Шоу-дүйнө!

"Обон" шоу-таймс
Тасмадагы сүйүүсүнө жеткен ырчы
Бегимай Бекбоева да башка ырчылардан калышпай "Кылмыш-2" кинотасмасында башкы каарман Эля аттуу кыздын образын жаратууда. Тасмада байдын кызынын образын жаратып, колунда жок кедей баланы сүйүп калган Бегимай аткаруучулук чеберчилигин мыкты көрсөтүп жатат. Акырында өзүнүн сүйгөнү Үсөнгө жетип, тасманын аягы бактылуу жашоо менен бүтөөрүн билдирди.


Жеңишбек чоң там салууда
Куудул, ырчы Жеңишбек Айтиев үйүндө эң кичүү бала болгондуктан, ата-энесинин эски үйүн буздуруп, ордуна жаңы чоң там салдырууда. Учурда дубалдарын тургузуп, үстүн жаптырып бүткөнгө жетишти. Суук түшкөнчө үйдү биротоло бүтүрүүнү максаты кылып жаткан ырчы курулуш ишин эле байланып калбай, чыгармачылыгын да өксүткөн жок. Тактап айтканда, "Жалал-Абад" деген ырына Жалал-Абад шаарынын кооз жерлерин чагылдырган жаңы клип тартып бүттү.


"Учурдун" актёрлору жалаяк жууп жатышат
"Боз салкын" тасмасындагы жаңы келин Асемадан тепки жеп, жүктүн астында калган келин эсиңиздеби? Дал ошол актриса Гүлжамал Мамытбекова жолдошу "Учур" театрынын актёру Илим Калмуратов экөө август айынын башында уулдуу болушкан эле. Жети жылдан бери күтүп жүргөн перзентине ата-энеси Искендер деген ысым ыйгарышкан. Андан бир жума өтпөй, кесиптештери Чынгыз Мамаев менен "Жаштар" театрынын актрисасы Элмира Тагаева да уулдуу болушуп, уулуна Барсбек деп ат коюшкан. Баланын жытына мас болгон актёрлор кубанычтары коюндарына батпай, учурда жалаяк жууп жүрүшөт.


Темир Назаров мурдуна операция жасатат
Жаш толкундун алгачкы сабында турган ырчы Темир Назаров мурдуна экинчи жолу операция жасатууга даярданууда. Темир ырчы боло элек кезинде спорт менен машыгып жатып мурдун сындырып алган эле. Ушуга байланыштуу жасаткан биринчи операциясы ийгиликтүү аяктаган. "Эми кайрадан операция кылдырбасам, мурдумдун оорусу чыдатпай жатат" дейт Темир. Дарыгерлердин колу жеңил болуп, операция ийгиликтүү болсун демекчибиз.


Назира жезделүү болду
"Унутсун дегениңби, уйкумду бузбай калдың..." деп созолонто ырдап жүрүп, акыркы убактарда өзү да унутулуп бараткан Назира Токонова көрсө улуу эжеси Наргизаны турмушка узатып, жездесинин кулагын чоюп, сүйүнүп жүргөн кези экен. Жездеси Нурлан жалгыз балдызы Назиранын чыгармачылыгын колдоп, жаңы ырларын жаздырып берүүнү убада кылды. Жакында ырчы өзүнүн кичи мекени Кызыл-Ой айылына барып тушоо кесүү концертин тартуулайт.




Нурдөөлөттүн тотукуштарына эмне жетпейт?
"Артистердин архивине саякат" рубрикасы белгилүү адамдардын күйөрмандардан алган белектерин гезит бетине чагылдырып келген. Бул жолу "Учур" телетеатрынын актёру, алып баруучу Нурдөөлөт Копоевдин белектери менен тааныштырабыз. Эске салсак, актёр ар бир белекке аяр мамиле жасап, аяр сактоо үчүн өзүнүн үйүнө чакан галерея ачып алган.


Балерина кыз Нурдөөлөттүн студенттик кезин эске салат. Анткени Москва шаарында окууну бүтүп жатканда күйөрман кызы белек кылган. Күйөрмандарынан алган эң алгачкы белеги болуп саналат.
Ал эми сүйүшкөндөрдүн белгиси болгон кыз менен жигитти да Москвада окуп жүргөндө алган.

Териден жасалган күрөң ат менен таштан жасалган кооз атты сахналаш досу Бакыт Букаев тартуулаган. Бала кезинен бери атты жактырган актёр аттарын белектеринин "королу"катары кабыл алат.


Таш доорун элестеткен кумараларды үйүнүн кожоюну орус кемпир Жаңы Жылда белек кылган. Шарап, суусундук куйганга ыңгайлуу болгон идиш-аяктарды Нурдөөлөт дайыма Жаңы Жылда пайдаланат. Бул кумаралар кичинекей болгону менен дасторкон ажарын ачаарын баса белгиледи.

Чыныгы өрдөктүн катырылганын Ат-Башы районунан Гүлай аттуу күйөрман эжеси берип жиберген. "Жаныбарларды жакшы көргөн балабыз, өрдөктү деле бааласа керек?"деп берген экен.


Чыныгы өрдөктүн катырылганын Ат-Башы районунан Гүлай аттуу күйөрман эжеси берип жиберген. "Жаныбарларды жакшы көргөн балабыз, өрдөктү деле бааласа керек?"деп берген экен.


Нурдөөлөттүн архивинде кыргыздын буюм-тайымдары да жок эмес. Бир караган адамга кызык көрүнгөн боз үй, сайма апасынын кол эмгегинен жаралса, күмүш курлар атасынан эстеликке калган.


Үйүндөгү толгон-токой белектердин жандуусу, тентеги аталган эки тотукушту Эркинай аттуу группалашы тартуулаган. Тотукуштары жалгыз жашаган Нурдөөлөттүн эрмеги болуп, кадимкидей үйдөгү тынчтыкты бузуп, сайрашат. Анан да ээсинин айтканындай, уясына кир десе кирип, чык десе чыгат экен. "Ушуларга эмне жетпейт экенин билбейм. Кадимкидей бири-бири менен урушуп, таарынып калышат" деп таң калат Нурдөөлөт Копоев.

Акыл Карачач