п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон тамаша

Фарида Карбосова:
"Жигитим укса асып коёт!"
"Обондун" бул жолку өзгөчө тамашасына ырчы Фарида Карбосова туш болду. Фариданы тамашага түшүрүү үчүн анын тааныш баласы Урмат менен сүйлөшүп, ырчыны кытайлардын кафесине чакырдык. Урмат Кытайдагы бизнесмен достору Шанхай шаарына чоң супермаркет ачып, 5-октябрда боло турган ачылыш аземине үч ырчы керек болуп жатканын түшүндүрдү. Фарида тамаша экенин билип калбаш үчүн Урмат жолугушууга жанына кытай улутундагы Ван де аттуу таанышын ээрчитип алды. Кытайча сүйлөгөн Ван денин сөздөрүн Урмат Фаридага "которуп" берип жатты.

- Мен ал жерге барганда эмне кылышым керек экен?
- Эмне кылмак элең? Ырдайсың. Жаныңа 2 ырчыны алып алсаң болот. Мисалы, курбуларың Азиза менен Айнураны. Бирок сен бир аз арыктап, тишиң аппак, курту жок болуш керек.
- А буга тиштин кандайча байланышы бар? Кызык го?
- Билбейм, ушинтип жатышат. Талабы ушундай экен.
- Мындайды биринчи угуп жатам... Эмнеге имменно мени тандадыңар? Башка ырчылар жок бекен?
- Башка ырчылардан Жанетага айттык. Ал биздин талапка жооп бербей калды. Анткени мурунку сары чачын азыр карага боётуп салыптыр. Ошон үчүн жарабай калды.
- Азыр менин деле чачым кара да?
- Биз ойлогонбуз, сенин чачыңды сарыга боётолу деп. Эми бат эле боёп коёсуң да.
- Мурдагы сары чачымды көрсөтөйүнбү? Мына...- деп Фарида уюлдук телефонундагы сары чачын Урматка көрсөттү.
- Ий, көрдүңбү, ушул чачың менен жакшы болот. 1-октябрга чейин ушундай кылып боётосуң да, ээ?
- Мындан кийин чачымды сарыга боёбойм дегем да.
- Кимге айттың эле? Эчтеке болбойт. Кытайдан келгенде кайра кара кылып аласың.
- Мм...
Фарида катуу ойлонуп калды.
Кытай бир нерселерди сүйлөп, Урмат сөзүн андан ары которо баштады:
- Концерттин аягында келген ырчылардын баары купалникчен чыгып, бийлеш керек экен...
- Охо! Мага купальник жарашпайт. Азизанын фигурасы аябай жакшы. Ал купальник кийсе болот. Бирок, Айнура кийбейт болуш керек. Ал намаз окуйт. Жок, Урмат, мен барбайм. Барбай калды деп койчу.
- Эки күндүн ичинде 3миң доллар тапсаң жаманбы? Көп болсо 3 мүнөт купальникчен турат экенсиң? Андан кийин 10-октябрда Шанхайда ШОС өлкөлөрүнүн ортосунда уюшулган концерт болот. Балким, ал жакка да катышып калышыңар мүмкүн. Сыйлыктары жакшы, баш байгени 10миң доллар деп жатат. Андан сырткары ар бир катышуучуга да жакшы акча берет.
- Менин загран паспортум жок. Бирок айдикардым бар. Анан кантип бармак элем?
- Ой, булар барып-келгениңерди өздөрү тейлешет. Айдикард менен деле Үрүмчү аркылуу өтсө болот. Ий, баса, кытайлыктарга кичине болсо да кытайча сүйлөп, бир ырды кытай тилинде ырдаш керек экен.
- Ай, ий, өлтүрөт го? Чоң фестиваль болсо да эмне болуптур? Менин кайра баргым келбей калды. Жөн эле коёлучу?! Башка ырчыларга айтып көргүлөчү?! Бирок алар деле макул болбойт мындай шартка.
- Кызыксың сен дагы. Азыр оңой эч нерсе жок. Тилди да булар бир айдын ичинде өздөрү үйрөтүп жардам берет. Сен бул Ван де менен чогуу жаша же ал сеникинде жашасын.
- Ха-ха-ха. Койчу эй, ошондой болмок беле? Менин жигитим бар да. Ал укса асып коёт. Бул жөн эле махинация окшойт? Ушинтип 3 миң доллар тапканча, ачка олтурганым жакшы. Мен андан көрө Азизадан кеңеш сурап көрөйүнчү?!- деп ага телефон чалып, болгон талаптарды айттып берди. Сүйлөшүп бүтүп:
- Жок. Мен барбайм. Азиза да "отказ берип сал" деп жатат. Башка проект болсо бармакмын. Таарынба, Урмат. Мени кандай алып келсең, ошондой жеткирип кой,- деп Урматтын машинасына жөнөдү. Ары жактан гүл көтөрүп биздин кабарчылар алдынан чыкты. Ошентип, бирде баргысы келип, бирде каршы болгон Фарида акчага азгырылса да, кытайдын талаптарына макул болгон жок.
Эй, койгулачы! Урмат, мен сага эми таптакыр ишенбейм. Айтып койбойт белең? Гезиттен чалышканда "Мен азыр кытайлар менен келишим түзүп олтургам. Мага Кытайга чакыруу келиптир. Анан өзүм чалайынбы?-деп коём дагы. Бир туруп ишенбейин дейм, маңдайымда маймылдай болуп тиги кытай отурса ишенип кеттим да...

Бакыт Такиров




Долбоордун автору, Калипа Сейдалиева:

"Кош жылдыз" жаш ырчыларга үлгү болот"

Улуттук биринчи каналдын жетекчилигинин демилгеси менен "Кош жылдыз" теледолбоору 28-август күнү эл алдына тартууланат. Жетекчи, саясатчылар менен ырчылардын башын бириктирип, элге өзгөчө маанай тартуулаган долбоордун автору Калипа Сейдалиевадан долбоор тууралуу маалымат алдык.


- Калипа эже, "Кош жылдыз" долбоорунун идеясы кимдики?
- Теледолбоордун идеясы меники. Бир жылдан бери ушул долбоорду ойлонуп, анан Мелис Асаналиевичке сунушумду айтсам, ал киши колдогон. Убакыт-сааты ушул экен, минтип иш жүзүнө ашып, Улуттук биринчи каналдын жетекчилиги, кесиптештерим бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып жардам беришсе, "Жусупбек Бакиев атындагы коомдук фонд" демөөрчүлүк кылып жатат.
- Долбоордун негизги максаты эмне?
- Элибиздин жан-дүйнөсү жакырданып турган кезде көңүлдүү маанай тартуулап, жеңил-желпи ырлардан алыстап, "Ыр деген мына мындай!" деп жаштарга үлгү бололу деп жатабыз. Жетекчилердин жөнөкөйлүгүн көрсөтүп, элди биримдикке, ынтымакка чакыруу.
- Жуптарды кантип тандадыңыздар?
- Ойлоп көрсөк, саясатчылардын, министирликтердин жетекчилеринин арасында ырдагандар абдан көп экен. Алардын тизмесин түзүп алып, иштеген жерлерине барып, кыдырып чыктым. Ырдай тургандардын макулдуктарын алгандан кийин ырчыларды мүнөзүнө, үнүнө жараша тандап, ылайыкташтырдым. Өзүм да музыкант болгондуктан тандоо жагынан кыйналган жокмун. Бири-бирине "сен муну менен ырдайсың" деп айтканыма каршылык кылышкан жок. Тескерисинче, өздөрүнүкүн айтып кеңешүү жолу менен чечип, 1-турга 16 жупту тандап алдык.
- Баш байгеге кандай сыйлык берилет?
- Долбоор 3 турдан турат. 3-турдан кийин "Кош жылдыздардын бал маскарадын" өткөрөбүз. Баш байге калыстар тобунун чечими, смс жыйынтык менен чечилет. Азырынча баш байгени айтпай туралы. Калыстар тобунун курамында Түгөлбай Казаков, Керим Турапов, Жамал Сейдакматова, Гүлнур Сатылганова жана актёрлор да болот. Алып баруучулар - Тамара Жаманбаева жана Кыргызбай Осмонов. Ал эми 2-турда Темирлан Сманбеков экөөбүз алып барабыз.
- Сынакка катышкандар кандай талаптарды аткарышат?
- Конкурста ырдын мааниси, аткаруучулук чеберчилиги, бардык жагы каралып, талап боюнча 1-турда жеңил ырлар эмес, элдик ырларды, анан өздөрүнүн эстрадалык ырларын дуэт ырдашат.
2-турда патриоттук темадагы эски ырларды жана өздөрүнүн аткаруусундагы эң мыкты ырларынан ырдашат. Концерт 28-август күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда кечки саат алтыда башталат. Бир эле күн болгондуктан, конкурсту көрбөй калгандар, кайрадан Улуттук биринчи каналдан толугу менен көрө алышат.


Катышуучулардын тизмеси:

1 Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары Чолпон Баекова менен Сыймык Бейшекеев -
"Күзгү нөшөр"
2 Жеке ишкер Райкан Алканов менен Үмүт Тилегенова -
"Жүзүңө күлкүң жарашып"
3 Опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов менен Юлия Руцкая -
"Незаконченный роман"
4 Кыргыз циркинин директорунун орун басары Кадырбек Тажиев менен Асел Турдалиева -
"Кут"
5 Жогорку Кеңештин депутаты Галина Куликова менен Алтынбек Сапаралиев -
"Сүйүү сезими"
6 Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун башкы директору, академик Жамин Акималиев менен Гүлзат Батырканова -
"Көзүңдөгү керемет"
7 Тележурналист Эрнис Кыязов менен Назель -
"Жоогазын"
8 Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев менен Жайнагүл Калчаева -
"Кыздар, ай"
9 Туризм агенттигинин жетекчиси Турусбек Мамашев менен Жанета Бобкова -
"Түнкү махабат"
10 Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Кенжебаева менен Расул Маматкулов -
"Мен кыргызмын"
11 Теле алып баруучу Гүлжан Кулманбетова менен Токтобек Асаналиев -
"Кимибизден"
12 Кыргыз Республикасынын эл артисти, актёр Дүйшөн Байдөбөтов менен Жамила Муратова -
"Эхо любви"
13 Президенттин алдындагы Башкаруу Академиясынын "Экономика жана менеджмент" факультетинин деканы, Досаалы Иманбердиев менен Каныкей Эралиева -
"Ырдалып бүтпөйт махабат"
14 Башкы врач, алып баруучу Турат Касымбеков менен Гүлнара Тойгонбаева -
"Ландыши"
15 Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев менен Динара Акулова -
"Ак кайык"
16 Улуттук биринчи каналдын директору Мелис Эшимканов менен Гүлзинат Суранчиева -
"Эсимде"

Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-август, 2009-ж.:
1-бет
КУМГА ООНАП, КҮНГӨ
КҮЙГӨН ЖЫЛДЫЗДАР

2-бет
Кубаныч, Кундуз:
"Наристебизге жылуу үй даярдап жатабыз"

3-бет
Балаңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
4-бет
Эрлан Андашев:
"Сүйүү темасындагы ырларым сүйгөнүмө арналган"

5-бет
Саясат
6-бет
Обон тамаша
7-бет
талант жана тагдыр
8-бет
"Обон" шоу-таймс
Тасмадагы сүйүүсүнө жеткен ырчы

9-бет
Кумга оонап, күнгө күйгөн жылдыздар
10-бет
Атасыз баланы кантип тарбиялоо керек?
11-бет
азапка салган азат ай!..
12-бет
окумал
13-бет
Атактуулар ааламы
14-15-бет
Обон почта










??.??