Атактуулар ааламы

Балалуу болгуЛАРЫ келген
Dolce & Gabbana
Тизелери айрык джинсы шымдарды модага киргизген, жөнөкөй кийимдерге өзгөчө көрк, кооздук жараткан дизайнерлер Дольче менен Габбананы азыр бүткүл дүйнө жүзү тааныры талашсыз. Экөөнүн жашоосун ар кандай кылып элестетип, түрдүү божомолдорго барган күйөрмандары да аз эмес. Дизайнерлердин жеке жашоосуна, ийгиликтерине көз жүгүртүп алар тууралуу бир топ маалымат ала алдык.
Доменико Дольче

Туулган жылы- 1958-жыл,15-август
Мекени- Сицилия, Палермо
Жакшы көргөн суусундугу - алманын ширеси
Жактырган түсү - кара
Жактырган ырчысы- Мадонна
Идеал туткан аял- Моника Беллуччи
Унаасы-Мерседес


Доменико Дольчени достору орто бойлуу, жалкоо, жай кыймылдаган, дайыма күлүп турчу көк көздүү мырза деп сүрөттөп келишет. Домениконун үй-бүлөсү тигүүчүлүк менен алектенип, чакан цех иштетип жан багышкан. Жетишпеген жашоодон жана атасынын темирдей тартибинен улам бала кезинде ал жарытылуу оюнчуктар менен ойноп, жаңы кийим деле кийбей чоңоюптур. Ата- энесине эркелебей чоңойгон Доменико алты жашынан баштап атасына жардам бергенге киришет. Ошондо эле колуна ийне-жипти эптүү кармаган баланы жакындары Моцарт деп аташкан. Себеби композитор музыканы кандай мыкты билсе, Доменико тигүүчүлүк кесипти дал ошондой майын чыгара өздөштүргөн. Салт боюнча Доменико чоңойгондо атасынын ишине аралашып, үй-бүлөнү багышы керек болгон. Бирок ал мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырып, бир жылдан кийин окуусун таштап салып Миланга сапар алат. Миландагы ательелердин бирине ассистент болуп жумушка орношуп, ал жерден Стефано Габбана менен таанышкан.


Стефано Габбана
Туулган жылы- 1963-жыл, 14-ноябрь
Мекени- Италиянын Милан шаары
Жакшы көргөн актрисасы - Софи Лорен
Хоббиси-шар аккан сууну тиктеп отуруу
Жактырып жеген тамагы- балык
Машинасы-Мерседес
Жактырган түсү- ак, сары

Стефано Габбана өнөктөшүнөн айырмаланып жетишкен, бай үй-бүлөдө чоңойгон. Стефано Миландагы белгилүү стилисттин никесиз төрөлгөн баласы. Атасы бөпөлөп, алаканына салып эч нерседен кор кылбай баккандыктан өспүрүм эркин чоңойгон. Бала кезинен сүрөт тартканга кызыгып "колуна карандаш кармап чоңойгон" десек болчудай. Сүрөт тартуу өнөрүн өркүндөтүш үчүн искусство институтуна тапшырып, сүрөтчүлүк кесибине ээ болот. Бирок ал өз кесиби менен болгону бир эле саат иштептир. Стефано көңүлү башка нерсени эңсеп турганын сезип Миландагы ательелердин бирине келип жумушка орношот.


Өнөктөштөрдүн өнөрлөрүнөн
Сицилиядагы илгертеден бери келе жаткан катуу мыйзам, аялдардын узун кара көйнөк кийип жүргөндөрү Домениконун дизайнер болушуна түрткү болгон. Себеби ал кичинекей кезинде эле апасынын эски, самсаалаган көйнөктөрүн карап отуруп ушулардан да сонун нерсе ойлоп тапса болот деген ойлор менен жашап келген.
Кийимдерге башкача жан берүү, дизайн жасоо эң биринчи Домениконун оюна келип, ал оюн Стефаного билдирген. Дүйнө жүзүнө белгилүү дизайнерлер башында көңүлдөштөргө айланып, андан кийин чакан ишкана ачууну максат кылышат. Элдин алдына алып чыккан алгачкы көрсөтмөсү 1982-жылы Миландагы эң кичинекей кафелердин биринде өткөн. Экөөнүн талантын баалагандардын колдоосу менен 1986-жылы "Real Woman" аттуу эң оригиналдуу шоуга катышып, алгачкылардан болуп купальниктердин, ич кийимдердин коллекциясын көрсөтүшкөн. Он жылдын ичинде моданын туу чокусун багындырып, кичинекей ательени "Dolce & Gabbana" деген чоң соода маркасына айландырышкан. Учурда дизайнерлердин Японияда, Сингапурда, Сеулда, Гонконгдо, Нью-Йоркто жалаң өздөрүнүн эмгегинен жаралган кийимдерди сата турган ири соода түйүндөрү бар. Шоу-бизнестин көрүнүктүү өкүлдөрү Дольче менен Габбананын кызматынан пайдаланып келишет. Николь Кидман менен Изабелла Росселини алардын туруктуу кардарлары болуп саналат.

Эки айдын ичинде 1500 костюм тигишип...
Экөө тең бирдей Мадоннаны кумир туткандыктан, аны менен жолугушуп, сүйлөшүүнү эңсеп келишкен. Өздөрүнүн колунан чыккан костюмду Мадонна кийип түшкөн сүрөттү гезиттен көрүшкөндө төбөсү көккө жетиптир. Ошондон көп өтпөй эле ырчынын пресс-катчысы алар менен байланышып: "Ырчы айым силер менен жолугуп бүт коллекцияңарды көргүсү келип жатат" деген. Нью-Йорктогу эң мыкты жайлардын биринде үчөө жолугуп, Мадонна жакында чыга турган турнеге группада канча бийчи болсо ошонун баарына костюм тигип берүүсүн суранган. Келишим түзүшүп, толкунданган экөө кызматына канча акча алышаарын айтканга да жарашпайт. Ошентип эки айга жетпеген убакыттын ичинде тигишкен 1500 костюмду, ырчынын алдына алып келишип, өздөрү күткөн суммадан он эсе аз акча алышып жолуна түшкөн. Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин дизайнерлер тигип берген Мадоннанын үч кийими аукционго коюлуп, 24 миң долларга сатылган. Ырчы ал акчанын бир тыйынын да коротпой жигиттердин эсебине которуп берген.

Бактылуу болгонго бала жетишпейт
Гомосексуалдарды коом кандай кабыл алышаары айтпаса да белгилүү. Алгач экөөнүн мамилеси тууралуу туугандары укканда төбө чачтары тик туруп, Доменико менен Габбананы ажыратыштын айласын кылышкан. Көпчүлүктүн сөзүнө сынбай жыйырма жылдан бери ынтымактуу жашап келишкен өнөктөштөрдү ажыратканга азырынча эч кимдин алы жете элек.
- Экөөбүзгө суктангандар көп болсо керек. Башка гейлер эки-үч жыл чогуу жашап
ажырашып кетип жатышат. Биз болсо бири-бирибизсиз жашообузду элестете албайбыз. Экөөбүз убактыбызды чогуу өткөргөндү жакшы көрөбүз, ошол эле учурда ар бирибиздин эркиндигибизди баалайбыз. Гей үй-бүлөлөр башкалардан эч нерсеси менен айырмаланбайт. Мындай үй- бүлөлөрдө деле ошондой эле ынтымак, уруш-талаш, таарынычтар өкүм сүрүп турат,-дейт Дольче.
Доменико бош убактысында үйдө болуп ар түрдүү тамак-аштарды жасаганды жактырса, Стефано ызы-чуу жерлерди кыдырып, түнкү клубдарга барып бийлеп көңүл ачканды жакшы көрөт. Экөөнүн толук кандуу бактылуу болушуна бир гана бала жетишпейт экен. Бала тууралуу сөз чыкканда түгөйлөрдүн ортосунда сөзсүз уруш чыгат. Анткени бирөө "баланы багып алалы" десе, экинчиси ага каршы чыгып, "биологиялык жол менен балалуу болобуз" дейт. Ушул сыяктуу талаш-тартыш экөөнүн ортосунда барган сайын күч алууда. Биологиялык жол менен балалуу бололу дешсе заманбап илимдин күчү жетпейт, экинчи жагынан Италиянын мыйзамдары да мындай кадамдарга жол бербейт. Азыр алар баарынан тажап, он жылдан кийин мыйзамдары өздөрүнүкүндөй катаал эмес өлкөгө көчүп кетүүнү пландашууда. Ал жерден кандай жол менен болбосун балалуу болушуп, толук кандуу бакытка жетишебиз деп максат кылышат.





Надежда Кадышева алдамчынын торуна түштү
Россиянын эл ырчысы Надежда Кадышевага кайсы бир уюмдан Лев Гобрилян деген жигит чалып, Краснодарда "Золотое кольцо" тобунун концертин уюштуруп берем деген сунушун айткан. Миллион рубль төлөп беребиз деген ырчынын макулдугун алат. Надежда Кадышева кайра ойлонуп көрүп бере турган гонорарынын жарымын доолаган. Бул учурда шылуун Краснодарга "Золотое кольцо" тобунун боло турган концертине билеттерди жасатып эбак сатып жиберген. Ошентип, ырчы же акчадан жок же концерттен жок куру жалак калган кези. Анткени ал Лев Гобрилянга ишенип башка сунуштардын баарынан баш тарткан. Жалган концертке сатылган билеттерди алган элдер нааразы болушуп, "алдамчыларды кармап бергиле" деген талап менен милициянын эшигин каккылап жүрүшөт.

Лера Козлованы кызыл-жаян кылып сабагандар
"Ранетки" тобунун экс-солисткасы Лера Козлова азыр жаштардын сүйүктүү актрисасына айланган кези. Интернет булактарына Леранын жанына бир нече кыз басып келип актрисаны түртүп кеткени, ары жактан чыккан беш-алты бала Лераны тепкилеп, кызыл-жаян кылып сабап жаткан видеолор тарап кеткен. Ушундан улам Леранын күйөрмандары анын абалын сурап тынчсызданышууда. Окуянын чоо-жайына Лера өзү эми араң түшүнүп, төмөндөгүдөй комментарий берди:
- Ал видеолор мен жаңы тартылып жаткан кинодон эпизод болчу. Азыр мектеп окуучулардын арасындагы зомбулуктарды чагылдырган тасмада мен башкы ролду ойнойм. Күйөрмандар жакында экрандан менин кызыл-жаян болуп таяк жегенимди толугу менен көрө алышат.

Диана Гурцкая кофеге ууланды
31 жашка чыккан ырчы буга чейин жүздөн ашык кофенин түрүн татып көргөн. Бул жолу Диананын жолдошу Копи Лювак деген сорттогу кофе алып келген. Бир килограмы 1000 евро туган, Копи Лювакты Москвадан кезиктирүүгө дээрлик мүмкүн эмес. Жолдошунун белегине чын ниетинен кубанган ырчы тамшанып бир нече кружка кофени катары менен ичкен. Жатаарда өзүн жаман сезип, кусуп кирген. Жеке доктурун чакыртышып, Диананы араң эсине келтиришкен. Азыр ырчы өзүн жакшы сезип кофени оозуна такыр ала элек.