п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  окумал

Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
Камера ичин сыдыра тиктеп келип, мени шылдың аралаш тиктеп турган көгүлтүр көздөргө көзүм уруна түштү. "Селт" эте чочуй, уяла түшкөн сезим да бийледи.
- Атың ким болот? - деп сурады, кебетеси кыргызга окшобогону менен тап-так кыргызча сүйлөгөн сары чач, сулуучумак келген аял.
- Аздек...
- Аа, меники болсо Дарыя. Эми-и.. Аздек, бул жерде сага ысытып, кайнатып бергенге отубуз жок. Өзүң көрүп турасың. Сен келээрдин астында эле тигилерден, - ээк жаңсай эшик тарапты көргөзүп, - алып ичкенбиз. Муздай элегинде чай ичип ал. Камераны караганга убактың кенен, карап эле тим болбой ар бир чекитине чейин жаттап да бүтөсүң. Же качканга тешик карап жатасыңбы? - жылмая, - убара болбо. Келемиш, чычканга айланып эле тигил тешиктен чыгып кетпесең, башка жылчык жок. Ошон үчүн кел, мобул жерге олтур да, өзөк жалга. Өзүң эле чийдей ыргалган арык жан экенсиң, жыгылып калсаң эмне кылабыз?- деп жанындагы темир керебетти кол жаңсай көргөздү.
Маңдайымдагы жаш кыз кружкага толтура карандай чай куюп сунду. Бир күн кечке наар албаган жаным, чындап эле ачка экенимди эми сездим. Шилекейимди "кылк" эттире жутуп алып, жылымык чайдан ууртадым. Кумшекери жок чай менен нан азыр мен үчүн ушунча даамдуу сезилип, тууралган нан түгөнгөнчө жеп-ичтим. Анда-санда уурдана жанымдагыларга көз кыйыгымды салып коём. Өзүн Дарыямын деп тааныштырган аял менен кара тору, толмочунан келген, чачын жоолук менен желкесине байлап алган жашы мен курдуу дагы бир келин эскилиги жедеп бүткөн карта менен төлгө тартып, ойноп олтурушат. Маңдайымдагы жаш кыз унчукпай мени менен тиктешип коюп, башын эки тизесине жөлөп олтурушу ойлуу. "Жаш кыз экен. Ашып кетсе 15-16да. Бул эмне кылмыш кылып жиберди экен?"деп ойлоп коём. Төрдөгү тордолгон терезе түбүндө мен алгач босогону аттаганда "жеп албайбыз, бери өт" деген арык аял тамекинин түтүнүн тышка үйлөй, телмирип бир чекитти тиктегени-тиктеген.
"Кызык... Үч уктасаң түшкө кирбеген окуя деп ушу меникин айтса керек?.. Ойдо жок жерден камалып, кылмышкерлер менен (Азырынча өзүмдү алардын катарына кошкум жок) олтуруп калат деген эмне шумдук?! Камактагы аялдар жөнүндө кинодон көрүп жүргөнүм эле болбосо... Мен алар тууралуу бири калбай таш боор, мерез, кайрымсыз деп билчүмүн. Азыр болсо... Келгениме бир сааттан ашык убакыт өтсө да эч кимисинен жаман сөз уга, жамандык көрө элекмин. Же?.. Мунун баары азырынча азгырыкпы? Мени алдап жатышабы? Жо-ок, эмнеге антишсин? Бири-бирибизди биринчи жолу көрүп жатсак?.. Ким билет, эмнеси болсо да сак болчу, Аздек. Байкатпай баса калып муунтуп же бирөөсү башка чапса... - деген жаман ойдон чочуй, башымды чулгуй, - жакшы ой ойлочу, -деп өзүмдү жемелеп алдым."Жаратканым, ушул жерден эртерээк аман-эсен алып чыгып кете көр. Оомийин!" деп күбүрөнө бата тиледим.
Менин чай ичип бүткөнүмдү түшүнгөн жаш кыз илгиртпей ордунан тура калып жыйнаштырып кирди. "Өзүм эле жууюн" дегениме көнгөн жок.
- Жөн кой, малолетка эригип эмне кылаарын билбей олтурганда жууй берсин,- деп койду Дарыя.
Курсагыма бир нерсе барганына эки бетим албырып ысый, дене боюм талыкшый, уйкум келип шалдырап баштадым. "Уктаба! Кокус..."деп жаттым өзүмө-өзүм. Кайра туруп "Анан качанкыга чейин уктабай тирмийип олтурам? Чыдай албайм го? Жаман ой ойлобой жөн олтурчу" дегениме болбой жүрөк түшүргөн ойлор келип жатты.
- Аздек, алдагы "нарага" кыйшайып жатып эс алсаң болот кааласаң. Чарчасаң керек ээ? Көздөрүң киртийип турат. Жок десең, анда бизге сырттан кеп салып бер. Беш күндүн ичинде Бишкекте эмне өзгөрүүлөр болуп кетти экен? Өзүң кебетеңе караганда бул жерге адашып түшүп калган адамга окшойсуң? Капаска камап ийишкендей эмне кылмыш кылып ийдиң? Негизи соттой болуп сурак жүргүзгөндү жаман көрөм, бирок, камактагыларга сырттан жаңы киши кирсе жандана түшөсүң, жаңылык угуп алаксыйсың дегендей,- Дарыя оюнун токтото калып, колун башына жаздана капталынан жатып, менден жооп күткөнсүп калды.
Эмне деп, кайсыдан баштаарымды билбей, мукактана түштүм. Муундарым калтырай, дене боюмду кара тер басты. Алакандарым нымдалыша түштү. Катуу толкунданганда ушинткен адат таап алды. "Өлдүм го! - дедим ичимден, "кайненеңдин өмүрүнө кол салдың" деген күнөө коюп жатышат десем эмне кылышат болду экен? Эми эмне, буларга да баштан аяк айтып беришим керекпи? Эмне дешет болду экен? Аа, байкуш кемпирди түртө салып, жанын алып тынайын деген немеге көргөзөлү дешеби?"деген ойлордон мээм лукулдап, башым ооруп чыкты. Баары дымып, мени тиктеп олтуруп калышканын түшүнүп эле турам, сүйлөйүн десем, тилим күрмөлбөйт. Эптеп:
- Апабыз мен жуунуп жаткан жерден тайгаланып, башы жарылып,.. Ошого... - дедим андан ары эмне деп улантаарымды билбей. Арык аял каткырып күлүп жиберди.
- Ха-ха-ха... деги киши ишенээр жомок ойлоп айтсаң жакшы болмок экен?! Жуунуп жаткан сен болсоң, ал жерден кайненең кантип жыгылсын? Уруша кетип мен түртүп, карыган неме кармана албай жыгылды деп эле айтпайсыңбы? Сен антип тергөөчү, сотуңа айтсаң жарашат. Бизге болсо... Эскертип коёюн, мындан кийин биле жүр: түрмөдө эч качан калп сүйлөбөйт, ууру кылбайт, ушак айтпайт. Болбосо... Мен да ойлоп олтурбаймынбы, жакшынакай жаш кыз акчага азгырылып, алдамчылык же уурулук менен түшсө керек деп. Көрсө мага окшоп "97" менен келгем дебейсиңби? Сен кайненеңди, мен келинимди... Окшошуп чогуу олтурат экенбиз да эми э?
Ызалана түштүм.
- Светка, койсоңчу? Көздөрү эле айтып турбайбы, таза экенин. Сен өзүң келиниң менен ит-мышыктай тытышып жашап, жаман көргөнүң үчүн Аздектин айткандарына ишенбей жатасың го? Беш кол тең эмес дегендей, ким билет? Андан көрө сөзүн бөлбөй аягына чейин угалычы, - деди Дарыя мага боору ооругандай жан тарта сүйлөп.
- Жо-жок, мен туурасын эле айтып жатам. Биринчи жолу түшкөндөр билбей, эртең эле чыгып кетем деген ой менен ишин жашырып калп айтышат. Анысы эртеси эле билинип калса өзүнө эле жаман. Анын үстүнө жап-жаш болуп туруп, киши өлтүрүп түшүп жатса.
- Жок. Апабыз тирүү эле, ооруканада, - дей салдым.
- А, анда ал жагы кызык экен? Анда эмнеге камашты? Күйөөң кайда? Ал эмне дейт? Сени каматып коюп, өзү басып жүрөбү?- деген суроолорду жаадырышты.
Ошол күнкү окуяны тергөөчүгө айтып, кайталап жазып берип, жадыбалдай жаттап бүткөн жаным, эми да эч токтолбой, баштан-аяк айтып бердим. Бири шыпшынып башын чайкап, жаш кыз көздөрүн жашылдантып, арык аял чыдабай кеттиби билбейм, тамеки күйгүзүп, түтүнүн уюлгута үйлөй олтуруп угушту. Айтып болуп, муун-жүнүм бошоп, ыйлап кирдим. "Мейли, ыйласа ыйлап бугун чыгарып алсын, тим коюш керек" деди Дарыя. "Адвокаты жакшы болсо, көпкө созбой эле алып чыгып кетет. Коркунучтуу эч нерсе деле жок экен"деген мен курдуу келиндин сөзүн угуп, ого бетер токтоно албай солкулдап ыйладым. Бул көз жаштын ичинде ата-энеме, үйүмө болгон сагыныч.. Сүйүндүккө деген сүйүүм, таарыныч, кызганычым... апабызга, кайнежеме карата нааразычылыгым... баары... баары... бар эле.
Кантип уктап кеткенимди билбейм, бир маалда түшүмдөн чочуп ойгонсом, жанагы олтурган ордумда жатам. Астымдагы темирдин катуусу кадимкидей далыларыма өтүп, ооруксунуп калыптыр. Жүрөгүм дүкүлдөй кагып, тердеп алыптырмын. Каалганын үстүндөгү тийип турган жарыктан камеранын ичи даана көрүнүп турат экен. Бышылдай дем алышып, баары оор уйкуда жаткандай. Анда-санда арык аял - Светанын жөтөлгөнү гана түнкү тынчтыкты бузуп, өзү болсо ары-бери оодарылып, сүйлөнүп коюп жатты.
Бул эмнеси? Түшүмдө чачтары саксайып, жүздөрү көрүнбөгөн эки аялдын тузун уурдап алып качып баратам. Артымдан куугун түшкөндөй, баштыктагы туздун оордугунан белим майыша күч үрөп чуркайм. Мына-мына жетип кармап алчудай.... Түшүм экенине сүйүнүп "Өх!"дегеним менен өңүмдөгү абалым күйүнөөрлүк эле. Кылдырттаган үн чыкканынан каалга тарапты акырын башымды көтөрүп карасам, эки чоң чычкан таштанды салынган челектин ичин чачып жатышыптыр. Тамак издеп жатышса керек. Катуу дем алгандан да коркуп, катып калдым. Эки көзүм босогодогу чычкандарда. Кокус сезбей уктап калып, келемиштерге бир жеримди кемиртип ийбесем экен деген ойдон денем дүркүрөй түштү.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-август, 2009-ж.:
1-бет
КУМГА ООНАП, КҮНГӨ
КҮЙГӨН ЖЫЛДЫЗДАР

2-бет
Кубаныч, Кундуз:
"Наристебизге жылуу үй даярдап жатабыз"

3-бет
Балаңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
4-бет
Эрлан Андашев:
"Сүйүү темасындагы ырларым сүйгөнүмө арналган"

5-бет
Саясат
6-бет
Обон тамаша
7-бет
талант жана тагдыр
8-бет
"Обон" шоу-таймс
Тасмадагы сүйүүсүнө жеткен ырчы

9-бет
Кумга оонап, күнгө күйгөн жылдыздар
10-бет
Атасыз баланы кантип тарбиялоо керек?
11-бет
азапка салган азат ай!..
12-бет
окумал
13-бет
Атактуулар ааламы
14-15-бет
Обон почта










??.??