п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-80-001. Өзгөн районуна караштуу Чымбай айылына ысык салам жолдойм. Анжеркадан Анара.
ОП-80-002. Чырайың акыл азгырган,/ Чырактай көзүң жайнаган./ Күн-түн кетпей эсимден,/ Көркөмүң мени арбаган./ Көргөндө сени жалжалым,/ Күлмүңдөй түшөөр айланам./ Жүзүңдөн өпсөм аймалап,/ Жолугуп сага кайрадан. Нурзат90.
ОП-80-003. Айгүл, мен сизге чың ден соолук, талыкпас эмгек каалайм. Булбулдай үнүңүз өчпөй жүрө бериңиз. Мен бул смсти чын жүрөгүмдөн жаздым. Асхад.
ОП-80-004. Айгүл эже, мен сиздин сүрөтүңүздү өз бөлмөмө чаптап койгом, сиздин сүрөтүңүзгө тигиле карап сүрөтүңүз менен сырдаша берем. Сиз мага кеңеш берчүдөй сезиле бересиз. Сизди терең урматтап Нурсулуу.
ОП-80-005. Менин саламым Астанада "КР Артёмдо" иштеген Азамат деген татынакай жигитке жолдонот. Азамат, кыргызымдын сендей акылдуу, токтоо жана сулуу жигиттери көбөйсүн, а сен болсо ар дайым үлгүлүү жигит болуп жүрө беришиңе тилектешмин. Сага ден соолук жана бакыт каалайм. Бактылуу бол, бар бол. 870267458ХХ.
ОП-80-006. Бүткүл дүйнөдөгү кыргыздарга чо-оң салам жолдойм. Бар болгула, бай болгула, тынч болгула. Атыраудан Азиз.
ОП-80-007. Каракулжа районундагы Беймырза айылына жана балам Жарасулга салам. Казакстандан апаң Жанара , Мээрим.
ОП-80-008. Жалпы кыргыз калкымды Алла Тааламдын эң улук айларынын бири Рамаза айы менен куттуктайм. Беш парздын бири болгон орозону кармайлы. Күнөөлөрүбүз аз да болсо жеңилдейт. Баарыңыздардын кармаган орозоңуздар, окуган намазыңыздар кабыл болсун. Элибизде тынччылык, токчулук, молчулук болуп, элибизде ыймандуулар көбөйө берсин. +770235275ХХ.
ОП-80-009. Булбулдай жанган үнү менен эл жүзүнө жылмаюу тартуулаган,ырлары жан дүйнөнү эргиткен, таланты элди таң калтырган урматтуу Мирбек байке, сизге кааларым узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт. Сизди Теңирим колдоп, дайыма биринчилерден болуңуз.
ОП-80-010. Мирбек байке, саламатсызбы. Өтүп кеткен туулган күнүңүз менен куттуктайм. Сизге кааларым чың ден соолук, иштериңизге ийгилик каалайм. Күндөн-күнгө жаңырып, өркүндөй бериңиз. Ошко качан келесиз? Жылдыз.
ОП-80-011. Ыймандуу кыздар-балдарга чоң салам. Сиздерге көбүрөөк ыйман каалайм. Намаз окуган балдар-кыздар менен таанышам. Айзирек.
ОП-80-012. Бал ширин түгөйлөр Урмат менен Неляга салам жолдойм. Уулуңар Нурел чоңоюп жатабы? Силерди чексиз урматтап Майрам.
ОП-80-013. Леди Гуличка, Алматыда болсоң менин местама кел, паспортумду көрсөтөм, казак экениме ошондо ишенсең керек. Мен "Болашактын" 8-катарында, 46-контейнеринде отурам. Күтөм. Казак кызы Амангүл.
ОП-80-014. Менин саламым манасчы Рысбай байкеге жолдонот. Мен манас айтканга кызыгам. 0550985993 номерине чалыңызчы. Мирлан.
ОП-80-015. Мирбек, я без тебя как душа без тела, как Бишкек без битела, как фотка без снимка, как сотка без симка, во мне кипит кровь, прими мою любовь. От Наргизы.
ОП-80-016. Шерка, капа болбоң, сизди сүйбөйм. Сизге акам катары жакшы мамиле кылып, сыйлайм. Мен үчүн өзүңүздү кыйнабаң. Бактылуу болуң. +770162563ХХ.
ОП-80-017. "Обон" гезитинин супер смсчилери Айзирек, Бактыгүл92, Ангел Асем, Жанусь Роза, Билал козу, Фея, Айдемиге салам жолдойм.
ОП-80-018. Жараткандын жагымдуу пендеси, элимдин сыймыктуу эркеси Мирбек, сага кааларым чың ден соолук, бактылуу жашоо, чыгармачылык жолуңа албан-албан ийгилик жана алмашкыс асылыңа жолугушуңа чын жүрөктөн тилектешмин. Урматым менен Алтынай.
ОП-80-019. Сүйүктүү досум Зина, сени 6-сентябрь туулган күнүң менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сага узун өмүр, бекем ден соолук, ачык асман каалайм. Урматым менен Амангүл.
ОП-80-020. Жеңиш Айтиев, көп башымды оорутпачы, тартылбай эле койдум ошол клибиңизге. "Мени Айтурган сүйөт" деп сүйүнүп алыпсыз да. Убагында адашып сүйгөм, азыр сүйбөйм. Айжамал жеңем сизге кантип чыдап жүрөт экен? Эгер мен аялыңыз болгондо давно кетип калмакмын. Оштон Айтурган.
ОП-80-021. Атама, апам Гүлназга, сиңдим Жасминге, иним Капитанга жана мени тааныгандарга салам. Кызыл-Сарай айылынан Алина Наспидинова.
ОП-80-022. Маска Зора, мага байланышпайсыңбы?! Амангүл.
ОП-80-023. Салам Рустам байке, Орозо Айт майрамыңыз менен!
ОП-80-024. Мэри Шакулина эже, Ошко качан келесиз? Мени унутуп койгон окшойсуз, ээ? Экөөбүз качан жолугабыз? Эдил аке, KG Эльмурат үчөөңүздөр келип конок болуп кетиңиздер. Оштон Айтурган.
ОП-80-025. Авазчик, мен сизди сүйөм. 07781056ХХ.
ОП-80-026. Музафар, сени сүйөм. Элесиң көз алдыман кетпей койду. Мени кечирип койчу. 07702164ХХ.
ОП-80-027. Өзгөн шаарындагы Курманжан Датка мектебинин быйылкы 10-класстарына чоң салам. Жайна.
ОП-80-028. Урматтуу кыргыз эли, силерди Рамазан, 31-август майрамдарыңар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ишиңерге ийгилик. Казак кызы Амангүл.
ОП-80-029. Урматтуу бир боор кыргызым, түндүк-түштүк деп бөлүнүп-жарылып бир күнү ай талаада калбайлы. Күч биримдикте, ырыс ынтымакта. Бардык кыргыз мусулман бир туугандарыма бекем ыйман тилейм. Эсиңерге келгиле. Кыргыз деп күйгөн чыныгы патриотка кыз Ангел Асем.
ОП-80-030. Токмоктун Он бир жылга айылындагы Чарыкбаеваларды ким тааныйт? 07772602ХХ.
ОП-80-031. Досум Тургунай, сиңдим Каныкей, иним Алик, август айындагы туулган күнүңөр менен куттуктайм. Ден соолукта бактылуу өмүр сүргүлө. Алматыдан Гүлнара.
ОП-80-032. Алыс болуп арабыз,/ Ырбады жүрөк жарабыз./ Айтылып сырлар, санаалар,/ Сүйүүгө качан канабыз? Унутту деп ойлобо,/ Узак болсо арабыз./ Эки жүрөк бир соксо,/ Ага да арга табабыз. Элка.
ОП-80-033. Өтүп барат өмүрүмдүн жашылы,/ Өрттөп барат махабаттын жалыны./ Өзгөчө жаштыгыма көрк берген,/ Сен экенсиң жүрөгүмдүн асылы. Элка.
ОП-80-034. Каракулжа районунун 1992-жылкы балдар-кыздарына салам. Ах, чиркин, бул күндөрүм алыс калды,/ Классташ, курбу-достор алыстады./ Бир жүрүп, бир уядан учуп кеттик,/ Биз элек алтын куштун балапаны. Элка.
ОП-80-035. Антип айтпа, Нурик. Сен кайдан билесиң кыямат болоорун? Аны бир гана Алла Таала билет. Туура, ар бир инсан намаз окуш керек. Мээрим94.
ОП-80-036. Айгүл, сенин "Сагындым, ай" деген ырың жүрөгүм аркылуу өтөт. Жашым 33кө чыгып, 5 балалуу болсом да ырыңды уксам жашарып кетем. Ушул ыр мен үчүн жазылгандай. Баатыр эне Алтын эне.
ОП-80-037. Урматтуу Фея, сенин смстериң абдан жакты. Бар бол. Амангүл.
ОП-80-038. Мен ыйласам көңүлүмдү көтөрүп, күлсөм кошо күлүп кубанычымды тең бөлүшкөн асыл кымбат досторум Акпейил, Суусар, Айтбүбү, Каныкей, Буажар, Айжамал, Айлира, Насиба, Мыктыбек, Мурат, Абдабакы, Аскат, Актилекке сагынычтуу салам жолдойм. Берекелерим, алтын башыңар аман болсун. Эч качан оорубагыла. Буюрса, быйыл мектептин атын алыска чыгарган 11-класс болобуз, ээ? Баарыңарды сагындым. Ангел Асем.
ОП-80-039. Мадомогатка салам. Соодаң болсун, жаным! Качан мага эркелейсиң? Аза.
ОП-80-040. Салам Кербен Куба, Таир, Мухит, Бакай, Канжар, Нурмухамед, Эркин КБШ, Эх Мамбо, Билал козу, ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпесин. Силерден сураныч, "Обондон" алыстабагылачы?! Жанусь Роза.
ОП-80-041. Менин саламым Өзгөн шаарындагы Калинин айылындагы классташтарым Кулина, Айнуш, Кутубек, Айбарчын, Куштар, Айдын, Чубак, Мээрим, Айганыш, Манагүл, Залкар, Нишо, Кенен, силерге жолдонот. Зарина.
ОП-80-042. Айгүл эже, ушунуңуздан жазбаңыз.Сизди сыйлайм, урматтайм. Сиз "фотогеничная ледисиз". Бар болуңуз. Тина.
ОП-80-043. Оштук карындашым Айтурган, артисттерде сүйүү деген нерсе болбойт. Мага окшогон поклонниктериң көп, анан артисттер менен сүйлөшөсүң. А так, мен сени сүйөм. Ырчылар сени бактылуу кыла албайт, карындашым. Шумкар.
ОП-80-044. Салам акежон Жора, мен сизге бакыт каалайм. Бактылуу болуң. Нуриза.
ОП-80-045. ОП-79-058деги Эльвир, Эмирди сүйөм дечү элең го? Авазбек.
ОП-80-046. Мирбек байке, менин сизге деген белегим бар эле, кантип берсем болот? Сизди урматтаган жана чексиз сүйгөн күйөрманыңыз Курманжан.
ОП-80-047. Бөрү баласы ит болбойт. Дурус, тынч жашайлы. Атыраудан Азиз.
ОП-80-048. "Обондун" супер смсчилерине Күндөй ысык салам. Атыраудан Азиз.
ОП-80-049. Мирбек Иманбеков, сиз менен Свердловск шаарында таанышпадым беле?! Тина.
ОП-80-050. Каракулжа районунун Көкарт айылындагыларга салам. Сара.
ОП-80-051. Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунда катуу иштеп жаткан атама, апама, инилерим Ташболот, Калыбек, сиңдим Айтурганга сагынычтуу салам. +796362527ХХ.
ОП-80-052. Казакстанда адеми кыздар көп, бирок, кыргыз кыздарына эч ким жетпейт. Кыргыз кыздар, алга! Атыраудан Дурус, Азиз.
ОП-80-053. Москвада иштеген шералылык Гүланда эжеге салам. Тилегиңизге жетиңиз. Намазыңызды калтырбай окуңуз. Самара93.
ОП-80-054. Казакстандын Атырау калаасындагы "Дина" соода борборуна үлкен салам. Соодаңар жүрө берсин. Кыргыз жигит Азиз.
ОП-80-055. Сүйүктүү ырчыларым Ильяз Абдыразаков, Омар, Мирбек Атабеков, сиздерге ийгилик каалайм. Булбулдай үнүңүздөр өчпөсүн. Москвадан Самара.
ОП-80-056. Менин сүйүктүү, ширин, асал сиңдилерим "Обон" гезитинин супер-пупер смсчилери Айзирешка, Бактыгүл92, Ангел Асем, Жанусь Розага чоң салам. Силерди аябай жакшы көрөм. Мах-мах! Амангүл.
ОП-80-057. Леди Гуличка, чынын айтсам, сага күлкүм келет, кечирип кой. Мени кыргызсың дейсиң, далилдеп бере аласыңбы? Кыргыз болсом кыргызмын деп эле жазам да, туурабы? Тамырымда казактын каны акса кыргызмын дейинби? Паспортумду көрсөтөйүнбү? Унутпа, казак-кыргыз бир тууган! Мени менен байланыш. Казак кызы Амангүл.
ОП-80-058. Салам Конжык! Кел достошобуз, албетте. Менин номерим +77016256321. Казак кызы Амангүл.
ОП-80-059. Урматтуу менин эң сүйүктүү сиңдим Айзирек, сага чо-оң рахмат. Сен гана мени дурус түшүнөсүң. Сага ден соолук каалайм. Амангүл.
ОП-80-060. Айгүл эже, Рамазан айы сизге бактылуулукту тартууласын. Тина.
ОП-80-061. Мирбек, сен аябай таланттуу баласың. Сени көрүп суктанам. Алланын сүйгөн пендеси болуп жүрө бер. Мирбек, жашоонун кызыгы эмнеде? Атасы жок эркек балага кантип туура тарбия бериш керек? Аида.
ОП-80-062. Ассалом алейкум Таир, сен ооруба, менин кошунам оорусун. Сага чың ден соолук каалайм. Гуля88.
ОП-80-063. "Обондун" мыкты смсчилери Мухит, Таир, Ислан93, Э.Дима, Нурмухамед, Замир, Билал козу, Фея, Бактыгүл92, Бегимай92, Ангел Асем, Акпейил, Жака Жазгүл, Жанусь Роза, Макуся, Айгөлөк, Делвира, Абда, Гүлшан, Барби, Ханшай, Маска Зора, Замана, Амангүл, Айдана Анту, Дина, Леди Гуличка, Табигат сырдуу Алтынай, Айша, Гуля88, Нур Айжан, Арзуу90, Айка93, Нуриза, Аска, Катя, Айдем Мери, Эх Мамбо, Назгүл Насиеваны чын жүрөктөн сыйлаган ыймандуу кыз Меку, Татына, сиздер бар, "Обон" керемет! Жүрөккө жакын сөздөрүңүздөрдү жазып жүрө бериңиздер. Ылайым өмүрүңүздөр узак-узак болсун. Сүйгөнүңүздөр менен бактылуу болуңуздар. Калемиңиздер курчуй берсин. Сиздерди терең урматтап Айзирек.
ОП-80-064. Бишкек шаарында жашап жаткан досум Айгеримге, Мадина эжеге супер салам. Нурик, мен сени унутпайм. Сенин көз карашың түбөлүк менин эсимде калат. Өзгөндөн Нуриза.
ОП-80-065. Бешик бооңор бек болсун, Урмат, Неля! Уулуңардын ден соолугу чың, өмүрү узун болсун. Силерди төрөлүп кубантса, кичине чоңойгондон кийин балдай ширин балдыр тили жана элжиреткен кылык-жоруктары менен кубанта берсин. Таттуу сүйүү, тунук махабаттан куралган чебиңер түбөлүктүү жана бекем болсун! Силерди өз эже-агамдай көрүп, сыйлайм. Гуля88.
ОП-80-066. Өзгөндүк Мээримге: Сени сүйгөн күнөө менде,/ Кыйнадың сен мени неге./ Сага жетпей калсам эгер,/ Жаным, жаным, баары бекер. Мени кыйнабачы?! Сени издей берип метродон метро калбады. Эгерде окусаң мага маяк таштап койчу, жаным! Адилет.
ОП-80-067. Керемет Жумгал жерде экен,/ Калдая түшөм сен десем./ Маселен бизде мындай деп,/ Мактана берсем эмне экен. Жумгалдыктарга салам. Жумгалдык кыз Мунара.
ОП-80-068. Бул дүйнөдө алдан тайдым деп ойлобо, бардыгы алдыда,/ Сен көздөгөн турмуш турат жаныңда./ Сен ыйлаба, баары болот жашоодо,/ Кайгы, арман, өкүнүч жана башка. Тим@.
ОП-80-069. Жумгал районундагы Көк-Ой айылында жашаган атам Бекмамбетти, апам Жамалканды, сиңдим Самараны Орозо айы менен куттуктайм. Ден соолугуңуздар чың болсун. Силерди жакшы көргөн кызыңар Мунара-Муся.
ОП-80-070. Чопа, менин сага болгон сүйүүмө сөз жетпейт. Ангелиң Кона.
ОП-80-071. Смсчилер, мен силер менен. Жаңы смсчи Тина.
ОП-80-072. Малика Дина, "Орифлеймде" иштегениң чынбы? Тина.
ОП-80-073. Айгүл Чаловага Тинадан таттуу салам. Тина.
ОП-80-074. Базар-Коргон районунун 1-Май айылынын тургуну сүйүктүүм Аидага чоң салам жолдойм. Сени сүйөм деп токтогулдук Мирлан.
ОП-80-075. Ыймандуу, акыл-эстүү бололу, достор! Кыргызстандын келечеги бизбиз! Тина.
ОП-80-076. Токтогул районунун тургуну атам Дайрабаев Бакыт, апам Элмира, иним Нурланга чың ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Бишкектен Мирлан.
ОП-80-077. Бардык смсчи досторума жалындуу чоктой салам. Мен баарыңарды сүйөм. Меришка.
ОП-80-078. Сени жек көрдүм, бирок, кечирдим. Анткени тунук сүйүүмдү бааладым. Жайна.
ОП-80-079. Канат Култаевге жана балдары Мирбек Атабеков, Даниэль, Алихан, ошондой эле Стар Денс бий тобуна салам жолдойм. Меришка.
ОП-80-080. Стар Денс бий тобунун жетекчиси Аселге салам жолдойм. Асел эже, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Меришка.
ОП-80-081. Нурчик, Чика, бактылуу болгула. Тина.
ОП-80-082. Кымбат, Сымбат, окууларыңарга ийгилик. Тина.
ОП-80-083. Роза Токтогуловага Рамазан айы бакыт алып келсин! 07773101ХХ.
ОП-80-084. ОП-79-121 абоненти Нуриз, эмне, өзүңдүн сөзүң түгөнүп калдыбы? Мен Ильяз Абдыразаковго жазган ыр саптарды өздүк кылып алып Мирбек Атабековго жазганың эмнеси? Бирөөнүн сөзүн уурдагандан уялбайсыңбы? Ошондой эле сөзгө кедей болуп жатсаң, мага айт, сөз менен адептүүлүктү үйрөтөм. Гуля88.
ОП-80-085. "Болашактын" 0-катарында иштеп жаткан иним Эрмекке, акаларим Жеңиш, Жыргалга, эжем Барчынга жана жеңелериме, жездеме салам жолдойм.
ОП-80-086. Амангүл, Сенин канча жүрөгүң бар? Ар кимди эле сүйөм дейсиң! Леди Гуличка.
ОП-80-087. Менин сагынычтуу саламым досторум Нурзат90, Жанусь Роза, Кербен Куба, Минура, Мирбек, Нурик, Ильгизге жолдонот. Баарыңарга таттуу сүйүү, татыктуу жашоо каалайм. Досяңар Гуля88.
ОП-80-088. Саламым "Обон" гезитин барактап окуп отурган ар бир инсанга жолдонот. Кай жакта жүрбөгүлө, жүрөгүңөр мекеним, жерим деп соксун. Жалган сүйүүнүн отуна эч качан күйбөгүлө. Сүйүүңөрдүн баркына жете албагандарды сүйрөлүп сүйбөгүлө. Бул жалганга бир келген соң татыктуу өмүр сүргүлө. Кеч болуп өкүнүп калгыча ыйман, кадыр-баркыңар менен жүргүлө. Гуля88.
ОП-80-089. Куршабдык Мирбек ака, сиз мага жагасыз. С…
ОП-80-090. Мен Куршабка салам жолдойм. Ал эң кооз айыл. Самара.
ОП-80-091. "Обондун" супер смсчиси Билал козу, сен мага жактың. Канча смсиңди окудум, баары маанилүү. ОП-73-022 абоненти, намаз окуган адамды мазактап не кереги бар? Меридина.
ОП-80-091. Куршабдын Бектемиров атындагы орто мектебинин быйылкы 11лерине чоң салам. Самара.
ОП-80-092. Менин жандай көргөн алтын досторум, кеттикпи? Досуңар Гүлзира.
ОП-80-093. Гүлгө оронгон сенин элесиң,/ Күндө тартам Күндүн желесин./ Айтчы жаным мени кыйнабай,/ Сагындырбай качан келесиң? Амангүл.
ОП-80-094. Сырдуу жигит, гүлүңүз үчүн рахмат. Ушунча көп белек татууладыңыз! Дагы бир жолу белек катары мага көрүнүп коюңузчу?! Куршабдык Самара.
ОП-80-095. Мирбек Атабеков, сиз эң жарык жылдызсыз! Фанаткаңыз Самара.
ОП-80-096. Мамам Марияш, папам Алик, иним Батырга чо-оң салам. Силерди аябай жакшы көрөм. Менин бактыма бар болгула. Амангүл.
ОП-80-097. Урматтуу Айбек, Айнагүл, силерди жакшы көрөм. Айбек, сени досум деп сыйлайм. Сен капа болбо. Тамашаны да түшүнбөйсүң. Бар болгула, бактылуу болгула. Амангүл.
ОП-80-098. Менин кичинекей мамалак Бачоля деген иниме салам. Аксана92.
ОП-80-099. Достор, окурмандар жана супер смсчилер, сиздерди 0770269767 номеринен чыдамсыздык менен күтөм. Келгиле, дос болобуз. Урматым менен Тим@.
ОП-80-100. "Обондун" өткөн санындагы Леди Гуличка, сен супер ушакчы болгонсуң го. Ушак айткан акыретте жазаланат. Билал козу.
ОП-80-101. Менин саламым ата-энеме жолдонот. Мен силерди абдан сыйлайм. Кызыңар Нуркыз.
ОП-80-102. Байкем Турарга кааларым чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана бул дүйнөдөгү бардык жакшылыктар. Тим@.
ОП-80-103. Саламым ардактуу, кымбаттуу апакем Розага арналат. Тина.
ОП-80-104. Нурбек, Чынара, бар болгула, бай болгула. Тина.
ОП-80-105. "Обон"гезитинин супер смсчилерине жана окурмандарына ошондой эле Ангел Асемге өзгөчө салам жолдойм. Тим@.
ОП-80-106. Кыргызстан кооз жай, ээ? Таза абасы, бийик-бийик аска зоолору, шаркырап аккан суусу… Эх, чиркин, эмнесин айтасың, ушундай кооз жерди кимдин эле таштап кеткиси келсин? Көр оокаттын айынан бала-чакачын багуу үчүн кетип жатышпайбы?! Чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибизге узак өмүр, иштерине ийгилик каалайм. Эч качан оорубаңыздар. Айзирек.
ОП-80-107. Менин ырчы болгум келет. Мага ким жардам берет? Тина.
ОП-80-108. Менин орусума чоң салам. Сени сагындым. Эрке кыз.
ОП-80-109. Ильдар, жаным, мен сени абдан сүйөм. Нуркыз.
ОП-80-110. Чалова Айгүл эжеге: Каалаймын тунук сүйүү махабатты,/ Каалаймын бакты-таалай амандыкты./ Каалаймын атак-даңкты аруулукту,/ Жана да каалаймын ден соолукту. Ар дайым бар болуңуз, бай болуңуз демекчимин. Жайна.
ОП-80-111. Таланттуу ырчы Ильяз Абдыразаков, Сиздин "Сагынамын сени" деген ырыңыздын клибиндеги кызды кайдан тапкансыз? Ошол кыз мага абдан жагат. Ырыңызды уккан сайын ошол кызды эстейсизби? Аты ким? Канчанчы жылкы? 07773094ХХ.
ОП-80-112. Өзүн зордоп кыйналып жатып орозо тутканы менен Алланын берген ырыскыларына шүгүр кылбаган адамдын сообунан орозосуз болсо дагы күндөлүк жеген тамагына шүгүр кылып жүрө турган адамдын сообу улук болот. Алланын сүйүктүү пенделери кармаган орозоңор кабыл болсун. Ангел Асем.
ОП-80-113. Өзгөн шаарында Кыргызтелекомдо иштеген Карамат эжеге жана Нурипа эжеге салам жолдойм.
ОП-80-114. "Голубой Ысык-Көлдө" эс алып жаткан Махабат, Башка номер берип алдап кеттиң го. Кабарлашчы, кино-диского бирге барып эс алып туралы. Нурлан.
ОП-80-115. Оо бир боор кыргыз туугандар, кыргызбыз, мусулманбыз, ушуга шүгүрчүлүк келтирели. Түндүк-түштүк деп бөлүнүү кандай гана уят нерсе? Кыргызым, ойлонолу, биримдиктүү бололу. Кыргыз деп күйгөн чыныгы патриотка кыз Ангел Асем.
ОП-80-116. Айгүл эже, мынча сулуусуз? Дос болоюн десем менден улуусуз. Тина.
ОП-80-117. Мени сүй, бирок, үстөмдүк кылбастан. Тагдырыңды мага кош, бирок, жашоомду толук бийлеп алам дебе. Сүйүүмдү талап кыл, бирок, күч колдонбо. Мына ушундай сүйүүнү гана мен чын сүйүү деп айтам! Леди Гуличка.
ОП-80-118. Ош облусунун Савай айылына караштуу Кызыл-Кыргызстан мектебинин быйылкы 11-а классына салам жолдойм. Окууларыңарга ийгилик каалайм. Пери92.
ОП-80-119. Мирбек Иманбеков супер! Тина.
ОП-80-120. Саламатсыңбы супер смсчи Нурмухамед, Мен сени менен жакындан таанышкым келип жатат. Мага телефон чал, чыдамсыздык менен күтөм. 0777309441.
ОП-80-121. Жакшы менен жамандын айырмасы дал эле уй менен жыландын айырмасындай. Биринчиси чөптү сүткө айландырат, экинчиси болсо ошол эле чөптү ууга айландырат. Ангел Асем.
ОП-80-122. Урматтуу Жана кымбаттуу менин кыргыз элим, өз тилибизди сактайлы, өз тилибизди барктайлы. Гүлзина.
ОП-80-123. Ушакчы смсчилер, андан көрө "Ушакчылар" деген гезит ачып албайсыңарбы? Мурда бири-бирибизге жылуу сөздөрдү анрачубуз, азыр болсо ушактан башка сөз жок. Билал козу.
ОП-80-124. Леди Гуличка, адамдын дини таза болсо, дили таза болот. Садыралиев алдап кеткен го? Абайлабайсыңбы?! Анны эркек дейт. Билал козу.
ОП-80-125. "Жүрөк тагы" деп деп сыздаган сүйүктүү ырчым Бактыгүл Бадыевага айдай жарык салам. Айназик.
ОП-80-126. Мени таланттуу, мыкты төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгы, жашоосу кызыктырат. Элмир байке, кадыр-баркын билбеген экс-жубайы Гүлбүбү менен элдешкенби? Бегайым.
ОП-80-127. Пайгамбарыбыз айткан: "Орозо кармаган адамдын уйкусу ибадат болот". Ар бирибиздин орозобузду кабыл кылсын. Каныкей93.
ОП-80-128. Ангел Асем, Фея, Жанусь Роза, Жана смсчилер, силерге чоң салам. Айдем Мери.
ОП-80-129. Акылдуу, түшүнүктүү, мактанчаак эмес, бою узун, жашы 17ден жогору кыздар менен курдаш болу максатында таанышам. Каалоочулар 87029551361 номерине байланышкыла. Урматым менен Астанадан Фарида.
ОП-80-130. Айпери, мен сени сүйөм. +770242223ХХ.
ОП-80-131. Айгүл Чалова, жылдызың ар убак жана берсин. Эч качан өчпөсүн. Каныкейка.
ОП-80-132. Бүгүн күн күндөгүдөн башкача,/ Салкын согуп шамал ойнойт балача./ Жашыл түс сонун тартып баратат,/ Сары болуп бүтүн турган айлана. Шумкар.
ОП-80-133. Ноокат районунун Борко айылына салам жолдойм. Атыраудан Марлен.
ОП-80-134. Бул саптар Курсантка арналат: Ойлон жаным, Жан ойлоого жаралган,/ Сени ойлоо канн-жаныма тараган./ Ойлобойт деп ойлобогун Жан эркем,/ Бул дүйнөгө сени ойлоо үчүн жаралгам. 07772062ХХ.
ОП-80-135. ОП-79-032, чын сүйүү бар экенине ишенем, бирок, ал өтө сейрек кездешет. Ал эми бир көрүп сүйүп калу мүмкүн эмес. Жактыруу болот. Абда.
ОП-80-136. Куршабдык Бакулянын тааныштары, окуп калсаңар Бакуляга айтып койгулачы, суранам. +77025808098 номерине байланышсынчы. Байланыш үзүлүп, таба албай жатам. Досум кайда болду экен, Аман болду бекен? Алматыдан курбусу Гуля.
ОП-80-137. Урматтуу "Обондун" айрым смсчилери, силерге таң калам, эмнеге алматылык Амангүлдүн кыргызча сүйлөгөнүн көрө албай жамандайсыңар? Аны жакындан билбеген соң жөн жүргүлө. 05528892ХХ.
ОП-80-138. Урматтуу момун мусулмандар! Кирип келген ыйык Рамазан айыңыздар менен куттуктайм. Жүрөктүн калканы - бул орозо. Орозоңор кабыл болсун. Гуля88.
ОП-80-139. Мен Даниэлди абдан жакшы көрөм. Басам-турсам оюмдан эч кепейт. Уктасам түшүмдө да көрөм. Даниэль, сиздин ырларыңызды да, өзүңүздү да абдан жакшы көрөм. Мен мынчалык эч кимди жакшы көргөн эмес элем, сиз менин биринчи махабатымсыз. Иштериңизге ийгилик, өзүңүзгө ден соолук каалайм. Күйөрман кызыңыз Алина.
ОП-80-140. 8-катарда иштеген курбум Элиза, көп ойлонбо, баары жакшы болот. Негедир алыстап кеттик. Неге, түшүнбөйм. Же сен өзгөрдүңбү? Леди Гуличка.
ОП-80-141. Айгерим Расул кызы, сени менен сырдашкым келет. Жалалабаттан Аселя.
ОП-80-142. Сүйүү күчтүү башкарууга багынбас,/ Сүйүп калсаң азабынан арылбас./ Жүзгө чыгып андан ашып кетсе да,/ Сүйгөнүңдү унут десе унутпас. Гүлзана.
ОП-80-143. Гуля88ге: Смсиң сезимимди сапырды,/ Сары соткам сөздөрүңдү сагынды./ Сандан-санга саргаямын садагам,/ Сагынамын сексен сегиз саныңды./ Сулууланбайтсайдагы суу сенчелеп,/ Сүйүү сымал сыйкырданчы себееп./ Сарсанаага салган сары соткама,/ Сыйлыгыңды салагой сен секелек. Таир.
ОП-80-144. Кумирим Мирбек Атабековго Новосибирстен чоң салам. Асел.
ОП-80-145. Урматтуу кыргыз элим, ыйык орозо айт майрамыңыздар менен! Аллах сиздерди ар тараптан колдосун. Орозо туткан ар бир пенденин күнөөлөрүн Аллах өзү кечирсин! Айзирек.
ОП-80-146. Алматыдагы "Арал" базарынын 2-катарында отурган Төлөш, Автандил, Боря, Жаныбек, Дениске салам. Сырдуу байкеңер С…н.
ОП-80-147. "МанасFM"дин мукам үндүү ди-джейи Акматов Айбекке жалындуу ысык салам. Сенсиз "МанасFM"дин көркү ачылбайт. Ийгилик сага! Гани.
ОП-80-148. Алтын фонар болсо да,/ Май болбосо күйөбү?/ Жүрөккө туура келбесе,/ Бирөөнү бирөө сүйөбү? Гүлзана.
ОП-80-149. Айгүл Чалова, сизге кааларым чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, асмандай ачык, суудай тунук, тоодой бийик бакыт. Үнүңүз булбулдай таңшый берсин.
ОП-80-150. Менин саламым бардык мусулман кыргыздарга, ошондой эле алтындан да кымбат ата-энеме, Бишкекте турган бир туугандарыма жана Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу айылындагы чоң атам Алимжанга, чоң энем Токтобүбүгө, таенем Жумагүлгө жана бардык тууган-уруктарыма жолдонот. Мен сиздерди жакшы көрөм. +770260261ХХ.
ОП-80-151. Салам достор, мурунку номеримди жоготуп койдум. 0770565192 жаңы номерим. Силерди абдан сагындым. Фея.
ОП-80-152. Айсулуу жеңе, Кубат байкем менен бактылуу болуп, түбөлүк бирге өмүр сүрүңүз. Нуриза.
ОП-80-153. Сулуу экен жамалың,/ Эсимден кетпейт карааның./ Жылмайып жүргүн ар дайым,/ Бар болгун, Айгүл Чалова ардагым. Каныкейка.
ОП-80-154. Жакында Мухит кризистен чыгат,/ Смсчилердин тынчын алат./ Күнү-түнү ырдап берип,/ Жүрөгүнөн орун алат./ Эгер ыры жакпай калса,/ Макал айтып сөзгө жыгат. Мухит.
ОП-80-155. Базар-Коргондук 86-жылкы жаным Тынчтык, сизди сагынып кеттим. Баткенден тезирээк келиңизчи. Өткөндө дагы Алайга ала качып кетишти. Ал жерде отурбай койдум. Сизди сүйүп туруп башка бирөөгө жар боло албайм. Азыр Оштомун, мага телефон чал, жаным. Диана.
ОП-80-156. Дин, ыйман жөнүндө жазган кыздар-балдар, баарыңар ушул түз жолдон адашпай, башкалардын да динге келишине себепкер болуп жүрө бергиле. Бирок гезит кокусунан жаман жерге түшүп калса эмне болот деп сөздөрдү ойлонуп, этияттануу менен жазсаңар, сураныч. Сиздерге ыйман, толук дин каалап Өзгөндөн Умар.
ОП-80-157. Алматыда "Алатоо" базарында иштеген Атай, сайгактабай ордуңда отур. +777701924ХХ.
ОП-80-158. Рустам байке, Орозо айт майрамыңыз менен! Орозо кармадыңызбы? 07773094ХХ.
ОП-80-159. Менин сүйүктүү ырчым Айгүл Чалова, сизди концерттен гана көрбөй, жакындан таанышкым келет. Мени чакырыңызчы?! Токтогулдук Мирлан.
ОП-80-160. Токтогул районундагы Ничке-Суу айылынын Шабданов мектебин 2008-жылы бүткөн досторума салам. Токтогулдук Мирлан.
ОП-80-161. Базар-Коргон районунун 1- Май айылынын тургуну Аидага чоң салам. Аида, мен сени сүйөм. Токтогулдук Мирлан.
ОП-80-162. ОшТУнун 1-курсунун студенттерине чоң салам. Осмонова А.
ОП-80-163. Урмат байке, Неля жеңе, уулуңар Нурел кыргыздын керегине жарасын Супер Жанка.
ОП-80-164. Өзгөн районуна караштуу Чымбай айылынын тургуну сүйүктүү апама, күйүмдүү агама, жеңеме, абжеме, Баяманга, Марленге Жана туугандарыма ысык салам жолдойм. Анжеро-Судженсктен Анара.
ОП-80-165. Айгүл Чаловага: Адамзат бир жаралат, кайра келбейт,/ Табият сунган соң кайра бербейт./ Ойносоң ойноп алгын убагында,/ Бул күндөр өтүп кетет, кайра келбейт. Адыл.
ОП-80-166. Москва шаарында иштеп жаткан туугандарга тандырдан жаңы үзүлгөн ыпысык салам. Иштериңерге албан-албан ийгилик жана эч качан бирөөнүн элинде оорубагыла. Бема.
ОП-80-167. Достор, кандайсыңар? Жайкы эс алуу аяктап, эми окууга даярдыктар башталдыбы? Кытайга окууга бара жаткан Манас, жолуң шыдыр болсун! Бема.
ОП-80-168. Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылыма сагынычтуу салам. Буюрса, жакында барам. Наргиза84.
ОП-80-169. Алматынын 3-Айнабулагында окуган 92-жылкы Айпери, мен сени өмүр бою сүйөм. Кыргыз бала.
ОП-80-170. Салам Э.Дима, сени менен таанышсам болобу? +770295647ХХ.
ОП-80-171. Орозо кармаган мусулмандар, орозоңор кабыл болсун! Алматыда иштеген кыргыздар, тынч болгула. Казактарга уят болбой, бири-бириңерди азыраак ушактагыла. Сырдуу кыз.
ОП-80-172. Азамат, сени жакшы көрөм, жаным! Сагынды эрке кызың! Мадина.
ОП-80-173. Урматтуу Транспорт-коммуникация министри Нурлан Сулайманов, сиз Алай районундагы Жошолу-Гүлчө жолдорун оңдогонго милдеттүүсүз. Ушул убакка чейин бул жолдор оңдоло элек. Алай районунан жазган Жусупбек Абдыкайымов.
ОП-80-174. Астанада "Артёмдо" иштеп жаткан Гүлзина, менин Том и Джерримди качан бересиң? Эртерээк берчи, жаман көргүм келип жатат. Э.Дима.
ОП-80-175. "Болашактын" 7-катарындагы Мелис, орозодо коюусуна барбай тур эми. +770232918ХХ.
ОП-80-176. Э.Дима, эмнеге мени мынча катуу сүйөсүң? Астанадан Гүлзина.
ОП-80-177. ОП-79-024 Аяна, аш менен урганды таш менен ур. Абда.
ОП-80-178. ОП-79059, бир кумалак бир карын майды чиритет. Абда.
ОП-80-179. Урматтуу "Обондун" жалпы жамааты жана момун мусулмандар, кирип келген ыйык Рамазан айыңыздар кут болсун. Ар бир пенденин туткан орозосун жана тилеген тилегин Аллах кабыл кылсын. Урматым менен Абда.
ОП-80-180. Чындап сүйсө, бири-бирин алдабаса,/ Таштап кетсе көз жаш төгүп ыйлабаса,/ Эки жаш эч убакта айрылбасын,/ Жараткан бул азапты башка салбасын. Гүлзина.
ОП-80-181. Мен токмоктук бою узун, супсулуу кыздар менен таанышам. Номерим 0551250085. Р…
ОП-80-182. Ак сүйлөп, адалдыкка умтулган,/ улуу-кичүү баарын бирдей сыйлаган./ Эң эле сүйкүмдүү, жароокер жан,/ Бегимай92ге жалындуу саламымды айтам. Бактыгүл92.
ОП-80-183. Айгүл Чалова эже, сизге кааларым чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, сүйгөнүңүз менен бактылуу болуңуз. 05506823ХХ.
ОП-80-184. Апа, ата, мен сиздерди абдан жакшы көрөм. Көп жашаңыздар. Асел.
ОП-80-185. Алай районун Корул айылында жашаган атам Калык, апам Аят, орозоңуздар кабыл болсун. Алматыдан уулуңар Султан.
ОП-80-186. Салам кыргыз элим! Жалпы мусулмандарды орозо айт майрамы менен куттуктайм. Орозоңор кабыл болсун! Кызбурак.
ОП-80-187. Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында жашаган сүйгөнүм Бекназарга чоң салам. Сени сагындым, шаарга тез кайтчы?! Наргиза.
ОП-80-188. Ыймандуу жигиттер менен таанышам. Номерим 0555425841. Айнура.
ОП-80-189. Мен Айгерим Расул кызы менен сүйлөшкүм келет. 05518881ХХ.
ОП-80-190. Курсант, сүйөм сени сүйгөндүгүм сүттөн ак,/ Сени сүйгөн тагдырыма ыракмат. 07772062ХХ.
ОП-80-191. Саламым манасчы Рысбай байкеге жолдонот. Сизге ийгилик каалайм. Мен манас айтканга кызыгам. 0550985993 номерине чалыңызчы?! Күйөрманыңыз.
ОП-80-192. Мирбек Атабеков, сиздин ырларыңыз мага өзгөчө жагат. Анан да аябай адамгерчиликтүү деп угам. Ушунуңуздан жазбаңыз. Конжык.
ОП-80-193. К.Тыныстанов атындагы университеттин Г-КГ-41 группасына ысык салам. А.Гульзана.
ОП-80-194 . Бермет, кандайсың, карындашым? Эмне соткаң өчүрүлүү? Номер алмаштырсаң мага маяк берип койчу?! +777784736ХХ.
ОП-80-195. Сүйүү эмне, убагында гүлдесте,/ Бакыт эмне, бакыт деген чын нерсе./ Көңүл эмне, өтө назик бир нерсе,/ Өмүр эмне, кайра келбейт бир келсе. Гүлзина.
ОП-80-196. Кылыч байке, келе жаткан 30-август туулган күнүңүз менен! Мен сизди сүйөм. Биз албетте бактылуу Жана бирге болобуз, туурабы? Изабелла.
ОП-80-197. Аяна, бул жерде бала күнөөлүү. Ал эки жүздүүдүр, экөөнө тең сүйүүсүн тартуулаган. Сен жакшы кылыпсың кечирип. Гүлзина.
ОП-80-198. Салам Нуриза! Сен антип мени кыйнаба. 07773094ХХ.
ОП-80-199. "Саидмухтар" базарында иштегендерге салам жолдойм. Келе жаткан майрамыңар менен! Бар болгула, бай болгула. Майрамды кафеден жакшы тоскула. Москвадан силерди урматтап Чоро.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-август, 2009-ж.:
1-бет
КУМГА ООНАП, КҮНГӨ
КҮЙГӨН ЖЫЛДЫЗДАР

2-бет
Кубаныч, Кундуз:
"Наристебизге жылуу үй даярдап жатабыз"

3-бет
Балаңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
4-бет
Эрлан Андашев:
"Сүйүү темасындагы ырларым сүйгөнүмө арналган"

5-бет
Саясат
6-бет
Обон тамаша
7-бет
талант жана тагдыр
8-бет
"Обон" шоу-таймс
Тасмадагы сүйүүсүнө жеткен ырчы

9-бет
Кумга оонап, күнгө күйгөн жылдыздар
10-бет
Атасыз баланы кантип тарбиялоо керек?
11-бет
азапка салган азат ай!..
12-бет
окумал
13-бет
Атактуулар ааламы
14-15-бет
Обон почта










??.??