Билгениң оң

Атасыз баланы кантип тарбиялоо керек?
Учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири - баланы атасыз жалгыз тарбиялоо. Кантип кыйынчылыктарды кечип өтүп, балага татыктуу тарбия берсем деген суроонун айланасында көпчүлүк энелер ойлонуп отуруп туңгуюкка камалышат.


Атасыз өскөн балдар кандай болот?
Апасынын көңүлү чөккөнүн көрүп туруп бардык күнөөнү өздөрүнө ала беришет. Эненин көтөрүмү жок жеңил мүнөзү бул учурда балага тез өтөт.
Материалдык жактан жетишпеген жашоону жеңиш үчүн энеси эки-үч жумушта иштесе, бала өзүн эч кимге кереги жоктой сезет.
Эне атасы үчүн да, өзү үчүн да балага мээрим төгүп, үстүнө үйрүлүп түшө берсе бала жүдөйт. Себеби бардык нерсе өз орду менен болуусу шарт. Бир убакта ашыкча эркелетип, бир кезде балага такыр көңүл бурбай коюу анын психологиясынын бузулушуна алып келет.
Өзгөчө эркек бала үйдө эркек киши жок болуп, эч кимден үлгү албаса, толук кандуу тарбиядан кур калат.
Жалгыз эле апасынын мээримине бөлөнүп чоңойгон балдар толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгон балдарга караганда айткан сөзгө бат көнөт.
Баланы жалгыз тарбиялоонун туура жолдору:
Өзүнүн болгон убактысын, күчүн толугу менен балага жумшоо баласынын келечегин тобокелге салуу дегенди билдирет. Анткени энесинин этегинен чыкпай жүргөн бала убакыттын өтүшү менен өз алдынча умтулуп, оокат кыла албай калат. Себеби ага убагында апасы баарын даярдап, оозуна салып берип көндүргөндүктөн, бала жалкоо тартып, эмгектенүүдөн кача баштайт. Бул да болсо кайра эле эненин мойнуна ашыкча жүк болот.
Балага баары бир эркектин тарбиясы керек болгондуктан, ага үлгү болоорлук, жакшы нерселерди үйрөтө турган жакын эркек туугандарыңызга кайрылганыңыз жакшы. Эркек бала ал адамдан өзүнүн атасын көрсө, кыз киши болочоктогу жолдошун ошол кишидей кылып элестетүүсү зарыл. Эмнеси болсо да ата ордуна ата, эне ордуна эне болом деген оюңуз туура эмес. Сиз канча аракет кылбаңыз, бир гана эненин ролун аткарууга алыңыз жетет.
Таштап кеткен атасы тууралуу балаңызга сүрөттөп айтып берүүдө аны балаңызга "желмогуз" көрсөтүп салуудан же болбосо атасын баласынын көзүнө идеал көрсөтүүдөн сак болуңуз. Бала өткөн окуянын эмне болгонун өз акылы, түшүнүгү менен таразалап, баамдап билгени кийинкисине жакшы.
Баланы жалгыз тарбиялоо канчалык оор иш экенин кичинекей бала түшүнбөйт, ошон үчүн сизге канчалык оор болсо да балага кыялыңызды көрсөтүп, бардык кыйынчылыктарды ал чакырып жаткандай мамиле жасаганыңыз одоно каталардын бири. Мындай жол менен сиз балаңыздын аң-сезимине жаракат келтирген болосуз.
Баланы өтө эле эркелетпеңиз. Тескерисинче, баланын өз алдынча өсүшүнө өбөлгө түзүңүз. Эркек бала атасынын ордун басып, жок дегенде мык какканды үйрөнгөнү дурус.
Эртели-кеч биринчи никесинен жолу болбой калган аял кайрадан турмуш куруп, үй-бүлө күткүсү келет. Көңүлүңүзгө жаккан мырза табылса эң негизгиси сиздин балаңызга кандай мамиле жасаарын байкаңыз. Өз атасынан айрылган ар бир эле бала апасынын жанынан бөлөк эркекти көргүсү келбейт. Балаңыз сизди кызганып, өз алдынча ар кандай жагдайларга баруусу мүмкүн. Айрымдары энесин жек көрүп, ошондой учурда атасын жакын тутуп, бөтөнчө сагына баштайт.




Биринчи никеден балдар же экинчи аял...
Кимиси кымбат?
Биринчи никеден жолу болбой, экинчи жолу багын сынап көргөн адамдардын жашоосу кыйла оор экени ырас. Эгерде сиз кимдир-бирөөнүн экинчи никеси болсоңуз анын балдарына кандай мамиле жасайм деген баш катырган сурооңузга төмөндөн жооп издеңиз.


1. Адамдар ажырашканда экөө аялы-күйөөсү болбой калганы менен өмүр бою ата-эне бойдон калышат. Ошол үчүн түгөйүңүздүн сизге чейинки башынан кечирген жашоосун кандай болсо ошондой кабыл алыңыз. Биринчи аялынан бир эмес беш баласы болсо да кабыл алууга аргасызсыз. Түгөйүңүздүн балдарын жакшы кабыл албаганыңыз, анын өзүн жакшы кабыл албаганыңызга барабар.
2. Эгерде сиз жолдошуңузду балдарынан кызганып жаткан болсоңуз, анда анын аялынан да коруп жатканыңызды билдирет. Жиниңизди күйөөңүздөн чыгаруудан алыс болуңуз.
3. Күйөөңүз биринчи аялы менен балдарынын тарбиясы, көйгөйлөрү тууралуу жолугуп, сүйлөшкөнгө акысы бар. Үйүңүзгө чалып балдарына жардам сураганга да мүмкүнчүлүк берүү керек. Орду жок кызганып, уруш чыгаруудан алыс болуңуз.
4. Жолдошуңуз балдары менен кенен сүйлөшүп, алардын ички дүйнөсү менен жакындан таанышканга ыңгайлуу шарттарды жарата билиңиз. Жөн гана убагында акча, белек берип туруу жетишсиз.
5. Экөөңүздөр балалуу болгондон кийин өз балаңызга көбүрөөк көңүл бурушун талап кылып айласын кетирбеңиз. Күйөөңүздүн жашоосунда өзүнүн баласы үчүн да, экөөңөрдүн балаңар үчүн да орун бар.
6. Эркиңиз жетсе сиз да жолдошуңуздун балдары менен сүйлөшүп көрүңүз. Сүйлөшкөнгө жараша эч ким тоскоол болбогондой жагдай жаратсаңыз болот. Сейил багына барасызбы, же жөн эле ойнотосузбу... Жакындан сүйлөшүп көрсөңүз, балким, ал бала сизге мүнөзүнүн жакшы жактарын ачып көрсөтүп, жагып калаар.
7. Башкы эреже - түгөйүңүздүн биринчи никеден калган балдарын канчалык жакшы кабыл алсаңыз, күйөөңүздүн сизге болгон мамилеси ошончо жакшырат. Бирок ашыкча жагалданып чектен чыгуунун кереги жок. Ар бир кадамыңызды салмактуу таштаңыз.