п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  дарамет

Эрлан Андашев:
"Сүйүү темасындагы ырларым сүйгөнүмө арналган"
Кыргыз шоу-бизнесинде жаш ырчылардын арасында өзгөчө үнү менен таанылып калган Эрлан Андашев бүгүн бизде конокто.


1987-жылы 29-августта төрөлгөн.
Учурда Улуттук Консерваторияда төртүнчү курста окуйт.
Кумири - Майкл Джексон
Адамдагы баалаган сапаты - Чынчылдык
Хоббиси - Ырдоо жана спорт менен машыгуу
Сүйүктүү актёру - Сүймөнкул Чокморов
Жашоодогу девиpи - Бир гана алдыга
Сыймыгы - 2008-жылы "Урал моно - 2008" Эл аралык музыкалык конкурстун лауреаты. (Башкортостан, Уфа шаары) Ушул эле жылы "Чыгыш базары" конкурсуна барып Кыргызстандын атынан катышкан. "Жаңы толкун - 2009" Эл аралык фестивалынын жарым финалдык катышуучусу.

- Эрлан, алгачкы суроону ата-энең, бир туугандарың тууралуу сурагым келип жатат?
- Төрт бир тууганмын. Төрт эркектин улуусумун, үйдө кыздар жок. Атам фермер, апам үй кожейкеси. Эң кичүү иним төрткө гана чыкса да музыкага аябай жакын. Иним менен чогуу олтуруп калганда ритмин текшерип көрсөм, мен айткан ритм менен туура кыймылдап, жөндөмү бар экен. Азырынча үйдөн мен гана ырдап жатам. Мага чейин биздин тукумдан ырчылар, музыканттар чыккан эмес.
- А сен кандайча музыкант болуп калдың?
- Ар бир адам таланттуу болуп жаралса керек. Ата-энем музыкант болбосо да музыканы түшүнө билишет. 5-6 жаш кезимде биз мал бакчубуз. Мен дайыма Аскар ата деген чабандын үйүнө чейин жалгыз барып, анын атын сурап тоого чыгып кетчүмүн. Негизи бала кезимден бери эле жалгыз болгонду жакшы көрөм. Өзүм менен өзүм болуп, кыялданган жагат. Бир күнү апам "балам жалгыз эле жүрөт. Эмне кылып жүрөт болду экен?" деп артымдан издеп барса, өзүмчө ырдап жатыптырмын. Анан ошол күнү кечинде апам атама: "Ай, балабыз эмне эле тоого чыгып кетип жатат десе, эч ким жок жерге барып ырдап жүрүптүр" дейт. Ошондон кийин атам мени музыкант кылалы деп чечип, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына алып барышкан. Ал жерден баян, фортепьянону өздөштүрүп чыктым.
- Демек, музыкага болгон көз карашың терең экен да?
- Менин жеке оюмда жөн гана бир-эки ырды ырдап коюп, талантуумун деп жүрө бергендер болбойт. Мен музыкага олуттуу мамиле кылам. Талант болгону менен билим, аракет болбосо алыска баралбайбыз да. Азыр болбогон ырлар эл арасына таралып жатат. Башкача айтканда, кулагы менен угуп, көзү менен көрбөгөндөр, же көзү менен көрүп, кулагы менен укпагандар көп болуп жатпайбы.
- Репертуарыңдагы ырларыңдын канчасы өзүңө таандык?
- Азыр он беш ырым бар. Төртөөнүн сөзү меники, ал эми обондорумдун 80 пайызы өзүмө таандык десем болот. Ырдын сөзүн жазгандан көрө обонго жакын болуп, обон чыгарам.
- Эмнеге продюсер менен иштебей калдың?
- Алгачкы продюсерим Нурсулан Сыдыгалиев мага көп жардам берди. Азыркыга чейин мамилебиз абдан жакшы. Жөн гана өзүмчө иштейин деп чечтим. Продюсерим да макул болду. Өзүмчө бөлүнүп кеткениме бир жылдай болуп калды. Учурда шаардагы кафелердин биринде музыкант болуп иштейм.
- Байкашымча чыгармачылыкта изденип келатыпсың. А жеке жашооңо кандай мамиле кылуудасың?
- Жеке жашоом буюрса жакшы эле. Алгачкы сүйүүмө 7-классымда жолуккам. 6-класста окуган бир кызды жактырып калып, досторума: "Бул кыз жакшынакай, ээ?" деп койсом, аларга шылтоо табылбай ал кыз экөөбүздү жабыштырып эле калышты. Ошонтип жүрүп ал кыз менен мамилебиз уланып, азыркыга чейин кыз-жигит болуп сүйлөшүп келебиз. Ал да чыгармачыл адам, комузчу. Буюрса, чыгармачылыгыбызды бирге алып кетип, биз да кош жылдыз болгубуз келет. Башынан эле ыймандуу, жөнөкөй анан адам менен бат тил табышып кеткен кыздарды баалачумун. Репертуарымдагы сүйүү темасындагы ырларымдын баары сүйгөн кызыма арналган.
- Жеке концертиңди качанкыга пландаштырып жатасың?
- Көп эле нерсеге суктана берген болбойт. Кичинемден бери бир гана музыка менен жашап, музыкант болууга токтолгом. Өзүм баянда, аккордеондо, пианинодо, гитарада эркин ойнойм. Музыкант досторумду чогултуп, рояль, оркестрдин коштоосунда бардык аспаптарды кошуп, жандуу концерт берели деген пландарыбыз бар.




  Жыштык жылдызы

Элиза Кененбаева:
"Жүрөгүм бопбош бойдон тура турсун"
Элиза Кененбаева 1987-жылы 19-июнда Чүй областынын Кемин районунун Орловка айылында төрөлгөн. Учурда Кыргыз-Орус-Славян университетинде инженер-архитектор факультетинин
5-курсунда окуйт. "Тумар" радиосунун музыкалык редактору.

- Элиза, балалыгың кандай кызыктуу окуялар менен коштолду?
- Мен үч кыздын ортончусумун. Бир айлык наристе кезимден баштап таене, таятамдын колунда чоңойдум. Ошондуктанбы, абдан эрке, алам дегенди алган, коём дегенди койгон кыз болчумун. Эртең менен ойгонгондо жанымда эч ким жок болсо, чыр чыгарчумун. Таятам жаздыктын үстүнө кыпкызыл алманы коюп, мен ойгонмоюнча жанымдан жылчу эмес. Эгер өзү жумуш кылып бошобой калса, жаныма таенемди отургузуп коёр эле.
- Өзүңдүн ата-энеңчи?
- Атам кесиби боюнча терапевт болчу. Азыр көзү өтүп кеткен. Апам болсо мугалим. Мен 5-классымдан баштап токтолуп, эрке болбой калдым. Таята,таенемди "апа, ата" деп, өзүмдүн ата-апамды "мама, папа" деп айтам. Биз кошуна жашагандыктан эки үйдүн ортосунда жүрө берчүмүн. Азыр да айылга 2 күн барсам, бир күнү таятамдыкында, бир күнү апамдыкында болом.
- Кесибиң башка тармактан экен. Кандайча ди-джей болуп калдың?
- Мен мектепте окуп жүргөндө өтө жоош болчумун. Менден ди-джей чыгат деп эч ким ойлобоптур. Эжем Асел телевизордон "Радиого иштегенге орусча, кыргызча жакшы билген улан-кыздарды кастингге чакырабыз" деген жарыяны окуп калып, резюмесин жибериптир. "Мени менен кастингге барып келчи. Мен кыргызча жакшы билбейм да. Эгер кыргызча суроо берип калса сенден сурайм" деп мени ээрчитип алды. Кастингге барган кыздардын баары биринчи турдан өттү. Эжемди күтүп олтурсам, жетекчибиз Алексей чыгып калды. "Мен дагы катышып көрсөм болобу? Бирок, резюмем жок" десем макул болду. Берген тапшырмасын окуп көрүп, анан 2 жумадан кийин атайын кастингге баргандардын ичинен мени чакырып жатышпайбы.
- Демек, кокусунан ди-джей болуп калыптырсың да?
- Ооба, ошондой болду. Мен радиого жаңы келгенде радионун аты да коюла элек болчу. Үч айлык даярдыктан кийин 21-март күнү биринчи эфирге чыктык. Алгачкы эфирге чыкканыбызды компьютерге жаздырып алганбыз. Азыр да ошол эфирди угуп бир чети уялып, бир чети сыймыктанып калам. Себеби, алгачкы нерселер кемчилиги болсо да ийгилик деп аталат эмеспи. Мени кесиптештерим "Сен эфирден "Мен Элиза Кененбаева" деп көп айтасың" дешип күлүп калышат. Анан радио жаңы ачылгандан бери алгачкы ди-джей катары иштеп калгангабы, "фирменная ди-джей" деп айтышат.
- Эфирге чыгаардын алдында кандай даярдык көрөсүң?
- Эфирге чыгаардын алдында айта турган сөздөрүмдү кагазга жазып алып, анан сүйлөйм. Эртең менен үйдөн чыгып жатып телевизордон уккан кызыктуу жаңылыктарды эфирден угармандарга айтып берем. Маршруткада келатып, башка радиолордон өзгөчө бир жакшы сөз угуп калсам "ий, минтип сүйлөш керек турбайбы" деп ойлонуп калам. Бир күн кечке иштегенде сүйлөй берип, сүйлөй берип сөз байлыгым түгөнүп калат. Ошондуктан дайыма даярдыктын, изденүүнүн үстүндө болгонго аракет кылам.
- Түз эфирде кандай кызыктуу окуяларга туш болосуң?
- Микрофон ачык калган көрүнүш көп кездешет. Бир жолу түз эфир учурунда дагы микрофон өчпөй, ачык калыптыр. Анан мага кесиптешим Жанара Атабекова чалып: "Мен бүгүн эфирге чыга албай калдым. Шефке айтып коёсуңбу?" деп экөөбүз көпкө сүйлөштүк. Мен кайра шефке чалып, Жанара эженин ишке келе албасын айтып бергем. Эч нерседен бейкапар эфирге чыгайын десем телефон чырылдап калды. Трубканы алсам, бир угарман: "Элиза эже, сиздердин эфир сыртынан сүйлөшкөн сөздөрүңүздөр бизге угулуп жатат" деп менин ар бир сөзүмдү айтып жатпайбы. Ошондо бетим кызарып, өзүмдү абдан ыңгайсыз сезгем.
- Угармандарыңдын жүрөгүн ээлегенге жетишип калгандырсың?
- (Күлүп) Менин күйөрмандарым 14-15 жаштагы кичинекей кыздар. Алар радиого чалышып, жакшы сөздөрүн арнап, белек берип кетишет. Чектен чыгып, сүйүүсүн арнаган мырзалар жок десем да болот. Негизи эле менин азыр жигит менен сүйлөшкөнгө убактым жок. Быйыл 5-курсту бүтүрүп, диплом алам. Эртең менен сабак, түштөн кийин жумуш болуп, жеке жашоомо жаңылык киргизгенге убактым жок. Жүрөгүм бопбош бойдон тура турсун деп чечтим. Анын үстүнө "Тумардын" музыкалык редактору болуп иштегендиктен, 24 сааттын программасын өзүм түзүп чыгам. Чынын айтсам, азыр таңкы 7ден түнкү 12ге чейин иш менен алектенип жатам.
- Улуту башка мырза сени сүйүп, колуңду сураса макул болосуңбу?
- Мен сөзүнө турган, боорукер, туруктуу, ыймандуу балдарды жактырам. Өзүм башка улуттагы мырзаны сүйбөгөнгө аракет кылам. Анткени бир тууган эжем башка улутка турмушка чыккан. Анан менин да жолдошум кыргыз эмес болуп калса апам каршы болот. Чынында бир туугандарым, тууган-урук, элдер эмне дейт деп корком. Бирок эгерде мени чындап сүйүп, бактылуу кылам десе, анда элдин сөзүнө карабай макул болом. Келечегибиздин кандай болоорун бир кудай билет да.
Айнура Касымова










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-август, 2009-ж.:
1-бет
КУМГА ООНАП, КҮНГӨ
КҮЙГӨН ЖЫЛДЫЗДАР

2-бет
Кубаныч, Кундуз:
"Наристебизге жылуу үй даярдап жатабыз"

3-бет
Балаңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
4-бет
Эрлан Андашев:
"Сүйүү темасындагы ырларым сүйгөнүмө арналган"

5-бет
Саясат
6-бет
Обон тамаша
7-бет
талант жана тагдыр
8-бет
"Обон" шоу-таймс
Тасмадагы сүйүүсүнө жеткен ырчы

9-бет
Кумга оонап, күнгө күйгөн жылдыздар
10-бет
Атасыз баланы кантип тарбиялоо керек?
11-бет
азапка салган азат ай!..
12-бет
окумал
13-бет
Атактуулар ааламы
14-15-бет
Обон почта










??.??