п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Саясат

Оппозиция президенттин кетишин күздөн баштап талап кылат
Күркүрөгөн күз айларынан баштап БЭКтин башчылары Курманбек Бакиевдин кызматынан кетишин кайрадан талап кыла башташат. Бул тууралуу ММКларга берген интервьюларында Топчубек Тургуналиев кенен маалымат берген. Анын айтканына караганда, биринчи оппозициячылар БЭКтин ичин иретке келтирип алгандан соң, 50 миңден 200 миңге чейин киши топтоп алышып бийликтин отставкага кетишин талап кылышат.

Премьер-министр менен президенттин эс алуусу аяктады
Өлкө башчысы Курманбек Бакиев менен премьер-министр Игорь Чудиновдун кыс-ка мөөнөттүк эс алуусу аяктады. Ысык-Көлдүн жээгинде беш күн эс алып келген Игорь Чудинов 24-августта жумушка чыкса, Курманбек Бакиев 25-августта жумуш ордуна келет. Белгилей кетсек, К. Бакиевдин эс алуусу 10-августтан 23-августка чейин созулду.


  Коом

3 миңден ашык үй-бүлө чатырларда жашап жатышат
Үсөн Кудайбергенов атындагы коомдук уюмдун мүчөлөрү ажого атайын кат жөнөтүштү. Аламүдүн районунун Лебединовка айлынан жер кесип берүүнү суранышкан үч миңден ашык үй-бүлө чатырларда, боз үйлөрдө, вагондордо баш калкалап келишет. Каскадёрлор Федерациясынын вице-президенти Аскар Бектемировдун билдирүүсүнө караганда, 90-жылдары 2876 үй-бүлө ички миграциянын айынан борборго көчүп келишкен. Бул жерде элдердин социалдык көйгөйүн чечүүгө мамлекет өз салымын кошушу зарыл. Эч кандай жер басып алуулар, мыйзам бузуулар болбойт. Болгону азыр үч миң үй-бүлө президенттин чечимин күтүшүүдө.

Кыргыздын кооз жерлери казынага канча киреше алып келди?
Ош шаарында 37 туристтик фирма, 34 мейманкана катталган. Быйылкы жылы кыргыздын улуттук кийимдерине, кооз жайларына туристтердин суроо-талабы өзгөчө көп болгон. Сулайман-Тоо, Асаф-ибн-Бурхия, Рабат Абдулла-хана жана башка жайларга суктанган чет мамлекеттик туристтер көп келишти. Үстүбүздөгү жылы эле 11 200 турист келип, мамлекеттик казынага 1,5 миллион сом киреше алып келди.

Фучик көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин газ түтүктөрү коюлууда
Ала-Арча суусунан Фучик көчөсүнө чейин газ түтүктөрүн орнотуу иштери башталды. Иштин жүрүшү тууралуу БГЭ станциясынын башкы инженери Сергей Шабунин билдирген. Бардыгы биригип 12 километр газ түтүгү коюлуп, жалпы суммасы 12 миллион сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө 200 метр газ түтүгү коюлуп бүттү. Бул ишти үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин аякташат. Белгиленген жерди бүткөндөн кийин Фучик көчөсүнөн Сокулук районунун Новопавловка айылына чейин газ түтүктөрүн орнотушат. Жыйынтыгында "Ала Тоо" жаңы конушу да газ түтүктөрү менен камсыз болот.

Кыргызстанда Канаданын лабораториясы курулат
Канадалыктар атайын 30 миллион доллар бөлүшүп Кыргызстанга бактериялык лаборатория курушмай болушту. Канаданын Тышкы Иштер министрлигинин өкүлү Тревора Смиттин айтымында эң коркунучтуу инфекцияларды изилдей турганга келечекте курула турган лаборатория жардам берет. Кыргызстанда сибирь жарасы, халера, бурцелёз ооруларын жакшылап изилдегенге күчү анча жетпейт. Лабораторияда кыргызстандык эле адистер иштейт, алардын изилдөөлөрүнө, ишине канадалык эксперттер жардам берип, финансылык колдоо көрсөтүп турушмакчы.

Кубакы ашуусу 25 жылдан кийин ачылды
Бишкек-Нарын жолундагы Кубакы ашуусу ачылды. 80-жылдары автобус авария болуп бир топ жүргүнчү өлгөндөн кийин бул ашуу жабылып,андан бери жүргүнчүлөр Бишкектен Нарынга Балыкчыны айланып барып калышкан. 25 жылдан кийин ашуу ачылып, эми жүргүнчүлөр 40 километр жолду кыскарта алышат. Транспорт министрлигинин өкүлү Жаныбек Каскеновдун айтымында, азырынча он алты кишилик автобустарга гана ашуудан өтүүгө мүмкүнчүлүк бар.





  Крим

Бир күндө үч машина өрттөндү
Кыргызстандын ар кайсы аймагында бир эле күнү үч машина өрттөлдү. Бишкек-Ош жолунда өрттөнгөн ВАЗ-2506 мамлекеттик номериндеги, Жалал-Абад облусунда D7205O мамлекеттик номериндеги "Мерседес-230" автоунаасынын жана Ысык-Көл облусунда өрттөнгөн "Тайота-Камринин" ээлери ким экенин, эмне себептен өрт чыкканы такталууда. Белгилей кетсек, мындай кырсык өлкөдө биринчи жолу катталууда.

Адамды эркинен ажыраткан кылмышкерлер кармалды
Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну ИИМге арызы менен кайрылган. Ал 21-август күнү Зайнабединов көчөсүндө кетип бара жатканда белгисиз бирөө кол салып, 1000 доллар акчасын тартып алган. Аялдын арызынан кийин ИИМдин кызматкерлери 1984-жылы туулган У.А.ны, 1982-жылкы Ч.Т.ны кармашкан. Эки кылмышкердин жашынган жеринен бир мылтык табылган. Андан сырткары 1989-жылкы Ж.М.ны мыйзамсыз камап, эркинен ажыратышкан. Азыр кылмышкерлер сурак берип жаткан кези.

Жети жашар бала жол кырсыгына кабылды
Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун Ашар көчөсүндө 23-август күнү түшкү саат үчтөрдө жети жаштагы баланы белгисиз бирөө машина менен коюп кеткен. Бала ошол жерден көз жумуп, айдоочу изин жашырып качып кеткенге үлгүргөн. Бул окуяга эч ким күбө болуп көзү менен көрбөгөндүктөн, кылмышкерди кармоо бир топ татаалдады. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Панфилов РЭСинин кызматкерлери камакка алынабы?
Панфилов райондук электр станциясынын кызматкерлери М.А. менен А. Т. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жоопко тартылышат. Алар электр станциясына акча төлөгөн абоненттердин, кызматкерлердин айлыгын жегени үчүн күнөөлөнүшүүдө. Экөө түн ортосунда уурданып оператордун бөлмөсүнө кирип алышып, эсептегич аппараттан 116 абоненттин акчасын кемитип, жалпы суммасы 154 028 сомго чыгым келтиришкен. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.


  Ден соолук

Кыргызстандын эки тургуну доңуз тумоосу менен оорушууда
Доңуз тумоосу жылып отуруп Кыргызстанга да жетти. 18-август күнү 24 жаштагы М.З. жана анын аялы 22 жаштагы М.А. бейтапканага жеткирилип, анализден өткөрүлүштү. Алардын анализдери Россиянын Новосибирск шаарында жайгашкан "Вектор" лабораториясына жиберилип, жыйынтыгында доңуз тумоосу менен ооругандары тастыкталган. Өлкөнүн башкы санитардык врачы Сабыржан Абдикаримовдун билдирүүсүндө азыр оорулуулар өзүн жакшы сезип калышты. Грипп менен ооругандар болгону алты адам менен байланышып сүйлөшүшкөн. Аларды да көзөмөлгө алып, бир сыйра дарылоодон өткөрүштү. Бүгүн өлкө башчылары тегерек стол уюштуруп, доңуз тумоосуна каршы кандай чараларды колдонсо болоорун талкууга алышты.

Жыл сайын жүрөккө операция жасаткандар көбөйүүдө
Кыргызстанда акыркы жылдары жүрөккө операция жасаткандардын саны кескин көбөйдү. Беш миллион калктын арасынан беш же алты миңи жылда жүрөгүнө операция жасатканга муктаж. 2005-жылы 299 адам жүрөгүнө операция жасатса, 2006-жылы 302 адам, 2007-жылы 407 адам, 2008-жылы 443 адам, ал эми үстүбүздөгү жылда (бүгүнкү күнгө чейин) 500 адам жүрөгүнө операция жасатышты. Булардын арасында көбүнчө жаш балдар бар. Бул көрсөткүч өтө жогору болгондуктан кардиохирургдар калктын ден соолугун ойлоп кабатыр болушууда.




  Дүйнө дүбүрт

Грециядагы чыккан өрт төрт күнгө созулду
21-август күнү Грециянын токоюнан чыккан өрт туура төрт күнгө созулуп, жакын жайгашкан Марафон шаарынын түштүгүндөгү Афина кыштагын каптап кирген. Бул жерге өзгөчө туристтер көп эс алганы келишет экен. Жалпы жонунан өрт 12 миң гектар аянтты каптаган. Өрттөн курман болгондор каттала элек, эки адам оор жаракат алып, ондогон машиналар, үйлөр түп орду менен өрттөнгөн. Өрттү өчүрүшкөнү Италиядан, Россиядан, Франциядан 12 самолёт менен өрт өчүргүчтөр келип жардам беришти.

Саяно-Шушенскидеги кырсык канча адамдын өмүрүн кыйды
17-август күнү Эне-Сайда (Хакасия аймагында) Түштүк Сибирдеги ГЭСте жарылуу болгон. Бейшемби күнү өлгөндөрдүн саны 17ге жетип, 58 киши урандынын астында калган. Өлгөндөрдүн саны өсүп отуруп бүгүнкү күндө 80 адамдын ичинен 69унун сөөгү табылды. Дүйнөдөгү эң оор кырсыктардын бири жардыруу эмне себептен келип чыкканын азыр эч ким так, дана түшүндүрүп бере албай жатат. Ал эми каза болгондордун, урандынын алдында калгандардын бир туугандары бийликтегилерге нааразы.

Чиркейдин кесепетинен 200 бала каза болду
Японияны мекендеген жугуштуу вирусту алып жүргөн чиркейлер Индияны каптай башташты. Жаан жааган жерлерде көп жүрчү бул чиркейлердин түрү энцефалит деп аталат. Чиркейлердин чагуусуна өзгөчө он беш жаштагы балдар сезимтал келишет. Индияда дал ушул чиркейдин кесепетинен 200 бала каза болду. Азырынча чиркейдин чагуусуна каршы эч кандай дары ойлоп табыла элек. Ийне сайып убактылуу дарылаганга мүмкүнчүлүк бар. Тилекке каршы ал дарыны Индияга өтө аз санда алып келишет. Өлгөн балдар көбүнчө жарды үй бүлөдө, айыл-кыштакта жашагандар болчу.

Мугалимдерди илимий баскычка көтөргөндөр кармалды
Германиядагы ЖОЖдо жүздөн ашуун мугалимдер кармалды. Анткени ал мугалимдер окутуучуларды илимий баскычка көтөргөнгө жардам беришкен. Жогорку окуу жайларда кеңири тараган коррупция менен күрөшкөн уюмдар бул иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп далилдерди табышкан, кимде-ким доцент же профессор болгусу келсе, 20 миң евро алдын ала төлөш керек. Ушундай кылмыш менен былтыр Бергиш-Гладбаш институтунун окутуучусу кармалган. Ал бир мугалимден 75 миң евро талап кылып, аны илимий тепкичке көтөрүп, жети-сегиз мугалимден баш-аягы 153 миң евро чогулткан.

А. Сабырова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-август, 2009-ж.:
1-бет
КУМГА ООНАП, КҮНГӨ
КҮЙГӨН ЖЫЛДЫЗДАР

2-бет
Кубаныч, Кундуз:
"Наристебизге жылуу үй даярдап жатабыз"

3-бет
Балаңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
4-бет
Эрлан Андашев:
"Сүйүү темасындагы ырларым сүйгөнүмө арналган"

5-бет
Саясат
6-бет
Обон тамаша
7-бет
талант жана тагдыр
8-бет
"Обон" шоу-таймс
Тасмадагы сүйүүсүнө жеткен ырчы

9-бет
Кумга оонап, күнгө күйгөн жылдыздар
10-бет
Атасыз баланы кантип тарбиялоо керек?
11-бет
азапка салган азат ай!..
12-бет
окумал
13-бет
Атактуулар ааламы
14-15-бет
Обон почта










??.??