө татып жүрө бер. Назима.
ОП-79-024. Мен Кеминден болом. Менин кичинемден бери чогуу ойноп жүргөн Аида аттуу курбум бар эле. Жакында мен каникулга кетип жатканда менин тааныш баламдын номерин алган. Ал бала мага сүйлөшкөн кызындай мамиле кылчу. Бирок, курбум кыскача айтканда аны тартып алды. Курбум менден кечирим сурады эле, кечирдим. Ким күнөөлүү? Аяна.
ОП-79-025. Урмат, Неля, бешик бооңор бек болсун. Тун уулуңардын урмат-сыйын көргүлө. Уулуңар үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган балдардын бири болсун. Аркасынан мотурайган наристелерди алып келе берсин. Ден соолугу чың, бактылуу болсун. Биз сиздерди жакшы көрөбүз деп Чоң-Кеминден күйөрманыңар Насыйкат.
ОП-79-026. Мирбек Атабеков, сиз суперсиз! Талантыңыз ташкындай берсин. 07704926ХХ.
ОП-79-027. Пулуң болсо кулуңмун дейт бул заман,/ Бул ойго мен кошула албайм эч качан./ Оо, курдаштар, байлык, акча кол кири,/ Билим алып, окуш керек ар качан. Насипа.
ОП-79-028. Токтогул районунун тургуну Чапыраштыева Алтынай эже, биз менен байланышыңыз. Жалал-Абаддан Мелис, Айсулуу.
ОП-79-029. Казак кызы Амангүл, эмне биздин кыздарга тийишип жатасың?
ОП-79-030. Омар, "Кумир менен баарлашууга" качан келесиң? Аселя.
ОП-79-031. Мирбек байке, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен. Сизге суроо: сөз атасы, суу атасы эмне? Булар албетте, тарыхый сөздөр. Көлдөн Бегимай.
ОП-79-032. Достор, чын сүйүүгө ишенесиңерби? А бир көрүп сүйүп калуугачы? 07775884ХХ.
ОП-79-033. Сүйүктүү кумирим Мирбек Атабеков, сизге ийгилик! Сиздин адамдарга болгон мамилеңизди бааладым. Сизге кааларым, апаңызды ыймандуу келиндүү кылыңыз. Наргиза.
ОП-79-034. Жалган-жашык дүйнөдөн,/ Кетээрибиз бир бышык,/ Текебер мүнөз, бай-кембагал баарыбыз,/ Тизилип туруп бир сапка,/ Сурагыңдан өтөөрүбүз бир бышык. Айша.
ОП-79-035. Султан, Дайыр, Даниэль, Тима, Замир Мырза, Дархан, Ильяз Абдыразаков, Алихан, эки Мирбек, бай болгула, бар болгула. Кеминден Наси.
ОП-79-036. Сүйүктүү сиңдим ырчы Анжелика, сенин талантыңды баалайбыз. Сен да, күйөөңдүн артынан ээрчип намаз окушуңа тилектешмин. Айша.
ОП-79-037. Бекназар, сени келе жаткан орозо айы менен куттуктайм. Бардык мусулман бир туугандарымды орозо кармоого үндөйм. Айша.
ОП-79-038. Урматтуу "Обондун" смсчилери, жөн эле Аллах деп жаза бербегилечи?! Ар ким гезитти ар кандай колдонот, убалды да ойлойлу. Айша.
ОП-79-039. Күйөм Саматтын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Оорубачы, каралдым! 07728485ХХ.
ОП-79-040. Саламым жаным Бахадыржанга жолдонот. Сизди аябай сагындым. Москвадан келиңизчи?! Ноорузгүл.
ОП-79-041. Малика, мен сени менен таанышкым келет. Кумарбек.
ОП-79-042 . Ош шаарындагы БКД компаниясына чоң салам. Дайыма Эл арасында бар болуп, кыргыз элинин керегине жараган Курманжан Датка энебиздей патриот кыздардан болушуңарга тилектешмин. Назима.
ОП-79-043. Ажобуз Кыргызстанды оңдоп, кыргыздар ар кимге кор болбой өз жеринде иштесе экен. Түгөл.
ОП-79-044. Ой, Мирбек, "Обонго" келипсиң да, ээ? Мени чакырчы, сөзсүз барам. Антуля.
ОП-79-045. Сүйлөштүк го кечээ түнү телефондо,/ Сенин жакты күлгөнүң мага ошондо./ Көпкө чейин сүйлөшө берет элек,/ Эгер менин бирдигим көп болгондо. Зарина.
ОП-79-046. "Сени гана" деп улуу сахнага кадам таштаган Мирбек Атабековго ысык салам жолдойм. "Кыргызстаным" деп мекенибиздин желегин желбиреткен Мирбек менен сыймыктанам. "Алтын энемди" ырдаганда көзүмдөн жаш куюлат. "Сагынамды" созгондо жүрөк дарты козголот.
ОП-79-047. Казакстанда иштеген кыргыздар кор болдук го, ажобуздан жардам болоор бекен? Нураке менен лицензия жагын сүйлөшүп берсе жакшы болоор эле. Түгөл.
ОП-79-048. Жалал-Абадда жашаган чоң энеме салам жолдоп, бактыбызга дайыма жаныбызда болушун тилейм. Акам Бакыт, жеңем Айнура, инилерим Тилек, Уланга жана аваларыма, жеңелериме салам жолдойм. Ошондой эле сиңдим Гулирага дүйнөдөгү бардык жакшылыктады каалайм. Наргиза.
ОП-79-049. Сүйүү үчүн жан кечкендер канча бар,/ Сүйүү үчүн азап тарткан канчалар./ Тузак илип арбап алган өзүнө,/ Эх, махабат, неге мынча дартың оор. Фея.
ОП-79-050. Кара-Буура районунун Көк-Дөбө айылында жашап жаткан таятабыз Мукан жана таенебиз Айгүлгө, таякелерибиз Кадыр, Уланга, жеңелерибиз, апчелерибизге салам жолдойм. Таята, батыраак айыгып кетиңиз, биз сиздерди аябай сагындык. Оштон Тахмина, Индира, Зарема.
ОП-79-051. Алматыда "Глория" базарында иштеп жаткан эжем Гүлзирага, досум Наргизага, братандарым Сагынга, Рысбекке, Мыктыбекке салам жолдойм. Ишиңерге ийгилик. Нуриза.
ОП-79-052. Урмат байке менен Неля эженин уулдуу болушу менен куттуктайм. Уулуңар аты алыска тараган кыргызымдын инсаны болуп чоңоюшун каалайм. Албетте, ден соолугу чың болсун. Макуся.
ОП-79-053. Асел, Аида, силер Куту менен Жоронун өздөрүнө асылгыла. Уят эмеспи, атаңардай болгон кишилерге асылганыңар. Кудай жүрөктөрүнө ыйман берсе эртең силердин да атаңар таксыр болуп калышы мүмкүн. Ошол үчүн татыктуу өмүр сүргүлө, кеч болуп өкүнүп калгыча ыйман, кадыр-баркыңар менен жүргүлө. Гуля88.
ОП-79-054. "Болашактын" 8-катарындагы узун Канат, көрүнгөндөн ар нерсе сурап жебе. Жаныңда тургандар начар адамдар. "Алатау2ге" келчи, мен сага алып берейин. Кочкор ака.
ОП-79-055. Мени эстеген Аська, Жанусь Роза, Айзирек жана башкаларга чоң рахмат. Айдана Анту.
ОП-79-056. Алматыдагы "Алатоо" базарында кур саткан Алмаз байке, отузга чыксаңыз да бойдоксуз. Эмне себеби бар? Асема.
ОП-79-057. Сенин ордуңду эч Ким толтура албайт,/ Сен деп соккон жүрөгүмдү токтото албайм./ Сүйөм сени, сен сүйбөйсүң аны билем,/ Өкүнбөйм мен сени сүйгөнүмө./ Ойлонбой мени сен таштап кеттиң,/ Айрылдым алгачкы тун сүйүүмдөн.
ОП-79-058. Элмир, көп тантып башымды оорутпа. Экинчи "Обонго" смс жазба. Мен башканы сүйөм, ал окуса өзүңө жаман болот. Сени сүйбөйм. Эльвира.
ОП-79-059. Сүйүүдө эркек менен айым бири-бирине бирдей көз каранды. Туруктуу сүйүүгө көтөрүмдүүлүктүн, кечиримдүү болуунун аркасында гана жетүүгө болот. Эркек сүйүктүүсү үчүн баарына даяр экенин дайыма көрсөтө билүүсү керек. Анткени табиятынан назик жаралган аялзаты ошону каалайт. Леди Гуличка.
ОП-79-060. Султан Садыралиев аябай калп сүйлөйт. Кыздар, капканына илинбегиле. Леди Гуличка.
ОП-79-057. Сүйүүнү сатып алууга мүмкүн эмес. Ал байлыкка да, бийликке да көз карандысыз. Кимдир бирөөнүн акчасына кызыгуунун аркасында пайда болгон жасалма сүйүү тез эле өчүп жок болот. Леди Г.
ОП-79-058. Амангүл, смс билдирүүлөрүңдө неге "казак кызы Амангүл" деп жазасың? Нукура кыргыздын эле кызысың, уялбайсыңбы? Өмүр бою Алматыда жашасаң да кыргыз бойдон каласың. Кудайым сага нысап берсин. Леди Гуличка.
ОП-79-059. Урматтуу "Обондун" смсчилери, гезиттин салам жолдоо бети ушакчылардын бети болуп калды го?! +777783922ХХ.
ОП-79-060. Жаным Тынчтык, Алыстык арабызды бөлүп турат,/ Кусалык жүрөгүмө толуп турат./ Сагынып айды карайм, жылдыз санайм,/ Анткени алар сени көрүп турат. Г…л.
ОП-79-061. Жүрөктө алоолонуп сүйүүнүн оту жанган, жашооңдо өкүнбөгүн ошол арман. Сүйүктүүң сүйөм десе чын дилинен, сен дагы сүйөм дегин чын оюңдан. Фея.
ОП-79-062. Ар бир кыргыздын жүрөгүн ыйман ынсап, бакыт ыроолосун. Айдем-Мери.
ОП-79-063. Салам, Самат менен Зарина бактылуу болгула. Махабат92.
ОП-79-064. Айзирек сени сүйөмүн, айталбай абдан жүдөдүм. Тымызын сыздап жүрөгүм, түбөлүк сени сүйөмүн. Айткандан корком сүйөм деп, жоготуп алам сени деп. Капыстан сүйүп калган соң, капилет жолго салам деп: Сени чексиз сүйгөн ачык жигит Өмүрбек.
ОП-79-065. Ар убак мырзалар бар болсун! Катя.
ОП-79-066. Кыргыздын кыздары мен баарыңарды жакшы көрөм. Канат.
ОП-79-067. Мирбек Атабеков сиз суперсиз! Куба.
ОП-79-068. Менин саламым Алматада иштеп жүргөн жаным Азаматка жана досторум Нурзатка, Айтурганга чоң салам, иштерине ийгилик каалайм. Акылай.
ОП-79-069. Саламатсыңбы, Мирбек Атабеков! Сенин ырларыңды жактырып угабыз, а бирок, жүзүңдү бырыштырбай, токтоо туруп ырдасаң жарашабы деп ойлойм. 077737771ХХ
ОП-79-070. Салам обон! Мен биринчиден Мирбекти туулган күнү менен куттуктайм. Мирбек, сенин талантыңа башымды ийип таазим кылам. Чыгармачылыгыңда ийгиликтер көп болсун. Билесиңби, мен миллионер болсом, дүйнөгө сенин талантыңды таанытмакмын. Ысык-көлдөн күйөрман эжең.
ОП-79-071. Эгер кимдир бирөөнү сүйгүң келсе, кечиримдүү болууга үйрөн. 07780770ХХ
ОП-79-072. Сыйдын чеги болот. Бирок, сүйүүнүн чеги болбойт… Сырдуу кыз.
ОП-79-073. Оштук жигиттер барсыңарбы? Таанышабыз смс жазгыла. 0777309441.
ОП-79-074. Мирбек Атабеков кандайcың? Ден-соолук жакшыбы? Сага ар дайым ийгилик каалайм. Мындан ары жакшы ырларды жарата баришиңе чын жүрөгүмдөн тилектешмин. Гүлназ.
ОП-79-075. Акыл -эстүү адам пайдалуу нерсе үчүн сүйбөйт. Сүйүүдөн бакыт тапкандыгы үчүн сүйөт… Сырдуу кыз!
ОП-79-076. Өмүр-гүл,сүйүү гүлдөн чыккан бал. Балды татууга болот, ал эми ага чөмүлүүгө болбойт…07780770ХХ
ОП-79-077. Салам алейкум ыймандуу Бегимай92.Кандайсың окуп калсаң +77024311395 номерине смс жаз, жооп күтөм. ...
ОП-79-078. Бишкек шаарында жашаган акебиз Сүйөрбекке сагынычтуу салам жолдойбуз. Кудайым сизге ден - соолук, күч - кубат берсин! Карындаштарыңыз Тахмина, Индира, Зарема.
ОП-79-079. Урмат байке, Неля эже, бешик бооңор бек болсун. Уулуңузга бактылуу балалык каалаймын. Неля эже, ден-соолугуңуз жакшыбы? Урмат байке, сизде кандай сезим пайда болду? Жоопту газетадан күтөм. Наристеге салам. Асель.
ОП-79-080. Мен Иляз Абдразаковго салам жолдойм. Сен мага жагасың, ырларыңды сүйөм. Ар дайым бар бол! Жараткан сенден жакшылыгын эч аябасын деп фанаткаң Ангел.
ОП-79-081. Саламым улуу урматтуу кыргыз калкыма. Мукам үндүү кыргызымдын патриот ырчы мырзалары Чыңгыз Мырзаевге жана Элмуратка жолдонот. Талантыңызга таазим этип күйөрманыңыз Тахмина.
ОП-79-082. Мирбек Атабеков мен сизди обонго келишиңизди чыдамсыздык менен күтөм. Мени дагы чакырасыз деген ойдомун. Сиз менен таанышып, дос болсом деген ойлорум бар эле. Андыктан үмүтүмдү үзбөсөм болот да? Куйөрмандарыңыз көбөйүп, кыргызыма дагы да, көптөгөн ырларды жарата бериңиз. Айдана Анту.
ОП-79-083. Салам Нурсултан кандайсың? Мен сени сагындым! Кыйналган жүрөгүмдү сен бир жолу да билбедиң? Кыскасы, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйөм. Нуриза.
ОП-79-084. Саламатсыздарбы Урмат байке, Неля эже. Бешик бооңуздар бек болсун! Жакшы-жаман күндөрдө дайым бирге болуңуздар. Кармашкан колуңуздар түболүккө ажырабасын. Бактылуу болуңуздар. Биз сиздерди абдан сагындык. Өзгөндөн Нуриза.
ОП-79-085. Кабак айыл өкмөтүндө иштеген,айыл өкмөтүнүн башчысы Садыкова Нуржамал эжеге салам жолдойм. Эже сизге чың-ден соолук, узун-өмүр, ишиңизге ийгилик каалайм. Эч качан жүзүңүздөн жылмаюуу кетпесин. Элге дайыма ак эмгегиңизден кызмат кылып жүрө бериңиз. Дайыма аман болуңуз,оорубаңыз. Ширин.
ОП-79-086. Кызым Айзиректин 13-июль туулган күнү менен куттуктайм. Асманың ачык болсун. Өмүрүң узун болсун. Ата-энеңе күйүмдүү, бактылуу кыздардан бол! Апаң Айтыкан.
ОП-79-087. Өмүрлүк жолдошум Жоомарттын ишине ийгилик. Жаным сени сүйөм! Гүлназ.
ОП-79-088. Менин сүйүктүү сиңдим Айзирек. Жүзүңдөн жылмаюуу кетпесин, дайыма жадырап-жайнап, булбулдай сайрап жүрө бер.Тилеген ой-максатыңа жет, бактылуу кыздардан бол! Замана .
ОП-79-089. Омар, Америкага кеткениңди укканымда көзүмө жаш келип, жүрөгүм ооруп сыгылганымды билесиңби? Сен асманда жанып турган жылдызсың. Акпейил.
ОП-79-090. Менин эң сүйүктүү досторум смсчилерге салам. Айдана Анту.
ОП-79-091. Түбөлүксүз эч нерсе жок дүйнөдө, жалган жашоо кир калтырба көңүлгө. Тирүүлүктүн сыйын көргүн адамзат, түбөлүктүү жалган дүйнө мына ушул. Фея.
ОП-79-092. Санаа тартып сагынычтан жүдөдүм, сага барчу жолду таппай жүрөмүн. Саргайсам да үмүт менен жашаймын, келесиң деп үмүт менен күтөмүн. Фея.
ОП-79-093. Ишенаалы Арабаевдин 2-курсунун ПА-4-08 группасында окуп жаткан группалаштарыма салам жолдойм. Чынара.
ОП-79-094. Жалал-Абад областына караштуу, Чаткал районунун Жаңы- Базар айылындагы досторума чоң салам. Канат, Таалай эртерээк келгиле. Силерди чыдамсыздык менен күтөбүз. 07726896ХХ
ОП-79-095. Жалал-Абад областына караштуу Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы Кыз-Бурактын кыздарына салам жалдойм. Алардын иштерине ийгилик каалайм. Оштон Сапар.
ОП-79-096. Шымкенттеги Э.Дима, сен өзгөчө баласың. Сырдуу кыз.
ОП-79-097. Менин сүйүктүү эжем Нарсиска, сиз эмне үчүн мени жаман сөздөр менен айттыңыз? Кайсы күнөөм үчүн? Билсеңиз, мен сизди дос катары эмес, эжем катары аябай жакшы көрчүмүн. Керек болсо мен сиз айткан кыздарга сүйлөгүм да келбейт. Эгерде ичиңизде мага деген жек көрүү болсо өзүмө айтыңыз, артыман ушак кылбай, макулбу? Бирок сизди аябай сагындым. Ылайым оозуңуздан чыккан сөздөрдү Аллах кечирсин. Айзирек.
ОП-79-098. Мирбек байке, жеңешка сулуу болсун,/ Өмүрүңүз узун болсун./ Балдарыңыз көп болсун,/ Кайгы-капа жок болсун./ Чыгармачылык ийгилик каалайм. Бар болуңуз. Нурпери.
ОП-79-099. Саламатсызбы Мирбек байке, "Обонго" кош келиңиз! Сизди көптөн бери күтүп жүрүп жолугушчу күн келген экен. Биз абдан кубанычтабыз. Бул саптар сизге: Бар болгун гүлдөй жайнап,/ Бакыт, күлкү жүрсүн жандап./ Биз болобуз жөлөк-таяк,/Сага узун өмүр каалап./ Ырыңды, обонуңду жаттап алдым,/ Үнүңдү жүрөгүмө сактап алдым./ Ырларды, обондорду бул үн менен,/ Жараткан кудуретке таңыркандым! Сизди ураттап Макуся.
ОП-79-100. Урматтуу супер-активдүү смсчилер, жалпыңарга сүйүү темасында сынак жарыялайм. Сынактын шарттары: ар бириңиздер баш тамгасы "С"дан гана турган сегиз сап эң оригиналдуу билдирүү жазып, 0772602351 номерине жөнөтүңүздөр. Жеңүүчүгө белек сөзсүз болот. 80% кепилдик бере алган Гуля88.
ОП-79-101. "Кыял" базарынын 6-7 катарында соода кылган Бактыгүл эжеге, Орунбүбү эжеге, Райханга ысык салам. Анара.
ОП-79-102. Мирбек Атабеков, көздөрүңүз сүрөттө деле суктандырат. Ар дайым аман болуңуз. Кездешээр күн бардыр. Махрио.
ОП-79-103. Кара-Кулжа районуна караштуу Жийде айылынын 94-жылкы кыздар-балдарына салам жолдойм. Оштон Элиза.
ОП-79-100. Мирбек Атабеков, сиз менен оозмо-ооз сүйлөшө албасам да, сырларымды айта албасам да менин жүрөгүмдө түбөлүк жашайсыз. 07773094ХХ.
ОП-79-101. Бактыгүл, Даниэль, Сайкал, Ильяз булар суперлер! Күйөрмандары, келгиле, достошобуз жана колдойбуз. Мен силер мененмин. Айдем-Мери.
ОП-79-102. Досторум Таир кызы Розага, Манап кызы Айгүлгө кырк литрлик бочкедей салам. Мен силерди жакшы көрөм. 07781876ХХ.
ОП-79-103. Кыргыз элиме, туугандарыма жана 89-жылкыларга супер салам. Аймира.
ОП-79-104. "Жылдыздар манежде" долбоорунун катышуучулары, продюсер Назгүл эжеге салам жолдойм. Сизди урматтайм, сыйлайм. Чыгармачылык ишиңизге ийгилик. Мээрим.
ОП-79-105. Кумирим Чыңгыз Мырзаевге чыгармачылык ийгилик каалайм. Мен сизди урматтайм. 07777310ХХ.
ОП-79-106. Жаным Бакыт, уулум Байзак мен силерди сүйөм. Гүлзат.
ОП-79-107. Обон, менин саламым жандай көргөн курбуларым Заринага, Айгеримге, Гүлбуракка, Динарага, Назгүлгө жолдонот. Ата-энеңерге күймдүү кыздардан болгула! Мен силерди жакшы көрөм. Курбуңар Нурпери.
ОП-79-108. Айсулуу кафесинде иштеген Элзатка, Махабатка салам. 05508167ХХ
ОП-79-109. Мирбек Атабеков сенин талантыңды баалайм, бирок жолдошум аябай кызганат.
ОП-79-110. Ат-Башылыктарга, Дыйкандагыларга салам. Сатыбаеава Гүлзат.
ОП-79-111. Жолукканда көздөрүмө караң, алып качпаң көздөрүңүздү. Канчалык сагынганымды карегиме жашырып, сиздин көздөрүңүздөн мээрим издейм, мен сизди таппай туруп, тагдырымдын табышмак жолдоруна жоготуп алгам. Пери.
ОП-79-112. Саламым Европа + тун Ди-джейлерине жолдонот. Эркин Асанбаева
ОП-79-113. Зерда турмушта андай көрүнөштөр болуп турат, ага эч өкүнбө. Айдем-Мэри.
ОП-79-114. Урматтуу мусулман кыргыз элим, келе жаткан орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм! Орозонун сообун Алла-Таалам өзү берет, кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Кушу Сынчы.
ОП-79-115. Салам, Мирбек Алматыга гостролдон келгениңде сени коноктоп, сый көрсөтөбүз.
ОП-79-116. "Новый Болашактын" 12-катарда турган Даниярга салам, сиз менен таанышып сүйлөшсөм болобу, сиз менин жүрөгүмдү ээлеп алдыңыз. Күндө көрөм, көрүп сүйлөйүн деп уялып, сүйлөй албай өтүп кетем. Жазганымды окусаңыз сизден жооп күтөм Айзада.
ОП-79-117. Кызыл-Туу айылында жашаган туугандарыма, досторума жана...
ОП-79-118. Сүйүү жолу түйүнү көп табышмак, Жүрөк сыздап, көздүн жашын агызмак. Колуң жетсе туу сайгандай кубанып, Терс бурулса саргаясың жер муштап. Турмуш...
ОП-79-119. Урматбек кызы Нагимага супер салам. Кара-Балтага качан келесиң, сагындым го сени Б....
ОП-79-120. Саламатсызбы менин эң сүйүктүү, эң кымбаттуу кумирим Мирбек Атабеков! Бул СМСтерим жалаң сизге гана арналат. Ал эми сиздин ырларыңыз бир гана мага арналгандай сезилет. Мен сиздин сүрөтүңүздү пешенеме коюп алып, көздөрүңүзгө тик карап, сиз мени тааныгансып, көргөнсүп көзүңүз менен күндө сүйлөшө берем. Качандыр бир жыл мен сизге жолугам деген үмүт менен чыдамсыздык менен күтө берем. Билесизби, эгер сиз азыр бул СМСти окусаңыз, мага телефон чалсаңыз... Мирбек Атабеков эгер мен ырчы болом деп сизден жардам сурап барсам жардам берет болчусузбу? Мен сизге айта турган сөздөрүм абдан көп. Кайсы бирин жазышты билбейм, бирок бир нерсени анык билем, сиз кыргыз элинин жүрөгүнөн башкача орун алгансыз. Мен сиздин ырларыңызды түбөлүк угуп келем, тажабайм жана сизге сөз берем, сиз суперсиз! 0777 30 94 XX.
ОП-79-121. Мирбек Атабековго. Ырларыңыз жан дүйнөмдө жаңырып келет, Талантыңыз таң калтырып жашап келет. Жүрөгүңүзгө ыйман, жан дүйнөңүзгө таза сүйүү каалайм, сизге ийгилик. Өзүңүздү баалап, ырларыңызды сүйүп күндө уккан кыз Нуриза. Мирбек Атабеков мага жардам бере аласызбы, мен ырчы болгум келет.
ОП-79-122. Кандайсыз Мирбек байке? Мен сиздин фанатыңыз болом, сиздин ырларыңызды күнүгө угам, бир дагы концертиңизге калтырбай барам. Мен сизди көптөн бери көргүм келип жүрөт, суранам мени редакцияга чакырып коесузбу? 0773 70-64-74
ОП-79-123. Обондун жалпы жамаатына салам, калемиңер курчуп, дүйнөдөгү нускасы көп популярдуу гезиттерден болгула. 32 бет менен чыккан гезит ичи күйүп өлсүн, 32 бет чыкса да мааниси жок. Андан көрө маанилүү 16 бет да жакшы. Менин СМСтеримдин баарын чыгаргылачы сактап коем сураныч. Айдана-Анту.
ОП-79-124. Менин саламым супер СМСчи Айзирек сиңдиме. Айзирек Обондон алыстаба, эми мен да бармын. Эжең Нуриза 0777 30-94-41
ОП-79-125. Менин саламым Ош шаарында жашап жаткан жана окуп жаткан Элдиярга. Жоробек байке келинчек таппай кыйналып жатасызбы, анда мага телефон чалың, мен сизге жардам берем, чыдамсыздык менен күтөм. 0777 309441
ОП-79-126. Менин саламым жанускам Канатка. Мен сени жакшы көрөм, жанус. Бактыгүл.
ОП-79-127. Гүлдөрдүн ханышасы жигиттин гүлүн издейт. Биоланка Оштон.
ОП-79-128. Мирбек байке супер ырчыга айланды, баш-оту менен чыгармачылыкка байланды. Супер смс жазган кыздардан смстерди тандай албай кыйналды Пума.
ОП-79-129. Саламым Мират мен сени 345. Аймээрим.
ОП-79-130. Салам обонушка жакшы балдар-кыздар менен достошкум келет. Мэка 0777084202 Бактыгүл 92 ге салам. Менин жаным кандайсың, ден соолугуң, иштериң, инилериң баары жакшыбы? Оорубай тынч, аман-эсен жүрөсүңөрбү, мен сени аябай сагындым. Сырдуу кыз.
ОП-79-131. Чындап ашык болгон адам өзүнүн сүйүктүүсүнөн сен дагы мени сүй деп талап кылбоосу зарыл. Леди Гуличка.
ОП-79-132. Казак кызы Амангүл, менин сен менен достошкум келет. Конжык.
ОП-79-133. Обон, ассалоому алейкум. Мирбек Атабеков, көздөрүңүз сүрөттө деле суктанаарлык. Ар дайым аман болуңуз. Кездешээр күн бардыр. Максрио.
ОП-79-134. Саламатсызбы Мирбек Атабеков. Талантыңыза таазим, сиздин ырларыңызды дайыма угуп, ырдап жүрөм. Сиз менен маектешким келет. Таланттуу кыз.
ОП-79-135. Бул дүйнө жапжашыл, ары кооз, көркөм. Кимде-ким андан белгилүү өлчөмдө адалдык менен ала билсе, андан береке табат. Кимде-ким напси туткунуна байланып дүнүйө-мүлктү чектен тыш ээлеп алчу болсо, кыямат- кайым күнүндө ал тозоктон башка эч нерсеге кабылбай. Ангел Асем.
ОП-79-138. Назгүл Насиевага: Жаркырап асман бети жылдызга толсун, Таалайлуу өмүрүңүзгө бакыт консун, Бир келген бул таттуу өмүрдө Жүзүңүздө дайыма күлкү болсун. 10-79 ХХ
ОП-79-139. Маликам, Малинам, Мулаткам, Макулям. Мимозам, менчигим, мышыгым, мый-мыйым, мантушкам. Кумарбек.
ОП-79-140. Мирбек Атабековго арналат. Сен мага кол жетпестей көрүнөсүң, Ак таңда шоола болуп төгүлөсүң. Сагынып самай берем күлгөнүңдү, Элесиң эзип койду жүрөгүмдү. Назика.
ОП-79-141. Салам, Обон гезитинин жамааты сиздерден суранамын продюссер Назгүл Насиева жөнүндө көп-көп жазыңыздарчы. Терең урматым менен окурманыңар.
ОП-79-142. Супер жылдыз Назгүл Насиева, бар болуңуз, азаматсыз! Ай десем айсыз, күн десем күнсүз, сиз кол жеткис асмандагы жылдызсыз, тфу-тфу көз тийбесин. Көз мончок тагып жүрүңүзчү. Сизди абдан- абдан жакшы көрүп кумир туткан күйөрманыңыз.
ОП-79-143. Кандайсыз Мирбек байке, менин сиздей ырчы болгум келет. Сиздин ырларыңыздын баарын точно сиздей кылып ырдайм. Баса туулган күнүңүз менен өтүп кеткен. 0773 7064ХХ.
ОП-79-144. Мирбек байке, сизге бардык жакшылыктарды каалайм. Ар дайым жылмаюуңуз бар болсун. Менин сизге жолуккум келет. Күйөрманыңыз Динара.
ОП-79-145. Ошто иштеген Айсулуу досум, кандайсың? Жүрөсүңбү мөлтүрөгөн көздөрүң менен. Иштериңе ийгилик. Мен сонун болуп жүрөм.Алматыдан Леди Гуличка.
ОП-79-146. Менин жаныма, эркеме чоң салам. Сени сагындым. Аза.
ОП-79-147. Таластагы Чоң-Арыкта жашаган Жаркынбаевдерге чоң салам. 07706547ХХ.
ОП-79-148. Мирбек байке, мен сизди качан чыгат деп "Обон" гезитинин ар бир санын калтырбай алып жүрдүм. Өтүп кеткен туулган күнүңүз менен! Бактылуу болуңуз! Өмүрүңүз кызыктуу өтсүн, бирок, кыска болбосун. Кишинин көңүлүн калтырганды жаман көрөт экенсиз, эгер менин көңүлүмдү калтыргыңыз келбесе, жаныңыздан көрүү бактысынан алыстатпаңызчы?! Ырыскан.
ОП-79-149. "Обондун" бардык окурмандарына жана ырчы байкебиз Микага ысык салам жолдойбуз. Кунчуайпери, Ырыскан.
ОП-79-150. Кунчуайперишка, экөөбүздү Мика байке чакырбаса эмне кылабыз? Чогулуп алып ыйлайбыз, ээ? Ырыскан.
ОП-79-151. Менин саламым "Обон" гезитинин жалпы жамаатына жана "Кыргызстан Обондору" радиосуна жолдонот. Калемиңер мокобой, булбулдай болгон үнүңөр өчпөсүн. Бегимай.
ОП-79-152. "Болашак" базарынын 7-катарындагы кыргыздарга салам. Бар болгула. Мелис.
ОП-79-153. Мирбек, мен сени жүрөгүндө кири жок ыйык адамдай сезем. Келе жаткан Орозо айың менен! Сага ийгилик каалайм! 07705940ХХ.
ОП-79-154. Мика байке, сизди бир жолу жакындан көрүү бактысынан айрыбаңызчы?! Кунчуайпери.
ОП-79-155. Кунчуайпериге, Бактыгүл92ге жана "Обондун" бардык смсчилерине салам жолдойм. Айжаркын-93.
ОП-79-156. Ангел Асем, Кербен Куба, Эля Астана, Айгөлөк, менин "Обондон" тапкан братаным жана башка мени менен байланыша албай жаткандар, +77027449207 номерине байланышкыла. Мен соткамды жоготуп жибердим. Абда.
ОП-79-157. Билал козу, сизди күтөм. Келесиз, а? Алдабайсыз. +770162563ХХ.
ОП-79-158. Маска Зора, рахмат сага. Мага байланышпайсыңбы? Менин номерим +77016256321. Амангүл.
ОП-79-159. Арзуу90, маймулум, мен да сени сагындым. Мен Бишкекке барбай турган болдум, жаным. Аябай ооруп жүрөм. Сен бизге кел. Амангүл.
ОП-79-160. Жанымдын жарымы, жашоомдун маңызы, менин жаным, сизди аябай сагындым. Бишкекке тез келсеңиз. Амангүл.
ОП-79-161. Урматтуу жана кымбаттуу менин сүйүктүү эжем Амангүл, сизге терең ыраазычылык билдирем. Өзүңүз казак болгонуңузга карабай биздин газетаны сүйүп окуганыңызга. Сиз көрө албастарга көңүлүңүздү бурбай, алга карай умтулуңуз. Сизди сыйлаган сиңдиңиз Айзирек.
ОП-79-162. Мирбек, мен эртең менен тамак жебейм, сен жөнүндө ойлойм. Түштө тамак жебейм, сен жөнүндө ойлойм. Кечинде тамак жебейм, сен жөнүндө ойлойм. Түндө уктабайм, курсагым ачат. Наргиза.
ОП-79-163. Жалпы ноокаттык жаштарга салам жолдойм. Келе жаткан 31-август майрамыңар менен куттуктайм. Нияз.
ОП-79-164. Сүйүү өзү азап,/ Дайыма сүйүшкөндөр кетет тарап. "S".
ОП-79-165. Өзүңдү эстеп сагынам эркем,/ Өзүңө жетпей мен калдым эркем./ Өзөктө өчпөс от болуп күйүп,/ Өзөктө калдың чок болуп эркем./ Өрүкзар гүлүн жаңы эле ачкан,/ Он гүлдүн бири ачылбай калган./ Өзүңдү ойлоп кыйнала берем,/ Кайгыга салдың агаңды эркем./ Кантейин эми өзүң жок эркем,/ Алсырап калдым өзүмдү билбейм./ Көрсөм деп сени жол карап күтөм,/ Карааның көзгө элестеп эркем./ Жалгыз куш көрсөң белесте эркем,/ Айланып учса мени эсте эркем./ Жалгыз бир жанга жолуксаң эркем,/ Жардамсыз жүргөн мени эсте эркем. Токтогул уулу Сүймөнкул.
ОП-79-166. Ноокат районуна караштуу Кайрагач айылынын жалпы элине салам жолдойм. Салибаев Нияз .
ОП-79-167. Көңүлүм чөгүп ыйлаганда, кубанычым койнума батпай турганда, үмүтүм обого учуп кеткенде, өзүмдү ааламда жок бактылуу сезгенде, аппак таңда ойгонуп, аруу тилек тилегенде, көк майсаңдан кубанып, кооз гүл тергенде, апам мээримин кошуп берген нан жегенде, жүрөгүм тез-тез согуп, кирпигим баттан ирмелип толкунданганда, маңдайдан тер агып, эмгекке малынганда сенин үнүң дайыма мени менен, Мирбек! Сезим.
ОП-79-168. Бишкек шаарында жашаган эжем Адинаны 16-август туулган күнү менен куттуктайм. Сиңдиси Элнура.
ОП-79-169. Асманда Ай жарык берсе, жерде Мирбек жарык берсин. Асманда жылдыз жымыңдаса, жерде Мирбек жымыңдасын.
ОП-79-170. Кандайсыз Мирбек байке? Сиз менен жакындан таанышып, сүйлөшкүм келет. Мени чакырыңызчы?! Чачыкей.
ОП-79-171. Саламатсызбы Мирбек байке, сиздин "Обонго" келгениңиз аябай жакшы болбодубу. Мени чакырыңызчы?! Суранам! Суранам! Суранам! Нуржан.
ОП-79-172. Менин саламым эң сүйүктүү ырчым Даниэлге жолдонот. Даниэль, мен сизди жакшы көрөм. Ар дайым бар болуңуз жана аман болуңуз. Күйөрман кызыңыз Алина.
ОП-79-173. Мирбек байке, мен сизди кумир тутам, концертиңизге калтырбай барам, ырларыңызды бир күндө 40-50 жолу угуп, интервьюларыңызды калтырбай окуйм. Анткени, мен сиздин фанатыңызмын. 07728306ХХ.
ОП-79-171. Саламатсызбы Мирба Атаба, иштериңиз кандай? Азыркы жаш ырчылардан мага сиз, Омар, С.Дөөлөтбаков эле жагат. Анткени, силер кыргыздын чыныгы патриот жана таланттуу ырчыларысыңар. Сизге кааларым ден соолук, бакыт-таалай жана узун өмүр. Дайыма алдыда болуп жүрө бериңиз. Жаңылай.
ОП-79-172. Сенин ырың бөбөгүнө мээрим төккөн эненин алдейин, сүйгөнүнө жете албай сыздаган уландын арманын, жылдызын колдогон күйөрмандын кыйкырыгын, таң алдында желге ыргалган бак-дарактын шоокумун, так секирип ойногон наристенин күлкүсүн, бакыттан башы айланып толкунданган ашыктын жүрөгүнүн дүкүлдөгөнүн, сүйгөнүнө кылыктанган селкинин назик күлкүсүн коштоп турат, Мирбек! Сезим.
ОП-79-173. Салам обончулар жана сүйүктүү ырчым Мирбек байке! Сизди теледен жана концерттен гана көрбөй, жакындан көрүп, сүйлөшкүм келет. 07728306ХХ.
ОП-79-174. Мирбек байке, сиздин ушул рубрикага келээриңизди көптөн бери күткөм. Суранам, мени чакырыңызчы?! Жаңылай.
ОП-79-175. Мирбек байке, сизге кааларым чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо,асмандай ачык, суудай тунук, тоодой бийик бакытты каалайм. Үнүңүз булбулдай таңшып бир гана Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөгө жаңырсын. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Сизди сыйлап кумир туткан Tim@.
ОП-79-176. Ырдачы, Мирбек, ырдачы! Сен ырдаганда мен эс ала түшөм. Сезим.
ОП-79-177. Менин саламым алтын апакеме жолдонот. Мен сизди сагындым. Аксана92.
ОП-79-178. Иним Байгелдини 25-август, сиңдим Зарипаны 20-август туулган күндөрү менен куттуктайм. Аксана92.
ОП-79-179. Баарыңыздарды кирип келген Рамазан айыңыздар менен куттуктайм. Туткан орозоңуздар кабыл болсун. Жараткан ар бир пендесинин жүрөгүнө ыйман берсин. Самара, сенин да жүрөгүңө жараткан ыйман берсин. Авазбек.
ОП-79-180. Тагам Таалайбекти 29-август туулган күнү менен куттуктайм. Аксана92.
ОП-79-181. Таенем Үмүтайга, таежелерим Айнагүл, Атиргүлгө чоң салам жолдойм. Аксана92.
ОП-79-182. Мирбек, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен куттуктайм. Сизге ден соолук, тоо суусундай узун өмүр, түбү терең бакыт-таалай, жашоонун таттуу балын татып жүрө бериңиз. Настя.
ОП-79-183. Улук, жаным, сени сүйөм, кара жан! Дайым бир болобуз. У+А =жанусялар.05512140ХХ.
ОП-79-184. Мирбек байке, бар болуңуз! Кыргыз элиңизге дайым кызмат кылып жүрө бериңиз. Жаңылай.
ОП-79-185. Салам Амангүл! Ыймандуу кыз окшойсуң, смстериң абдан жакты. Аксана92.
ОП-79-186. Мирбек байке, дайыма "Алга!" деген ураан менен жашаңыз. Бар болуңуз. Жаңылай.
ОП-79-187. Ди-джей Айбек, сенин жагымдуу үнүң биздин кыздарды арбап келет. Тигүүчүлөр жамааты.
ОП-79-188. Айя Садырова, сиз суперсиз! Биз сизди жакшы көрөбүз. Tim@.
ОП-79-189. Мен Даниэлди абдан жакшы көрөм.
ОП-79-190. Султан Садыралиевге чоң салам. Tim@.
ОП-79-191. Колдо бар дүйнөсүнө дос болбогун,/ Колдон келсе киши менен кас болбогун./ Күлүңдөп күлүп турат кандай күндөр,/ Күндүк эмес түбөлүктү сен ойлогун. Макуся, Айзирек, силерге салам. Акылдуу сиңдим Айзирек, сага рахмат. Мен да сен сагындым. Макуся, айылдан батыраак кел. Табигат сырдуу Алтынай.
ОП-79-192. Бирдиги бар кыздар менен таанышам. Номерим 89264525468. Москвадан Юнус.
ОП-79-193. Кумирим Чыңгыз Мырзаевге чыгармачылык ийгилик каалайм. 07726738ХХ.
ОП-79-194. Пейили кенен, жаман ою жок, Теңир тоодой бийик, ак мөңгүдөй таза, көк асмандай ачык кумирим Мирбек Атабековго салам. Сиз менен жолуксам бактылуу болмокмун. Сизди ар дайым урматтаган Нуржамал.
ОП-79-195. Бактыгүл, Тилек, Коляга салам. Болочоктогу жеңеңер Айка.