п»ї
 Таанышуу жарыясы


Кубаныч, Кундуз:
"Наристебизге жылуу үй даярдап жатабыз"
Кыргыз шоу-бизнесинде кыргыз жыттанган ырлары менен атасынын жолун улап келаткан Кубаныч Сатаев белгилүү ырчы Саламат Садыкованын улуу күйөө баласы болгон эле. Бактылуу жаштардын катарын толукташкан Кубаныч менен Кундуз убакыттын өтүшү менен эми минтип наристе күтүп отурушат. Жубайларды маекке тартып, өзүбүздү кызыктарган суроолорду узаттык.

- Кудай буюрса, наристелүү болот экенсиздер. Кубаныч, бала тууралуу кандай кыялданчу элеңиз?
- Кичинекей кезимден бери эле "балалуу болгондо дайыма баламдын жанында болом. Уулумду спортсмен кылам" деп кыялданчумун. Анткени атам элдин кишиси болгондуктан, биздин жаныбызда көп болбой, гостролдоп көп жүрчү. Гостролго кетпейин десе да болбойт. Ошондуктан үй-бүлөгө жакшы көңүл буралбай калды. Биз болсо атанын мээримине зар болуп чоңойдук. Ошол убакта "эмнеге атам биздин жаныбызда болбойт?" деп атамды сагынчубуз. Мен жетпеген, мен муктаж болгон мээримге балдарым жетсе экен деп тилечүмүн. Азыр мен деле атамдын жолун улап келатам. Бирок үй-бүлөгө жакын, камкор ата болгонго колумдан келишинче аракет кылам.
- Кундуз, боюнда бар аялзаты бир топ өзгөрүүлөргө туш болот экен. Сизде кандай өзгөрүүлөр болуп, эмнеге талгак болуп жатасыз?
- Мен башында дарбыз анан максымга, сүзмөгө, ашлямфуга, кыскасы, кычкыл тамактарга талгак болдум. Мүнөзүм өзгөрүлгөн деле жок, болгону көп жылдан кийин кош бойлуу болгонгобу, эмнегедир сарсанаа болуп жаттым. УЗИден баланы көрүп, врач "баары жайында" дегенче өзүмчө эле кыжаалат боло бердим.
- Уул күтүп жатасыздарбы же кызбы?
- Кудайдын буйругунан дейт го. Бирок, кызым бар, эми уулдуу болсом дечүмүн. Эми ошол тилегим орундалгандай. УЗИден эркек деп айтышты.
- Декреттик эс алууга качан чыгасыз?
- Мен иштеген "Манас" радиосунда 8 айдан кийин декретке чыгарат. Төрөгөндөн кийин балага төрт ай болгондо ишке чыгышат. "Эгерде Кубаныч үйдө эле олтур" деп айтса, үйдө олтурам деп ойлочумун. Бирок Кубаныч менин да чыгармачылыгымды баалайт. Эми аны убакыт көрсөтөт.
- Кубаныч, тун уулуңуздун жарыкка келишине кандай даярдыктарды көрүп жатасыз?
- Кундуз экөөбүздүн тапкан-жыйнаган каражатыбыздын баарына жайкы эс алуубузда үйүбүздү оңдоп-түзөдүк. Кудай буюрса, кышында перзенттүү болобуз. Ошондуктан азыртадан наристебизге жылуу үй, жакшы шарт даярдоодобуз. Кыргызда катыш, алыш-бериш деген көп болот эмеспи. Анын сыңарындай, жаңы жылда жаңы үйгө жакындарыбыз бала көрүп келишет деп пландап жатабыз.
- Айтсаңыз, кээде таанышкан күнүңүздөрдү да өзүңүздөрчө эскерип каласыздарбы?
- Албетте. Азыркы үй-бүлөлүк бактылуу жашообуздун башаты болгон ал күндөр кантип эстен чыксын? Анда мен бир кафеде музыкант болуп иштечүмүн. Бир күнү Кундуз кесиптештери менен тамактанууга келип калды. Кундузду биринчи жолу көргөндө эле жактыргам. Андан кийин да көп келип жүрүштү. Кененирээк таанышып, Кубаныч деген досум экөөбүз телефонун алып, чыгармачылык тууралуу сүйлөшө баштадык. Башында менин ырларымды радиодон кетирүүгө жардам берип жүрчү. Анын үстүнө экөөбүз тең Таластан болгондуктан, жердеш катары бири-бирибизге кеңеш айтып, жардамдашып жүрдүк. Бирок менде кийинчерээк Кундузга болгон сүйүү сезими пайда болгонун өзүм деле сезбей калыптырмын. Төрт айга жакын сүйүүмдү билдире албай убара болдум. Ал эми үйлөнүү тууралуу сунушумду айтканда Кундуз көпкө ойлонду. Макул болуп баратып эле кайра оюнан айнып, баш тарткандай болуп калат. Орто жерден Россиядан жумуш чыгып, кетмек болуп калганда кадимкидей кызгана баштадым. Ошондо чечкиндүүлүк кылып "Мейли, барсаң бар, бирок, келгениңде баары бир сени алам" дедим. Анан Кундуз да ойлонуп, ишенди окшойт, Россияны эмес, мени тандады.
- Кундуз, сизге да жолдошуңуз таанышканда эле жакты беле?
- Кафеде олтурганда жанымдагылар "ырдап жаткан Чубак Сатаевдин баласы" деп калышты. "Чубак Сатаевдин баласы" деген үчүн көңүл бөлүп караган болушум керек. "Баласы ушулбу? Өзүнө көп деле окшош эмес экен" деп ойлоп койгом. Мен да бир көргөндө эле терең ойлуу, токтоо жигит экенин билдим. Таанышкандан кийин чыгармачылык бизди байланыштырды. Алгач жакшы тааныш, бир тууган, жердеш, дос катары жакшы мамиледе болуп, анан достугубуз сүйүүгө айланды. Анан буйрук экен, минтип турмуш жолуна бирге аттандык.
- Чечимиңиздерди тууган-урук, ата-энеңиздер кандай кабыл алышты?
Кубаныч: - Үйлөнөрүмдү чоң апам Бурулга айттым. Себеби мен улуу небереси болгондуктан чоң ата, чоң апамдын колунда өскөм. Анан чоң апам: "Өзүң чеч, балам, жаш эмессиң, аркы-беркини таразалап калдың" деди. Ошентип, тоюбуз 8-октябрь күнү Таластын Боо-Терек айылында болду. Биз үйлөнгөндө жаш курагыбызга байланышкан ар кандай сөздөр, ушактар айтылды. Бирок, мен анын баарына алдырган жокмун.
Кундуз: - Мен турмушка чыга турганымды алгач жакын курбум Жылдызга, андан кийин апама айттым. "Кичинекей кыз эмессиң. Жашоо сеники, ойлонуп көр. Эгер өзүңө ишенсең турмуш кур"деди апам. Кубаныч экөөбүз "сүйлөшүп жүргөнүбүздү эч кимге айтпайбыз. Үйлөнөрүбүзгө аз калганда гана билдиребиз" деп бири-бирибизге сөз беришкенбиз. Анан үйлөнгөнүбүздү уккан жакын досторубуздун арасында "эмнеге айткан эмессиң? Мага ишенбейсиңби?" деп таарынгандар да болду. Ал эми анча-мынча каршы болгон туугандарым азыр Кубанычты өздөрү мактап калышат. Кыргызча көз карашта алгандар жаш курактары туура келбейт деп айтышаар. Бирок азыр 21-кылым эмеспи, кеп жаш куракта эмес да. Адамдын жан дүйнөсү, кызыкчылыктары, мүнөзү дал келип, ортодо сүйүү болсо үй-бүлө бекем болот деп ойлойм.
- Кызыңыз Сайкал сизди кызганган жокпу?
- Мен эрте турмушка чыгып, жаштыгымды жаштардай болуп көңүл ачып өткөргөн жокмун. Окудум, турмушка чыктым, иштедим дегендей. Бирок, кыйынчылыктарды эрте көргөнүмө өкүнбөйм. Басып өткөн турмушум мага сабак болду. Ошонун баарын көргөндөн кийин азыр мен мурдагы Кундуз эмес, өзүмдү кайра тарбияладым десем болот. Жашоо мени жакшы жашоого үйрөттү. Ал эми кызым Сайкалдын мүнөзү оор басырыктуу. Кээ бир балдардай болуп айтканыңды эки кылбайт. Өзү кичинекейинде: "Жайкы каникулда ооруканадан мага бөбөк сатып бериңизчи? Досторумдун бөбөктөрү бар, меники жок" дечү. Кийин эс тартып калганда бөбөктү ооруканадан сатып келбестигин түшүндү окшойт, "турмушка чыгыңыз" деп айта баштаган.
- Кубаныч, сиздин Сайкал менен мамилеңиз кандай?
- Үйлөнө электе "Саку менден апасын кызганбайт болду бекен? Эне-баланы ажыратып албаймынбы?" деп сарсанаа болуп жүргөм. Тескерисинче, андай болгон жок. Сакунун мага болгон сый-урматы, мамилеси жакшы болуп чыкты. Ошондон ичим жылып, өзүмө тарта баштадым. "Байке" деп дайыма сыйлап турат. Сакунун мүнөзү мага абдан жагат.
- А кайненеңиз Саламат Садыкова менен мамилеңиз кандай?
- Апам абдан терең ойлуу, кыраакы киши. Мага өз баласындай эле мамиле жасайт. Ал кишинин кеңештерин угуп, сөзүн эки кылбаганга аракет кылам. Апам "мен сени башында жандуу ырдай албайт деп ойлочумун" деп жатпайбы. Бир-эки жолу тойдо аккордеон менен Ырыспай, Асанкалый агаларыбыздын ырларын ырдасам, жактырып калып, "сен жандуу үнүң менен жакшы ырдайт турбайсыңбы?" деп батасын берген. Чынын айтканда буга чейин эстрадалык ырларыма көп маани берчү эмес экен. Күйөө баласы болгондон кийин гана маани берип калды.
- "Эркектер бат эле аялына баш ийип калат" деп куудулдар тамаша кылып жүрүшпөйбү. Ушул сөз чын бекен?
- Менимче, аял менен эркек кеңешип иш кылыш керек. Кундуздун иш жасаарда мага айтып, кеңешкени абдан жагат. Мен болсо көбүнчө эркектикке салып бир нерселерди айтпай эле кылып салам да, кайра өкүнүп калам. Кээде ал: "Сен айтпай эле жасай бересиңби?" деп таарынып калат. Баш ийип калуу, бири-бирибизди башкаруу жана "аялым мени угуш керек" деген караңгычылык менде жок.
- Акчаны кимиңиздер кармайсыздар?
- Ким канча акча тапса дагы тыйынына чейин айтып, атайын акча салчу жерге салып коёбуз. Бул биздин майдачылдыгыбыз эмес, болгону бири-бирибизден эч нерсе жашырбай, ишенгенибиз. Анан ал акчаны керегибизге жараша корото беребиз. Акчанын чөнтөктө болгону жакшы, бирок, башта болбош керек деп коюшат эмеспи. Анын сыңары, биз акча менен "оорубайбыз". Кудайдын бергенине тобо кылып, өзүбүздүн ырыскыбыз менен жашап келатабыз.

Айнура Касымова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-август, 2009-ж.:
1-бет
КУМГА ООНАП, КҮНГӨ
КҮЙГӨН ЖЫЛДЫЗДАР

2-бет
Кубаныч, Кундуз:
"Наристебизге жылуу үй даярдап жатабыз"

3-бет
Балаңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
4-бет
Эрлан Андашев:
"Сүйүү темасындагы ырларым сүйгөнүмө арналган"

5-бет
Саясат
6-бет
Обон тамаша
7-бет
талант жана тагдыр
8-бет
"Обон" шоу-таймс
Тасмадагы сүйүүсүнө жеткен ырчы

9-бет
Кумга оонап, күнгө күйгөн жылдыздар
10-бет
Атасыз баланы кантип тарбиялоо керек?
11-бет
азапка салган азат ай!..
12-бет
окумал
13-бет
Атактуулар ааламы
14-15-бет
Обон почта










??.??